КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-декабры № 2148-VI
"2017-жылдын 10-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу" № IDA V106-KG долбоорун даярдоого аванс берүү жөнүндө макулдашуу-катын ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2017-жылдын 18-декабрындагы № 818 токтому) "2017-жылдын 10-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу" № IDA V106-KG долбоорун даярдоого аванс берүү жөнүндө макулдашуу-катын ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |