Редакцияот 22,02,2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 22-февралы № 2258-VI

2018-жылдын 26-январында Бишкек ЖЭБиндеги авариянын себептерин изилдөө жана Бишкек ЖЭБин реабилитациялоо үчүн 2014-жылы алынган 386 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү кредиттин сарамжалдуу пайдаланылышын териштирүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу комиссиясынын ишин узартуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 31-январындагы № 2221-VI токтому менен түзүлгөн 2018-жылдын 26-январында Бишкек ЖЭБиндеги авариянын себептерин изилдөө жана Бишкек ЖЭБин реабилитациялоо үчүн 2014-жылы алынган 386 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү кредиттин сарамжалдуу пайдаланылышын териштирүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу комиссиясынын ишинин мөөнөтү 2018-жылдын 1-апрелине чейин узартылсын.

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

Д. Джумабеков