КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-декабры № 2121-VI
"2017-жылдын 6-октябрында Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Чек ара районундагы ишеним чаралары боюнча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2017-жылдын 11-декабрындагы № 804 токтому) "2017-жылдын 6-октябрында Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Чек ара районундагы ишеним чаралары боюнча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| А.Кодуранова |