Редакцияот 25.04.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 25-апрели № 2386-VI

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.В.Никитенкону Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрагасынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Н.В.Никитенко Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрагасы болуп шайлансын.

2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 19-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-пунктун онунчу абзацындагы "М.К.Жеенчороев - "Республика-Ата-Журт" депутаттык фракциясынан, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча" деген сөздөр "Н.В.Никитенко - "Ата Мекен" депутаттык фракциясынан, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- "Ата Мекен" парламенттик фракциясынан депутат Н.В.Никитенко Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин курамынан чыгарылсын жана Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин курамына киргизилсин.

4. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым комитеттеринин төрагаларын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 1103-VI токтомунун алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

Д.Джумабеков