Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-декабры № 137-VI
Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Мөңгүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө
(КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 21-декабрындагы № 2106-VI, 2018-жылдын 30-майындагы № 2437-VI токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62 жана 63-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын 23-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Мөңгүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобу төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Ч.А.Султанбекова - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экс-депутаты, мыйзам долбоорунун демилгечиси;
А.К.Назаров - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы;
К.С.Дыйканбаев - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү;
К.А.Боронов - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри.
(КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 21-декабрындагы № 2106-VI, 2018-жылдын 30-майындагы № 2437-VI токтомунун редакциясына ылайык)
2. Макулдашуу тобу 30 календардык күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын макулдашылган вариантын жана түзөтүүлөр таблицасын киргизсин.
3. "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Мөңгүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 19-июнундагы № 4186-V токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетине (М.И.Бакиров) жүктөлсүн.
Төрага | А. Жээнбеков |