Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 1-февралы № 2224-VI
Бишкек шаарынын ЖЭБиндеги авария жөнүндө
Болуп өткөн аварияга байланыштуу Бишкек шаарынын ЖЭБиндеги кырдаал жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министри С.Ж.Исаковдун маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши төмөнкүлөрдү белгилейт.
Республиканын экономика тармактарын жана калкын 2017-2018-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдоо жөнүндөгү маселени Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 2-ноябрындагы жыйналышында кароодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алдыдагы кышка карата толук даяр экендиги жөнүндө маалымат берген. Бирок үстүбүздөгү жылдын 26-январында ЖЭБде олуттуу технологиялык авария болду.
"Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААКсынын маалыматы боюнча авария алдында станцияда иштетилип жаткан жабдуулар төмөнкүлөрдү түзгөн:
- 9 буу казандар агрегаты (анын ичинде бирөө жаңы), 5 турбогенератор (анын ичинде бирөө жаңы) иштеп жаткан;
- 6 буу казандар агрегаты (анын ичинде бирөө жаңы), 4 турбогенератор (анын ичинде бирөө жаңы) резервде болгон.
Негизги жүктөм эски жабдууларга туура келген.
Үстүбүздөгү жылдын 26-январында 17 саат 50 мүнөттө болгон бузулуудан улам иштеп жаткан 9 буу казандарынын 6су токтотулган, жүктөм 340 МВтдан 154 МВтга чейин төмөндөгөн.
Борбордун турмуш тиричилигин камсыздоо коммуналдык тутумунда олуттуу үзгүлтүккө алып келген авариянын жыйынтыгында турак жай үйлөрү, бала-бакчалар, мектептер, ЖОЖдор, ооруканалар, ошондой эле башка социалдык мекемелер жана объектилер жылытуусуз калган. Бишкек шаарынын бир бөлүгүндө электр жарыгы өчүрүлгөн, бул энергия менен жабдуу тутумуна жүктөмдүн көптүгүнө байланыштуу болгон. Республикада бул мезгилде күчүнө кирген аномалдуу суук күндөр абалды мындан дагы көбүрөөк татаалданткан.
Түзүлгөн мындай кырдаал, ошондой эле күз-кыш мезгилине карата даярдыктын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция тарабынан жетиштүү көзөмөлдүк жана контролдук чаралардын кабыл алынбашынын кесепетинен болгондугун белгилей кетүү зарыл.
Жогоруда баяндалганды эске алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2017-2018-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 2-ноябрындагы № 1961-VI токтомунун 2-пунктунун 1 жана 4-пунктчаларынын аткарылбагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-2018-күз-кыш мезгилине карата даярдыгы боюнча иши канааттандыраарлык эмес деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр тапшырылсын:
- Бишкек шаарынын ЖЭБинде болгон авариянын кесепеттерин четтетүү боюнча тез арада чара көрсүн;
- күз-кыш мезгилине карата даярдык көрүүдө Бишкек шаарынын ЖЭБинде аварияга алып келген олуттуу кемчиликтерге жол берген күнөөлүү кызмат адамдарынын жоопкерчиликтерин карасын;
- Бишкек шаарынын калкына, ошондой эле ишкердик субъектилерине авариянын жыйынтыгында, кийин анын ордун толтуруу үчүн келтирилген экономикалык зыяндын суммасын аныктасын;
- өзгөчө кырдаалдардын алдын-алуу максатында автономдуу энергиясы жана жылуулук менен камсыздоосу бар ооруканалардын жаңы долбоорлорун иштеп чыгуу жөнүндө маселени карасын.
3. "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААКсы:
- Бишкек шаарынын ЖЭБинде авария болгон күндөн тартып тиешелүү ченемдер жана эрежелер боюнча жылуулук берилгенге чейинки мезгилде Бишкек жылуулук тармагы" ААКсынын бардык абоненттерине жылуулук үчүн акы төлөөлөрдү кайра эсептөөнү жүргүзсүн;
- "Электр станциялары" ААКсынын жана "Бишкек жылуулук тармагы" ААКсынын административдик чыгымдарын андан ары кыскартуу максатында талдоо жүргүзсүн, ошондой эле көрсөтүлгөн компанияларда башкаруу процесстерин оптималдаштырсын.
4. Бишкек шаарынын ЖЭБиндеги авариянын фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан жазык ишинин козголгондугу, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан тиешелүү текшерүүлөрдүн жүргүзүлүп жаткандыгы эске алынсын.
Жогоруда көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар кабыл алынган чаралар жөнүндө 2018-жылдын 1-апрелине карата Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымат берсин.
5. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААКсынын түзүлгөн күндөн тартып финансылык-чарбалык ишинин аудитин жүргүзсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетине жүктөлсүн.
Төрага | Д. Джумабеков
|