Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-майы № 2408-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 31-январындагы № 2221-VI токтому менен түзүлгөн 2018-жылдын 26-январында Бишкек ЖЭБиндеги авариянын себептерин изилдөө жана Бишкек ЖЭБин реабилитациялоо үчүн 2014-жылы алынган 386 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү кредиттин сарамжалдуу пайдаланылышын териштирүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу комиссиясынын ишинин жыйынтыктары жөнүндө
2018-жылдын 31-январындагы № 2221-VI токтом менен түзүлгөн 2018-жылдын 26-январында Бишкек ЖЭБиндеги авариянын себептерин изилдөө жана Бишкек ЖЭБин реабилитациялоо үчүн 2014-жылы алынган 386 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү кредиттин сарамжалдуу пайдаланылышын териштирүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу комиссиясынын төрагасы - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты У.Б.Примовдун баяндамасын угуп, ошондой эле бул маселе боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын (мындан ары - убактылуу депутаттык комиссия) корутундусун карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусу эске алынсын.
2. Убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусу Кыргыз Республикасынын Президентине жөнөтүлсүн.
3. Убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусу тиешелүү макулдашууларды даярдоого, кол коюуга, ишке ашырууга, "Бишкек шаарынын ЖЭБин модернизациялоо" долбоорун мамлекеттик кабыл алууга тиешеси бар Кыргыз Республикасынын кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук баа берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жөнөтүлсүн.
4. 386 миллион АКШ доллары (300 МВтга, 1 кВт үчүн 1287 АКШ долларынан) өлчөмүндө "TBEA" компаниясынын баа сунушунун шайкештиги жөнүндө чечим "Электр станциялары" ААКнын Башкы дирекциясынын 2013-жылдын 11-июлундагы № 18 токтому менен кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы № 280-б буйругу менен түзүлгөн "Бишкек шаарынын ЖЭБин модернизациялоо" долбоорун каржылоонун шарттары боюнча "ТВЕА" (КЭР) компаниясынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү боюнча ведомстволор аралык комиссия тарабынан жактырылган деп эсептелсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Электр станциялары" ААКнын жана "TBEAнын" ортосундагы 2013-жылдын 16-июлундагы Контракттык макулдашуунун 13-беренесине ылайык подрядчыга карата көрсөтүлгөн Макулдашуунун 9-беренесинин 9.1-пунктун өз учурунда аткарбагандыгы үчүн айып санкцияларын өндүрүп алуу боюнча чараларды көрсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине "Бишкек шаарынын ЖЭБин модернизациялоо", "Датка-Кемин" ЭБЛ", "Түштүк-Түндүк" альтернативдүү жолу", "Акылдуу шаар" инвестициялык долбоорлору боюнча, ошондой эле "Кумтөр", "China Road and Bridge Corporation", "Huawei", "Liglass Trading" компаниялары боюнча колдо болгон бардык фактыларды жана жүргүзүлгөн жол-жоболорду ар тараптан жана кылдат иликтөөнү жүргүзүү жана тиешелүү чараларды көрүү менен С.Дж.Исаковдун жана А.Р.Калиевдин аракеттерине укуктук баа берүү тапшырылсын.
7. Тергөө органдары Ху Бей (КЭР) провинциясынын Электр долбоорлоо институту 2013-жылдын мартында берген Бишкек шаарынын ЖЭБин реконструкциялоо долбоору боюнча ТЭНге укуктук баа берсин.
8. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы:
- "Бишкек шаарынын ЖЭБин модернизациялоо" долбоорун ишке ашырууга арналган 386 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү кредиттин каражаттарын чыгымдоонун аудитин жүргүзсүн;
- мындан ары республикалык бюджеттен каржылануучу ири долбоорлордун жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча каржылануучу долбоорлордун алдыдагы чыгымдарынын аудитин жүргүзсүн.
9. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетине, ошондой эле Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине Кыргыз Республикасынын экс-президенттери оор же өзгөчө оор кылмыштарды, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 303-305-статьяларында каралган кылмыштарды жасады деп шектелген учурда аларды кол тийбестигинен ажыратуу тартибин жана өбөлгөлөрүн аныктоого багытталган, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-статьясы күчүн жоготушу жөнүндө ченемди караган мыйзам чыгаруу демилгелерин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү тапшырылсын.
10. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Эсептөө палатасы жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымат берсин.
11. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине тармактык комитеттердин сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен мындан ары кредиттик макулдашуулардын долбоорлорун кароо сунушталсын.
12. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетине жүктөлсүн.
Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |