КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 6-июну № 2463-VI
Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын 2017-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин отчету тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын 2017-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин отчетун карап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын 2017-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин отчету эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Телекөрсөтүү жана радиоберүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-1-беренесин аткаруу үчүн республикалык бюджетте 1,5 миллион сом өлчөмүндө каражат карасын.
3. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасына Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясын күтүүгө бөлүнгөн каражаттардын салыштырма талдоосун жүргүзүү тапшырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңеши:
1) объективдүүлүк, ишенимдүүлүк жана адилеттүүлүк принциптерин сактоо менен коомдо жүрүп жаткан пикирлердин жана көз караштардын бүтүндөй диапазонун чагылдырган берүүлөрдү өз мезгилинде жана жогорку сапаттуу жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын ишинин ачык-айкындуулугун камсыздасын;
2) коомдук кызыкчылыктарды мыктылап чагылдыруу максатында этностук, гендердик, жаш курактык, кесиптик, маданий жана диний принциптер боюнча жарандардын өкүлдөрүнүн сунуштарын эске алсын;
3) Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын иши жөнүндө ар жылдык отчетту "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырып турсун;
4) Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын финансылык жана чарбалык ишинин ар жылдык милдеттүү тышкы аудитинин жүргүзүлүшүн контролдоону колго алсын;
5) кабыл алынган чечимдерди контролдоону күчөтсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине жүктөлсүн.
Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |