Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-майы № 2437-VI
"Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Мөңгүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 24-декабрындагы № 137-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Мөңгүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 24-декабрындагы № 137-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пункттун төртүнчү жана бешинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"К.С.Дыйканбаев - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү;
К.А.Боронов - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри.".
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетине жүктөлсүн.
Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |