Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-майы № 2403-1-VI
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставы жөнүндө", "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2018-жылдын 8-январындагы № 7 токтому) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставы жөнүндө", "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |