Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-апрели № 2385-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Т.Токтошевди Бюджет жана финансы боюнча комитеттин төрагасынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Э.Т.Токтошев Бюджет жана финансы боюнча комитеттин төрагасы болуп шайлансын.
2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 19-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункттун тогузунчу абзацындагы "Т.Г.Тиллаев - "Республика - Ата-Журт" депутаттык фракциясынан" деген сөздөр "Э.Т.Токтошев - "Ата Мекен" депутаттык фракциясынан" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- "Ата Мекен" парламенттик фракциясынан депутат Э.Т.Токтошев Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин курамынан чыгарылсын жана Бюджет жана финансы боюнча комитеттин курамына киргизилсин.
4. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 1103-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
биринчи абзацта мамлекеттик тилдеги "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөр "1. Кыргыз Республикасынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
бешинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |