Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-марты № 2291-VI
"Чет өлкөлөрдүн парламенттери менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин достук депутаттык топторунун тизмегин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 31-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
"Чет өлкөлөрдүн парламенттери менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин достук депутаттык топторунун тизмегин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 31-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
2-пункттагы "(курамы тиркелет)" деген сөздөр алып салынсын;
"Чет өлкөлөрдүн парламенттери менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин достук депутаттык топторунун тизмеги" № 1 тиркемеде:
- 26-пункттагы "жана Афганистан" деген сөздөр алып салынсын;
- 28-пункттагы "Австралия жана Жаңы Зеландия менен" деген сөздөр "Афганистан Ислам Республикасы менен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- "Африка, Жакынкы жана Орто Чыгыш өлкөлөрү менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин достук депутаттык топтору" бөлүкчөсүнүн аталышы "Чыгыш өлкөлөрү" деген сөздөрдөн кийин Австралия жана Жаңы Зеландия" деген сөздөр менен толукталсын;
- тизмек төмөнкүдөй мазмундагы 32-пункт менен толукталсын:
- "32. Австралия жана Жаңы Зеландия менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин достук депутаттык тобу.".
Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |