Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 4-январы № 2169-VI
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоолорго жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча алдыдагы референдумга катыша турган шайлоочулардын тизмесин изилдөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясын жоюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоолорго жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча алдыдагы референдумга катыша турган шайлоочулардын тизмесин изилдөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясы жоюлсун.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоолорго жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча алдыдагы референдумга катыша турган шайлоочулардын тизмесин изилдөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 2-ноябрындагы № 1040-VI токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 2-ноябрындагы № 1040-VI токтому менен түзүлгөн "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоолорго жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча алдыдагы референдумга катыша турган шайлоочулардын тизмесин изилдөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясынын ишин узартуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 1-декабрындагы № 1156-VI токтому.
3. Убактылуу комиссиянын төрагасы А.Жунус уулу комиссиянын иштелген материалдарын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин архивине өткөрүп берсин.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Д. Джумабеков
|