Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1998-жылдын 8-июну № 75
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын алдындагы карызын кайра структуралаштыруу жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 15-мартындагы № 50 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-статья.
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын алдындагы карызын кайра структуралаштыруунун маселелерин жана аны өткөрүүнү жөнгө салат.
2-статья.
Бул Мыйзамда пайдаланылуучу терминдер:
- секьюриттөө - баалуу кагаздардагы кредиттер жана эсептелген проценттер боюнча карызды кайра жол-жоболоштуруу процесси;
- РЕПО операциясы - баалуу кагаздарды макулдашылган баа боюнча жана макулдашылган мөөнөттө кайра сатып алуу (сатуу) жөнүндө сатуучунун (сатып алуучунун) милдеттенмеси менен аларды сатуу (сатып алуу) тууралу макулдашуу;
- мамлекеттик кайра структуралаштырылган заемдун облигациялары карызды кайра структуралаштыруу максаты менен чыгарылган мамлекеттик баалуу кагаздар.
3-статья.
1992-1997-жылдарда республикалык бюджеттин учурдагы кирешелеринин жана чыгашаларынын ортосундагы айырманы жабууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна ылайык түзүлгөн 4 444 401 925,35 сом өлчөмүндө, анын ичинде негизги карыз боюнча - 1 938 808 618,64 сом, мамлекеттик баалуу кагаздарга кайра жол-жоболоштурулган карыздар боюнча - 440 821 000,00 сом жана эсептелген проценттер боюнча 2 064 772 306,71 сом өлчөмүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан берилген кредиттер боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карызын кайра структуралаштыруу 1997-жылдын 31-декабрындагы абал боюнча секьюриттөө усулу менен жүргүзүлөт.
4-статья.
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын алдындагы кредиттер боюнча негизги карызын жана мамлекеттик баалуу кагаздарга кайра жол-жоболоштурулуп коюлган 2 379 629 618,64 сом суммасындагы карызын кайра структуралаштыруу мамлекеттик кайра структуралаштырылган заемунун облигацияларын (мындан ары - МКСЗО) чыгаруу жана аларды Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына өткөрүп берүү жолу менен жүргүзүлөт.
2. МКСЗО жүгүртүү мөөнөтү жана проценттин ставкасы белгиленбеген мамлекеттик баалуу кагаздар болуп саналат.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы учурдагы рыноктук ставкалар боюнча акча-кредит саясатынын максаттары үчүн кыска мөөнөттүү (6 айга чейин) РЕПО операцияларында МКСЗОну пайдаланууга укуктуу.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн МКСЗО боюнча карызы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башка мамлекеттик баалуу кагаздарына кайрадан жол-жоболоштурулушу мүмкүн.
(КР 2010-жылдын 15-мартындагы № 50 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-статья.
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эсептелген проценттер боюнча карызын кайра структуралаштыруу эсептелген проценттердин суммасынын 70 жана 30 проценттерине, тиешелүү түрдө 1 445 772 306,71 сомго жана 619 000 000,00 сомго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эки жөнөкөй векселдерин чыгаруу жана аларды Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына өткөрүп берүү жолу менен жүргүзүлөт.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайданын 70 процентин бюджетке которуу тартибинде карызды төлөө үчүн 1 445 772 306,71 сом суммасына жөнөкөй векселди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өткөрүп берет.
6-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 619000000,00 сом өлчөмүндөгү жөнөкөй вексели Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын уставдык капиталын көбөйтүү үчүн башка мамлекеттик баалуу кагаздарга кайра жол-жоболоштурулат.
(КР 2010-жылдын 15-мартындагы № 50 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-статья.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы акча түрүндө аткарууну талап кылган жаңы милдеттенмелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик кайра структуралаштыруу заемунун облигациялары боюнча карызын эквиваленттүү кыскартуунун эсебинен төлөнөт.
8-статья.
1. Ушул Мыйзам кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен мамлекеттер аралык эсептешүүлөр боюнча карызды текшерүү жана жөнгө салуу боюнча макулдашуу түзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 1998-жылга республикалык бюджетте Кыргыз Республикасынын Улуттук баныкынын мамлекеттик орто мөөнөттүү облигациялар боюнча РЕПО операцияларын жүргүзүү менен байланыштуу чыгымдарынын ордун толтуруу үчүн 26,8 млн. сом өлчөмүндөгү каражатты карасын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул статьянын 3-пунктуна ылайык "Кыргыз Республикасынын 1998-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун эки жумалык мөөнөттө даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Акаев |