Загрузка документа…
КР Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2379-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-октябры № 1923-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" № 1838-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 5-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 124-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кызмат ордуна Кенекеев Дайыр Атакуловичтин талапкерлиги жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" № 1838-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункттун алтынчы абзацындагы "Жумакадыров Темир Курмангазиевичтин" деген сөздөр "Кенекеев Дайыр Атакуловичтин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Д.Төлөнов |