Загрузка документа…
КР Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2379-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 6-декабры № 2050-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" № 1838-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 72-беренесинин 3-бөлүгүн жана 87-беренесинин 5-бөлүгүнүн экинчи абзацын, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 124-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттык мандатын жана Жогорку Кеңештин пленардык жыйналыштарында добуш берүү укугун сактоо менен Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер министринин кызмат ордуна Шадиев Аскарбек Алимбаевичтин талапкерлиги жактырылсын.
2. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1838-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Шадиев Аскарбек Алимбаевич - депутаттык мандатын жана Жогорку Кеңештин пленардык жыйналыштарында добуш берүү укугун сактоо менен Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер министринин кызмат ордуна;".
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |