Загрузка документа…
КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 3-июнундагы № VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-декабры № 2094-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Пирматов Исхак Айтбаевичти Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык жабык-жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Пирматов Исхак Айтбаевич Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасы болуп шайлансын.
2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 19-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункттун үчүнчү абзацындагы "А.А.Шадиев" деген сөздөр "И.А.Пирматов" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пунктта:
2-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Пирматов Исхак Айтбаевич - "Бир Бол" парламенттик фракциясынан;";
5-пунктчанын он биринчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |