Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-ноябры № 1103-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым комитеттеринин төрагаларын шайлоо жөнүндө
(КР Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 25-апрелиндеги № 2385-VI, 2018-жылдын 25-апрелиндеги № 2386-VI, 2019-жылдын 29-майындагы № 3085-VI токтомунун редакциясына ылайык)
"1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык жашыруун-жабык добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча төмөнкүлөр шайлансын:
А.А.Шадиев - "Бир Бол" депутаттык фракциясынан, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагалыгына;
(КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 29-майындагы № 3085-VI токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Г.С.Молдобекова - КСДП депутаттык фракциясынан, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин төрагалыгына;
(Абзац КР Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 25-апрелиндеги № 2385-VI токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Абзац КР Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 25-апрелиндеги № 2386-VI токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 25-апрелиндеги № 2385-VI, 2018-жылдын 25-апрелиндеги № 2386-VI токтомунун редакциясына ылайык)
2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 19-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктта:
үчүнчү абзацтагы "А.Б.Баатырбеков - "Кыргызстан" депутаттык фракциясынан" деген сөздөр "А.А.Шадиев - "Бир Бол" депутаттык фракциясынан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
төртүнчү абзацтагы "М.И.Бакиров - "Өнүгүү-Прогресс" депутаттык фракциясынан" деген сөздөр "А.К.Назаров - "Кыргызстан" депутаттык фракциясынан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
бешинчи абзацтагы "С.Шер Нияз - "Ата Мекен" депутаттык фракциясынан" деген сөздөр "Г.С.Молдобекова - КСДП депутаттык фракциясынан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
тогузунчу абзацтагы "А.А.Шадиев - "Бир Бол" депутаттык фракциясынан" деген сөздөр "Т.Г.Тиллаев - "Республика - Ата-Журт" депутаттык фракциясынан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
онунчу абзацтагы "Ж.А.Бакчиев - "Бир Бол" депутаттык фракциясынан" деген сөздөр "М.К.Жеенчороев - "Республика - Ата-Журт" депутаттык фракциясынан" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Ч. Турсунбеков
|