Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-октябры № 194
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Бакай-Ата, Талас, Кадамжай, Ысык-Көл, Ак-Суу, Ош, Кара-Суу, Сузак жана Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Бакай-Ата, Талас, Кадамжай, Ысык-Көл, Ак-Суу, Ош, Кара-Суу, Сузак жана Нарын аймактык шайлоо комиссиялар жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиянын жетектөөчү органы тарабынан сунушталган саясий партиянын тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бакай-Ата, Талас, Кадамжай, Ысык-Көл, Ак-Суу, Ош, Кара-Суу, Сузак жана Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды 2-тиркемеде көрсөтүлгөн шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиянын жетектөөчү органы тарабынан сунушталган саясий партиянын тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
3. Бакай-Ата, Талас, Кадамжай, Ысык-Көл, Ак-Суу, Ош, Кара-Суу, Сузак жана Нарын аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| H.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 23-октябрындагы № 194 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Талас облусу | ||||
Бакай-Ата району | ||||
1 | Өзгөрүш айылдык | Шатманов Расул Жээнбекович | Өз арызы, депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | № 12, 15.10.2018-ж. |
Талас району | ||||
2 | Өмүралиев айылдык | Малдыбаев Султамурат Муратбекович | Каза болгондугуна байланыштуу | № 7, 15.10.2018-ж. |
Баткен облусу | ||||
Кадамжай району | ||||
3 | Орозбеков айылдык | Каримов Камалидин Талипович | Өз арызы, депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | № 14, 16.10.2018-ж. |
4 | Майдан айылдык | Абдилатов Эсен Акимович | Өз арызы, депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | |
Ысык-Көл облусу | ||||
Ысык-Көл району | ||||
5 | Чолпон-Ата шаардык | Эшмамбетов Таалай Сатыбалдиевич ("Республика-Ата Журт" деп. фракциясы) | Өз арызы, депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | № 11, 03.10.2018-ж. |
Ак-Суу району | ||||
6 | Жыргалаң айылдык | Давлетов Нуредин Мухамеджанович | Өз арызы | № 8, 19.10.2018-ж. |
7 | Ак-Чий айылдык | Султанбаева Эльмира Кенешовна | Өз арызы | № 9, 19.10.2018-ж. |
8 | Теплоключенка айылдык | Асанбаев Нурлан Токонович | Өз арызы | №10, 19.10.2018-ж. |
9 | Кереге-Таш айылдык | Омурзаков Акылбек Булалович | Каза болгондугуна байланыштуу | № 11, 19.10.2018-ж. |
10 | Шадыканов Алтынбек Дуйшонкулович | Өз арызы, депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | № 12, 19.10.2018-ж. | |
11 | Уркадыров Турдаалы Окубаевич | Өз арызы, депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | № 13, 19.10.2018-ж. | |
Ош облусу | ||||
Ош шаары | ||||
12 | Ош шаардык | Азимов Жасур Махмудович ("Республика-Ата Журт" деп. фракциясы) | Өз арызы, депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | № 12, 19.10.2018-ж. |
Кара-Суу району | ||||
13 | Сарай айылдык | Шерматов Бакытбек Тухтасунович | Өз арызы | № 21, 16.10.2018-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Сузак району | ||||
14 | Көк-Жаңгак шаардык | Осмоналиева Аида Каныбековна ("Кыргызстан коммунисттеринин партиясы" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 15, 10.10.2018-ж. |
Нарын облусу | ||||
Нарын району | ||||
15 | Жерге-Тал айылдык | Сейитмамбетов Таалайбек Байышович | Өз арызы | № 13, 16.10.2018-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 23-октябрындагы № 194 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Талас облусу | ||||
Бакай-Ата району | ||||
1 | Өзгөрүш айылдык | Ниязалиев Алтынбек Абдымаликович | Дыйкан чарба | № 12, 15.10.2018-ж. |
Талас району | ||||
2 | Өмүралиев айылдык | Сагыналиев Жаныбек Жайчыбекович | Дыйкан чарба | № 7, 15.10.2018-ж. |
Баткен облусу | ||||
Кадамжай району | ||||
3 | Орозбеков айылдык | Алмаматов Атабек Салайдинович | Жеке ишкер | № 14, 16.10.2018-ж. |
4 | Майдан айылдык | Сарыбаев Турдали Мамасалиевич | Үчкоргон ҮДБ, мед. брат | |
Ысык-Көл облусу | ||||
Ысык-Көл району | ||||
5 | Чолпон-Ата шаардык | Корголдоев Алтынбек Абдылдаевич ("Республика-Ата Журт" деп. фракциясы) | Жеке ишкер | № 11, 13.10.2018-ж. |
Ак-Суу району | ||||
6 | Жыргалаң айылдык | Шамилов Талант Эркинбекович | Убактылуу иштебейт | № 8, 19.10.2018-ж |
7 | Ак-Чий айылдык | Шамырканов Талант Кожегулович | "Жаны-Тундук" ЖЧК, ген. директор | № 9, 19.10.2018-ж. |
8 | Теплоключенка айылдык | Шабданов Өмүрша Бейшембаевич | Жеке ишкер | № 10, 19.10.2018-ж. |
9 | Кереге-Таш айылдык | Токтосунов Тынчтыкбек Жумадылович | Орто мектеп, мугалим | № 11, 19.10.2018-ж. |
10 | Осмонов Төлөн Мамытович | Дыйкан чарба | № 12, 19.10.2018-ж. | |
11 | Сейитов Эрмекбай Мундукович | Дыйкан чарба | № 13, 19.10.2018-ж. | |
Ош облусу | ||||
Ош шаары | ||||
12 | Ош шаардык | Жунусов Темирбек Арстанбекович ("Республика-Ата Журт" деп. фракциясы) | Ош шаарынын кварталдык комитети, төрага | № 12, 19.10.2018-ж. |
Кара-Суу району | ||||
13 | Сарай айылдык | Умаров Атабек Якубжанович | Убактылуу иштебейт | № 21, 16.10.2018-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Сузак району | ||||
14 | Көк-Жаңгак шаардык | Темирбаев Максат Нурланбекович ("Кыргызстан коммунисттеринин партиясы" деп. фракциясы) | Убактылуу иштебейт | № 17, 12.10.2018-ж. |
Нарын облусу | ||||
Нарын району | ||||
15 | Жерге-Тал айылдык | Аманов Акылбек Муратович | Дыйкан чарба | № 13, 16.10.2018-ж. |