Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-ноябры № 2019-VI
"Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2017-жылдын 31-октябрындагы № 721 токтому) "Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- "Жылуулук менен камсыздоо" Ош муниципалдык ишканасынын алдындагы калкка жылуулук энергиясын бергендиги үчүн 105,0 млн. сом суммасындагы карыздын ордун толтурсун;
- КНСтин ордун толтурууга бюджеттен каражаттарды көбөйтүү маселесин карасын;
- Улуттук онкологиялык борбордун балдар бөлүмүнүн оңдоолоруна каражат карасын.
Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |