Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-декабры № 2106-VI
"Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Мөңгүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 24-декабрындагы № 137-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Мөңгүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 24-декабрындагы № 137-VI токтомунун 1-пунктуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
экинчи абзацтагы "депутат" деген сөз "экс-депутат" деген сөздөргө алмаштырылсын;
үчүнчү абзацтагы "М.И.Бакиров" деген сөздөр "А.К.Назаров" деген сөздөргө алмаштырылсын;
бешинчи абзацтагы "О.М.Панкратов" деген сөздөр "Д.А.Кенекеев" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Макулдашуу тобу жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын макулдашылган вариантын жана түзөтүүлөр таблицасын 30 календардык күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетине жүктөлсүн.
Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| А.Кодуранова |