Загрузка документа…
КР 2015-жылдын 12-январындагы № 2 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1998-жылдын 2-июну № 74
"Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу
1-статья.
"Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-жыл, № 7, 93-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 1-статья төмөндөгүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:
"Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча ченемдик укуктук актылар адамдын саламаттыгын жана өмүрүн коргоо жана өсүмдүктөрдү сактоого байланыштуу шашылыш жагдайлардан башка учурларда, жарыяланган учурдан тартып 15 күндөн кийин күчүнө кирет".
2. 2-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"2-статья. Терминдердин аныктамасы
Ушул Мыйзамда келтирилген терминдер төмөндөгүдөй мааниде колдонулат:
өсүмдүктөрдүн карантини - карантиндик зыяндуу организмдердин интродукциясын жана /же жайылышын болтурбай коюуга же алар менен расмий күрөштү камсыз кылууга багытталган иш;
өзгөчө карантин режими - мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчигинин түрүнө карабастан мекемелердин, уюмдардын жана чарбалардын ишинин карантиндик объектилердин очокторун локализациялоого жана жоюуга багытталган, ушул Мыйзамда каралган граждандар менен юридикалык жактардын укуктарын жүзөгө ашырышына убактылуу чектөөлөргө жол берген жана аларга кошумча милдеттерди жүктөгөн өзгөчө укуктук режим;
карантиндик зыяндуу организм (объект) - коркунучка дуушар болгон зона (ареал) үчүн өтө чоң экономикалык мааниге ээ болгон, ошол жерде али жок болгон же бар болгон, бирок жайылтылышы чектелген жана расмий түрдө күрөшүүнүн объектиси катары болгон зыяндуу организм;
карантин алдындагы материалдар - зыяндуу организмдердин жайылышына мүмкүнчүлүк бере турган нерселер жыйылып турган жерлер, транспорт каражаттары, контейнерлер жана башка ар кандай нерселер жана материалдар;
карантиндик зона (ареал) - карантиндик зыяндуу организм болгон жана аны менен расмий күрөш жүргүзүлүп жаткан зона (ареал);
фитосанитардык сертификат - өсүмдүктөрдү сактоо боюнча Эл аралык конвенция тарабынан бекитилген түр боюнча даярдалган сертификат;
импортко уруксат берүү - көрсөтүлгөн фитосанитардык талаптарды сактоо менен аталган товарды импорттоого уруксат берүүчү расмий документ;
фитосанитардык чара - карантиндик зыяндуу организмдердин интродукциясын жана жайылышын болтурбай коюуга багытталган мыйзамдар, регламенттештирүү же расмий жол - жобо;
фитосанитардык контроль - фитосанитардык чараларды текшерүү жана алардын аткарылышын камсыз кылуу боюнча ар кандай жол-жобо;
фитосанитардык тобокелге баа берүү - зыяндуу организм карантиндик зыяндуу организмдин критерийлерине туура келе тургандыгын же туура келбей тургандыгы тууралу маселе боюнча чечим кабыл алуу жана анын интродукциясынын жогорку биологиялык жана экономикалык кесепеттерине баа берүү;
коркунучка дуушар болгон зона (ареал) - экологиялык факторлор зыяндуу организмдин климаттык шарттарга ылайыкташышына карата жагымдуу шарттарды түзгөн, зыяндуу организмдин ушул зонада (ареалда) болушу олуттуу экономикалык зыяндарга алып келиши мүмкүн болгон зона (ареал);
карантиндик объекти жарым-жартылай таралган зона - айыл чарба жана токой породаларынын (өсүмдүктөрдүн) эгилген же көчөт отургузулган жерлеринин 50 проценттен азыраагы карантиндик объектиге чалдыккан зона;
карантиндик зыяндуу объектилер жок болгон зона - карантиндик зыяндуу организмдер кездешпеген өлкө, өлкөнүн бир бөлүгү же бир нече өлкө же алардын бөлүктөрү".
3. Мыйзам төмөндөгүдөй мазмундагы 2-1-статья менен толукталсын:
"2-1 статья. Фитосанитардык чараларды иштеп чыгуу
Фитосанитардык чаралар жарыяланган илимий принциптерге жана эл аралык стандарттарга, жоболорго жана сунуштарга, ошондой эле тобокелге баа берүүнүн тиешелүү жагдайларына негизденет. Тобокелге баа берүүдө карантиндик зыяндуу организмдерди кайра иштетүүнүн жана өндүрүүнүн илимий негиздемелери, тиешелүү ыкмалары, инспекциялоонун, тандап контролдоонун жана сыноолордун тиешелүү ыкмалары, алардын жайылышы, тиешелүү экологиялык жагдайлар, карантин жана тиешелүү экономикалык факторлор эске алынат.
Фитосанитардык чаралар окшош жана барабар болгон шарттар болгон өлкөлөрдү басмырлоосуз иштелип чыгат жана колдонулат, мында фитосанитардык коргоонун тиешелүү деңгээлин камсыз кылууга зарыл болгондон ашык түрдө соода кылууга чек коюлбоого тийиш. Фитосанитардык чаралар коркунучка дуушар болгон зонаны, карантиндик объектинин жарым-жартылай жайылышын жана карантиндик зыяндуу объектилер жок жерлерди эске алуу менен региондук шарттарга адаптацияланат.
Жетиштүү негиздеме жок болгондо мүмкүн болгон маалыматтын, анын ичинде эл аралык уюмдардан жана башка өлкөлөрдөн алынган маалыматтардын негизинде убактылуу фитосанитардык чаралар киргизилиши мүмкүн.
Эгерде алар эл аралык стандарттардан, жоболор менен сунуштардан олуттуу айырмаланса же эл аралык стандарттар, жоболор жана сунуштар жок болсо, иштелип жаткан, соодага олуттуу таасир көрсөтүүчү фитосанитардык чаралардын долбоору жөнүндө билдирүү ишке тиешеси бар жактарга өздөрүнүн сунуштарын жана пикирлерин берүүгө мүмкүнчүлүк түзүү үчүн алдын ала жарыяланат".
4. 3-статьянын төртүнчү бөлүгү "текшерүүдөн" деген сөздөн кийин "кайсы өлкөдөн чыкканына карабастан бирдей режимде" деген сөздөр менен толукталсын.
5. 3-статья төмөндөгүдөй мазмундагы алтынчы-сегизинчи бөлүктөр менен толукталсын:
"Фитосанитардык контролдук боюнча ар кандай талаптар фитосанитардык чараларды туура каражаттар жана туура мөөнөттөрдүн чектеринде камсыз кылуу үчүн зарыл болгон чектерде гана белгиленет. Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик кызмат арыздануучунун өтүнүчү боюнча контролдук жүргүзүүнүн жол-жоболорун өткөрүүнүн мөөнөттөрүн билдирет.
Фитосанитардык сертификатты, импорттоого уруксатты бергендиги жана башка кызматтарды көрсөткөндүгү үчүн алынуучу акынын өлчөмү көрсөтүлгөн кызматтардын наркынан ашпоого тийиш.
Эгерде алар Кыргыз Республикасында колдонулуп жаткан фитосанитардык коргоонун тиешелүү деңгээлин камсыз кылса, башка өлкөлөрдүн фитосанитардык чаралары туура деп табылат".
6. Мыйзам төмөндөгүдөй мазмундагы 15-1-статья менен толукталсын:
"15-1-статья. Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча кызмат адамдарынын аракеттерине же аракетсиздигине даттануу
Карантиндик көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик карантиндик кызматтын кызмат адамдарынын аракеттери (аракетсиздиги) бир айдын ичинде жогору турган карантиндик инспекторго даттанылышы мүмкүн.
Мамлекеттик карантиндик инспекторлордун чечими сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.".
2-статья.
Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Акаев |