Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 1-марты № 2276-VI
КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын алкагында жыл сайын Эл аралык Ысык-Көл кинофестивалын өткөрүү жөнүндө
Эл аралык маданий байланыштарды өнүктүрүү, кинематографтын каражаттары менен элдердин ортосундагы гуманизмдин, тынчтыктын жана достуктун жогорку мүдөөлөрүнө жетишүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын алкагында жыл сайын өткөрүлүүчү Эл аралык Ысык-Көл кинофестивалы белгиленсин.
2. КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын алкагында жыл сайын Эл аралык Ысык-Көл кинофестивалын өткөрүү жөнүндө Жобо бекитилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине жүктөлсүн.
Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |