Загрузка документа…
КР Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2379-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 1-ноябры № 1956-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" № 1838-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 5-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 124-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин кызмат ордуна Жумагулов Султанбектин талапкерлиги жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" № 1838-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункттун он сегизинчи абзацындагы "Казаков Түгөлбөй Токтогулович" деген сөздөр "Жумагулов Султанбек" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Д. А. Джумабеков |