Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-ноябры № 2023-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 10-ноябрындагы № 1057-VI "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 10-ноябрындагы № 1057-VI "Ишкердиктин субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтомго Тиркеменин экинчи пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган камсыздандыруу төгүмдөрүн администрлөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| А.Кодуранова |