Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-ноябры № 31-VI
Чет өлкөлөрдүн парламенттери менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин достук депутаттык топторунун тизмегин бекитүү жөнүндө
(В редакции постановления Жогорку Кенеша КР от 7 марта 2018 года № 2291-VI, 23 января 2019 года № 2850-VI)
Чет өлкөлөрдүн парламенттери менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин активдүү кызматташтыгына умтулуп, азыркы эки тараптуу мамилелерди чыңдоонун зарылдыгын таанып жана парламент аралык байланыштарды андан ары өнүктүрүү максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 9-ноябрындагы № 1498-IV токтому менен бекитилген "Парламенттер аралык комиссиялардын кыргыз тарабы, чет өлкөлүк парламенттер менен кызматташтык боюнча достук депутаттык топтору менен парламенттер аралык жана эл аралык уюмдардагы туруктуу депутаттык делегациялар жөнүндө" Жобону жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет өлкөлөрдүн парламенттери менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин достук депутаттык топторунун тизмеги бекитилсин (тиркелет).
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары - достук депутаттык топтордун мүчөлөрүнө Чет өлкөлөрдүн парламенттери менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин достук депутаттык топторунун жетекчилерин жана алардын орун басарларын шайлоо сунушталсын (курамы тиркелет).
3. Чет өлкөлөрдүн парламенттери менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин достук депутаттык топторунун жетекчилери жасалган иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча Комитетине ар жыл сайын отчет (маалымат) берип турсун.
Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| А.Жээнбеков |
Тиркеме 1
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 31-VI токтому менен бекитилген |
Чет өлкөлөрдүн парламенттери менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык достук топторунун ТИЗМЕГИ
КМШ өлкөлөрү менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык достук топтору:
1. Россия Федерациясы менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык достук тобу.
2. Украина, Беларусь Республикасы жана Молдова Республикасы менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык достук тобу.
3. Азербайжан Республикасы менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык достук тобу.
4. Өзбекстан Республикасы менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык достук тобу.
5. Тажикстан Республикасы жана Түркмөнстан менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык достук тобу.
6. Казакстан Республикасы менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык достук тобу.
7. Армения Республикасы жана Грузия менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык достук тобу.
Түндүк, Борбордук жана Түштүк Америка өлкөлөрү менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык достук топтору:
8. Америка Кошмо Штаттары жана Канада менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык достук тобу.
9. Аргентина Республикасы, Бразилия Федеративдик Республикасы жана башка түштүк-америка өлкөлөрү менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык достук тобу.
Европа мамлекеттеринин (анын ичинде Израиль Мамлекети менен) өлкөлөрү менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык достук топтору:
10. Латвия, Литва жана Эстония менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык достук тобу.
11. Француз Республикасы, Испания жана Португалия менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык достук тобу.
12. Германия Федеративдик Республикасы менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык достук тобу.
13. Улуу Британиянын Бириккен Королдугу жана Түндүк Ирландия жана Ирландия Республикасы менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык достук тобу.
14. Италия, Швейцария жана Ватикан менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык достук тобу.
15. Бельгия, Люксембург Улуу Герцогдугу жана Нидерландия менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык достук тобу.
16. Норвегия, Швеция, Дания жана Финляндия менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык достук тобу.
17. Польша Республикасы, Австрия Республикасы, Чех Республикасы, Венгрия жана Словакия менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык достук тобу.
18. Словения, Сербия, Болгария, Румыния жана башка балкан өлкөлөрү менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык достук тобу.
19. Греция, Кипр Республикасы жана Израил Мамлекети менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык достук тобу.
20. Түрк Республикасы менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык достук тобу.
Азия өлкөлөрү менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык достук топтору:
21. Япония менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык достук тобу.
22. Монголия менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык достук тобу.
23. Корея Республикасы менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык достук тобу.
24. Малайзия, Филиппин Республикасы, Сингапур, Индонезия, Таиланд жана Вьетнам Социалисттик Республикасы менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык достук тобу.
25. Индия, Бангладеш жана Шри-Ланка менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык достук тобу.
26. Пакистан Ислам Республикасы менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык достук тобу.
27. Кытай Эл Республикасы менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык достук тобу.
28. Афганистан Ислам Республикасы менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык достук тобу.
Африка, Жакынкы жана Орто Чыгыш өлкөлөрү Австралия жана Жаңы Зеландия менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык достук топтору:
29. Иран Ислам Республикасы менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык достук тобу.
30. Иордания, Сирия Араб Республикасы, Палестина Мамлекети, Сауд Аравия Королдугу, Бириккен Араб Эмираты, Кувейт Мамлекети жана Катар менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык достук тобу.
31. Египет Араб Республикасы, Алжир Элдик-демократиялык Республикасы, Тунисс Республикасы, Марокко Королдугу жана башка африка мамлекеттери менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык достук тобу.
32. Австралия жана Жаңы Зеландия менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин достук депутаттык тобу.
Тиркеме 2
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 31-VI токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чет өлкөлөрдүн парламенттери менен кызматташтык боюнча достук депутаттык топторунун
ТИЗМЕГИ
(КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 23-январындагы № 2850-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ)