Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 1-мартындагы № 2276-VI токтому менен бекитилген |
КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясынын алкагында жыл сайын эл аралык Ысык-Көл кинофестивалын өткөрүү жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1.1. Эл аралык Ысык-Көл кинофестивалы (мындан ары - Фестиваль) КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясынын туруктуу иштеп турган маданий долбоору болуп саналат.
Фестиваль эл аралык статуска ээ жана Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл областындагы Чолпон-Ата шаарында жылына 1 жолу (2018-жылы июнда, андан ары жыл сайын) өткөрүлөт.
1.2. Фестивалдын программасы Фестивалдын Уюштуруу комитети тарабынан (мындан ары - Уюштуруу комитети) бекитилет.
1.3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Фестивалдын демилгечилери болуп саналат.
1.4. КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясы (мындан ары - КМШ ПАА), Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Санкт-Петербург кино жана телекөрсөтүү мамлекеттик институту, "Айтыш" коомдук фонду. Эл аралык "Саякбай манасчы" коомдук фонду Фестивалдын уюмдаштыруучулары болуп саналышат.
1.5. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин кинематография департаменти, Санкт-Петербург кино жана телекөрсөтүү мамлекеттик институту, "Айтыш" коомдук фонду, Кыргыз Республикасынын кинематографисттер союзу Фестивалдын уюштуруучулары болуп саналышат. Фестивалды уюштурууга анын ар кайсы этабында башка өнөктөр да кошулушу мүмкүн.
1.6. Фестиваль эл аралык статусуна ээ жана Фестивалдын максаттарын жана милдеттерин кошо бөлүшкөн, юридикалык статусуна карабастан ар түрдүү өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышуусу үчүн ачык болуп саналат.
2. Фестивалдын максаттары жана милдеттери
2.1. Фестивалдын максаты - кинематография каражаттары аркылуу эл аралык маданий байланыштарды өнүктүрүү, гуманизмдин, элдердин ортосундагы тынчтыктын жана достуктун бийик максаттарына жетишүү.
2.2. Төмөндөгүлөр Фестивалдын милдеттери болуп саналат:
- эл аралык фестивалдарга катышуу менен ата мекендик кинематографиянын ролун жогорулатуу;
- эл аралык маданий байланыштарды өнүктүрүүгө жана ар түрдүү өлкөлөрдүн маданияттарын өз ара таасирденүүсүнө көмөктөшүү;
- кинематографиядагы чыгармачылык жетишкендиктерди ачып көрсөтүү, сыйлоо жана кеңири жайылтуу;
- ар түрдүү курактагы жана улуттагы көрүүчүлөрдү кино искусствосуна тартуу/аралаштыруу;
- дүйнөлүк кинематографтын мыкты чыгармалары менен көрүүчүлөрдү тааныштыруу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү.
3. Фестивалды башкаруу органдары
3.1. Уюштуруу комитети Фестивалдын жогорку жетекчи органы болуп саналат.
3.2. Уюштуруу комитетинин курамы жана ал жөнүндө жобо КМШ ПАА тарабынан бекитилет.
4. Фестивалдын дирекциясы
4.1. Фестивалдын дирекциясы төмөндөгүдөй курамда Уюштуруу комитети тарабынан дайындалат:
- Фестивалдын башкы директору;
- иш-чаралардын алкагында кино көрсөтүү программаларын түзүү боюнча жоопту Фестивалдын программаларынын директору;
- жооптуу катчы.
4.2. Фестивалдын дирекциясынын милдеттери:
- Фестивалдын тандап алуу комиссиясынын курамын түзүү жана бекитүү;
- Фестивалдын алкагында кино көрсөтүүлөрдү уюштуруу;
- бардык техникалык талаптарга жооп берген кино көрсөтүү үчүн залдарды тандап алууну ишке ашыруу, көрсөтүүлөрдүн кынтыксыз техникалык шарттарын камсыз кылуу;
- Уюштуруу комитети менен бирдикте Фестивалдын расмий иш-чараларын (салтанаттуу ачылышын жана жабылышын, маданий программаларды, конференцияларды жана семинарларды) өткөрүүнү жетекчиликке алуу;
- катышуучуларга Фестивалдын алкагында кино көрсөтүүлөрдү өткөрүүгө тийиштүү кеңири маалыматтарды берүү;
- көрсөтүү учурунда, ошондой эле жарнактык кампаниялардын жүрүшүндө Фестивалга сунуш кылынган кинематографиялык чыгармалардын автордук укуктарынын сакталышын камсыз кылуу;
- жалпыга маалымдоо каражаттары менен иштөө.
5. Фестивалдын программасы
5.1. Фестивалдын программасы толук метраждуу көркөм фильмдерди көрсөтүүдөн турат.
6. Фестивалга катышуунун шарттары
6.1. Фестивалдын конкурстук программасына катышуу үчүн катышуучулар Фестиваль башталганга чейин бир ай мурда белгиленген үлгүдөгү өтүнмөнү берет. Фестивалга катышуу үчүн фильмдерди тандап алуу тандап алуу комиссиясы тарабынан жүргүзүлөт. Тандап алуу комиссиясы кароо үчүн фильмдерди кабыл алуу онлайн-режим түрүндө ишке ашырылат.
6.2. Кароого сунуш кылынган ар бир фильм боюнча тандап алуу комиссиясынын чечими жөнүндө расмий маалымдама Фестивалдын расмий басма сөз конференциясынын датасына чейин кечиктирилбестен таркатылууга жөнөтүлөт.
6.3. Фильмдерди көрсөтүү программасы Фестивалдын дирекциясы тарабынан белгиленилет. Ар бир фильм Фестивалдын жүрүшүндө, басма сөз үчүн көрсөтүүлөрдү кошуп алганда, беш жолудан көп эмес көрсөтүлүшү мүмкүн.
6.4. Фестивалдын конкурстук программасына 8ден кем эмес фильм катыша алат.
6.5. Фестивалдын конкурсуна катышкан фильмдердин көчүрмөлөрүн көрсөтүү түп-нусканын тилинде болууга, эгерде тили англис тилинде болбогон учурда, англис тилиндеги субтитр менен коштолууга тийиш.
6.6. Конкурстарга катышкан фильмдердин көчүрмөлөрү ал башталганга чейин бир айдан кеч эмес Фестивалдын дирекциясына берилүүгө тийиш.
6.7. Ушул Жободо белгиленген шарттардын жана мөөнөттөрдүн баары милдеттүү аткарылууга жатат. Андай болбогон шартта Фестивалдын дирекциясында фильмди Фестивалдын программасынан алып коюу укугу сакталат.
7. Документтер
7.1. Фестивалга катышууну тастыктап, сунуш кылынган ар бир фильмдин толтурулган фильмографиялык баракчасы (энтри-форма) Фестиваль башталганга чейин бир айдан кеч эмес Фестивалдын дирекциясы тарабынан алынууга тийиш.
7.2. Катышуу тууралуу маалымдоо менен бир учурда Фестивалдын дирекциясынын дарегине төмөндөгү документтер жөнөтүлөт:
- түп-нускадагы жана орус, англис тилдеринин бириндеги фильмдин толук тексти;
- синопсис, жарнак материалдары, басма сөз материалдары;
- жарнак роликтери жана фильмден кадрлар;
- каталог үчүн материалдар (фильмди жаратуучулар тууралуу маалыматтар, сүрөттөр, анын ичинде режиссёрдун сүрөттөрү, фильмдин кадрлары).
8. Фестивалдын жюриси
8.1. Конкурстук фильмдерди баалоо үчүн эл аралык жюри түзүлөт.
8.2. Жюринин курамына тийиштүү конкурста көрсөтүлүп жаткан фильмдерди түзүүгө же коммерциялык прокатына катышкан адам кире албайт.
8.3. Жюринин курамында продюсердин катышуусу милдеттүү болуп саналат.
8.4. Фестивалдын дирекциясы Фестивалга эл аралык жюринин мүчөлөрүнүн болуусу жана Фестиваль өткөн жерге алардын келүүсү жана кайра кетүүсү боюнча чыгымдарды өзүнө алат.
9. Фестивалдын катышуучулары жана меймандары
9.1. Фестивалдын катышуучуларын жана меймандарын чакыруу, алардын болуу мөөнөттөрү жана шарттары жана Фестивалга аккредитациялоо боюнча маселелер Фестивалдын дирекциясы тарабынан чечилет.
9.2. Конкурстук кинофильмдерди көрсөтүү үчүн фильм-катышуучунун кино тартуу тобунун 2ден (эки) ашык эмес өкүлү, атап айтканда: режиссеру-продюсери жана башкы ролду ойногон адам чакырылат.
9.3. Кино тартуу тобунун өкүлү көрсөтүү өткөрүлүүчү күнү картинасын көрсөтүүгө, ошондой эле ошол фильмди көрсөтүүгө арналган басма сөз конференциясына катышууга милдеттүү.
9.4. Фестивалдын катышуучуларын аккредитациялоого өтүнмө Фестивалдын дирекциясына ал башталганга чейин бир айдан кеч эмес мөөнөттө берилүүгө тийиш.
10. Сыйлыктар
10.1. Эл аралык жюри Ысык-Көл эл аралык кинофестивалынын төмөндөгүдөй сыйлык-статуэткаларын конкурстук фильмдерге тапшырат:
Баш байге - эң мыкты фильм үчүн (фильмди продюсерине тапшырылат);
Жюринин атайын призи - (жюринин чечимине ылайык тапшырылат);
Эң мыкты режисердук иш үчүн;
Көрүүчүлөрдү сурап-билүүнүн натыйжаларына ылайык мыкты фильмге көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү (фильмдин режиссёруна тапшырылат);
Фестивалдын уюмдаштыруучуларынын атайын сыйлыгы;
Фестивалдын өнөктөштөрүнүн атайын сыйлыгы.
10.2. Фестивалдын алкагында Кыргыз Республикасынын кинематографисттер союзунун төмөндөгү сыйлыктары тапшырылат:
"Жылдын дебюту";
"Жылдын мыкты фильми".
10.3. Сыйлоо салтанатында сыйлык ээлеринин өздөрүнүн катышуусу ылайыктуу.
11. Корутунду жобо
Фестивалга катышуу ушул Жобонун бардык пункттарын сактоону шарттайт.