КР Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 4-январындагы № 2169-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 1-декабры № 1156-VI
"Алдыдагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумга катышуучу шайлоочулардын тизмелерин иликтөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 2-ноябрындагы № 1040-VI токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин мөөнөтүн узартуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
"Алдыдагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумга катышуучу шайлоочулардын тизмелерин иликтөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 2-ноябрындагы № 1040-VI токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин мөөнөтү бир айга узартылсын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Н. Алимбеков |