Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2018-жылдын 2-октябры № 182
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Ала-Бука, Ат-Башы, Кара-Суу, Ноокат, Ысык-Ата жана Талас шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Ала-Бука, Ат-Башы, Кара-Суу, Ноокат, Ысык-Ата жана Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиялар жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука, Ат-Башы, Кара-Суу, Ноокат, Ысык-Ата жана Талас шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды 2-тиркемеде көрсөтүлгөн шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүүбоюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 2-октябрындагы№ 182 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын
ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Жалал-Абад облусу | ||||
Ала-Бука району | ||||
1 | Өрүктү айылдык | Осмонбеков Медеткан Максутканович | Өз арызы | № 8, 17.09.2018-ж. |
Нарын облусу | ||||
Ат-Башы району | ||||
2 | Баш-Кайынды айылдык | Жайлообай уулу Азамат | Депутатка карата соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргендигине байланыштуу | № 17, 11.09.2018-ж. |
Ош облусу | ||||
Кара-Суу району | ||||
3 | Жаңы-Арык айылдык | Конкошов Апаз Ашимжанович | Өз арызы, депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | № 17, 24.09.2018-ж. |
4 | Отуз-Адыр айылдык | Атабаев Уланбек Камилжанович | Өз арызы | № 18, 24.09.2018-ж. |
Ноокат району | ||||
5 | Н.Исанов атындагы айылдык | Эргешов Эгемберди Ысманалиевич | Өз арызы | № 7, 27.09.2018-ж. |
Чүй облусу | ||||
Ысык-Ата району | ||||
6 | Ивановка айылдык | Боронов Давлетбек Мамазоидович | Өз арызы | № 4, 07.09.2018-ж. |
Талас облусу | ||||
Талас шаары | ||||
7 | Талас шаардык | Жоробеков Самидин Сагынбекович ("КСДП" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 3, 27.09.2018-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 2-октябрындагы № 182 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Жалал-Абад облусу | ||||
Ала-Бука району | ||||
1 | Өрүктү айылдык | Бөрүбеков Замирбек Баймырзаевич | Жеке ишкер | № 8, 17.09.2018-ж. |
Нарын облусу | ||||
Ат-Башы району | ||||
2 | Баш-Кайынды айылдык | Кадырмамбетов Курманбек Ибраимович | Дыйкан чарба | № 17, 11.09.2018-ж. |
Ош облусу | ||||
Кара-Суу району | ||||
3 | Жаңы-Арык айылдык | Набиев Абдыгапар Валиевич | Дыйкан чарба | № 17, 24.09.2018-ж. |
4 | Отуз-Адыр айылдык | Каимова Касиятхан Пирзаилдиновна | Убактылуу иштебейт | № 18, 24.09.2018-ж. |
Ноокат району | ||||
5 | Н.Исанов атындагы айылдык | Пазылова Сайракул Капаровна | Орто мектеп, мугалим | № 7, 27.09.2018-ж. |
Чүй облусу | ||||
Ысык-Ата району | ||||
6 | Ивановка айылдык | Мамбетов Уланбек Сарыбаевич | "Түндүкэлектро" ААК, жумушчу | № 4, 07.09.2018-ж. |
Талас шаары | ||||
Талас шаары | ||||
7 | Талас шаардык | Султаналиев Нурбек Тургунбаевич ("КСДП" деп. фракциясы) | Убактылуу иштебейт | № 3, 27.09.2018-ж. |