Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-декабры № 818
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "Бишкек шаарында 2017-жылдын 10-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу" № IDA V106-KG долбоорун даярдоого аванс берүү жөнүндө макулдашуу катын ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Бишкек шаарында 2017-жылдын 10-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу" № IDA V106-KG долбоорун даярдоого аванс берүү жөнүндө макулдашуу катына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | С. Исаков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙзАМЫ
Бишкек шаарында 2017-жылдын 10-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу" № IDA V106-KG долбоорун даярдоого аванс берүү жөнүндө макулдашуу катын ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Бишкек шаарында 2017-жылдын 10-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу" № IDA V106-KG долбоорун даярдоого аванс берүү жөнүндө макулдашуу каты ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуу катынын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 818 токтому менен жактырылган |
Бишкек шаарында 2017-жылдын 10-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу" № IDA V106-KG долбоорун даярдоого аванс берүү жөнүндө макулдашуу катына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Бишкек шаарында 2017-жылдын 10-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу" № IDA V106-KG долбоорун даярдоого аванс берүү жөнүндө макулдашуу каты Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине шайкеш келет.
Макулдашуу катка ылайык техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуу, долбоордук-сметалык документтерди даярдоо, өзгөчө кырдаалдардан камсыздандырууну ИТ-системасы менен камсыздоо, долбоорду экономикалык жана социалдык баалоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучу бөлүмдөрү жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору үчүн керектүү жабдууларды сатып алуу үчүн үч миллион алты жүз миң АКШ доллары өлчөмүндөгү аванс (3600000) (Аванс) берүү сунушталат.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Макулдашуу кат ага кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча, Бюджет жана финансы боюнча комитеттери менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-октябрынын № 497-б буйругу менен жактырылган.
Жогоруда аталган Макулдашуу катына Бишкек шаарында 2017-жылдын 10-ноябрында Кыргыз Республикасынын Финансы министри кол койгон.
Аталган Макулдашуу катын ратификациялоо кандайдыр бир финансы-экономикалык жана башка терс кесепеттерди алып келбейт, ошондой эле республикалык бюджеттен каржылоону талап кылбайт.