Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2379-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 11-апрели № 2347-VI

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1838-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 5-бөлүгүнүн экинчи абзацын, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 14-пунктун жана 124-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисинин - министринин кызмат ордуна Мукамбетов Мурат Картайбековичтин талапкерлиги жактырылсын.

2. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1838-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-пункттун жетинчи абзацындагы "Момуналиев Нурханбек Сакенович" деген сөздөр "Мукамбетов Мурат Картайбекович" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

Д. Джумабеков