Загрузка документа…
КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 3-июну № 4632-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Икрамов Тазабек Икрамовичти Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык жашыруун добуш берүүнүн натыйжалары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Икрамов Тазабек Икрамович Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасы болуп шайлансын.
2. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 5-ноябрындагы № 19-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Т.И. Икрамов – «Өнүгүү-Прогресс» депутаттык фракциясынан, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагалыгына;».
3. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Пирматов Исхак Айтбаевичти Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 13-декабрындагы № 2094-VI токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы №17-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 2-пунктунун он алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Т.Т. Мамытов |