Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-апрели № 2350-VI
2016-жыл үчүн кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун баяндамасы жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 133-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык 2016-жыл үчүн кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун баяндамасын угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2016-жыл үчүн кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун баяндамасы эске алынсын.
Төрага | Д. Джумабеков
|
2016-жыл үчүн кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун БАЯНДАМАСЫ
Кыскартуулардын тизмеси
УКМК - Улуттук Коопсуздуктун Мамлекеттик Комитети
АЖК - административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекс
АСУЭП - Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакт. 1966-жылдын 16-декабрында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 2200 А (XXI) резолюциясы менен кабыл алынган
АТКК - административдик тартипте кармалгандардын камерасы
АУМ - алдын алуу улуттук механизми
БЗКМК - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңги заттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат
БИМ - Билим берүү жана илим министрлиги
БУ - бейөкмөттүк уюм
БУУ - Бириккен Улуттар Уюму
ЕККУ - Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму ЖА - жатак абагы
Жалпы декларация - Адам укугунун жалпы декларациясы
ЖАМК - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы
ЖУБАБ - Жашы жете электердин арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча борбор
ИИБ - Ички иштер башкармалыгы ИИБ - ички иштер бөлүмү
ИИМ - Ички иштер министрлиги
Ички тартибинин эрежелери - Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын убактылуу кармоочу жайларынын (изоляторлорунун) ички тартибинин эрежелери
Иш-чаралар планы - Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн кыйноолорго жана башка катаал, адамгерчиликсиз же адамдын кадыр-баркын кемсинтүүчү мамилелердин түрлөрүнө жана жазалоолорго каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралардын планы. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-октябрындагы № 469-р буйругу менен бекитилген.
КАК - Кыйноолордун жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча БУУ комитетчеси
Камакта кармоонун тартиби жөнүндө мыйзам - 2002-жылдын 31-октябры, № 150 "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамы КБЖ - кабыл алып-бөлүштүрүү жайы
КЖАК - кылмыш-жаза-аткаруучу кодекси
КЖК - кылмыш-жаза кодекси
КЖПК - Кылмыш-жаза-процесстик кодекси
КФ - коомдук фонд
Кыйноолор маселеси боюнча атайын баяндамачы - Кыйноолордун жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн суроолору боюнча БУУнун атайын баяндамачысы Кыйноолорго каршы комитет - Кыйноолорго жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнө каршы БУУ Комитети
Кыйноолорго каршы конвенция - Кыйноолорго жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнө каршы БУУ Конвенциясы
Минималдуу стандарттуу эрежелер - Камактагыларга мамиле кылуунун минималдуу эрежелери ("Манделанын эрежелери"). БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2015-жылдын 21-майында кабыл алынган
МКБ - Милициянын кыштактык бөлүмү
МШБ - милициянын шаардык бөлүмү
ПДБ - психологиялык ден соолук борбору
Принциптердин жыйындысы - Кайсы болбосун калыпта кармоого же камалууга тартылган бардык жактарды коргоо принциптеринин жыйындысы. БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан 1988-жылдын 9-декабрында кабыл алынган.
ССМ - стационардык социалдык мекеме
ТА - түзөтүү абагы
ТИИБ - транспортто ички иштер башкармалыгы
ТКЖ - тергөө кармак жайы
УКИ - убактылуу кармоочу изолятору
УКМК - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети
Улуттук борбор - Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору
Улуттук борбор жөнүндөгү мыйзам - 2012-жылдын 12-июлу, № 104 "Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамы
Факультативдик протокол - Кыйноолорго жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнө каршы БУУ Конвенциясына Факультативдик протокол
Эркиндигин чектөөчү жайлар - өзүнүн мүнөздөмөсү боюнча эркиндигинен ажыратуучу жайлар катары жиктелбеген, адамдар мамлекеттик органдын (кызмат адамынын) тескемеси боюнча туруучу же болбосо анын уруксаты менен туруучу, аны өз эркинче таштап кете албаган кандай гана болбосун жайлар, анын ичинде: укук коргоо органдары жайгашкан жерлер жана объекттер; жашы жете электерди көнүктүрүү жана реабилитациялоо борборлору; ички иштер, коргоо, улуттук коопсуздук органдарынын, жазык-аткаруу тутумунун жана өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскердик бөлүктөрү; психоневрологиялык мекемелер; психикалык оорулар, аракечтик, баңгилик жана токсикомания менен ооругандарды мажбурлап дарылоо үчүн адистештирилген мекемелер; кары-картаңдар, жашы жете электер жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн мамлекеттик жана мамлекеттик эмес медициналык-социалдык мекемелер (кары-картаңдар үчүн үйлөр, балдар үйлөрү ж.б.); тарбиялоонун өзгөчө шарттарына муктаж балдар жана өспүрүмдөр үчүн атайын мекемелер
Эркиндигинен ажыратуучу жайлар - администрациялык кармоого же камакка алууга кириптер кылынган адамды, кылмыш жасоого шек саналып кармалганды, кылмыш жасоого айыпталганына байланыштуу камакка алынганды, соттун өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза өтөп жатканды кармоо үчүн эсептелген жайлар, анын ичинде: убактылуу кармоочу камералар, убактылуу кармоочу изоляторлор жана тергөө изоляторлору; жатак абактар, түзөтүү абактары, тарбиялоо абактары, түрмөлөр; ички иштер органдарынын кабыл алуу-бөлүштүрүү жайлары; гүппактар; администрациялык кармоого кириптер кылынган адамдарды кармоо үчүн чек ара кызматы органдарынын жайлары; республиканын ичинде айдалган адамдарды же баш калка издегендерди кабыл алуу жана убактылуу жайгаштыруу түйүндөрү.
КИРИШҮҮ
Бул баяндама "Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын (мындан ары - Улуттук Борбор жөнүндө Мыйзам) 15-беренесинин талаптарына жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 133-беренесинин 2-1 пунктуна ылайык даярдалды.
Ар жылдык баяндама Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун (мындан ары - Улуттук борбор) 2016-жылдагы ишмердүүлүгүнө сереп салуу түрүндө аткарылган.
Баяндама Улуттук борбордун алдын алма баруулар тажрыйбасынын материалдарын талдоонун негизинде жасалган, кыйноолордун жана катаал мамиленин алдын алуу чөйрөсүндөгү ар тараптуу мониторингдин базасында даярдалган. Ошону менен бирге баяндамага мамлекеттик органдар, укук коргоочу уюмдар тарабынан берилген маалыматтар, Улуттук борбордун расмий статистикалык маалыматтары киргизилген.
Баяндама негизги жети бөлүмдөн түзүлөт. Биринчи бөлүмү киришүүгө жана Улуттук борбордун ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруудагы маселелерге арналган. Экинчи бөлүм эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларында кыйноолордон жана катаал мамиледен эркин болуу укутунун сакталышы кырдаалы жөнүндө маалыматтарды, анын ичинде Улуттук борбордун 2016-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө аныкталган укук бузуу фактыларын жана негизги статистикалык маалыматтарды камтыйт. Үчүнчү жана төртүнчү бөлүмдөрүндө кыйноолордон коргоо жана эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларында ылайыктуу шарттарда кармалуу укугунун сакталышына баа берилет. Бешинчи бөлүмдө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан Кыйноолордон жана катаал мамиледен коргоо боюнча Улуттук борбордун 2013-жылдан тартып 2015-жылга чейинки сунуштарынын, кыйноолорго каршы күрөшүү боюнча эл аралык уюмдардын сунуштарынын аткарылышы жөнүндө аналитикалык материал, ошону менен бирге кыйноолордун алдын алуу чөйрөсүндөгү ведомстволор аралык өз ара аракеттешүү маселелери камтылган. Алтынчы бөлүмдө кыйноолорду колдонуу практикасын шарттаган системалык себептер, кыйноолор менен натыйжалуу күрөшүүгө жана алардын алдын алууга тоскоолдук кылган негизги маселелер көрсөтүлөт. Баяндаманын жетинчи бөлүмүндө Улуттук борбордун кыйноолорду жана катаал мамиле кылууну шарттаган себептерди жоюуга багытталган агартуу жана билим берүү ишмердүүлүгүн уюштуруу боюнча маалыматтар берилген. Баяндаманын корутундусунда Улуттук борбордун 2016-жылдагы ишмердүүлүгүнүн негизинде иштелип чыккан негизги жыйынтыктар жана сунуштар берилет.
Бул документ мамлекеттик органдардын, кызматтык адамдардын, жарандык сектордун жана эл аралык укук коргоо уюмдарынын Кыргыз Республикасында адамдын кыйноолордон жана катаал мамиледен эркин болуу конституциялык укугунун сакталышынын абалы жана бул багытта Улуттук борбор жана мамлекеттик органдар тарабынан көрүлүүчү чаралар тууралуу кеңири маалымат алышын камсыз кылууга багытталган.
I. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БУУНУН КЫЙНООЛОРГО КАРШЫ КОНВЕНЦИЯСЫНЫН ФАКУЛЬТАТИВДИК ПРОТОКОЛУНА ЫЛАЙЫК МИЛДЕТТЕНМЕЛЕРИ
1.1. БУУнун кыйноолорго каршы Факультативдик протоколу жана Улуттук борбордун ишмердүүлүгү
Кыйноолордон эркин болуу укугу чөйрөсүндөгү эл аралык эксперттердин пикири боюнча көз карандысыз эксперттер тарабынан жүзөгө ашырылуучу эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына туруктуу негизде алдын алма баруулар системасынын натыйжалуу иштеши - кыйноолордун жана катаал мамиленин алдын алуунун эң мыкты ыкмасы болуп эсептелет. БУУнун кыйноолорго каршы конвенциясынын 2006-жылдын июнь айында кабыл алынган Факультативдик Протоколу (мындан ары - Факультативдик протокол) эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына алдын алма баруулар системасы үчүн жаңы эл аралык негизди түздү. Ар бир мамлекет-катышуучуда улуттук алдын алуу механизмдеринин (УАМ) пайда болушу алдын алма баруулардын башынан аяк жаңы системасынын таанылгандыгынын белгиси болуп калды.
Кыргыз Республикасы мурдагы совет мейкиндигинде биринчилерден болуп кыйноолорго толугу менен тыюу салууну орнотуучу адам укуктары боюнча эл аралык келишимдерди ратификациялаган мамлекеттердин катарына кирет. Факультативдик протокол мындай эл аралык келишимдердин бири болуп эсептелет.
Факультативдик протоколдо кыйноолордун жана катаал мамиленин алдын алуу үчүн көз карандысыз эксперттер тарабынан сакчылар менен кармоо жайларына туруктуу негизде баруу системасынын түзүлүшү караштырылат. Факультативдик протоколдо сунушталган эки компоненттүү мамиле мамлекет-катышуучуда эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына алдын алма барууну жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу жаңы эл аралык органды түзүү жагын караган. Мына ушундай комитет катары - Кыйноолордун жана катаал, адамгерчиликсиз жана адамдын кадыр-баркын басмырлаган мамиле кылуунун алдын алуу боюнча БУУнун комитетчеси түзүлдү.
Факультативдик протокол мамлекет-катышуучуну кадимки эл аралык укукта жана кыйноого каршы БУУнун Конвенциясында каралган милдеттенмелерди жүзөгө ашырууга мүмкүндүк бере турган тажрыйбалык аспап менен камсыз кылуу үчүн иштелип чыккан. Ушул максатта Факультативдик протоколдо институционалдык жана улуттук деңгээлдерде алдын алма барууларды жүзөгө ашыруучу эксперттер менен бийликтин ортосунда конструктивдүү пикир алышуунун фундаментин түзүү үчүн, көз карандысыз улуттук жана эл аралык эксперттер тарабынан жүзөгө ашырылуучу эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына туруктуу негизде алдын алма баруулар системасы киргизилди. Эл аралык жана дүйнөлүк тажрыйба көргөзүп тургандай, кыйноолор жана катаал мамиле мына ушул катаал кыйноолорду колдонгон жана жоопкерчиликке тартылбай тургандыгын сезген кызматтык адамдар иштеген жерлерде орун алып жатат. Демек, мындай абалга туруштук
берүү үчүн бир гана жол бар, бул - эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жерлерин көзөмөлгө алуу жана кыйноолордун жана катаал мамиленин колдонулушу мүмкүн болгон жабык жана жарым-жартылай жабык мекемелер тышкы көзөмөл үчүн ачык болушун камсыз кылган шарттарды түзүү.
Кыргыз Республикасы тарабынан 2008-жылдын декабрь айында Факультативдик протоколдун ратификацияланышы жана 2012-жылдын 12-июлунда кабыл алынган "Кыйноолорду жана катаал, адамгерчиликсиз жана адамдын кадыр-баркын басмырлаган башка мамиленин жана жазанын алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын № 104 мыйзамынын кабыл алынышы адамдын кыйноолордон эркин болуу укугун коргоо чөйрөсүндөгү толугу менен жаңы көз карандысыз мамлекеттик органдын пайда болушуна, республиканын улуттук алдын алуу механизминин түзүлүшүнө жана иштешине шарт түздү.
Кыйноолордун алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору - бул Факультативдик протокол боюнча Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин жүзөгө ашыруу максатында түзүлгөн, улуттук деңгээлдеги Факультативдик протокол аркылуу алдын алуунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы. Ушул себептен бул орган Кыйноолордун алдын алуу боюнча комитетчесинин мандатындай мандатка ээ.
Улуттук борбор Кыргыз Республикасынын Улуттук борбор жөнүндөгү мыйзамда жана башка ченемдик укуктук актыларда каралган компетенциялардын чегинде ишмердүүлүгүн уюштуруучу жана жүзөгө ашыруучу көз карандысыз орган болуп эсептелет. Мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарына жана алардын жетекчилерине Улуттук борбордун ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер боюнча чечимдерине кандай гана формада болбосун кийлигишүүгө тыюу салынат.
Улуттук борбор жөнүндөгү мыйзамга ылайык Улуттук борбордун негизги максаты - бул эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларында кармалган адамдарга карата кыйноолордун жана катаал мамиленин алдын алуу жана кармоо шарттарын жакшыртууга көмөктөшүү.
Улуттук борбордун милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
- эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларында кыйноолордун жана катаал мамилелердин алдын алуу жана кармоонун шарттарын жакшыртуу боюнча стратегияны иштеп чыгуу, анын аткарылышына көз салуу жана координациялоо, анын ишке ашырылышына катышуу;
- Улуттук борбордун кызматкерлери, Координациялык кеңештин мүчөлөрү жана эксперттер тарабынан эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына үзгүлтүксүз алдын алма барууларынын тутумунун натыйжалуу иштөөсүн камсыз кылуу;
- кыйноолорду жана катаал мамилени колдонууга алып келүүчү себептерди жана шарттарды четтетүүгө багытталган агартуучулук жана билим берүүчүлүк иш-чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- кыйноолорго жана катаал мамилеге каршы күрөшүү жаатындагы ченемдик укуктук базаны өркүндөтүүгө көмөктөшүү;
- кыйноолорду жана катаал мамиленин алдын алуу тутумунун натыйжалуу иштөөсүн камсыз кылуу үчүн мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү;
- коомдо кыйноолорго жана катаал мамилеге карата келишпестикти калыптандыруу жана алар менен күрөшүүнүн маанилүүлүгүн түшүндүрүү;
- кыйноолор жана катаал мамиле менен күрөшүү жаатында эл аралык кызматташууну өнүктүрүүгө көмөктөшүү.
Улуттук борбордун функциялары:
- эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жерлерине үзгүлтүксүз алдын алма барууларынын бекитилген методологиясынын жана ар жылдык программасынын негизинде эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына алдын ала эскертпей туруп, каалаган убакта үзгүлтүксүз алдын ала барууну жүзөгө ашыруу;
- кыйноолорду жана катаал мамилелердин колдонулушуна алып келүүчү себептерди жана шарттарды четтетүүгө багытталган маалыматтык жана агартуучулук иш-чараларды жүзөгө ашыруу жана адам укуктары жаатындагы мыйзамдар, аларды коргоонун механизмдери жөнүндө кабардар болуу боюнча коомчулуктун деңгээлин жогорулатуу;
- өлкө боюнча алдын алма баруулардын тажрыйбасын мезгил-мезгили менен жалпылоо жана эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларындагы кыйноолордун жана катаал мамилелердин абалын талдоо;
- эркиндигинен ажыратылган жана эркиндиги чектелген адамдарга карата кыйноолорду жана катаал мамиле жасоону колдонууга алып келген же алып келүүсү мүмкүн болгон тутумдук себептерди аныктоо, аларды мамлекеттик органдарга жана коомчулукка жеткирүү;
- кыйноолорду жана катаал мамилени колдонууга алып келүүчү себептерди жана шарттарды четтетүү боюнча сунуштамаларды иш жүзүндө жүзөгө ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен тикелей байланыштарды түзүү, маалымат алмашуу;
- тергөө иштерин жүргүзүү жана күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу үчүн эркиндигинен ажыратылган жана эркиндиги чектелген адамдарга карата кыйноолорду жана катаал мамиле жасоонун белгиленген фактылары жөнүндө билдирүүлөрдү прокуратура органдарына жөнөтүү;
- коммерциялык эмес уюмдардын, эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларынын администрацияларынын, кыйноолорду жана катаал мамилелердин алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча эркиндигинен ажыратылган жана эркиндиги чектелген адамдардын мыйзамдуу укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруучу башка органдар менен кызматташуусуна көмөктөшүү;
- жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Улуттук борбордун веб-сайтында эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына алдын алма барууларынын натыйжаларын чагылдыруу;
- БУУнун кыйноолордун алдын алуу боюнча комитетчеси, башка мамлекеттердин улуттук алдын алма механизмдери, эл аралык уюмдар менен байланыштарды түзүү жана маалымат алмашуу, алар менен кызматташуу жана өз ара жардамдар жөнүндө макулдашууларды түзүү;
- кыйноолорду жана катаал мамилелердин алдын алуу жаатында колдонуудагы мыйзамдарга же мыйзам долбоорлоруна тиешелүү сунуштарды жана сын-пикирлерди берүү;
- адам укуктары боюнча эл аралык органдарга адам укуктарын камсыз кылуу жана коргоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын отчетторун даярдоого жана берүүгө катышуу;
- Улуттук борборду каржылоо үчүн зарыл каражаттардын көлөмүн өз алдынча аныктоо жана чыгашалар сметасынын чектеринде каражаттарды өз алдынча тескөө.
Улуттук борбор төмөнкүлөргө укуктуу:
- кыйноолорду жана катаал мамилелердин алдын алуу, кармоо шарттарын жакшыртуу жаатында мамлекеттик саясатты өркүндөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарына сунуштарды киргизүүгө;
- мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, коммерциялык эмес уюмдардан белгиленген тартипте, мыйзамда корголгон талдоочулук, маалыматтык-статистикалык материалдарды кошпогондо, өзүнүн милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон бардык маалыматтарды суратып алууга.
Улуттук борбордун уюштуруучулук, функционалдык жана финансылык көз карандысыздыгы Улуттук борбор жөнүндөгү мыйзам менен аныкталат.
Функциялык көз карандысыздык штаттын түзүлүшү процедурасынын көз карандысыздыгын шарттайт. Мыйзамдын 5-статьясына ылайык, Улуттук борбордун түзүмү жана штаттык саны директордун сунуштамасы боюнча Координациялык кеңеш тарабынан бекитилет.
Координациялык кеңеш Улуттук борбордун жогорку башкаруу органы болуп эсептелет. Координациялык кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эки депутаты, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жана уставдык ишмердүүлүгү кыйноолордон жана катаал мамиледен эркин болуу укугун коргоого багытталган бейөкмөттүк уюмдардын сегиз өкүлү кирет.
Финансылык көз карандысыздык маселеси Улуттук борбор жөнүндөгү мыйзамдын 21-статьясы аркылуу аныкталат жана Улуттук борбордун ишин каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат. Бул учурда Улуттук борбор каражаттарды чыгымдар сметасынын чектеринде өз алдынча тескейт.
Иштеп баштагандан бери биринчи жолу Улуттук борбордун кызматкерлеринин штаты толугу менен 2016-жылдын июль айында түзүлгөн. Улуттук борбордун иштеп жаткан курамы улуттук алдын алуу механизмдерине коюлуучу эл аралык стандарттарынын талаптарына жана Улуттук борбор жөнүндөгү мыйзамдын 8-беренесине туура келет жана тийиштүү квалификацияга, иштөө тажрыйбасына ээ болгон, адам укуктарын коргоо ишине берилген адамдардан түзүлгөн. Кызматкерлерди тандоо критерийлери да сакталган, алардын арасында - жогорку билимдүү болушу; юрист, педагог, дарыгер, психолог, психиатр, социалдык кызматкер катары иштөө тажрыйбасына ээ болуу; мигранттар, жашы жете электер, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, этностук жана тилдик азчылыктар сыяктуу аярдуу топтор менен иштөө тажрыйбасына ээ болуу; ошону менен бирге эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларында көзөмөлдү башкаруу жана жүзөгө ашыруу кесиптик тажрыйбасына же эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына мониторинг жүргүзүү тажрыйбасына ээ болуу.
Бул баяндаманы даярдоо учурунда Улуттук борбордун штатында төмөнкүдөй кызматкерлер иш алып барышкан:
Адистиги боюнча:1 юристтер -17, дарыгер -1, педагогдор - 5, экономисттер - 2;
Гендердик курамы боюнча: сегиз аял жана он беш эркек;
Этностук белгилери боюнча: 20 кыргыз жана 3 өзбек.
1.2. Улуттук борбордун ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруудагы маселелер
Улуттук борбор жөнүндөгү мыйзамдын 25-беренесинин 1-пунктуна ылайык Улуттук борбор алдын ала эскертпей эле каалаган күнү, каалаган убакта ЭАЖЧ жайына алдын алма барууну өткөрүүгө укуктуу.
Бирок мына ушул мыйзам аркылуу бекитилген ыйгарым укугуна, Улуттук борбордун ишмердүүлүгүнө Ички иштер министрлигинин, Юстиция министрлигинин, Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматтык адамдары каршылык көрсөтпөөгө тийиш деген Улуттук борбордун ар жылкы 2015-жылдагы баяндамасындагы сунушуна карабастан, 2016-жылы мурдагы жылдардай эле Улуттук борбордун натыйжалуу ишмердүүлүгүнө жана мандатынын жүзөгө ашырылышына тоскоолдуктар түзүлгөн, б.а. Улуттук борбордун кызматкерлери ЭАЖЧ жайларына киргизилген эмес.
Улуттук борбор жөнүндөгү мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 19-майындагы № 566-VI "Улуттук борбордун 2015-жылдагы сунуштарын турмушка ашыруу жөнүндө" токтому бузулуп, 2016-жылдын аралыгында Улуттук борбордун кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнө 13 жолу каршылык көрсөтүлгөн.
Салыштыра турган болсок, 2014-жылы тоскоол болуунун 11 фактысы катталса, 2015-жылы - 5 факты катталган.
№ 1-диаграмма. Улуттук борбордун кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнө 2014-, 2015-жана 2016-жылдары тоскоол кылуунун фактыларынын саны
№ 2-диаграмма. Министрликтер жана ведомстволор боюнча Улуттук борбордун кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнө 2014-, 2015- жана 2016-жылдары тоскоол кылуу фактыларынын салыштырма саны
Улуттук борбордун 2015-жылдагы ар жылдык баяндамасында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине 2013-2017-жылдар мезгилинде Ички иштер органдарын реформалоо боюнча чараларды турмушка ашыруу боюнча Аракеттер планынын алкагында, ички иштер органдарынын ачыктыгы деңгээлин жогорулатуу, алардын мамлекеттик жана коомдук көзөмөл үчүн жеткиликтүүлүгү маселесин кароо сунушу берилгендигине карабастан, 2016-жылы каршылык көрсөтүү учурларынын көбү да Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги системасындагы мекемелерде катталган:
- Баткен районунун ИИБ УКЖ (каршылык көрсөтүүнүн эки учуру);
- Жалал-Абад шаарынын ИИБ УКЖ;
- Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын ИИБ УКЖ;
- Чүй облусунун Аламүдүн районунун ИИБ;
- Ош облусунун ИИБ Жашы жете электердин арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча борбор.
№ 3-диаграмма. 2016-жылы Улуттук борбордун ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылууга жол берген мекемелер
2016-жылы Улуттук борбордун кызматкерлерин киргизбөө түрүндөгү укук бузуулардын көбү Жалал-Абад облусунун ЭАЖЧ жайларынын администрациясы жана кызматкерлери тарабынан кетирилген.
№ 4-диаграмма. Облустар боюнча Улуттук борбордун ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылуу фактыларынын саны
2016-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМК мекемелерине Улуттук борбордун Алдын алма баруулар тобун киргизүүдө баш тартуунун бир да учуру катталган эмес. Бирок алдын алма барууларды өткөрүүдө Улуттук борбор жөнүндөгү мыйзамдын 26-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктунун бузулгандыгы болуп эсептелген фото жана видео жабдууларды колдонууга тыюу салуу фактылары катталган.
26-берене (*) кеңештин мүчөлөрү жана Улуттук борбордун кызматкерлери эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына алдын алма барууларды жүзөгө ашырууда төмөнкүлөргө укуктуу:
6) сүрөт-, аудио- жана видео тартууну жүргүзүүгө, эркинен ажыратылгандар жана эркиндиги чектелгендер кармалган жайдын администрациясынан алынган документтердин көчүрмөсүн алууга. Жазасын өтүп жаткандардын коопсуздугун жана корголушун камсыз кылуучу объекттерди сүрөткө жана видеого тартуу ошол жайдын администрациясынын уруксаты менен, ошондой эле фото- жана видео-камера тартканы жаткан адамдын макулдугу менен жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКтын № 10-мекемесинин (Жалал-Абад облусу) ыкчам бөлүмүнүн башчысы Т.Алиев тарабынан ашкана жайын сүрөткө тартууга тыюу салынган, ал эми Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКтын № 27-мекемесинин (Чүй облусу) башчысы М.Абдылдабеков тарабынан камакта жаткандардын арасында сурамжылоо өткөрүүдө диктофонду колдонууга тыюу салынган.
Улуттук мыйзамда Улуттук борбордун кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылуу жана кийлигишүү үчүн жазык жана административдик жоопкерчилик каралган. Тагыраак айтканда Кылмыш-жаза кодексинин 146-2-беренесинде Координациялык кеңештин мүчөсүнүн, Улуттук борбордун кызматкеринин ыйгарым укуктарын турмушка ашырууда, кандай гана формада болбосун, тоскоолдук көрсөткөндүгү үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги орнотулат жана жүздөн эки жүз эсептик көрсөткүч(2) көлөмүндөгү айып түрүндө жазалоо каралат.
Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодексинин 61-2-беренесине ылайык Координациялык кеңештин мүчөсүнө, Улуттук борбордун кызматкеринин ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылуунун башка түрлөрүнүн бардык фактылары боюнча прокуратура органдарына арыздар жөнөтүлгөн. Алардын төртөөсү боюнча арыздарды канааттандырууда баш тартуу чечими чыгарылган, калгандары боюнча прокуратура органдары тарабынан ар кандай аракеттер жасалган.
Улуттук борбордун прокуратура органдарына тоскоолдук кылуу фактылары боюнча кайрылуулардын натыйжалары № 1-таблицада келтирилген.
№ 1-таблица. Тоскоолдук кылуу фактылары боюнча Улуттук борборун 2016-жылдагы кайрылууларын кароо натыйжалары
№ | Баруу күнү | Мекеменин аталышы | Көрүлгөн чаралар |
1 | 11.08.2016-ж. | КР Мамлекеттик чек ара кызматынын № 2001 аскер бөлүгү, Баткен облусу | Прокурордук жооп кайтаруу иретинде аскер бөлүгүнүн башчысына тартип бузууларына жол берүүгө мүмкүн болбогондугу жөнүндө эскертүү түрүндө акт түзүлгөн |
2 | 17.10.2016-ж. | Баткен районунун ИИБ УКЖ | Кылмыш ишин козгоодон баш тартуу. Баш тартуу кармалган адамдар дааратканада жүргөн учурда алдын алма баруу өткөрүлгөндүгү менен негизделген |
3 | 09.11.2016-ж. | Баткен районунун ИИБ УКЖ | Кылмыш ишин козгоодон баш тартуу. Баш тартуу ошол күнү КР Президенти келгендигине байланыштуу өзгөчө тартип жарыялангандыгы менен негизделген, ошондуктан УКЖда кармалып турган адамдар менен кандай гана болбосун жолугушууларга тыюу салынган |
4 | 10.02.2016-ж. | Жалал-Абад ш. ИИБ УКЖ | УКЖ жетекчиси жумушунан бошотулган |
5 | 15.08.2016-ж. | Майлуу-Суу ш. ИИБ УКЖ. Жалал-Абад облусу | ИИБ УКЖ жетекчисинин тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө ИИБ башчысынын атына талап түзүлгөн |
6 | 17.12.2016-ж. | КР Мамлекеттик чек ара кызматынын № 2028 аскер бөлүгү, Жалал-Абад облусу | Аскер бөлүгүнүн башчысы тартиптик жоопкерчиликке тартылды, сөгүү жарыяланды |
7 | 21.07.2016-ж. | Ош облусунун ИИБ Жашы жете электердин арасында укук бузуулардын алдын алуу борбору | Прокуратуранын Ош облусунун Ички иштер башкармалыгында мыйзам бузууларын жоюу жөнүндөгү талабы коюлду |
8 | 21.07.2016-ж. | Ош "Боорукердик" үй-интернаты | Прокуратуранын Ош шаарынын мэриясына мыйзам бузууларын четтетүү жөнүндөгү талап коюлду |
9 | 29.08.2016-ж. | Улуттук гвардиянын № 703 аскер бөлүгү, Ош облусу | Прокуратуранын аскер бөлүгүнүн башчысына мыйзамды бузууга жол берилбей турганы жөнүндө эскертүү чыгарылды |
10 | 13.07.2016-ж. | Аламүдүн районунун ИИБ, Чүй облусу | ИИБ КИБ башчысынын орун басары төмөн кызматка которулуп жумушунан бошотулду. ИИБ башчысынын орун басарына сөгүш жарыяланды. ИИБ башчысы башка жумушка которулду |
11 | 02.10.2016-ж. | УКМК УКИ, Бишкек ш. | Кылмыш ишин козгоодон баш тартуу. Баш тартуу УКМК убактылуу кармоочу жайы УКМКнын борбордук аппаратынын аймагында жайгашкандыгы жана УКМКнын аймагына кирүү үчүн өзүнчө багыттама жана уруксат керек экендиги менен негизделди |
12 | 10.08.2016-ж. | Д.Асанов атындагы Аскер лицейи, Бишкек ш. | Кылмыш ишин козгоодон баш тартуу. Баш тартууга карата соттук органдарга даттануу жөнөтүлдү |
№ 2 таблицада областтардагы Улуттук борбордун ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылуу боюнча арыздарды кароонун жыйынтыгы келтирилди
Аймагы | Тоскоол кылуу учурларынын саны | Улуттук борбордун арызын кароонун жыйынтыгы | ||||
Кылмыш ишин/Администрациялык өндүрүштү козгоодон баш тартты | Арыз кароо стадия сында турат | Административдик жоопкерчилик | Кылмыш иши козголду | Башка чаралар көрүлдү | ||
Бишкек ш. | 2 | 1 | 1 | 0 | 0 | 0 |
Чүй облусу | 1 | 0 | 0 | 0 | 0 | 1 |
Ош шаары жана Ош облусу | 3 | 0 | 0 | 0 | 0 | 3 |
Жалал-Абад облусу | 4 | 0 | 0 | 1 | 0 | 0 |
Баткен облусу | 3 | 3 | 0 | 0 | 0 | 0 |
Баары | 13 | 4 | 1 | 1 | 0 | 7 |
Төмөндө 2016-жылы Улуттук борбордун ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылуу мисалдары жана бул фактылар боюнча арыздарды кароонун натыйжалары келтирилди.
1) 2016-жылдын 10-февралында Жалал-Абад облусунун Улуттук борбордун аймактык өкүлчүлүгүнө Жалал-Абад шаарынын УКЖсинде милиция кызматкерлери тарабынан токмоктолгон А.Н. кармалып жаткандыгы тууралуу билдирүү келип түштү. Аймактык өкүл УКЖге атайын барууну уюштурду, анын жүрүшүндө А.Н.ден ага карата кыйноо колдонулгандыгы тууралуу Улуттук борбордун директорунун атына арызы алынды. Бирок, УКЖ жетекчиси И. Шералиев прокуратура органдарына арызды тапшырбоо өтүнүчү менен бир нече жолу уюлдук телефонуна чалып, ага басым көрсөттү. Кийинки күнү, 2016-жылдын 11-февралында УКЖ башчысы Улуттук борбордун кызматкерине Жалал-Абад облусу боюнча Улуттук борбордун аймактык өкүлү А.Н.ден аны коргоо үчүн акча алгандыгы тууралуу көрсөтмөлөрдү берип жаткан видео жазууну көрсөттү. УКЖ башчысы тарабынан А.Нге карата кыйноо колдонулгандыгы тууралуу арыз жок кылынса, видео жазууну өчүрүү сунушу киргизилди. Улуттук борбордун кызматкери прокуратура органдарына арыз менен кайрылды, арызында бул видео жазуу чындыкка төп келбестигин, Улуттук борбордун алдын алма баруу тобу кеткенден кийин А.Н.ге басым жасалышы мүмкүн болгондугун, ошону менен бирге УКЖ башчысынын талаптарын кошо көрсөттү. 2016-жылдын 28-апрелинде Жалал-Абад облусунун прокуратурасынын тергөөчүсү К.Зулушев Улуттук борбордун Жалал-Абад облусунун аймактык өкүлүнүн арызын канааттандыруудан баш тартты. Бир аз убакыттан кийин УКЖ башчысы жумушунан бошотулган. Жалал-Абад шаарынын прокуратурасы тарабынан И.Шералиевге каршы КР КЖК 304-беренесинин 2-бөлүмүндө каралган кылмыш жасалгандыгы боюнча күнөөлөө кылмыш иши козголгон. УКЖ экинчи кызматкери М. Акматовго карата (А.Н. аны сабаган кызматкер катары көрсөткөн) айыптоо Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодекстин 364-беренесинде каралган майда хулиганчылык катары квалификацияланган жана 300 (үч жүз) сом ченеминде айып өндүрүлүп алынган.
2) 2016-жылдын 10-августунда Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Д.Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин (мындан ары - Аскер лицейи) окуучусуна карата кыйноо колдонулгандыгы тууралуу билдирүү келип түштү. Улуттук Борбордун алдын алма баруу тобуна Аскер лицейинин аймагына кирүүгө уруксат берилбеди.
2016-жылдын 11-августунда бул факт боюнча прокуратура органдарына арыз жөнөтүлгөн. Бишкек гарнизонунун Аскер соту тарабынан Аскер лицейи Улуттук Борбор жөнүндөгү мыйзамга ылайык келбегендигинин жана бул мекеме эркиндигин чектөө жай эместигинин негизинде кылмыш ишин козгоодон баш тартылган. Бул чечим боюнча арыз сотко даттанылган.
2016-жылдын 26-декабрында Бишкек гарнизонунун Аскер сотунун соту А.Карабеков Улуттук Борбордун даттануусун канааттандыруудан баш тарткан. Бул учурда белгилей кетүү керек, судья А.Карабеков тарабынан конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин 2016-жылдын 21-ноябрындагы регламенти боюнча Комитеттин расмий түшүндүрмөлөрүнө укуктук баа берилген эмес. Жогорудагы Регламент боюнча Аскер лицейи Улуттук борбор жөнүндөгү мыйзамдын 1-беренесинин 10- жана 17-абзацтарына ылайык Улуттук Борбордун мандатына баш ийет. Бул баяндаманы даярдоо учурунда жогору турган соттук инстанцияга арыз даярдалууда.
3) 2016-жылдын 14-майында 21:00 чамасында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун жана прокуратуранын өкүлдөрү менен биргеликте Аламүдүн районунун ИИБге баруу уюштурулган. Ыкчам кызматкерлердин иш бөлмөлөрүнө барууну өткөрүү учурунда Аламүдүн районунун ИИБ КИБ башчысынын орун басары Т.Тайгашкаев кабинеттерди ачуудан баш тарткан жана кол алдындагыларга кабинеттер кароого ачылбасын деген буйрук берген.
Улуттук Борбордун прокуратурага жөнөтүлгөн арызы боюнча 2016-жылдын 22-майында Чүй облусунун ШИИБ тарабынан кызматтык текшерүү уюштурулган. Кызматтык текшерүүнүн натыйжасында милициянын майору Т.Тайгашкаев төмөнкү кызматка которулуп, кызмат ордунан бошотулган, ИИБ башчысы башка жумуш ордуна которулган, ИИБ башчысынын орун басарына сөгүш жарыяланган.
4) 2016-жылдын 11-августунда Баткен облусу боюнча Улуттук Борбордун аймактык өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Чек ара кызматынын № 2001 аскер бөлүгүнө алдын алма баруу уюштурулган. Аскер бөлүгүнүн аймагына КР Мамлекеттик Чек ара кызматынын жетекчилиги менен макулдашуу зарыл делген негизде кызматкерлерди киргизбей коюшкан.
Бул факт боюнча Улуттук Борбор тарабынан Баткен гарнизонунун Аскер прокуратурасына арыз жөнөтүлгөн. 2016-жылдын 29-августунда прокурор Ж.Мырзаканов тарабынан Улуттук Борбор тарабынан аскер бөлүктөрүнө баруу алдын ала макулдашуунун негизинде жүзөгө ашырылууга тийиш делген негизде арызды канааттандыруудан баш тартуу чечими чыгарылган. Улуттук Борбор бул чечим тууралуу жогору турган прокуратурага даттанган. Текшерүүнүн негизинде Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы 2017-жылдын 9-февралында аскердик бөлүктүн командиринин аракеттеринде кылмыш курамы жоктугуна байланыштуу, жазык ишин козгоо тууралуу токтом чыгарган. Токтом менен бирге мыйзамдуулукту бузуу мүмкүн болбогондугу жөнүндөгү эскертүү түрүндө прокурордук жооп кайтаруу актысын түзгөн.
Бул окуя аскер бөлүгүнүн аймагына киргизүүдөн баш тартуунун үчүнчү фактысы болгондугун белгилеп кетүү зарыл. Кийинкиде мындай укук бузууларга жол бербөө максатында Кыйноолордун алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук Борборунун кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жана Кыргыз Республикасынын Аскердик прокуратурасынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөргөн. Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы 2017-жылдын 13-январында № 5 буйрук чыгарган, ага ылайык "Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратынын жана Кыйноолордун алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук Борборунун кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрдүн аскердик бөлүктөрүнө жана мекемелерине баруу тартиби жөнүндөгү нускама" бекитилген. Бул буйрук аркылуу Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрдүн аскердик бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин башчыларына бардык аскер кызматкерлери жана өздүк курамы менен тийиштүү сабактарды өткөрүү буйрутмасы берилген.
5) 2016-жылдын 21-июлунда Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын Жашы жете электердин арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча борборго (ЖУАБ) ар тараптуу текшерүү менен алдын алма баруу учурунда ЖУАБ кызматкерлери мекеменин жетекчилиги жок болгондугун негиз кылып, алдын алма баруу тобунун талабы боюнча документтерди көрсөтүүдөн баш тартышкан. Улуттук борбордун кызматкерлери тарабынан Ош областтык прокуратурасына алардын ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жасалгандыгы тууралуу акт жөнөтүлгөн.
Натыйжада Ош областтык прокуратура тарабынан Ош облусунун ИИБ башчысынын атына мыйзам бузууну жоюу талабы коюлду. ЖУАБ жетекчилиги тартиптик жоопкерчиликке тартылды.
6) 2016-жылдын 21-июлунда ар тараптуу текшерүүнү өткөрүү үчүн алдын алма баруу учурунда Ош "Боорукердик" үй-интернатынын кызматкерлери алдын алма баруу тобунун мүчөлөрүнө алардын ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө керектүү документтерди берүүдөн баш тартышкан. Баш тартуу мекеме бухгалтеринин жумуш ордунда жок болушу менен негизделген. Улуттук борбордун кызматкерлери тарабынан алардын ишмердүүлүгүнө каршылык көрсөтүү жөнүндөгү акт Ош шаарынын прокуратурасына жөнөтүлгөн. Натыйжада прокуратура тарабынан Ош шаарынын вице-мэринин атына мыйзамдын бузулушун жоюу боюнча сунуштама чыгарылган. "Боорукердик" үй-интернатынын жетекчилиги тартиптик жоопкерчиликке тартылган.
7) 2016-жылдын 29-августунда Улуттук борбордун, Ош гарнизонунун Аскер прокуратурасынын жана КРдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратынын кызматкерлери тарабынан КР Улуттук Гвардиянын № 703 аскер бөлүгүнө биргелешип барууда аскер бөлүгүнүн жетекчилиги тарабынан анын аймагына кирүүгө уруксат берилген эмес. Улуттук борбордун кызматкерлери тарабынан ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылуу актысы түзүлгөн. Натыйжада Ош гарнизонунун Аскер прокуратурасы тарабынан аскер бөлүгүнүн командирине мыйзамды бузууга жол берилбестиги жөнүндө эскертүү чечими чыгарылган.
Ошентип, Мыйзамдагы Улуттук борбордун кызматкерлеринин эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына алдын ала эскертпей туруп, каалаган убакта үзгүлтүксүз алдын ала баруудагы ыйгарым укуктарынын аныкталып турганына карабай, тоскоолдук кылуу фактылары азыркы учурга чейин болуп келе жатат.
Ишмердүүлүккө тоскоолдук кылуу мекемелердин кызматкерлерине жана администрациясына маалымат жетпей калган учурларында гана эмес, Улуттук борборго кыйноолорду колдонуу же катаал мамиле жасоо жөнүндөгү маалыматтын келип түшкөн учурунда атайын алдын алма барууларды уюштурууда кыйноолорду колдонуу фактыларын жашыруу максатында да жасалгандыгы белгилүү. Кызматтык адамдын барууну өткөрүүдө атайын тоскоолдук түзүү боюнча мындай укук бузуу аракеттери кылмыштын изин жашыруу катары квалификацияланат.
Кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борбордун ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылууну токтотуучу факторлорунун бири болуп, КР КЖК 146-2-беренесине ылайык жоопкерчиликтин каралышы жана андан кутула албастыгын түшүнүп туруп, тоскоолдук кылып жаткан кызмат адамынын өзүнүн түшүнүп билүүсү саналат.
Кыргыз Республикасынын жаңы Кылмыш-жаза кодексинде Улуттук борбордун ишмердүүлүгүнө каршылык көрсөтүү үчүн жоопкерчиликти караштырган берене алынып салынган, ошону менен бирге Жорук кодексинде да Улуттук борбордун ишмердүүлүгүнө кийлигишүү үчүн жоопкерчиликти орнотуучу курам да каралган эмес. Улуттук борбор тарабынан Кылмыш-жаза кодексине Улуттук борбордун ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылуу үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин караштырган беренени чагылдыруу, ал эми Жорук кодексинде Улуттук борбордун кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнө мыйзамсыз кийлигишүү жөнүндө жоопкерчиликти караштыруу бөлүгүндө мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштар киргизилди.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Улуттук борбордун ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылуу учурлары
Кыйноолордун жана башка катаал, адамгерчиликсиз жана кадыр-баркты басмырлаган мамиле менен жазалардын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча комитетчеси (мындан ары - Кыйноолордун алдын алуу комитетчеси) 2012-жылы Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 19-28-сентябрында баруусу жөнүндөгү баяндамасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) карамагындагы камакта кармоо жайларына жетүү боюнча кыйынчылыктарды белгилеп кеткен. Ушул жайларга Кыйноолордун алдын алуу боюнча комитетчесинин делегациясына кирүүгө жетекчилик уруксат бергенден кийин, 20-40 мүнөткө кечиктирилип уруксат берилген. Ушунун өзү Кыйноолорго каршы БУУнун Конвенциясына карата Факультативдик протокол боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин тикелей бузгандыгы болуп эсептелет.
Бир нече жыл өтсө да УКМК мекемелерине жетүүгө байланыштуу кырдаал мурдагыдай эле кала берүүдө. Улуттук борбордун кызматкерлери УКМКнын имаратындагы жана тергөө изоляторундагы бөлмөлөргө кирүүгө УКМК жетекчилигинин уруксатын алуу үчүн 1-2,5 саат күтүүгө аргасыз болушат. Бул баяндаманы даярдоо учурунда 2017-жылдын январь айында прокуратура органдарына Улуттук борбордун алдын алма баруу тобун киргизбөө эки фактысы боюнча үч арыз жиберилген, анын ичинде Улуттук борбордун директорунун орун басарын УКМКнын имаратына жана тергөө изоляторуна киргизбөө фактысы боюнча, ал эми экинчиси Улуттук борбордун кызматкерлеринин буюмдарын жана кийимин текшерип, алардын ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылуу фактысы жана алардын уюлдук телефондорун жана фотоаппаратын алуу фактысы боюнча арыздар. Азыркы учурда бул арыздар боюнча тергөө Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы тарабынан өткөрүлүүдө.
II. ЭРКИНДИГИНЕН АЖЫРАТУУ ЖАНА ЧЕКТӨӨ ЖАЙЛАРЫНДА КЫЙНООЛОРДОН ЭРКИН БОЛУУ УКУГУНУН САКТАЛЫШЫ
2.1. Жалпы маалымат жана негизги статистикалык маалыматтар
2016-жылы Улуттук борбор тарабынан өзүнө алдын алма барууларды өткөрүү эрежелерин жана инструментарийди камтыган Эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына алдын алма баруулардын методологиясы иштелип чыгып, ал Координациялык кеңеш тарабынан бекитилди.
Баруулар 2016-жылга карата Улуттук борбор тарабынан алдын алма баруулардын бекитилген программасына ылайык гана жүзөгө ашырылды.
Алдын алма баруулар тобунун курамына сырттан тартылган эксперттер катары укук коргоо уюмдарынын, Кыйноолорго каршы коалициянын эксперттери, ошону менен бирге Улуттук борбордун реестрине сырттан киргизилген көз карандысыз эксперттер катталган. Баруулардын белгилүү бир бөлүгү прокуратура органдарынын жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратынын кызматкерлери менен биргеликте өткөрүлдү. 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратынын кызматкерлери менен биргеликте эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына 280 баруу, прокуратура органдарынын кызматкерлери менен - 677, Кыйноолорго каршы коалициянын өкүлдөрү менен биргеликте 335 баруу өткөрүлдү.
Алдын алма баруу тобун түзүүдө гендердик балансты сактоо, түрдүү этностук топтордун, азчылыктар топторунун катышуусу талабынын сакталышы жөнүндөгү мыйзамдын талаптары эске алынган. Топтордун курамына эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайынын өзгөчөлүгүн эске алуу менен натыйжалуу алдын алма барууну өткөрүүгө керектүү кесиптик көндүмдөргө ээ болгон адамдар киргизилген.
Эксперттерди эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына киргизүү Улуттук борбордун директору (директор жок болгон учурда - анын орун басары) же аймактык өкүлчүлүктүн жетекчиси тарабынан кол коюлган бекитилген үлгүдөгү жазуу түрүндөгү уруксат берүүнүн негизинде жүзөгө ашырылган.
Маалыматты чогултуунун негизги методу катары өз эрки менен макул болуу жана купуя сырдуулук принциптерин кыйшаюусуз сактоо менен эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларында кармалган адамдар, ошону менен бирге жабык мекемелердин жетекчилери жана кызматкерлери менен жарым-жартылай структураланган сурамжылоону өткөрүү колдонулган.
Алдын алма баруунун жүрүшү учурунда кыйноолордон же катаал мамиледен жабыркаган адам аныкталса, же мындай адамдан же анын өкүлүнөн арыздануу түшсө, анда Улуттук борбор текшерүү же процесстик чечим кабыл алуу үчүн прокуратура органдарына билдирүү жөнөтөт.
"Улуттук борбор жөнүндөгү ..." мыйзамдын тийиштүү министрликтер, ведомстволор, облустар, Бишкек жана Ош шаарлары боюнча Улуттук борбор тарабынан эркиндигинен ажыратуу жана чектөө чараларынын тизмесин түзүү
жана мезгил-мезгили менен жаңыртуу жөнүндөгү 22-беренесинин 3-пунктун аткаруу максатында Улуттук борбор тарабынан бардык тийиштүү мамлекеттик органдарына суроо-талаптар жөнөтүлгөн. Мамлекеттик органдардын аларга караштуу эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларынын саны боюнча расмий жооптору №3-таблицада берилген.
"Улуттук борборго эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларындагы орундардын саны, алардын жайгашкан жери жана аларда кармалып турган адамдардын саны тууралуу каалаган маалымат берилет" делген Улуттук борбор жөнүндөгү мыйзамдын 22-беренесинин 2-бөлүгүн бузуп, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы эркиндигинен ажыратуу жерлери катары аныкталган жана Улулук борбордун мандатына туура келген КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын аскер бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин3 жайгашуу орду тууралуу маалыматты берүүдөн баш тарткан.
№ 3-таблица. Улуттук борбордун мандатына туура келген эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жерлериндеги орундардын саны
№ | Министрликтин/ведомствонун аталышы | Эркиндигинен ажыратуу/чектөө жайындагы орундардын саны |
1 | КР ИИМ | 310 |
2 | КР Өкмөтүнө караштуу ЖАМК | 30 |
3 | КР УКМК | 3 |
4 | КР КК башкы штабы | Маалыматтарды берүүдөн баш тарткан |
5 | КР Билим берүү жана илим министрлиги | 39 |
6 | КР Саламаттык сактоо министрлиги | 8 |
7 | Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги | 16 |
8 | КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер иштери боюнча мамлекеттик агенттик | Маалыматтар берилген эмес |
2016-жылы Улуттук борбор тарабынан 1096 алдын алма баруу өткөрүлгөн.
№ 4-таблица. 2016-жылы алдын алма баруулар өткөрүлгөн эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайлары жөнүндө маалымат
Региондор | ИИМ | ЖАМК | ССМ | ССМ | Балдар мекемелери | КР КК Башкы штабы | Башка мекемелер | (*) | ||||||||||||
УКЖ | ЖУБАБ | КБЖ | ТКЖ | ТА | ЖА | ЖАМК СКД | Ооруканалардын алдындагы ПНБ | Карылар үйү | ЭСӨМ алдында | БИМ алдында | Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу мам агенттиги | Жеке менчик кайрымдуулук диний уюмдар | КР ЧМК | Улуттук гвардия | КР КИМК | КР УКМК | ЖУБАБ | КБЖ |
| |
Бишкек шаары жана Чүй облусу | 69 | 102 | 2 | 8 | 73 | 43 | 3 | 3 | 5 | 14 | 3 | 10 | 7 | 1 | 4 | 2 |
| 5 | 3 | 357 |
Ош шаары жана Ош облусу | 52 | 72 | 3 | 3 | 26 |
| 4 | 3 |
| 3 |
| 14 | 3 |
| 1 | 2 | 8 | 7 | 3 | 204 |
Жалал-Абад облусу | 96 | 2 | 2 |
| 7 | 2 | 1 |
| 7 | 3 | 13 | 9 | 5 | 2 | 1 | 1 |
| 2 | 153 | |
Баткен облусу | 41 | 8 |
|
|
|
| 4 | 4 | 4 | 4 |
| 12 | 7 |
| 3 | 1 | 4 |
| 92 | |
Ысык-Көл облусу | 69 | 4 |
|
| 17 |
| 2 |
|
| 2 |
|
| 3 | 13 | 2 |
| 2 |
| 114 | |
Нарын облусу | 22 | 5 |
|
| 11 |
| 9 |
| 7 |
|
| 14 | 1 |
| 2 |
|
| 1 | 2 | 91 |
Талас облусу | 20 | 36 |
|
| 134 |
| 6 | 1 |
| 6 | 6 | 8 |
| 17 | 2 |
|
| 1 | 85 | |
Бардыгы: | 369 | 229 | 7 | 11 |
| 45 | 29 | 11 | 23 | 32 | 22 | 67 | 26 | 33 | 15 | 6 | 14 | 15 |
| |
Улуттук борбор жөнүндөгү мыйзамдын 23-беренесине ылайык 2016-жылы эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына алдын алма баруунун үч түрү -ар тараптуу текшерүүлөрдү өткөрүү максатындагы, аралык жана атайын алдын алма баруулар өткөрүлгөн.
2016-жылы Улуттук борбор тарабынан ар тараптуу текшерүү өткөрүү максатында эркиндигинен ажыратуу жана чектөө системасын талдоо жана баалоо, эркиндигинен ажыратылган жана чектелген адамдарга карата кыйноолорду жана катаал мамилени колдонууга алып келүүчү негизги себептерди аныктоо максатында 33 мекемеге баруу уюштурулган.
Ар тараптуу текшерүүнү уюштуруу үчүн мекемелерди тандоо кыйноолорго байланыштуу кырдаал жөнүндө болгон маалыматты талдоонун натыйжаларына негизделген. Барууларды уюштурууда мекемелерде адамдардын гумандуу мамилеге жана мекемелерде адамдардын кадыр-баркын басмырлабаган кармоо/жашоо шарттарына укуктун сакталышына басым жасалган.
ЭАЖЧ жайларына баруунун жүрүшүндө аларда кармалып турган адамдардын эң кеминде үчтөн бир бөлүгү менен жеке сүйлөшүүлөр өткөрүлдү, адамдарга карата жасалган мамилеге тиешелүү маалыматтар, ички документтер,
алардын арасында айрым адамдардын медициналык карталары, администрациянын жаза берүү жөнүндөгү буйруктары менен буйрутмалары, тескемелери, мекемеде кармоонун мыйзамдуулутун күбөлөндүрүүчү документация ж.б. иликтенди.
№ 5-таблица. 2016-жылы ар тараптуу текшерүү өткөрүү максатында жүргүзүлгөн алдын алма баруулар өткөрүлгөн мекемелердин саны
Мекемелер | Баруулардын саны |
КР ИИМ | 4 |
КР Өкмөтүнө караштуу ЖАМК | 4 |
КР Өкмөтүнө караштуу БКМК | 1 |
КР Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы | 7 |
КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги | 14 |
КР Саламаттык сактоо министрлиги | 3 |
Бардыгы: | 33 |
Ар тараптуу текшерүүнү өткөрүү максатында алдын ала баруулар өткөрүлгөн мекемелердин тизмеси:
КР ИИМ мекемелери:
1. Сокулук районунун ИИБ УКЖ (Сокулук районунун Сокулук айылы)
2. Токмок шаарынын ИИБ УКЖ (Токмок шаары)
3. Ысык-Көл районунун ИИБ УКЖ (Чолпон-Ата шаары)
4. Нарын шаарынын ИИБ УКЖ (Нарын шаары)
КР Өкмөтүнө караштуу ЖАМК мекемелери:
5. № 14-мекеме (Панфилов районунун Вознесеновка айылы)
6. № 44-мекеме (Чолпон-Ата шаары)
7. № 42-мекеме (Ош шаары)
8. № 29-мекеме (Кара-Буура районунун Маймак айылы)
КР Өкмөтүнө караштуу БКМК мекемелери:
9. КР Өкмөтүнө караштуу БКМК УКЖ (Бишкек шаары)
КР Куралдуу күчтөрүнүн мекемелери:
10. № 73809-аскер бөлүгү (Аламүдүн району)
11. № 2022-аскер бөлүгү (Баткен облусу)
12. № 30295-аскер бөлүгү (Майлуу-Суу шаары)
13. № 2028-аскер бөлүгү (Каракол шаары)
14. №2025-аскер бөлүгү (Нарын шаары)
15. № 703-аскер бөлүгү (Ош шаары)
16. № 2029-аскер бөлүгү (Манас району)
КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мекемелери:
17. Балдар психиатриялык ооруканасы (Ысык-Ата районунун Ивановка айылы)
18. Сокулук районунун Карылар жана майыптар үй-интернаты (Сокулук районунун Сокулук айылы)
19. Кадамжай районунун Психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемеси (Кадамжай районунун Кадамжай айылы)
20. Үч-Коргон Балдар үйү (Кадамжай районунун Үч-Коргон айылы)
21. Сүлүктү Кары адамдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн жалпы типтеги социалдык-стационардык мекеме (Сүлүктү шаары)
22. Токтогул Кары адамдар жана майыптар үчүн жалпы типтеги үй-интернаты (Токтогул кыштагы)
23. Сузак Кары адамдар жана майыптар үчүн жалпы типтеги үй-интернаты (Сузак районунун Октябрь айылы)
24. Ак-Суу балдар үйү (Ак-Суу районунун Теплоключенка айылы)
25. Үй-бүлөлүк типтеги балдар үйү (Жумгал районунун Чаек айылы)
26. Кара-Суу Дүлөй балдар мектеп-интернаты (Кара-Суу шаары)
27. Мырза-Аке Жетим балдар мектеп-интернаты (Өзгөн районунун Мырза-Аке айылы)
28. Ош Балдар жана карылардын "Боорукердик" үй-интернаты (Ош шаары)
29. Талас Акыл-эси артта калган балдардын жардамчы мектеп-интернаты (Талас районунун Кумарык айылы)
30. Бакай-Ата Социалдык-стационардык мекемеси (Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылы)
КР Саламаттыкты сактоо мекемелери:
31. № 33551 Республикалык психиатриялык оорукана (Кызыл-Жар кыштагы)
32. Психоневрологиялык диспансер (Ак-Суу районунун Теплоключенка айылы)
33. Ош Психикалык ден соолук областтык борбору (Ош шаары)
Ар тараптуу текшерүүлөрдү өткөрүү максатындагы алдын алма баруулардан тышкары Улуттук борбордун кызматкерлери ЭАЖЧ жайларында кыйноолорду же катаал мамилени жасоо, өлүм жөнүндөгү ар бир билдирүү боюнча конкреттүү маселени изилдөө үчүн атайын барууларды уюштурган.
Эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына ар бир өлүм окуясы боюнча Улуттук борбордун кызматкерлери мекемеге атайын барууну, өлүм жагдайын изилдөөнү камтыган атайын барууну уюштуруп, дыкаттык менен текшерүү өткөрүшөт, өлгөн адамдын денесин ачып көрүүгө катышышат, ал эми кыйноо колдонгонду1у же кыйноолор өлүмгө алып келгендиги тууралуу шектенүү пайда болгон учурда бул окуяны ЖМКда чыгылдырат. 2016-жылдын июлунда Улуттук борбор тарабынан № 31 түзөтүү колониясында кармалган адамдын өлүмү фактысы боюнча алдын алма баруу уюштурулган. Мекеменин кызматкерлеринин айтымына караганда, камалган адам өзүн өзү өлтүргөн. Улуттук борбордун директору Н.Сулайманов ЖАМК өкүлдөрдү менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык Соттук медициналык экспертиза борборунда камалган адамдын денесин ачып көрүүгө катышкан. Каза болгон адамдын денесин кароодо канталап көгөргөн жерлери түрүндөгү дене жаракаттары табылган. Улуттук борбор тарабынан түзөтүүчү мекемелерде мыйзамдуулукту көзөмөлдөө боюнча прокуратурага кат жөнөтүлгөн.
2016-жылы өткөрүлгөн алдын алма баруулардын жүрүшүндө жалпысынан Улуттук борбордун кызматкерлери жана ишке тартылган эксперттер тарабынан ЭАЧЖ жайларында кармалып турган жана персонал катары иштеген 1343 адам менен сүйлөшүүлөр өткөрүлгөн.
№ 6-таблица. 2016-жылы эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына алдын алма баруунун жүрүшүндө суралган адамдардын саны
Мекемелер | Суралган адамдардын саны |
КР ИИМ | 564 |
КР Өкмөтүнө караштуу ЖАМК | 133 |
КР КК БШ аскер бөлүктөрү | 257 |
КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги | 147 |
КР Саламаттык сактоо министрлиги | 136 |
КР Билим берүү жана илим министрлиги | 140 |
Мэрия жана ЖӨБО | 41 |
КР УКМК | 9 |
Бардыгы: | 1343 |
№ 7-таблица. Мекемелерде кармалып жаткан жана суралган адамдардын жыныстык белгиси боюнча катышы
Мекеменин аталышы | Аялдар | Эркектер |
УКЖ | 13% | 97% |
Тергөө изолятору | 10% | 90% |
Кабыл алуучу-бөлүштүрүүчү жай | 45% | 50% |
Балдар мекемелери | 58% | 52% |
№ 5-диаграмма. УКЖде кармалып турган жана суралган адамдардын улуту
№ 6-диаграмма. Тергөө изоляторунда кармалып жаткан жана суралган адамдардын улуту
№ 7-диаграмма. УКЖ жана Тергөө изоляторунда кармалып турган жана суралган адамдардын жарандыгы
№ 8-диаграмма. УКЖ кармалып турган жана суралган адамдардын процесстик статусу
№ 9-диаграмма. Тергөө изоляторунда кармалып турган жана суралган адамдардын процесстик статусу
2.2. Улуттук борбордун 2016-жылдагы ишмердүүлүгүнүн натыйжалары боюнча кыйноолордон жана катаал мамиледен эркин болуу укугунун сакталышы
Кыйноо - бул дүйнөлүк коомчулуктун зор тынчсыздануусун жараткан адам укугунун бузулушунун бири. Кыйноо жазалоонун түрү катары коркутуу, керектүү маалыматтарды алуу же мойнуна алуу көрсөтмөлөрүн берүүгө мажбурлоо максатында колдонулат. Кыйноолорду колдонууда анын курмандыгынын өлүмгө жеткирбей, денесин колдон келишинче оорутканга аракет жасалат, анын натыйжасында адамды инсан катары басмырлоо максаты жүзөгө ашырылат.
Кыйноолор адамга өтө оор жаракат алып келет. Узак мөөнөттүү психологиялык жаракаттар денеге келтирилген жаракаттардан алда канча оор болорун баса белгилөө керек.
Эл аралык укук өңүтүнүн алганда, кыйноолорду колдонуу - адам укугунун одоно бузулушу болуп эсептелет жана эч бир жагдай менен акталбайт. Кыйноолордон эркин болуу - бул абсолюттук укук жана эч бир жагдай менен чектелиши Мүмкүн эмес.
Адам укугунун жалпы декларациясынын 5-беренесинде "Эч ким кыйноолорго же катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркын басмырлаган мамилеге жана жазага дуушар болбоого тийиш" деп айтылат. Ушуга окшогон аныктама колдонулуп, кыйноолорго Жарандык жана саясый укуктар жөнүндөгү эл аралык пактынын 7-беренесинде тыюу салынат.4
Эл аралык ченемдерге ылайык мамлекет кыйноолордон коргоону кепилдеген адекваттуу чараларды иштеп чыгып, мыйзамга киргизүүгө тийиш. Адамдарды кыйноолордон жана катаал мамиледен коргой турган маанилүү процесстик кепилдиктер болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Кармалган адамдардын бардык укуктарынын корголушун камсыз кылуу (кыйноолордон жана катаал мамиле кылуудан эркин болуу укугу, коргоого алынуу укугу, даттанууну тапшыруу укугу, кадыр-баркты басмырлабаган кармоо шарттарына ээ болуу укугу, гумандуу мамилеге ээ болуу жана адамдын кадыр-баркын сыйлоо укугу ж.б.);
- Камакта кармоонун расмий түрдө таанылган гана жерлерди колдонуу жана натыйжалуу каттоону жүргүзүү;
- Кат алышуу жана сүйлөшүү укугусуз камакта кармалуунун мүмкүн эместиги (incommunicado абалы);
- Суракка алуу эрежелеринин сакталышы;
- Зарыл учурларда мамлекеттин эсебинен натыйжалуу коргоону камсыз кылуу;
- Адамдын эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайына жеткирилгенде сапаттуу медициналык кароону өткөрүү;
- Дарыгерге жетүүнү камсыздоо;
- Камакта кармалышынын мыйзамдуулугун талашуу укугун камсыздоо.
Кыйноолор бүткүл дүйнөдө колдонулат. Айырмасы - кыйноо фактыларына мамлекет кандай мамиле жасагандыгында жана алардын алдын алуу жана жоюу үчүн кандайча аракеттенгендигинде.
Акыркы жылдарда Кыргыз Республикасында кыйноолорго жана катаал мамилеге каршы күрөш күчөгөнү байкалууда. Кыргыз Республикасында Кыйноо маселелери боюнча БУУнун атайын баяндамачысы Хуан Мендестин эки жолку келүүсүнүн натыйжалары боюнча (2011- жана 2012-жылдары) кыйноолорго байланыштуу түзүлгөн кырдаалды талкуулоого жана аны жакшыртуу боюнча иштелип чыккан сунуштарга арналган иш-чаралар өткөрүлдү, иштеп жаткан улуттук мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди, ошону менен бирге Кыйноолорго каршы аракет жасоо боюнча улуттук планды даярдоо боюнча иштер башталды.
2012-жылы КР Кылмыш-жаза кодексинин "Кыйноо" аттуу 305-1-беренесине өзгөртүүлөр киргизилди, ал учурда БУУнун Кыйноолорго каршы конвенциясындагы аныктамага толугу менен жооп берет. Бул берененин санкциясы күчөтүлдү, ал кылмыштын бул түрүн оор кылмыштар түрүнө киргизүүгө мүмкүндүк берет.
2014-жылдын 23-октябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасында Кыйноолорго жана катаал, адамгерчиликсиз, адамдын кадыр-баркын басмырлаган мамилелер менен жазаларына туруштук берүү аракеттери боюнча иш-чаралардын улуттук планы бекитилген (мындан ары --Улуттук план), анын турмушка ашырылышы үчүн жоопкерчилик КР Ички иштер министрлигине жүктөлдү. Улуттук план негизги үч блок боюнча иштерди караган: мыйзамдарды жакшыртуу, маалыматтык-агартуучу иш чаралар жана уюштуруучу-техникалык камсыз кылуу. Бул документтин негизги жоболору 2015-жылдын аягына чейин аткарылышы керек болгон, калган жоболордун аткарылышы туруктуу негизде өткөрүлүшү каралган. Учурда өлкөдө кыйноолорду түп тамырынан бери жоюу боюнча бирдиктүү стратегияны иштеп чыгуу жана иш-чаралардын комплексин турмушка ашыруу максатында Улуттук пландын актуалдаштыруу процесси өтүүдө.
Кыйноолордун жана катаал мамиленин алдын алуу жана аларды колдонгондугу үчүн жазасыз калбай тургандыгын камсыз кылуудагы эң эле маанилүү жетишкендиктердин бири - бул саламаттык сактоо системасынын бардык деңгээлдериндеги медициналык кызматкерлердин практикасына Кыйноолорду жана катаал, адамгерчиликсиз же адамдын кадыр-баркын басмырлаган мамилелердин жана жазалардын түрлөрүн натыйжалуу тергөө жана документтештирүү боюнча жетектеменин (Стамбул протоколунун) принциптерин киргизүү.
2016-жылы алдын алма баруулардын жүрүшүндө аныкталган кыйноо фактыларын өз убагында документтештирүү максатында Улуттук борбор тарабынан Улуттук борбордун кызматкерлери жана медициналык кызматкерлер болбогон ишке тартылган эксперттери үчүн Стамбул протоколунун принциптерине ылайыкталган Кыйноолордун жана катаал мамиленин болжолдуу курмандыктарынын абалын баалоо боюнча документтештирүү формасы иштелип чыккан.
Көрүлгөн чараларга, алардын арасында кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза-процесстик мыйзамга киргизилген оң жаңылоолорго карабастан, кыйноолордон жана катаал мамиледен эркин болуу укугу толук түрдө сактала албагандыгын Улуттук борбордун практикасы көрсөттү. Белгиленген жагдайды алдын алма баруулардын жүрүшүндө Улуттук борбордун кызматкерлери тарабынан аныкталган кыйноо фактылары, ошону менен бирге кыйноолордун курмандыктары тарабынан жана алардын туугандары же жактоочулары тарабынан кыйноолор жана катаал мамилелер колдонулгандыгы туурасында Улуттук борборго түшкөн кайрылуулар тастыктап турат.
2016-жылы Улуттук борборго кыйноолор тууралуу 132 билдирүү келип түштү.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын маалыматтарына ылайык, 2016-жылы прокуратура органдарына кыйноолорду жана катаал мамилелерди колдонгонду1у туурасында 435 арыз келип түшкөн. Алардын ичинен 48% Улуттук борбордон келип түшсө, кыйноолор туурасындагы арыздардын 16,5% Кыйноолорго каршы коалициянын уюштуруучу-мүчөлөрү тарабынан багытталган.
КР КЖК 305-1-беренеси боюнча 9 кылмыш иши Улуттук борбордун маалыматы боюнча жана тогузу - Кыйноолорго каршы коалициянын уюштуруучу-мүчөлөрүнүн арызы боюнча козголгон.
№ 10-диаграмма. Аймактар боюнча бөлүштүрүү менен Улуттук борборго 2016-жылы кыйноолор жана катаал мамиле тууралуу келип түшкөн билдирүүлөр
Улуттук борбордун маалымдоосу боюнча 2016-жылы прокуратура органдары тарабынан КР УКК 305-1-беренеси боюнча тогуз кылмыш иши козголгон. Бардык тогуз иш боюнча айыпталуучулар - ички иштер органдарынын ыкчам кызматкерлери жана ички иштер органдарынын убактылуу кармоо жайынын кызматкерлери.
№ | Шаарлардын жана облустардын аталышы | Алдын алма баруулардын саны | Кыйноолор жана катаал мамиле тууралуу билдирүүлөрдүн саны | КР КЖК 305-1-беренеси боюнча козголгон кылмыш иштеринин саны |
1 | Бишкек шаары жана Чүй облусу | 357 | 150 | 4 |
2 | Ош шаары жана Ош облусу | 204 | 20 | 0 |
3 | Жалал-Абад облусу | 153 | 15 | 1 |
4 | Баткен облусу | 114 | 10 | 2 |
5 | Ысык-Көл облусу | 92 | 9 | 1 |
6 | Нарын облусу | 91 | 1 | 0 |
7 | Талас облусу | 85 | 4 | 1 |
Бардыгы: | 1096 | 209 | 9 |
№ 11-диаграмма. Улуттук борборго 2016-жылы келип түшкө билдирүүлөр боюнча козголгон кылмыш иштеринин саны
Кыйноолор жана катаал мамиле тууралуу билдирүүлөрдүн көпчүлүгү (85,6%) Улуттук борбордун алдын алма барууларынын жүрүшүндө түздөн түз ЭАЖЧ жайларында кармалып турган адамдардан келип түштү. Ошондо, 179 билдирүү алдын алма баруулардын жүрүшүндө алынды, 18 - кыйноолордун жана катаал мамиленин болжолдуу курмандыктарынын жактоочуларынан, сегизи - туугандарынан, төрт билдирүү - Улуттук борбордун "Ыкчам линия" телефону аркылуу келип түштү.
№ 12-диаграмма. Кыйноолор жана катаал мамиле тууралуу келип түшкөн билдирүүлөрдүн санынын маалымат булактарына карата катышы
Мурдагыдай эле көпчүлүк учурларда (94%) кыйноолор ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан моюнга алуу көрсөтмөлөрүн алуу максатында колдонулат. Кыйноолор көпчүлүк учурларда факт түрүндө кармалган адамдарга карата анын туугандарына жана жакындарына кабарлабай, процесстик документтерди тариздебей, жактоочуну катыштырбай жасалат.
№ 13-диаграмма. Кызматкерлери кыйноолорду колдонгон адамдар туурасында маалыматтардын санынын катышы
Билдирүүлөргө анализ жүргүзүүдө кыйноонун эң эле таралган түрүнө механикалык түрдө асфикциялоо (муунтуу) кирери аныкталды. Мында башка целлофан пакетин кийгизүү же бир эле убакта мурду менен оозун кол менен жабуу ыкмалары колдонулат. Кыйноо ыкмасынын дагы бир көп таралган түргө дененин ар кайсы бөлүктөрүнө кол жана буттар менен сокку уруу кирет.
№ 14-диаграмма Кыйноо ыкмалары
Көпчүлүк учурларда кыйноонун курмандыктарына көрсөтүлгөн физикалык жабыркоолор психологиялык басым көрсөтүү менен коштолот.
Кыйноолор ички иштер органдарынын ыкчам кызматкерлеринин кабинеттеринде, ички иштер органдарынын бөлмөлөрүндө жана КР ИИБ убактылуу кармоо жайларында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын шаардык жана айылдагы милиция бөлүмдөрүндө жүргүзүлөт.
Суралган адамдардын 46,4%и УКЖге киргизилгенге чейин ИИБ тергөөчүсүнүн кабинетинде кармалгандыгын, 24,4%и ИИБ ыкчам кызматкерлеринин кабинеттеринде, 14,1%и кармалгандан кийин белгилүү бир убакыт милиция кызматкерлеринин автомашиналарында жүргөндүгүн билдиришти.
№ 15-диаграмма. Факт түрүндө кармалып, УКЖге киргизилгенге чейин адамдар кайда кармалган
Суралган адамдардын 5,5%и кыйноолор укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан факт түрүндө колго түшкөндөн тартып, УКЖге киргизилгенге чейин аларга карата колдонулгандыгын айтып беришти. Ушул убакыт аралыгында колго түшкөн адам ар кандай жерлерде, укук коргоо кызматкерлеринин автомашиналарында, батирлерде ж.б. жерлерде болгон.
№ 16-диаграмма. Сизге карата факт түрүндө колго түшкөндөн тартып УКЖге киргизилгенде чейин күч же психологиялык басым жасалды беле?
УКЖде кармалып турган адамдар менен сүйлөшкөндө ар бир бешинчиси УКЖде кармалып турган мезгилде ага карата күч колдонуунун же психологиялык басымдын ар кандай методдору колдонулгандыгын айтып берген.
№ 17-диаграмма. УКЖде кармалып турган учурда Сизге карата күч колдонулганбы же психологиялык басым жасалганбы?
Кыйноону колдонуунун негизги максаты - мурдагыдай эле мойнуна алуу көрсөтмөлөрүн берүүгө мажбурлоо. Улуттук борбордун маалыматтары боюнча суралган адамдардын 83%ы аларды укук коргоо органдарынын кызматкерлери кылмыштарды жасагандыгын мойнуна алуу максатында сабашканын айтып беришкен.
№ 18-диаграмма. Кыйноолорду пайдалануу максаты
Төмөн жакта ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан кыйноолор колдонгондугунун айрым мисалдары(5).
1. Т.А.нын иши
2016-жылдын 15-июлунда Улуттук борборго 1991-жылы туулган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКтын № 21-мекемесинде (№ 1-тергөө изоляторунда) кармалып турган ТЛ.га карата кыйноо колдонулгандыгы тууралуу билдирүү келип түштү. Сүйлөшүп жаткан учурда Улуттук борбордун кызматкерлерине Т.А. 2016-жылдын 4-июлунда патруль-пост кызматынын ыкчам кызматкерлери аны кармап, Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБине жеткиргендигин айтып берди. Эки сутка аралыгында Т.А. Бишкек шаарынын ИИШБ УКЖсинде кармалып турган, андан соң № 1-тергөө изоляторуна которулган.
2016-жылдын 12-июлунда ыкчам кызматкерлер аны Бишкек шаарынын Ленин районунун ИИБ тергөөчүсүнө алып кетишкен. Тергөөчү келгенге чейин эле ыкчам кызматкерлер ТЛ.дан ал 2016-жылдын 10-июлунда кайда болгондугун сурай башташкан. ТЛ. алар менен жактоочусуз сүйлөшкөндөн баш тарткандан кийин милиция кызматкерлери аны суу толтурулган бөтөлкө менен сабай башташкан. Андан соң аны тергөөчүгө алып барышкан. Ошондо кызматкер аны башка бир уруп, андан соц жаакка чапкан, натыйжада ТЛ.нын бир тишин сындырган. Ошол эле күнү кызматкерлер ТЛ. менен чогуу анын үйүнө тинтүү өткөрүү үчүн келишкен. Үйүнө башында анын тишин сындырган кызматкер кирип кеткен, ал чыккандан кийин башкалары киришкен. Тинтүүнүн жүрүшүндө буюм далилдери табылган. Ленин районунун ИИБине кайткандан кийин ошол эле күнү 17.00дө ИЙБ кызматкерлери мойнуна алуу көрсөтмөлөрүн алуу максатында ТЛ.ны сабай башташкан. Андан соң ТЛ. № 1-тергөө изоляторуна жеткирилген. Кыйноолор тууралуу кайрылган жок, анткени милиция кызматкерлеринен корккон.
Медициналык кароодон өтүп жатканда 2016-жылдын 13-июлунда Т.А. дарыгерге аны кыйнагандыгы тууралуу айтып берген. Ошондо ыкчам кызматкерлер терезени карап, утур-утур кабинетке кирип, ТЛ. менен дарыгерди коркутуп, дарыгерден медициналык бүтүмдү алганга аракеттенишкен. Бирок медициналык персонал аларды токтотуп калган.
Улуттук борбор жактоочуну жана Стамбул протоколунун принциптерине ылайык кыйноолордун тактарын документтештирүү үчүн медициналык кызматкерди чакырып берүүгө көмөктөшүү өтүнүчү менен "Эркиндик үнү" коомдук фондуна кайрылган. 2016-жылдын 21-июлунда № 1-тергөө изоляторуна дарыгер менен кошо кайрадан баруу уюштурулган. Ал кыйноо, зордоо жана катаал мамиле жасалгандыгына байланыштуу арыздануулар менен кайрылган учурда орнотулган Кароо формасына кыйноолордун тактарын белгилеген.
2016-жылдын 2-августунда Улуттук борбордун директору Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына текшерүүнү жана ТЛ.га карата психологиялык-психиатриялык жана соттук-медициналык экспертизаны өткөрүү өтүнүчү менен кайрылган.
2016-жылдын 29-июлунда Башкы прокуратура Бишкек шаарынын Ленин районунун ИИБ ыкчам кызматкерлерине карата КР КЖК 305-1-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту ("Кыйноо") боюнча жана 305-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту боюнча кылмыш ишин козгоо токтомун чыгарган.
2. МЛ.нын иши
2015-жылдын 13-январында 1996-жылы туулган, шарттуу түрдө соттолгон М.А.ны кыштактын милиция бөлүмүнө чакырышкан, ал жерден анын 10-январдан 13-январга чейин кайда болгондугу тууралуу түшүндүрмө катын жазууну талап кылышкан. МЛ. отурган кабинетке үч ыкчам кызматкер кирип, анын колуна кишен салган. Эмне себептен кармалгандыгы тууралуу суроо бергенде, ал уурулук кылган деген жооп берилген. Андан соң М.А.ны кыштактын милиция бөлүмүнөн алып чыгып, автомашинага отургузуп, белгисиз жакка алып кетишкен. Жол бою милиция кызматкерлери М.А.нын башын ылдый каратып жүрүп отурушкан. Бир сааттан ашык жол жүрүшүп, МА.ны Москва районунун ИИБине жеткиришкен. Ал жерден кабинеттен уруп, тепкилей башташкан, башына пакет кийгизишкен. МА. бир нече жолу эсинен танган, бирок кызматкерлер ага суу чачып, эсине келтиришкен. Ал эсине келген учурларда кызматкерлер уурулук жасагандыгын мойнуна алууну жана кагаздарга кол коюуну талап кылышкан. Ал баш тартканда, аны кайрадан сабашкан.
14-июлда МА.нын энеси КР Башкы прокуратурасына арыз тапшшырган. КР Башкы прокуратурасынын ТБ тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү тарабынан КР КЖК 305-1-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда соттук териштирүү Чүй облусунун Москва районунун сотунда өткөрүлүп жатат.
3. Жашы жете элек Д.А.нын иши
2016-жылдын 14-ноябрында Улуттук борборго 2001-жылы туулган, жашы жете элек Д.А.нын туугандары Октябрь районунун ИИБ кызматкерлери тарабынан кыйноолор колдонулгандыгы тууралуу арыз менен кайрылышкан.
2016-жылдын 7-ноябрында саат 13:30 чамасында Д.А. классташтары менен Бишкек шаарынын кафесинен чыккан, жанына автомашина токтоп, андан жарандык кийимчен, тааныбаган уч адам чыккан. Аларды автомашинага отургузуп, Горький көчөсүндөгү ШМБге жеткиришкен. Ошол жерден гана алар өздөрүн Октябрь районунун ИИБ ыкчам кызматкерлери катары тааныштырган. ШМБ кабинетинде балдарды башка, бөйрөккө, төшкө ура башташкан.
Саат 17.00 чамасында аларды Октябрь районунун ИИБине жеткиришкен, ал жерден тергөөчү жана ыкчам кызматкерлер аларды күнөөнү мойнуна алышпаса, "эки айга жаап салабыз" деп коркутушкан. Кыйноолорго чыдай албай, Д.А. "Азиз" деген кызматкердин айтканын сөзмө-сөз түшүндүрмө катына жазган.
Д.А.ны дааратканага коё беришпей, "суу бергиле" деген өтүнүчүнө "заараңды ич" деп жооп кайтарышкан. Саат 22.00 Д.А.ны УКЖге жеткирмей болуп, ИИБ имаратынан алып чыгышкан. Көчөдөн кайсы бир автомашинаны (болжол менен ыкчам кызматкердин автомашинасын) түрттүрүшкөн. Ошондо алар ДАмы артынан тебип, ким жакшыраак тээп жатканын өз ара талашышкан. ИИБ имаратында Д.А. жарым түнгө чейин болгон. Андан соң Д.А.нын агаларына телефон чалышкан, ал аны, жеке жоопкерчилигин алып, үйүнө алып кеткен.
Бир күндөн кийин Д.А.нын абалы начарлаган, анын туугандары "Тез жардам" бригадасын чакырууга аргасыз болушкан.
Д.А.нын агасы мыйзамсыз кармоо жана камакка алуу, ошону менен бирге Бишкек шаарынын Октябрь районунун ИИБ ыкчам кызматкерлери тарабынан Д.А.га карата кыйноолор колдонулгандыгы боюнча тийиштүү чараларды көрүү жөнүндөгү арызы менен Октябрь районунун прокуратурасына кайрылган.
Улуттук борборго арыз менен кайрылган күнү Д.А. көз карандысыз соттук-медициналык эксперт тарабынан күбөлөндүрүлгөн жана бардык жаракаттар документтештирген. Ошону менен бирге Д.А.ны коргоо үчүн Кыргызстандагы кыйноолорго каршы коалициянын жактоочусу чакырылган.
Д.А. № 3-балдар клиникалык оорукананын нейрохирургия бөлүмүндө стационардык дарылоодо "Баш мээси чайкалган, баштын чач өскөн жумшак ткандары жана төштүн жумшак ткандары канталап көгөргөн, оң тизеси сыйрылган" делген диагнозу менен жаткан жана экинчи даражадагы эки жак кулагынын кереңдиги коштоочу диагнозу берилген.
2016-жылдын 16-ноябрында жактоочу кылмыш жасалгандыгы жана Стамбул протоколу стандарттары боюнча соттук-медициналык экспертизаны дайындоо жөнүндөгү арызы менен кайрылды. 2016-жылдын 22-ноябрында прокуратурага кармоонун мыйзамдуулугун текшерүү арызы берилген.
2016-жылдын 16-декабрында Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокуратурасынын токтому менен кылмыш ишин козгоодон баш тартуу токтому кабыл алынган. Токтомго карата жогору турган прокуратурага арыз берилген. 2016-жылдын 30-декабрында бул токтом Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан жокко чыгарылган жана материал боюнча кайрадан текшерүү башталган.
2017-жылдын 26-январында жашы жете элек Д.А.га карата комплекстүү соттук экспертиза дайындалган.
4. А.З.нин иши
Бишкек шаарынын ШИИБ УКЖсине алдын алма барууну өткөрүү учурунда ал мекемеде кармалып турган А.З. тарабынан арыз түшкөн. Анын айтымына караганда, 2016-жылдын 5-сентябрында саат 20.00 чамасында Свердлов районунун ИИБ ыкчам кызматкерлери тарабынан кыйноолорго дуушар болгон. Тергөөчүнүн кабинетинен сурак өткөргөндөн кийин ИИБ кызматкерлери аны ИИБ имаратынын короосуна алып чыгып, пластмасса бөтөлкөсүнө суу куюп, башын каракуш жагына бир нече жолу сокку берип, кол менен ич жагына бир нече жолу ургулашты. Кылмыш жасагандыгын мойнуна алуу көрсөтмөлөрүн жаздыруу токмоктоонун максаты болгон.
Кийинчерээк А.З. дарыгер тарабынан кароодон өткөн, ал Стамбул протоколуна ылайык Зордоо, кыйноо орун алып, катаал мамиле колдонулгандыгына байланыштуу кайрылуу/билдирүү түшкөндөгү медициналык кароонун формасын толтуруп, "Жабык баш сөөгү-мээ травмасын алган, боору урулуп жабыркаган" диагнозун койгон.
Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту А.З.нин жактоочусунун А.З.ге карата тандалган камакка алуу бөгөт коюу чарасын анын ден соолугуна байланыштуу башка бөгөт коюу чарасына өзгөртүү өтүнүчүн канааттандырып, айыпталуучуга карата -үйдө камоону тандаган. А.З. Чүй областтык ооруканага жаткырылган.
2016-жылдын 15-сентябрында Улуттук борбор тарабынан Бишкек шарынын прокуратурасына кыйноолор жөнүндө билдирүү жөнөтүлгөн. 2016-жылдын 23-сентябрында жактоочу Бишкек шаарынын Свердлов районунун прокуратурасына кыйноолорду колдонуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоо жөнүндөгү арызын жөнөткөн.
2016-жылдын Октябрь айында материалды текшерүү жана экспертизаны дайындоо мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу кылмыш ишин козгоодон баш тартуу токтому чыгарылган.
2017-жылдын 17-январында кылмыш ишин козгоодон баш тартуу токтому жокко чыгарылган. 2017-жылдын 30-январында кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечими чыгарылган.
Эл аралык келишимдерге ылайык, тактап айтканда, БУУнун Адам укугу боюнча конвенциясы, БУУнун Кыйноолорго каршы конвенциясы, мамлекет-катышуучу өзүнүн укуктук системасында адам укуктары менен эркиндиктеринин бузулушунун курмандыктарына, тактап айтканда, кыйноолордун курмандыктарына укуктук коргоонун натыйжалуу каражаттарын, ошону менен бирге адилеттүү жана адекваттуу компенсациянын, анын ичинде мүмкүн болушунча толук реабилитация үчүн каражаттарынын төлөнүшүн камсыз кылууга тийиш. Жеке арыздар боюнча кароо процедурасынын алкагында БУУнун Адам укуктары боюнча комитети тарабынан он эки арыз боюнча чечим чыгарылган, ошол чечимдерде ЖСУЭПтин 7-беренеси (Кыйноолордон эркин болуу укугу) бузулгандыгы таанылган. Учурда бир гана чечим боюнча сот компенсацияны төлөө чечимин чыгарды. Сот укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан кыйноолорго дуушар болгон Ташкенбай Модуновдун туугандарына 200000 (эки жүз миң) сом өлчөмүндөгү компенсацияны төлөп берүүнү милдеттендирди. БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин калган чечимдери боюнча кыйноолордун курмандыктарына азыркы кезге чейин компенсация төлөнө элек.
Кыйноолор жана катаал мамиле фактылары боюнча бирдиктүү базаны ишке киргизүү
Кыйноолор жана катаал мамиле фактылары боюнча бирдиктүү эсеп жүргүзүү жана так статистикалык маалыматтарды топтоо максатында Улуттук борбор тарабынан 2016-жылы Бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык система (БАМС) иштелип чыгып, ишке киргизилген.
БАМС алдын алма баруулар боюнча анкеталардын жана инструментарийлердин башка түрлөрүнүн маалыматтарын чогултуу жана иштетүү боюнча учурда болгон процесстерин заманбап сан ариптик системага өткөрүүгө жардам берет. Маалыматтарды чогултуу, иштетүүнүн электрондук ыкмасын иштеп чыгууга таянган статистикалык маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу жана берүүнүн электрондук технологиясын жайылтуу жана аларды борборлоштуруп сактоо иштери жүрүүдө.
БАМСка өтүү Улуттук борбордук кызматкерлерине жана эксперттерине отчетторду электрондук түрдө берүү менен колдо бар ресурстарды туура пайдаланууга, маалыматтарды иштетүүгө кеткен убакытты кыскартууга, материалдык чыгымдарды азайтууга мүмкүнчүлүк берди, ошондой эле берилген маалыматтын сапатын жогорулатты. Маалыматтардын жаңы базасы мамлекеттик органдарга, жарандык секторго, эл аралык уюмдарга жана ЖМКга инсандыгын белгилебей, ачык маалыматтарды тапшырууга мүмкүнчүлүк берет.
БАМСка Кыргыз Республикасынын Улуттук борборуна, Акыйкатчынын (Омбудсмендин) аппаратына, ошону менен бирге Кыргызстандагы кыйноолорго каршы коалицияга түшкөн кыйноолорго жана катаал мамилеге карата кайрылуулар жөнүндөгү бардык маалыматтар чогулары болжолдонууда.
III. ЭРКИНДИГИНЕН АЖЫРАТЫЛГАН ЖАНА ЧЕКТЕЛГЕН АДАМДАРДЫН ЖАКТАЛУУ УКУГУНУН САКТАЛЫШЫ
Кыргыз Республикасынын Конституциясы адам факт түрүндө кармалгандан тартып, анын коопсуздугун камсыздап, өзүн өзү актоо же адвокаттын квалификациялуу юридикалык жардамын алуу, ошону менен бирге жактоочуну алуу мүмкүнчүлүгүн орнотот.
Шектелгендер, айыпталуучулар жана соттолгондор өздөрүнүн мамлекеттин каражатынын эсебинен жогорку квалификациялуу жактоочунун кызматын пайдалануу укугуна ээ. Тергөөчүлөр дайындоо боюнча жактоочуларды аларга тааныш болгон адвокаттардын чөйрөсүнөн чакырышат, алар корголо турган адамдардын кызыкчылыгына аракеттенбей, укук коргоо органдарынын кызыкчылыгына аракеттенишет. Буга далил катары, УКЖде жана тергөө изоляторлорунда кармалуучу адамдар менен сүйлөшүү учурунда Улуттук борбордун кызматкерлери алардан жактоочунун жок болушу, жактоочулардын акталуучу адам менен жолугушуусунан жана сүйлөшүүлөрдөн качып турары, акча талап кылгандыгы ж.б. терс көрүнүштөр жөнүндө даттанууларын алышты.
Жогоруда аталып кеткендей, кыйноолорду жана катаал мамилелерди колдонууга түрткү берген шарттардын бири болуп, жактоочунун жок болушу, жактоочунун көрсөткөн жардамынын натыйжасыздыгы, жактоочуга эркинен ажыратылган же эркиндигин чектеген жайда кармалып турган адам менен жолугушуу бербөө сыяктуу көрүнүштөр менен чагылдырылган эркиндигинен ажыратылган жана чектелген адамдардын коргонууга болгон укугун сактабоо саналат.
Суралган адамдардын айтымында, УКЖде кармалып тургандардын 5%ынын жактоочулары жок болуп чыкты.
№ 19-диаграмма. Кармалган адам жактоочу менен УКЖде качан биринчи жолу жолугушту
№ 20-диаграмма. Кармалган адам жактоочу менен тергөө изоляторунда качан биринчи жолу жолугушту
Көпчүлүк учурда жактоочу тергөөчү аркылуу чакырылат. УКЖде кармалып жатып суралгандардын 74%ы жана тергөө изоляторлорунда кармалгандардын 57%ы жактоочу тергөөчү аркылуу дайындалгандыгын айтышты.
№ 21-диаграмма. УКЖге жактоочу ким аркылуу чакырылган
№ 22-диаграмма. Тергөө изоляторуна жактоочу ким аркылуу чакырылган
КР жаңы КЖКсинин 51-беренесине ылайык, алгач текшерүү органынын ыйгарым укуктуу адамы, тергөөчү, сот шектүү же айыпталуучуга мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардамды Жактоочулардын мамлекеттик реестри аркылуу берүүгө милдеттүү жана кайсы жактоочуну тергөөчүгө жөнөтүүнү координатор гана аныктоого укуктуу. Бул жаңылык тергөөчүгө "өз" жактоочусун дайындоо укугунан ажыратып, кармалган, шектүү же айыпталуучу адамга өз укуктарын толук көлөмдө жактоого мүмкүнчүлүк берет.
Көпчүлүк учурда жактоочу дайындалганда УКЖде же тергөө изоляторунда кармалып, суралган адамдар алардын ишине ар кандай себептерге байланыштуу канааттанбагандыгын айтышты.
№ 23-диаграмма. Суралган адамдардын жактоочунун тейлөө кызматына канааттанбагандыгынын себептери
Иштеп жаткан мыйзам (2019-жылы КР жаңы КЖКсы күчүнө киргенге чейин) укук коргоо органдарын кыйноо колдонулгандыгы тууралуу арызын жазган, ошол арызы боюнча текшерүү жүрүп жаткан адамга жактоочуну берүүнү милдеттендире турган нормаларды камтыбайт. Демек, ал чындыгында өзүн өзү коргош үчүн натыйжалуу аракеттенүү мүмкүнчүлүгүнөн айрылган болуп эсептелет.
КР жаңы КЖКнын "Жабырлануучунун укуктары менен милдеттери" аттуу 41-беренесине ылайык, жеке адамдын укуктары ага карата кылмыш же жорук жасалгандыгы тууралуу арыз тапшырылгандан тартып, же аны жабырлануучу катары тартуу арызы тапшырылгандан тартып пайда болот. Эгер кылмыш же жорук жасалгандыгынын натыйжасында жеке адам өлүп калса же ал адам арыз берүүгө жараксыз абалда болсо, жабыркаган адам деп жакын туугандарынын ичинен бир адам, жолдошу (жубайы) таанылат да, аны жабыркоочу катары тартуу туурасында арыз берет.
Алгач тергөө органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, сот кылмыш же жорук жасалгандыгы тууралуу арыз же адамды жабырлануучу катары тартуу арызы алынгандан тартып адамды жабырлануучу катары таанууга милдеттүү.
Ошентип, жаңы процесстик мыйзам адамды жабырлануучу катары таануу протоколун милдеттүү түрдө киргизилишин талап кылбайт, адамга карата кылмыш жасалгандыгы тууралуу арыз тапшырылгандан тартып, жабырлануучунун укуктары менен милдеттери пайда болот, алардын арасында мыйзамда каралган учурларда мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардамга ээ болуу укугу.
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан жактоочунун жардамы менен актануу укугунун бузулушу КР УКМК кызматкерлери тарабынан жактоочунун жардамы менен актануу укугунун одоно түрдө бузулушу жана жактоочунун ишине тоскоолдук түзүү фактылары катталган. 2015-жылы 2-октябрда саат 10.00 чамасында УКМК кызматкерлери тарабынан Россия Федерациясынын жараны Э.С. кармалып, УКМК имаратына жеткирилген. Ошол эле күнү саат 14.00 чамасында жактоочу Е.Крапивина УКМК имаратына келген. Ордер-тапшыруу документин көргөзгөндөн кийин аны тергөөчү УКМК имаратынын үчүнчү кабатында жайгашкан кабинетке ээрчитип барган. Ошол кабинетте жактоочу түнкү саат 02.00гө чейин болгон. УКМК кызматкерлери ага кабинеттен чыгуу мүмкүнчүлүгүн бербей, дааратканага чейин да ээрчип жүрүшкөн. Келгенден тартып Е.Крапивина корголуучу адамга жолукканга мүмкүнчүлүк берүүнү талап кылган, бирок УКМК кызматкерлери күлүп, "корголо турган адам көрсөтмөлөрдү берүүгө даяр эмес" деп жооп беришкен. Жактоочунун тергөө бөлүмүнүн башчысына жеткирүү талабына кызматкерлер жактоочуга унчукпай олтуруу жана башкаларды тажатпоо "кеңешин" беришкен. Болжолу менен ар бир саат сайын кабинеттеги кызматкерлер алмашып турушкан, ал эми жактоочу отур1учта отура берген. Түнкү саат 02.00 чамасында 3-октябрь болуп калганда, буту-колум уюду шылтоосу менен эшикти болгон күчү менен тепкилей-ургулай баштады. Анда УКМКнын тергөө бөлүмүнүн башчысы чыгып, "күзөтчүгө" жактоочуну тынчыт деп буйрук берди. Өзүнүн коопсуздугун ойлоп, Е.Крапивина кайрадан олтургучка олтурууга аргасыз болду. Болжолу менен 20 мүнөттөн кийин аны корголо турган Э.С. олтурган кабинетке киргизишти. Ал маанайы пас олтурган экен. Тергөөчүнүн столунда "күнөөсүн мойнуна алуу менен келүү" кагазы жаткан экен. Бул кагаз жактоочусуз жазылган. Э.С.ти кармоо протоколу 2015-жылдын 3-октябрында саат 02.00дө таризделген. Протоколдун аягында Э.С. аны 2-октябрда эртең мененки саат 10до кармагандыгы жөнүндө улап жазган. УКМК имаратынан Е.Крапивина 2015-жылдын 3-октябрында саат 04.30да чыккан.
3-октябрь күнү УКМКга кайрадан саат 10.00дө жакталуучу адам менен жолукканы келген. Ички телефон аркылуу чалып, ал анын жакталуучу адамы ошол учурда тергөөчүнүн сурагында экендигин билди. Тергөөчү бул маалыматты четке какты жана Э.С. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайлоосунда добуш берип жаткандыгын айтты. Е.Крапивина анын жакталуучу адамы башка өлкөнүн жараны болгондуктан, добуш бергенге укугу жок экендигин айтса, ага "бүгүн УКМК тергөө изолятору шайлоого байланыштуу иштебейт" деген жооп кайтарылды.
IV. ЭРКИНДИГИНЕН АЖЫРАТЫЛГАН ЖАНА ЧЕКТЕЛГЕН ЖАЙЛАРДА КАРМООНУН ТУУРА ШАРТТАРЫНА УКУКТУ САКТОО
2016-жылы Улуттук борборго алдын ала эскертүүчү келүүлөрдүн натыйжасы боюнча, мурдагы жылдардай эле эркинен ажыратылган жана чектелген жерлерди аныктоого туш болгон бир катар мекемелердин кармоо шарттары эң -минималдуу талаптарга дагы жооп бербей тургандыгы жөнүндө тыянак чыгарууга мүмкүндүк түзөт, ал эми ушундай шарттарда жактарды кармоонун айрым учурлары адамгерчиликсиз жана абройду кемсинтүүчү мамилени өзүнөн көрсөтөт.
Кармоонун шарттарына минималдык талаптарды сактабаган бөлүгүндө эң оор кырдаал мурдагыдай эле республиканын ИИБ УКЖде белгиленген.
Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пакт (ЖСУЭАП) эркинен ажыратылган бардык адамдарды адамдын инсандыгына таандык болгон гумандуу кайрылууга жана кадыр баркын сыйлоого болгон укукту бекитет жана катышуучу-мамлекеттерди бул укукту камсыз кылууга милдеттендирет(6).
Улуттук мыйзам, анын ичинде "Камакта кармоонун тартиби жөнүндө" КР Мыйзамы тарабынан шектүүлөргө жана айыптууларга Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген гигиенанын, санитариянын жана өрт коопсуздугунун талаптарына жооп берген тиричилик шарттары түзүлөрү белгиленет, ошондой эле жеке уктоочу орун, төшөк-орундар, идиш жана тамак жей турган аспаптар берилет. Мыйзамга ылайык, камерада санитардык аянттын ченеми бир адамга 3,25 кв.м өлчөмүндө белгиленген.
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын убактылуу кармоочу жайларындагы ички тартиптин эрежеси дагы кылмышка шектүү жана кылмыш жасаган делип айыпталган адамдарды жеке пайдалануу үчүн уктоо орундары, төшөнчү орундар, шейшептер менен камсыз кылууну милдеттендирет (самын, кир жууган айна, гигиеналык максаттар үчүн кагаз, камераны жыйнап-тазалоочу предметтер).
Ар бир камактагы адам ичүүчү сууга жетүү мүмкүндүгү менен камсыз болушу кажет. Шектүү жана айыпталган адамга жумасына бир жолудан кем эмес, узактыгы 15 мүнөттөн аз эмес душтан жуунуу мүмкүндүгү берилет.
Төмөндө Кыргыз Республикасындагы ички иштер органдарындагы убактылуу кармоочу жайларындагы жана айрым областтардагы тергөө изоляторлорунун шарттары боюнча кармоонун шарттары боюнча жалпы корутундулар келтирилген.
Кыргыз Республикасында бардыгы болуп Кыргыз Республикасындагы ички иштер органдарынын 46 убактылуу кармоочу жайлары бар.
24-диаграмма. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында убактылуу кармоочу жайлардын саны
Чүй облусунун ИИБ УКЖсинде кармоо шарттары
Токмок шаарынын УКЖ.
2016-жылы Токмок шаарынын ИИБ УКЖ капиталдык оңдоолордон кийин колдонууга берилген, бул оңдоо Бишкек шаарындагы ЕККУ Борборунун эсебинен жүргүзүлгөн. Азыркы учурда УКЖ камералары, сейилдөөчү короо, жайкы жана кышкы жуунучу жайлары эл аралык стандарттарга ылайык келет. Ар бир камерада эки кабаттуу керебеттер, санитардык түйүндөр (унитаздар, муздак ичүүчү суусу менен раковиналар), табигый жана жасалма жарык берүү, матрацтар, шейшептер жана идиш бар.
Ошондой эле медициналык кызматкердин иш бөлмөсү колдонууга берилген, ал Кызыл жарым ай коому тарабынан сатылып келген дары каражаттары жана камсыздалып, жабдылган.
Стамбул протоколуна ылайык кыйноолорду натыйжалуу документтештирүү принциптерине үйрөтүлгөн медициналык кызматкер күн сайын УКЖда кармалып турган жактарды кыдырып, карап чыгат. Жумасына бир жолу камактагылар душка түшөт, узактыгы 15-20 минута.
Сейилдөөчү короонун үстүнүн жарымы жабылган, жарымы кандай гана болбосун аба ырайында сейилдөө үчүн ачык.
Жайыл районунун ИИБ УКЖ
Жалпысынан, Жайыл районунун ИИБ УКЖнын кармоо шарты канааттандыраарлык деп табылды. 2016-жылы дагы Жайыл районунун ИИБ УКЖсында медициналык кызматкердин өз алдынча кабинети оңдолуп-түзөлүп, пайдаланууга берилген. Медициналык кызматкер Стамбул протоколунун принциптери боюнча окуудан өттү.
Ысык-Ата районунун ИИБ УКЖ
Ысык-Ата районунун ИИБ УКЖсынын абалы канааттандыраарлык эмес. Имарат капиталдык оңдоого муктаж, камералардагы санитардык түйүндөр иштебеген абалда турат, желдеткичтин жоктугунан камераларда дайыма сасык жыт турат. Табигый жарыктандыруу дээрлик жок. Жылытуу үзгүлтүк менен иштейт. Сейилдөөчү короо жабдылган эмес.
Сокулук районунун ИИБ УКЖ
Сокулук районунун ИИБ УКЖсында 2016-жылы камерасына жана УКЖнын имаратына косметикалык оңдоп-түзөө жүргүзүлгөн. Эс алуучу короодо душ бөлмөсү орнотулган. Медициналык кабинет жабдылган. УКЖ имаратында жана камераларда косметикалык оңдоо жүргүзүлгөн.
Улуттук борбордук кызматкерлери тарабынан камераларда сан. түйүндөр жок экени жана камактагыларды ичүүчү сууга жеткенине чектээри байкалды.
КР Талас облусунун ИИБ УКЖдагы кармоо шарттары
Талас облусунда убактылуу кармоочу эки жай бар, алардын бири Талас шаарында жайгашкан жана Талас шаарын, Талас жана Бакай-Ата райондорун камтыйт, экинчиси - Кызыл-Адыр айылында жайгашкан жана Кара-буура жана Манас райондорун камтыйт.
Кара-Буура районунун ИИБ УКЖ
Кара-Буура районунун ИИБ УКЖсы РИИБнин экинчи кабатында жайгашкан. УКЖда 14 адамды кармоого эсептелген төрт камера бар, анын экөөнүн ар биринин өлчөмү 12 кв.м калган экөө - 6 кв. метрден.
Камерадагы пол жыгач сөөрүнү элестетет. Табигый жарык өлчөмү 0,5 чарчы метр келген терезеден кирип турат.
Электр жарыктандыруу. Эшиктери темир тор менен күчөтүлгөн темирден, тамак бере турган форточкасы бар жана ачкан учурда чектөөч коюлган. УКЖда администрация үчүн кабинет бар, тергөө кабинети жана нөөмөттө тургандар үчүн бөлмө жок. Сейилдөөчү короо бийик бетон дубалдар менен курчалган, үстүнөн темир тор бекитилген.
Аялдарды жана өспүрүмдөрдү кармаган учурда, калган эки камера бекемделет, анын натыйжасында бир адамга карата санитардык аянтка болгон талаптар бузулуп жатат.
Душ бөлмөсү 2015-жылдан бери иштебей турат, ошондуктан камактагылар жуунууга мүмкүнчүлүгү жок. Алардын айтымына караганда, камактагы адамдар чайнектен өздөрүнө суу куюу менен даараткананын раковинасына жуунушат. Бул туурасында ИИБ, РИИБ, райондук жана областтык прокуратурага бир нече долу билдирилген. Маселени чечүү белгисиз бир мөөнөттөргө жылып жатат, ИИМ капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүүгө каражат жок.
Жаңы УКЖ курууга болгон муктаждык чоң, анткени УКЖ эки районго эсептелген. Штат жыйнакталган: 9 киши иштейт.
Талас шаарынын УКЖ
Талас шаарынын УКЖ Талас шаардык ИИБ аймагында жайгашкан.
Талас облусунда ТКЖнын жоктугунан, Талас шаардык ИИБ УКЖсынын да ролун аткарат. Имарат 2003-жылы курулган, анда 8 камера бар, анда 56 адамды кармоого эсептелген. Эки бир кишилик камера бар, алар кургак учук менен ооругандарды кармоо үчүн кармалат. Бир адамга эсептелген аянттын санитардык нормаларынын талаптары аткарылбайт.
Пол жыгач сөөрүгө окшош. Камерада өлчөмү 1 чарчы метр терезеси бар, желдетилет. Камерада жарымы жабылган даараткана, суусу менен кран бар.
Электр менен жылытылат.
Эшиктери темир тор менен күчөтүлгөн темирден, тамак бере турган форточкасы бар жана ачкан учурда чектөөч коюлган.
УКЖда администрация үчүн кабинет, тергөө кабинети, нөөмөтчүлөр үчүн бөлмө бар. Сейилдөөчү короо бийик бетон дубалдар менен курчалган, үстүнө темир тор орнотулган. 3 душ бөлмөсү бар, алардын бирөө гана иштейт. УКЖнын бардык имаратына капиталдык оңдоо зарыл, анткени душ бөлмөлөрү, жылытуу системасы эскирип, жаңылоону талап кылып калган.
Штат жыйнакталган: 14 адам иштейт, алардын үчөө офицер, начальник, начальниктин орун басары, жана улук инспектор конвоир.
Ош шаарындагы жана Ош облусундагы КР ИИБ УКЖ кармоо шарттары
Ош шаарында жана Ош облусунда убактылуу кармоочу сегиз жай жайгашкан.
Ош шаарынын ИИБ УКЖ
Ош шаарынын ИИБ УКЖсында 12 камера бар, аялдар жана жашы жете электер үчүн өзүнчө камералар каралган. Ошондой эле эки тергөө кабинети бар.
Ош ш. ИИБ УКЖсынын бардык камералары капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн жана төмөнкү иштер жасалган: табигый жана жасалма жакшы желдеткичтер менен жабдылган, жылытуу системасы оңдолгон, душ бөлмөсү оңдолгон.
Душ комнатасы эки кабинадан турат, бир бөлмөсү кийинип-чечинүү үчүн, экинчиси -жуунуу үчүн. Эки суу ысыткыч орнотулган, ысык суу бар. Камеранын ичинде унитаздар бар.
Камераларда катар кабат керебеттер менен жабдылган. Камеранын полу жыгачтан. Камеранын ичиндеги желдетүү табигый жана жасалма.
Ашканада муздаткыч жана ичүүчү суунун запасы бар.
Сейилдөөчү короо бар, анда даараткана жана муздат суусу менен жуунгуч жер бар.
Коридордо жана тергөө бөлмөлөрүндө орнотулган видеокамералар аркылуу күнү-түнү видеокөзөмөл жүргүзүлөт. Видеожазууларга жеткини Ош шаарынын прокуратурасынын кызматкерлери алышат.
Жалпысынан, Ош шаарынын ИИБ УЖК кармоо шартына тагылган талаптарга жооп берет.
Чоң-Алай районунун ИИБ УКЖ.
Чоң-Алай районунун ИИБ УКЖ минималдык эл аралык стандарттарга жана улуттук мыйзамдын талаптарына жооп бербейт.
Эки камера бар, алар канааттандыраарлык эмес абалда, эрежеге ылайык жабдылган эмес.
Капиталдык оңдоолорго муктаж. Камактагылар үчүн төшөнчү орундар жетишсиз. Душ кабиналары жок.
Сейилдөөчү короодо жана камераларда даараткана жок. Жасалма жана табигый желдетүү жок, бардык жакта ным болуп турат.
Жылытуу жок. Жарыктандыруу алсыз.
Нарын облусунун ИИБ УКЖ жана Тергөө изоляторунда кармоо шарттары
Нарын шаарындагы № 4-тергөө изолятору (№ 24-мекеме)
Нарын шаарындагы № 4-тергөө изоляторунун сейилдөө короосунун техникалык абалы азыркы учурда негизги проблема бойдон калууда, анткени режимдик корпус сейилдөө короосу менен бирге 1961-жылы курулган. Режимдик корпустун сейилдөө короосунун аянтын чоңойтуу керек. Чатырынан суу агат, отургучтар жок.
Ат-Башы районун ИИБ УЖК
УЖКда азыркы мезгилге чейин суу жылыткычтар иштебей турат. Ушул себептен УЖКга жеткирилгендер санитардык тазалоодон өтүшпөйт жана бир жумада бир жолудан кем эмес душта жуунуп алууга мүмкүнчүлүктөрү жок.
2016-жылы ноябрда Эл аралык Кызыл Крест комитети бардык облус боюнча төшөчү-орундардан (матрастар жана жууркан) алты топтомдон бөлүшкөн. Бирок бул сан бүгүнкү күндөгү керектөөлөрдү жаппайт.
Ат-Башы районунун ИИБ УЖКсиндеги сейилдөө короосундагы даараткана.
Ат-Башы районунун ИИБ УЖКсиндеги даараткана.
№ 51-мекеме (Нарын шаарындагы өндүрүштүк участок, кыштак-колония)
Камактагы адамдар жашаган бөлмөлөрдө жылытуу жок, бөлмө өрт чыгуу коркунучу бар колго жасалган плитка менен жылытылат. Төшөнчүлөрү кир, камакта жаткан мезгили үчүн бир эле жолу жууркан, жаздык жана матрац берилет, шейшептери (шейшеп, жаздык каптар) берилбейт анткени эскирип бүткөн. Камактагыларга камалган учурунда бир гана жолу шейшептер берилет.
Участоктун аянтында мончо же душ кабинасы жок. Мончого ар бири өз эсебинен жуунушат, кээде кызматкерлер акча берип коюшат.
Тамактанууга ЖАМК тарабынан азык-түлүк берилет, бирок ал камактагыларды тойгузуу үчүн жетишсиз.
Кыштак-колониянын аймагындагы бардык обьекттер өтө начар абалда жана капиталдык оңдоого же реконструкцияга муктаж.
Ысык-Көл областындагы КР ИИБ УЖКсында кармоо шарттары
Ысык-Көл райондук ИИБ УКЖсынын аймагында ИИМдин жети ички иштер бөлүмү бар. Алардын ичинен алты ички иштер бөлүмүндө УКЖ бар. Ак-Суу районунун ИИБде убактылуу кармоочу жайы жок. Кармоо шарттары жөнүндөгү мыйзамдын талаптарын аткаруу жаатынан алып караганда, булардын бири да бул талаптарга жооп бербейт.
Бардык камераларга табигый жарыктын кириши жетишсиз. Төшөнчү орундары (матрацтар, жаздыктар, жууркандар) абдан эски. Камактагылар идиш менен камсыздалган эмес. Көпчүлүк УКЖларда жуунуу үчүн шарт жок.
Жүргүзүлгөн иликтөөгө ылайык Жети-Өгүз ИИБ УКЖсы канааттандырарлык эмес абалда турат. Камералар абдан суук жана кичинекей өлчөмдөгү айнектердин күчү табигый жарык кылууга күчү жетпегендиктен жарык жетишпейт. Даараткана сейилдөөчү короодо, суу түтүгү бузук абалда турат.
Каракол шаардык ИИБ УКЖсында шарттары бир гана жагынан жакшыраак, даараткана камераларда жайгашкан, бирок алар тосулган эмес. Айрым камераларда суу берүүдө көп проблемалар жаралат. Душ иштебейт.
Түп райондук ИИБ УЖКда дааратканада сейилдөөчү короонун аянтында жайгашкан. Суу жок, камактагыларга сууну күзөттө тургандар алып келишет. Камераларда табигый жарык жок жана абдан кир.
Ысык-Көл райондук ИИБ УКЖсында шарттары бир топ жакшы. Бирок, бир адамга 3,25 чарчы метр деген норма сакталбайт. Бул жагынан алганда, дайыма ашыкча адам болот, анда 20 адамдын ордуна 30 адам кармалып турганын белгилеп кетүүгө болот, ал ТКЖ бир топ алыста жайгашкандыгына жана адамдарды УКЖдан ТКЖга өз убагында жөнөтүү үчүн администрацияда каражаттын жетишсиздигине байланыштуу. Ошону менен бирге, бул УЖКда душ, даараткана дайыма иштеп тураарын жана камераларда жылуу экендигин белгилеп кетүү керек.
Балыкчы ш. ИИБ УКЖсында өткөн жылы комплекстүү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн. УКЖга жаңы даараткана, душ жана фельдшердик пункт тургузулган. Камактагы адамдарга жаңы матрастар берилген. Башка УЖКларда камалып тургандарга салыштырмалуу, Балыкчы шаарынын ИИБ УКЖда шарттары бир топ жакшы.
Тоң районунун ИИБ УЖКда жылытуу системасында проблема бар. Камералар дайыма суук. Ысык суу жок, аны менен катар муздак сууга да чектөө коюлган.
Баткен областындагы КР ИИБ УКЖларында кармоо шарттары
УЖК 16 адамга эсептелген. 4 камера бар. Ар бир камерада 6-7 адамдан кармалып турат. Ар бир адамга 3,25 чарчы метр деген санитардык норма кармалбайт. Жашы жетпегендер жана аялдар үчүн камера жок. Эгер аялдар кармалып калса, эркектерди калган үч камерага бөлүштүрүшөт. Мунун баары Баткен облусунда ТКЖ жок болгондуктан болуп жатат.
Камералар жылытылбайт, агын суу жок. Санитардык тазалоо иштери жүргүзүлбөйт. Душ кабина суу жылыткычы иштебей калгандыктан, иштебейт.
Лейлек райондук ИИБ УКЖ
УКЖ 16 адамга эсептелген. Дайыма 13-14 адам кармалып турат, санитардык норма кармалат. Камераларда жылуу, имарат жакшы жылытылат. Душ кабиналары жумушчу абалда, жылуу суу бар. Камактагы адамдар жума сайын душка түшүп турушат.
Кадамжай райондук ИИБ УКЖ
УКЖ 24 адамга эсептелген. Негизинен 30 га жакын адам кармалып турат. 3,25 чарчы метр санитардык нормасы кармалбайт. Имарат эски, авариялык абалда. Жылытуу иштейт, жылуу суусу бар, дайыма душка түшүүгө мүмкүнчүлүк бар.
Бүт республика боюнча жабык мекемелердеги кармоо шарттары боюнча жүргүзүлгөн жалпы анализден көрүнүп тургандай, жабык мекемелердеги кармоо шарттары 2014-2015-жылдарга салыштырмалуу бир топ жакшырган. Бул жаңы обьекттердин курулушу жана колдонууга берилиши жана бир катар мекемелерде капиталдык оңдоо иштеринин жүргүзүлүшү менен байланыштуу. Бул мамлекеттик бюджеттен каражаттары менен катар, эл аралык уюмдардын жардамынын эсебинен жүргүзүлдү.
Төмөндө КР Өкмөтүнүн алдындагы ЖАМК жана КР ИИБ айрым мекемелериндеги кармоо шарттарынын жакшырган мисалдары келтирилди.
- 2016-жылы Жалал-Абад ш. № 53 ТКЖ колдонууга берилди (курулушу мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлгөн).
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы № 19 ЖАМК мекемесинин биринчи корпусу колдонууга берилди (курулушу мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлгөн).
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы № 27 ЖАМК мекемесине капиталдык оңдоо жүргүзүлдү (мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлдү).
- Токмок шаарынын УКЖга капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү (чыгымдардын негизги бөлүгүн Бишкек шаарындагы ЕККУ Борбору алды, бир бөлүгү мамлекеттик каражаттын эсебинен жүргүзүлдү).
- Бишкек шаарындагы ШИИБ УКЖда капиталдык оңдоо жүргүзүлдү (Бишкектеги ЕККУ Борборунун каражаттарынын эсебинен).
- Ош шаарындагы ИИБ УКЖда оңдоо жүргүзүлдү (ЭККК, Эл аралык Кызыл Крест Комитетинин каражаттарынын эсебинен).
- Балыкчы шаарынын ИИБ УКЖда оңдоо жүргүзүлдү (ЭККК жарымын каржылады, жарымы мамлекеттик каражаттардын эсебинен каржыланды).
- Лейлек райондук ИИБ УКЖда оңдоо жүргүзүлдү (мамлекеттик каражаттардын эсебинен каржыланды).
- Нарын шаарынын ИИБ УКЖда оңдоо жүргүзүлдү (мамлекеттик каражаттардын эсебинен каржыланды).
- Ноокен районунун ИИБ УКЖда оңдоо жүргүзүлдү (ЭККК каражаттардын эсебинен каржыланды).
КР Өкмөтүнүн алдындагы ИИМ УЖК жана ЖАМК тергөө изоляторуна ар тараптуу баруулардын жыйынтыктары боюнча сунуштар
- УКЖ начальниги даттанууларды жана сунуштарды жазуу үчүн эртең мененки кыдыруу учурунда журнал ачылышы керек.
- Бардык УКЖларга сейилдөө учурун так көрсөтүү менен эс алуунун графигин илүү керек.
- ИИБ УКЖ камераларын табигый жарыкка жеткиликтүүлүгүн камсыздоо керек.
- Камактагыларга кыш мезгилинде душка түшүү мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн УКЖлардын имаратынын ичинде душ кабиналарын орнотуу керек.
- УКЖлардагы санитардык түйүндөрдү орнотуп, же барларын оңдоо керек.
- Кыска мөөнөттүн ичинде аялдарга жана жашы жете электерге багытталган Жалал-Абад областындагы № 53 тергөө изоляторун ишке киргизүү.
- Балыкчы шаарынын ИИБ УКЖ, Нарын шаардык ИИБ УКЖда камактагыларды кармоо практикасын жоюу, анткени аларды № 3 жана № 4 тергөө изоляторуна которуу мүмкүнчүлүгү жок.
- УКЖлардын толуп кеткенине байланыштуу, УКЖ да жашы жете электерди чогуу кармоо практикасын жоюу.
- № 5 тергөө изоляторунун жана башка КР Өкмөтүнүн алдындагы ЖАМКлардын медициналык кызматкерлерин кыйноо жана катаал мамиле кылууну тиешелүү иликтөө органдарына маалымат берүү менен, натыйжалуу документтештирүү стандарттарын кынтыксыз аткарууга милдеттендирүү.
- Коркутуу жана моюнга алдыруу көрсөтмөлөрүн алуу максатында издөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин түнкүсүн келүүлөрүнө уруксат берүү практикасын алып салуу.
- Кармалгандарды УКЖга киргизүүдө милдеттүү медициналык кароодон өткөрүү жөнүндө мыйзамдык талаптарды ИИБ УКЖларда кынтыксыз аткарылышына контролду күчөтүү.
- УКЖга кармалгандардын даттанууларын каттоо үчүн журналды ишке киргизүү.
2016-жылы психиатриялык мекемелерге ар тараптуу баруулардын жыйынтыгында Улуттук борбор Кызыл-Жар кыштагындагы Республикалык психиатриялык ооруканадагы жана Ивановка айылындагы Республикалык психиатриялык ооруканадагы оорулуулардын кармоо шарттары жана укуктары канааттандыраарлык эмес экенин табышты.
Кызыл-Жар кыштагындагы республикалык психиатриялык ооруканасы
Республикалык психиатриялык оорукана (мындан ары - РПО) жайгашкан Кызыл-Жар кыштагы 1952-1961-жылдары уран шахтасынын ачылышына байланыштуу түзүлгөн. 1962-жылы ал жабылгандан кийин бош калган имаратты психиатриялык ооруканага айландыруу чечими кабыл алынган.
РПОнун балансында 58 имарат бар, алардын ичинен азыркы учурда 32 имарат пайдаланылбайт, 19-капиталдык оңдоп-түзөөнү талап кылат.
РПО калкка психиатриялык, наркологиялык жана психотерапевтикалык жардам көрсөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ведомствого караштуу мекемеси болуп саналат. Ал Жалал-Абад областтык психиатриялык ооруканасынын ишин улантуучу болуп эсептелет.
Өз убагында ооруканага 122 орунга эсептелген. Азыркы учурда оорукананын орундук фонду 325 керебетти түзөт. РПОнун түзүмүндө сегиз бөлүм жайгашкан.
- № 1 бөлүмдө, катуу психикалык бузулуулары менен эркектерди дарылоо үчүн 50 керебет;
- № 2 бөлүмдө оор кылмыштарды жана баңгизат соодасында шектүү эркектерди мажбурлап дарылоо үчүн 50 керебет (бөлүмдүн терезесине темир торлор орнотулган);
- № 3 бөлүмдө, психонаркологиялык эркектерди дарылоо үчүн 50 керебет;
- № 4 бөлүмдө катуу психикалык бузулуулары менен аялдарды дарылоо үчүн жана аялдарды мажбурлап дарылоо үчүн 50 керебет;
- № 5 бөлүмдө психонаркологиялык аялдарды дарылоо үчүн 50 керебет;
- № 6 бөлүмдө психосоматикалык бузулуулары менен оорулууларды дарылоо үчүн 30 керебет;
- № 7 бөлүмдө психикалык кургак учук 20 керебет;
- № 8 бөлүмдө соттук-психиатриялык экспертиза жана мажбурлап дарылоо бөлүмү, 25 керебет;
Төмөндө психиатриялык оорукананын 2015-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө таблица берилген.
9-таблица. Республикалык психиатриялык оорукананын 2015-жыл үчүн ишмердүүлүгү
Бөлүмдөрдүн аталышы | Керебеттин саны | Күнүнө керебеттин саны | Дарыланган оорулуулар | Өлгөндөр | Орточо келүүлөр (күн) | Керебеттин иши (күн) | 365 күнгө эсептегенде керебеттин иши (%) | 365 күнгө эсептегенде керебеттин иши (%) |
№ 1 бөлүм | 50 | 19806 | 261 | 0 | 76 | 396 | 117 | 109 |
№ 2 бөлүм | 50 | 10998 | 18 | 0 | 611 | 220 | 65 | 60 |
№ 3 бөлүм | 50 | 18343 | 498 | 0 | 37 | 367 | 108 | 101 |
№ 4 бөлүм | 50 | 17350 | 235 | 0 | 74 | 347 | 102 | 95 |
№ 5 бөлүм | 50 | 16424 | 152 | 0 | 108 | 328 | 97 | 90 |
№ 6 бөлүм | 30 | 10662 | 724 | 0 | 15 | 355 | 105 | 9 |
№ 7 бөлүм | 20 | 7751 | 27 | 2 | 287 | 388 | 114 | 106 |
№ 8 бөлүм (СПЭК) | 15 | 3845 | 56 | 0 | 69 | 256 | 75 | 70 |
№ 8 бөлүм (МАЖБ) | 10 | 5990 | 8 | 2 | 749 | 599 | 176 | 164 |
№ 8 бөлүм боюнча бардыгы | 25 | 9835 | 64 | 2 | 154 | 393 | 116 | 108 |
Оорукана боюнча бардыгы | 325 | 111169 | 1980 | 4 | 52 | 342 | 101 | 94 |
Таблицадан көрүнүп тургандай, 2015-жылы 1980 бейтап дарыланган, анын ичинен төрт бейтап өлгөн. Керебетке бейтаптын орточо келишинин эң жогорку көрсөткүчү № 8, 2, 7 бөлүмдөрдө белгиленген жана 749, 611, 287, 108 күндү түзгөн.
Мекеменин ишмердүүлүгүнүн натыйжасы боюнча, № 8, 1, 3 жана 7 бөлүмдөр толуп кетүү менен иштейт (салыштырмалуу 164%, 109%, 101%, 106%), т.а. бул бөлүмдөргө кошумча керебеттер коюлат.
Ушундай эле кырдаал 2016-жылдын 1-кварталында түзүлдү. Ошол эле режимде бөлүмдөрдүн иштөө шартында, мурдагы жылдардагыдай эле орундардын иши жол берилген ченемден ашып жатат.
Андан сырткары, РПО кошумча түзүмдөрүнө рентген-кабинет, тиш дарылоо, физиотерапия, дарылоо-дене тарбия кабинети, клиникалык лаборатория, дарыкана жана архив катышат.
РПОнун штаттык кызматы 316 персоналды түзөт. Алардын 26сы штаттык дарыгерлик кызматтын 23,5и толук, пенсия жашындагы жана пенсия алдындагы курактагы 17 кызматкер иштейт. Шайкештик коэффициенти 1,4% түзөт. Орто медициналык персоналдын 97,5 штаттык кызматы толук, 95 кызматкер иштейт. 122 кенже медициналык персоналдын штаттык кызмат ордунда 119 кызматкер иштейт.
Андан сырткары, бардыгы толук деп эсептелген башка персоналга туураланган 71,25 штаттык кызматтарда 61 кызматкер иштешет.
10-таблица. 2016-жылга карата Республикалык психиатриялык ооруканасынын штаттык расписаниеси
Бөлүмдүн аталышы | Керебеттин саны | Дарыгерлер (ставкалардын саны) | Орто медициналык персонал (ставкалардын саны) | Кенже медициналык персонал (ставкалардын саны) |
№ 1 бөлүм | 50 | 1,50 | 10,00 | 17,00 |
№ 2 бөлүм | 50 | 3,50 | 15,00 | 18,50 |
№ 3 бөлүм | 50 | 1,50 | 10,00 | 16,00 |
№ 4 бөлүм | 50 | 1,50 | 10,00 | 16,00 |
№ 5 бөлүм | 50 | 1,50 | 10,00 | 16,00 |
№ 6 бөлүм | 30 | 2,00 | 10,00 | 8,00 |
№ 7 бөлүм | 20 | 2,00 | 7,50 | 7,00 |
№ 8 бөлүм | 25 | 3,50 | 8,00 | 16,00 |
Жалпы оорукананы аталышы | 10 | 4,00 | 8,00 | 3,50 |
Көмөктөшүүчү бөлүмдөр |
| 3,00 | 8,00 | 4,00 |
Дарыкана |
| 2,00 | 1,00 |
|
Бардыгы | 335 | 26,00 | 97,50 | 122,00 |
11-таблица. Иштеп жаткан башка персоналдардын саны
Бөлүмдүн аталышы | Башка персонал (ставкалардын саны) |
Жетектөөчү аппарат | 12,75 |
Автогараж | 4,00 |
Чарбачыл персонал | 31,0 |
Тамак аш блогу | 10,50 |
Наабайкана | 6,00 |
Кир жууган жай | 7,00 |
Бардыгы | 71,25 |
Бардыгы | 316,75 |
Кызыл-Жар айылындагы РПОго алдын ала баруунун натыйжасы төмөндөгүдөй тыянакка алып келди:
- элементардык санитардык-гигиеналык эрежелер жана ченемдер сакталган эмес, ал эми бейтаптарды кармоо шарттарын адамгерчиликсиз жана адамдын аброюн кемсинтүүчү деп таанууга болот;
- бейтаптарды медициналык күбөлөндүрүү жана андан ары дарылоо ошол эле уюмда, кызыкчылыктардын жаңжалына алып келген ошол эле дарыгерлер тарабынан жүргүзүлөт;
- экспертиза жүргүзүүнүн заманбап стандарты жок (келгенде экспертиза жүргүзүү боюнча жетекчиликтин клиникалык протоколдору жок болуп чыкты);
- бейтаптарга диагноз коюу жана дарылоо эл аралык стандарттарга ылайык келбейт; көпчүлүк бейтаптар мекемеде мыйзамсыз, соттун санкциясыз, аларды кийин РПОго келүүгө мыйзамдаштыруу менен турушат. Мындай көрүнүштөрдү ооруканада бейтаптарды мыйзамсыз кармоо катары кароо керек, ал өзүнөн жазык жоопкерчилигин көрсөтөт;
- мажбурлап дарылоонун мыйзамда белгиленген алты айлык мөөнөтү аяктаган учурда документтерди өз убагында тариздебөө жана алардын соттун кароосуна бербөө мыйзамды негизги бузуулар болуп саналат;
- оорулууну соттун санкциясыз стационарда узакка кармоодо мамлекет тарткан экономикалык жоготуулар бюджетке олуттуу зыян алып келет;
- оорулуулардын жана медициналык жеке коопсуздуктарына алардын укуктарын жеткиликсиз камсыз кылуу кызматкерлердин укуктарынын орой бузулушу болуп саналат. РПОнун бөлүмдөрүндө катуу, күчөтүлгөн жана кадимки режим көзөмөлү менен оорулуулар чогуу болушат. Бир адистештирилген бөлүмдө көзөмөлдөөнүн катуу жана күчөтүлгөн режими белгиленген адамдардын жана оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылгандардын бир убакта болушу башка бейтаптардын болушу үчүн, ошондой эле мекеменин персоналдары үчүн кооптуу болуп саналат.
Ошондой эле бул мекеменин географиялык обочолонгондугун, колдойгон жана эскирген инфраструктурасын, жалпы саламаттык сактоонун кызмат көрсөтүүлөрүнө жетүү мүмкүндүгүнүн абдан төмөн экендигин белгилөөгө болот.
Көрсөтүлгөн бузуулар көп жагынан РПОну башкаруу ишиндеги кемчиликтер жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан оорукананын ишине зарыл контролдун жоктугуна, анын ичинде колдонуу бөлүгүндө дагы, ал чараларды өзгөртүү, узартуу жана/же алып салуу жагынан дагы медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуунун тартибинин аткарылышы үчүн ылайыксыз прокурордук көзөмөлгө байланыштуу.
Ивановка айылындагы Республикалык балдардын психиатриялык ооруканасы
Республикалык балдардын психиатриялык ооруканасы Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Ивановка айылында жайгашкан. Бул мекеме жайгашкан имараттын абалы канааттандырарлык. Ар бир корпуста балдар аныкталган бир программада окуй тургандай, өзүнүн класстары бар. Бул класстардын жабдылышы жакшы, бирок, тарбиячылардын айтуулары боюнча окуу китептеринин, окутуучу видеоматериалдардын жана башка билим берүүчү материалдардын жетишсиздиги бар.
Бирок, мониторингдин алкагында биринчи кезекте, аталган психиатриялык мекеменин кызматкерлерине байланышкан көйгөйлөр да табылды. Негизинен, кенже топтогу балдары санитарлардын жүрүм-турумдарына даттанышкан, алардын сөзү боюнча "абдан орой, дайыма урушат жана кыйкырышат О.э. оорукананын Ширин аттуу кызматкери тарабынан балдарга карата катаал мамиле кылган учуру табылган, ал "тынч саатта" режимди бузгандыгы үчүн баланы табигый эмес позада жип менен байлап, аны бир саатка жакын ошол абалда турууга мажбурлаган. Бул бала менен сүйлөшүүнүн натыйжасында, моюнунун аркасында, кежигесинин ылдый жагында бул жиптен калган тырык бар экени белгилүү болду. Жабыркаган бала башында эч нерсе айтпай, болуп өткөн окуя жөнүндө эч нерсе айткысы келген жок, андан кийин ал "өзүн жаман алып жүргөнү үчүн" санитарка байлап койгонун моюнга алды. Бул факт боюнча Улуттук борбор тарабынан прокуратура органына билдирүү жөнөтүлгөн.
Балдарга катаал мамиле кылуудан бөлөк, бул психиатриялык мекеменин түзүмүндө "Медициналык психолог жөнүндө" жобонун талаптарына ылайык каралышы керек болгон психологдун штаттык бирдиги жок экендиги табылды. Мүмкүн, бир гана оорулууларга эмес, анын кызматкерлерине да психологиялык жардамдын жоктугу мындай мекемелерде кездешип жаткан окуялардын себеби болуп жатышы мүмкүн.
Эксперттерди (дарыгер-психиатр) тартуу менен чогуу жүргүзүлгөн оорулардын таржымалын талдоо төмөнкүлөрдү тапты:
- болжолдуу 95% бейтап бул мекемеде "акыл жагынан артта калган" диагнозу менен турат, бул психиатриялык стационарга жайгаштыруу үчүн негиз болуп саналбайт. Ошону менен бирге диагноз жүрүм-турум элементтеринин бузулуусун камтыйт, ал обочолоо шарттарында психиатриялык стационарда узакка туруу үчүн дагы күмөндүү.
- 80%ден ашык бала Красноречка жана Дмитриев балдардын жатак үйлөрүнө жайгаштырууга жөнөтүлдү;
- балдардын энурезин (заарасын кармабоо) дарылоо үчүн "Масло Коровяка" гомеопаттык каражат пайдаланылат, аны колдонуунун ишенерлик деңгээли жок;
- бейтапты анын макулдугусуз мажбурлап дарылоо учуру табылды;
- ага эч кандай дарылоо көргөзбөстөн, баланы 20 күндөн ашык стационарда кармаган учурлар кездешет;
- мекеменин психиатр-дарыгерлеринде балдардын жана өспүрүмдөрдүн психиатриясы боюнча адистиги жок;
- психикалык жана жүрүм-турум бузулууларын дарылоо боюнча клиникалык протоколдор жок;
- ооруканага жаткыруунун критерийлери, мөөнөттөрү жана чыгаруунун критерийлери жок;
- медицинада далилденген талаптарды эске алуу менен психотроптук каражаттарды, психологиялык жана психотерапиялык кийлигишүүлөрдү дайындоо жок.
- Активдүү психотиптик симптоматикалары жана психомотордук козголуусу жок, жүрүм-турумдун оолукма түрү (селсаяктык, уурулук) менен акыл жагынан артта калган бейтаптарга негизсиз жана так критерийлерсиз, аминазин - нейролептиктердин тобундагы психотроптук препарат жазып берилген учурлар табылды. Жүрүм-турумдун оолукма түрүндө психологиялык жана психотерапиялык жардам көрсөтүлбөйт (Красноречка жана Дмитриев балдардын жатак үйлөрүнүн мүнөздөмөлөрүнө ылайык тартылуу патологиясы - уурулук, жаныбарларга катаал мамиле жасоо, психосексуалдык өнүгүүнүн бузулушу).
Оорунун таржымалында нейролептиктер тобундагы (аминазин ) психотроптук препараттарды жазып берүү үчүн керектүү психомотордук дүүлүгүүнүн так симптому жок болгон. Балага катаал мамиле жасаган учур аныкталган бөлүмдө стационардык шарттарда энурездин пайда болгон учурлары табылган, анамнезде энурездин бир дагы зпизоддору көрсөтүлгөн эмес. Бул учурлар балага катаал мамиле жасаган учур катталган бөлүмдө табылган.
Психиатриялык мекемелерге баруунун жыйынтыктары боюнча сунуштар
- Биринчи медициналык-санитардык жардам көргөзүү, ооруканага жаткыруунун критерийлери жана аны психикалык жана жүрүш турушундагы бузулуусу бар балдар үчүн жардам көргөзүүдөгү стандарттарды эске алуу менен негиздөө этаптары аркылуу ооруканага жаткыруу үчүн жолдомонун так алгоритмдерин иштеп чыгуу зарыл.
- Жардам көрсөтүү стандарттарын, клиникалык протоколдорду жана балдар жана өспүрүмдөргө психиатриялык жана социалдык комплекстүү жардам көрсөтүү боюнча колдонмону иштеп чыгуу зарыл.
- Психолог жана социалдык кызматкерди курамына киргизүү менен, психосоциалдык комплекстүү жардам көрсөтүү үчүн кызматкерлердин штатын оптималдаштыруу керек.
- ЖМДКТ (жашоо үчүн маанилүү болгон дары каражаттарынын тизмеси) тизмесинен бардык психотроптук каражаттар жан жалпы соматикалык каражаттарды камсыз кылуу керек.
- Персоналдын, анын ичинде балдардын жана өспүрүмдөрдүн психиатрия тармагындагы персоналдын квалификациясын дайыма жогорулатып туруу, ал эми дарыгер-психиатрлар менен - балдардын психиатерапиясы жана психосоциалдык реабилитация боюнча адистиктерге окутуу.
- Психикалык саламаттыкты сактоонун республикалык борборуна койкалык фондду которуу менен реструктуралаштыруу жана оптималдаштыруу боюнча маселени карап чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты Сактоо министрлигинин улуттук программасынын стратегияларын эске алуу менен биринчи жардамдын деңгээлине жана аймактык ооруканалардын деңгээлине чыгаруу маселесин кароо керек, ошондой эле мекемени реабилитациялык кайра багыттоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу керек.
- Кызыл-Жар кыштагындагы РПОдо мажбурлап кармалган адамдарды башка оорулуулардан бөлүп кармоо.
V. МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАР ЖАНА ЭЛ АРАЛЫК УЮМДАР МЕНЕН ӨЗ АРА АРАКЕТТЕШҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИ ЖАНА КЫЙНООГО КАРШЫ КҮРӨШҮҮ БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК ОРГАНДАРДЫН, КЫЙНООНУН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА УЛУТТУК БОРБОРДУН СУНУШТООЛОРУН ИШКЕ АШЫРУУ
5.1. Мамлекеттик органдар тарабынан 2015-жылга Улуттук борбордун сунуштоолорунун аткарылышын талдоо
Кыйноолордун алдын алуу чөйрөсүндө кырдаалдарды жакшыртуу максатында сунуштарды иштеп чыгуу, эркиндигинен ажыратылган жана чектелген жайларда кармалган адамдарга гумандуу мамиле жасоо жана кармоо шарттарынын стандарттарын камсыз кылуу Улуттук борбор тарабынан жүргүзүлгөн ишмердүүлүктүн негизги максаты болуп саналат. Иштелип чыккан сунуштоолор жыл сайын Улуттук борбордун баяндамаларында берилет. Ошентип, бүгүнкү күндө 2013, 2014 жана 2015-жылдар үчүн сунуштоолор берилген.
Улуттук борбор жөнүндө Мыйзамдын 29-беренесине ылайык мамлекеттик органдар жана кызмат адамдары бул сунуштоолорду кароого жана аларды ишке ашырууга көмөктөшүүгө милдеттүү.
2013, 2014 жана 2015 - үч жыл үчүн Улуттук борбордун сунуштоолорун аткарууну салыштырмалуу талдоо, көпчүлүк бөлүгү аткаруу процессинде тургандыгын көрсөттү.
1. "Мамиле жасоонун жана жазанын кыйноо жана башка катаал, адамгерчиликсиз же абройду басынтуучу түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун 2013-жыл үчүн баяндамасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 17-апрелиндеги № 3981-V токтому.
2013-жыл үчүн Жылдык баяндаманын жыйынтыгы боюнча бардыгы болуп, мамлекеттик органдарга 10 сунуштоо берилген. Алардын ичинен (2014-жылдын декабрына карата):
Аткарылганы - 6
Аткарылбаганы - 2
Жарым-жартылай аткарылганы - 1
Аткаруу процессиндеги - 1
2. "Мамиле жасоонун жана жазанын кыйноо жана башка катаал, адамгерчиликсиз же абройду басынтуучу түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун 2014-жыл үчүн баяндамасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 17-июнундагы № 5250-V токтому.
2014-жыл үчүн Жылдык баяндаманын жыйынтыгы боюнча бардыгы болуп, мамлекеттик органдарга 18 сунуштоо берилген. Алардын ичинен (2015-жылдын декабрына карата):
Аткарылганы - 9
Аткарылбаганы - 1
Жарым-жартылай аткарылганы - 3
Аткаруу процессиндеги - 5
3. "Мамиле жасоонун жана жазанын кыйноо жана башка катаал, адамгерчиликсиз же абройду басынтуучу түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун 2015-жыл үчүн баяндамасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 19-майындагы № 566-VI токтому.
2015-жыл үчүн Жылдык баяндаманын жыйынтыгы боюнча бардыгы болуп, мамлекеттик органдарга 38 сунуштоо берилген. Алардын ичинен (2016-жылдын декабрына карата):
Аткарылганы - 8
Аткарылбаганы - 1
Жарым-жартылай аткарылганы - 7
Аткаруу процессиндеги - 22
12-таблица. Мамлекеттик органдар тарабынан 2015-жылга Улуттук борбордун сунуштоолорунун аткарылышы(7)
2015-жыл үчүн сунуштоолор | ||||||
№ | Министлик/ведомство | Сунуштоолордун саны | толук аткарылган | жарым-жартылай аткарылган | аткаруу процессинде | аткарылган эмес |
1 | КР Өкмөтү | 9 | 1 | 1 | 7 | 0 |
2 | КР Өкмөтүнө караштуу АУКК | 3 | 0 | 0 | 3 | 0 |
3 | КР Жогорку соту | 1 | 1 |
|
| 0 |
4 | КР Башкы прокуратурасы | 10 | 3 | 2 | 5 | 0 |
5 | КР ИИМ | 10 | 2 | 3 | 4 | 1 |
6 | КР Саламаттык сактоо министрлиги | 3 | 1 | 0 | 2 | 0 |
7 | КР Өкмөтүнө караштуу ЖАМК | 2 | 0 | 1 | 1 | 0 |
2015-жыл үчүн жылдык баяндамада мамлекеттик органдарга кыйноого каршы күрөшүү ишмердүүлүгүн козгогон 38 сунуштоо берилген. Сунуштоолордун көпчүлүк бөлүгү (51%) Ички иштер министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына киргизилген.
Мамлекеттик органдар тарабынан Улуттук борбордун сунуштоолорунун аткарылышынын деңгээлин талдоонун жыйынтыгы боюнча, алардын ичинен көпчүлүгү аткаруу стадиясында тургандыгы аныкталды.
КР Башкы прокуратурасына карата чыгарылган сунуштоолордун жарымы ишке ашыруу стадиясында турат, үч сунуштоо толугу менен аткарылган.
ИИМге карата чыгарылган, 2013-2017-жылдар аралыгында ички иштер органдарын реформалоо боюнча чараларды ишке ашыруу боюнча аракеттердин планынын алкагында ички иштер органдарынын ачык-айкындуулук деңгээлин жогорулатуу, тышкы мамлекеттик жана коомдук контролдоо үчүн алардын жеткиликтүүлүк маселелерин кароо, ошондой эле Улуттук борбордун ишмердүүлүгүн жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылууга жол бербөө тууралуу сунуштоо аткарылган жок. 2016-жыл үчүн ИИМ тутумунун мекемелеринде Улуттук борбордун ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылуу фактыларынын абдан көп саны белгиленген.(8)
Ошондой эле ИИМ ыкчам-тергөө аракетин жүргүзүүнүн укук ченемдүүлүгүн баалоого мүмкүндүк бербеген кабинеттерде жана башка жерлерде тергөө иштерин жүргүзүүнү алып салуу жана мыйзамдардын процесстик ченемдеринин убактыларын сактоо боюнча сунуштоолорду аткарган жок.
Ички иштер министрлигинин, Юстиция министрлигинин, Социалдык өнүгүү министрлигинин, Билим берүү министрлигинин жана Саламаттык сактоо министрлигинин, КР Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызмат адамдарына, Улуттук борбордун зомбулукту натыйжалуу документтештирүү боюнча Практикалык колдонмону колдонуу боюнча иштерди жүргүзүүдө медициналык кызматкерлерге көмөк көрсөтүүгө салыштырмалуу сунуштоолор жана маалыматтар ишке ашыруу процессинде турат.
Улуттук борбордун сунуштоолорун аткаруунун бөлүгү олуттуу финансылык каражаттарды салууга байланыштуу экендигин белгилөө керек. Ошондуктан, КР ИИМинин расмий катында "КР ИИМинин ФЧКББсынан алынган маалыматка (кирүү 14/116 12.07.2016-ж.) ылайык кураторлук кылган прокурордун онлайн-кирүүсүн камсыз кылуу менен УКЖга видеокөзөмөл орнотуу боюнча чыгымдардын сметасы түзүлдү, анда бир санариптик видеокөзөмөлүн техникалык шарттары менен орнотуунун наркы 58405 сомду түздү. Азыркы учурда республиканын ИИБ жетекчилиги тарабынан видеокөзөмөл орнотуу үчүн акча каражаттары изделүүдө". Ошентип, видеокөзөмөл камерасын орнотуу чыгымынын минималдык суммасы (УКЖнын 246 камерасына гана видеокөзөмөлдү орнотуунун эсебинен) 14367630 (он төрт миллион үч жүз алтымыш жети миң алты жүз отуз) сомду түзөт.
Бирок, 2013-жыл үчүн Улуттук борбордун жылдык баяндамасында эле Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан бардык УКЖ, ТКЖларда видеокөзөмөлдөө камераларын орнотуу жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кабинеттеринин жайгашуу коридорлору жөнүндө сунуштоолор берилген. Иш-чаралардын планын 26-пунктунда бардык УКЖ, ТКЖларда финансылоо булактарын аныктоо менен видеокөзөмөлдөө камераларын орнотуу жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин, ыкчам ыйгарым укуктуулардын, участкалык инспекторлордун кабинеттеринин жайгашуу коридорлору боюнча кыска мөөнөттүү планын иштеп чыгуу талаптары каралган. Бул талап азыркы учурга чейин, үч жыл өтсө да аткарылган жок.
Ошондой эле 2013-жыл үчүн Улуттук борбордун жылдык планында ИИМдин УКЖсын, ЖАМКнын УКЖсын, УКМКнын УКЖсын, Кыргыз Республикасынын УКМКсынын ТКЖсын кыйноолор жөнүндө маселелер боюнча БУУнун Атайын баяндамачысынын сунуштоолорун аткаруу жана кыйноонун системалык алдын алуу боюнча натыйжалуу ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруу үчүн КР Өкмөтүнө караштуу ЖАМКнын башкаруусуна өткөрүп берүү жөнүндө сунуштоо берилген.
Иш-чаралар планынын 27-пунктунда "ИИМдин, БКМКнын башкаруусунан ЖАМКнын башкаруусуна убактылуу кармоо жайларын өткөрүп берүү маселелерин изилдөө" белгиленген.
Өкмөт көрсөтүлгөн маморгандар (ИИМ, УКМК, БКМК, ЖАМК) менен бул сунуштоону биргеликте кароону уюштурган, анда төмөнкү себептердин күчү менен көрсөтүлгөн мекемелерди өткөрүп берүүнү жүзөгө ашыруунун максатка ылайыксыздыгы жөнүндө билдиришти:
- УКЖда кылмыш жасоого шектүү адам турат, аларды ЖАМКнын тутумунда кармоо алардын укуктарынын жана эркиндиктеринин бузулушуна алып келет;
- ЧУАлардын көптөгөн көлөмүнө текшерүү жүргүзүү керек;
- ЖАМКнын персоналдарын көбөйтүү жана мекемелерди куруу үчүн кошумча финансылык каражаттарды издөө керек.
Бул сунуштоону ишке ашырууда аткаруудан баш тартылды (Вице-премьер министрдин 26.06.2014-жылдагы каты, чыгыш номери № 13-14592/23).
Бир нече жылдан бери орун алып келген Улуттук борбордун сунуштоолорун мамлекеттик органдардын аткарбоо жана өз убагында аткарбоо жана ошого ылайык ал сунуштоолорду ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун аткарбоо практикасын жоюу үчүн 2016-жылы Улуттук борбордун сунуштоолорун ишке ашыруу боюнча Улуттук борбор эки тегерек үстөлдү өткөрүүнү демилгеледи.
2016-жылы 25-июнда Бишкек шаарында 2015-жыл үчүн Улуттук борбордун Жылдык баяндамасын карап чыгуунун натыйжалары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин сунуштоолорун берүү, ошондой эле 2015-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмен) баяндамасы боюнча Тегерек үстөл болуп өттү.
2016-жылы 30-ноябрында "Парк-Отель" мейманканасында "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 19-майындагы № 566-VI токтомуна ылайык 2015-жыл үчүн кыйноолордун алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун Жылдык баяндамасынын жыйынтыгы тууралуу сунуштоолорду ишке ашыруу" деген темада Тегерек үстөл болуп өттү.
Улуттук борбордун баяндамасынын бетачары 2015-жыл үчүн Улуттук борбордун сунуштоолорун ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынган чараларды талдоону кучагына алды.
2016-жылга Улуттук борбордун сунуштоолорун аткаруу боюнча чоң иштерди Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жүргүзгөн, анын жетекчилиги астында 2014-жылы медициналык адистердин практикасына, саламаттык сактоонун бардык деңгээлдеринин медициналык адистери үчүн "Мамиле жасоонун жана жазанын зомбулук, кыйноо жана башка катаал, адамгерчиликсиз жана абройду кемсинтүүчү түрлөрүн натыйжалуу документтештирүү" практикалык колдонмосу, ошондой эле зомбулук, кыйноо жана катаал мамиле кылуу боюнча мамиле жасоодо (келүүдө) медициналык кароонун формалары жана кыйноо жана катаал мамиле жасоо учурларын документтештирүүдө соттук-медициналык, соттук психиатриялык жана комплекстүү соттук психологиялык-психиатриялык экспертизалардын корутунду формалары киргизилди.
Саламаттык сактоонун, Улуттук борбордун, Кыргызстанда кыйноого каршы коалициянын кызматкерлеринин ичинен эксперт-тренерлердин тобу тарабынан 2015-2016-жылдардын аралыгында өлкөнүн бардык аймактарынан 800дөн ашык дарыгер, соттук-медициналык эксперттер жана соттук психологдор жана психиатрлар Стамбул протоколуна жана анын негизинде иштелип чыккан улуттук документке - Практикалык колдонмого ылайык кыйноону жана катаал мамиле жасоону натыйжалуу документтештирүү принциптерин окуп үйрөнүштү.
5.2. Кыйноонун жана катаал мамиле жасоонун алдын алуу тутумунун натыйжалуу ишмердүүлүгүн камсыз кылуу үчүн мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттешүү маселелери
Эркиндигинен ажыратылган жана чектелген жерлерде кыйноонун жана катаал мамиле жасоонун алдын алуу боюнча стратегияны иштеп чыгуу жана анын аткарылышын координациялоо жана көзөмөлдөө, аны ишке ашырууга катышуу, ошондой эле кыйноонун жана катаал мамиле жасоонун алдын алуу тутумунун натыйжалуу ишмердүүлүгүн камсыз кылуу үчүн мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттешүү Улуттук борбор жөнүндө Мыйзамда белгиленген маанилүү милдеттердин бири болуп саналат.(9)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин (АУКК) ишинин алкагында 2016-жылы механизмди жакшыртуу максатында Улуттук борбор тарабынан Стамбул протоколун жайылтуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу тобун түзүү демилгеленген. Натыйжада КР Өкмөтүнө караштуу АУККнын отурумунун протоколу менен 2016-жылы 22-декабрда ведомстволор аралык жумушчу тобунун курамы түзүлгөн жана бекитилген (№ 3 тиркемени кара).
Ушул баяндаманын үстүндө иштин жүрүшүндө, ведомстволор аралык жумушчу тобу тарабынан Улуттук борбордун жетекчилигинин астында, № 4 тиркемеде көрсөтүлгөн
2017-2020-жылдарга Стамбул протоколун жайылтуу боюнча Аракеттердин планын ишке ашыруу аркылуу кыйноону жана катаал мамиле жасоону жок кылуу багытында ведомстволор аралык өз ара аракеттешүү механизми иштелип чыккан. Бул Планда кыйноону жана катаал мамиле жасоону натыйжалуу документтештирүүнү жүргүзүү үчүн керектүү ар бир багыттын алкагында иш-чаралар көрсөтүлгөн, бийликтин өз алдынча органдары үчүн Милдеттер коюлган, бийлик органдарынын өз ара жана жарандык секторлор менен өз ара аракеттенүү жолдору аныкталган, ар бир иш-чара боюнча алдын ала бюджет жана аткаруу мөөнөттөрү белгиленген. 2017-2020-жылдарга Стамбул протоколун жайылтуу тууралуу Аракеттердин ушул планын ишке ашыруу боюнча жалпы жетекчиликти Улуттук борборго жүктөө сунушталат.
Кыйноонун жана катаал мамиле жасоонун алдын алуу тутумунун натыйжалуу ишмердүүлүгүн камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы (КР КК БШ) тарабынан 2016-жылдын декабрында Улуттук борбор менен кызматташууда 2017-жылдын январында КР КК БШнын начальниги тарабынан бекитилген "КР Улуттук борборунун жана КР Акыйкатчысынын (Омбудсмен) Аппаратынын кызматкерлеринин Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн мекемелерине жана аскердик бөлүктөрүнө кыйноонун алдын алуу боюнча келүүлөрүнүн тартиби жөнүндө нускама" иштелип чыкты. Бул нускама Улуттук борбордун ишмердүүлүгүнө мындан ары тоскоолдук кылууну менен бузууларды болтурбоого жана КР Куралдуу күчтөрүнүн мекемелеринде жана аскердик бөлүктөрүндө кыйноо жана катаал мамиле жасоо жаатында иштерди жакшыртууга арналат.
Башка мамлекеттик органдарда жана өз алдынча башкаруу органдарында ушундай ведомство ичиндеги актыларды (жоболорду, нускамаларды, буйруктарды) иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, эркиндигинен ажыратылган жана чектелген жайларга жайылтуу, кыйноонун жана катаал мамиле жасоонун алдын алуу боюнча ишти жакшыртууга жана өз ара аракеттешүү маселелериндеги бир топ көйгөйлөрдү чечүүгө мүмкүндүк түзөт.
5.3. Улуттук борбордун адам укуктары боюнча эл аралык органдар, башка өлкөлөрдүн улуттук алдын алма механизмдери жана кыйноону болтурбоо боюнча комитетчелери менен өз ара мамилелери
Мурдагы советтик мейкиндиктин аймагында Кыргыз Республикасы Кыргызстан катышуучу болуп саналган мамиле жасоонун жана жазанын кыйноого жана башка катаал, адамгерчиликсиз же абройду кемсинтүүчү түрлөрүнө каршы БУУнун конвенциясына Факультативдик протоколунун талаптарына ылайык жеткиликтүү баскычта улуттук алдын алма механизмин түзгөн биринчи мамлекеттердин бири болуп саналат.
Кыйноого каршы БУУнун Комитетинин төрагасы, Кыйноонун алдын алуу боюнча БУУнун Комитетчеси, дүйнөлүк бир катар өлкөлөрдүн улуттук алдын алма механизмдеринин жетекчилери башкалардан өзгөчө модели менен айырмаланган Кыргыз Республикасынын улуттук алдын алма механизмдерин түзүүдө билдирилген кыйноого каршы күрөшүүдө мамлекеттин жетекчилигинин саясий эркин белгилешти.
Факультативдик протоколго ылайык кыйноонун болтурбоо ишинде негизги өнөктөш болуп, Кыйноонун алдын алуу боюнча комитетче (КАК) саналат. КАКтын мандатына Факультативдик протоколго катышуучу-мамлекеттердеги жабык мекемелерге келүү, мамлекеттерге эркиндигинен ажыратылган же эркиндиги чектелген адамдарды кыйноодон жана катаал мамиледен коргоого байланыштуу сунуштарды берүү, ошондой эле улуттук алдын алма механизмдерин (УАМ) түзүүгө көмөктөшүү, УАМдар менен түз же зарыл болгондо жашырындуулук байланыштарды колдоо, кесипкөйлүк даярдоо жаатында жардам көрсөтүү жана алардын мүмкүндүктөрүн бекемдөө максатында техникалык колдоо кирет.
Азыркы учурда КАКта жашырындуулук, калыстык, универсалдуулук жана объективдүүлүк ишинин негиз салуучу принциби болуп саналган дүйнөнүн ар түрдүү региондорунан 25 калыс эксперттер бар. КАКтын ишинин өзгөчөлүгү "контролдоо механизми" эмес, "мамлекеттин кеңешчиси" катары анын алдын алма мамилеси менен корутундуланат. Жашырындуулук принциби Эл аралык Кызыл Крест Комитетинин (ЭККК) ишинин принцибине окшош.
КАК өзүнүн түзүлүү учурунан тартып Факультативдик протоколдун катышуучу-өлкөлөрүнө 51 иш сапарын жүргүзүштү. 2012-жылдын 19-28-сентябрында үзгүлтүксүз келүүлөрүнүн алкагында Кыргыз Республикасына биринчи келип-кетүүсүн жүргүздү, анын жыйынтыгы боюнча келүүлөрү жөнүндө баяндама даярдап, өлкөдө кыйноо жана катаал мамиле менен кырдаалды жакшыртуу боюнча сунуштоолорду сунушташты.
Улуттук борбор жөнүндө Мыйзамдын 27-беренесине ылайык Улуттук борбор Кыргыз Республикасынын улуттук алдын алма механизмдеринин ишмердүүлүгүн жакшыртуу маселелери боюнча кыйноону болтурбоо тууралуу Комитетче менен өз ара активдүү аракеттешет. КАКтын мүчөлөрү менен түз байланыш орнотулган жана колдошот.
2016-жылы 20-сентябрда Улуттук борбордун мүчөлөрүнүн кыйноого каршы БУУнун Комитетинин төрагасы Йенс Модвиг, кыйноонун алдын алуу боюнча Комитетченин мүчөсү Нора Свеаас менен кыйноонун алдын алуу ишинде мындан ары өз ара аракеттешүү жана кызматташуу маселелери боюнча жолугушуусу болуп өткөн.
Ошентип, 2016-жылдын 7-ноябрында Женева шаарында Комитетче кыйноонун алдын алуу боюнча уюштуруучу катары чыккан, БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан кабыл алынган кыйноого каршы БУУнун Конвенциясына Факультативдик протоколдун 10 жылдыгына арналган эл аралык конференция болуп өттү. Бул иш-чарада Кыргыз Республикасынын улуттук алдын алма механизми Улуттук борбордун директорунун орун басары Д.Саякова тарабынан көргөзүлдү, баяндамада Улуттук борбордун мандатын жүзөгө ашырууда болгон көйгөйлөрдүн, кыйноонун алдын алууда Факультативдик протоколдун маанилүү ролу, ошондой эле кыйноону жок кылуу боюнча саясий эрктин болушу, мамлекеттик органдардын жана жарандык секторлордун биргелешкен күчүнүн натыйжасында акыркы жылдары өлкөдө болуп өткөн кыйноого жана катаал мамилеге каршы күрөшүүдө жакшы жылыштар болгондугу белгиленген.(10)
Эл аралык конференциянын ишинин жүрүшүндө кыйноонун алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун ишмердүүлүгүн аныктаган мыйзам, ошондой эле анын ишинин алгачкы натыйжалары кыйноого каршы БУУнун Комитети, кыйноонун алдын алуу боюнча Комитетче, кыйноонун алдын алуу боюнча Ассоциация сыяктуу авторитеттүү эл аралык уюмдардын эксперттери тарабынан жогору бааланды.
Конференциянын жүрүшүндө катышуучулар тарабынан улуттук алдын алма механизмдери жана катышуучу-мамлекеттердин ортосундагы өз ара аракеттешүү маселелери боюнча кыйноолордун алдын алуу боюнча Комитетче маанилүү роль ойногон кыйноонун алдын алуу жаатында мыкты практиканын мисалдарын талкууланды, ошондой эле мындан ары кызматташуу үчүн негизги милдеттер аныкталды.
Улуттук борбор башка өлкөлөрдүн УАМдары менен өз ара аракеттешүүнү күчөтүү багытында ишмердүүлүгүн улантууда.
Ошентип, 2016-жылдын 6-7-сентябрында Талас облусу боюнча аймактык өкүл Н.Абдраимов кыйноонун алдын алуу боюнча Ассоциация тарабынан уюштурулган Женева шаарындагы (Швейцария) III Эл аралык симпозиумга катышып келди, анда психиатриялык мекемеге алдын алма келүүнү өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү каралган. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын УАМы Латын Америкасынын (Бразилия, Коста-Рика, Парагвай) жана Батыш Европа (Франция, Шотландия) өлкөлөрүнүн улуттук алдын алма механизмдери менен тажрыйба алмашты.
2016-жылдын 13-октябрында Австриянын борбору - Вена шаарында Факультативдик протоколдун катышуучу-мамлекеттеринин УАМдарынын өкүлдөрүнүн биринчи ар жылдык кеңешмеси болуп өттү. Факультативдик протокол күчүнө кирген учурдан тартып өткөн он жылда ушул документке кошулуу же ратификациялоо жолу менен кыйноонун жана катаал мамиленин алдын алуунун бүткүл дүйнөлүк тутумуна дүйнө жүзүнүн 82 мамлекети кошулган. 83 катышуучу-мамлекеттин 64үндө УАМдар түзүлгөн. ЭККУнун 41 катышуучу-мамлекети Факультативдик протоколго кол коюшту, алардын 39у өздөрүнүн улуттук алдын алма механизмдерин уюштурушту.
Бул Кеңешменин ишине ЭККУ регионунун өлкөлөрүнүн УАМдарынын 40 жетекчиси, кыйноонун алдын алуу боюнча Комитетчесинин төрагасы жана мүчөсү, ЭККУ регионунун Омбудсмени, эл аралык өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, анын ичинде кыйноонун алдын алуу боюнча Ассоциациясы катышышты. Эки күндүн ичинде Факультативдик протоколдун күчүнө кирүү учурунан тартып бүткөн он жылдык мезгил үчүн жетишкендиктер көрсөтүлгөн. Кеңешменин катышуучулар ЭККУ регионунда УАМдын иштөө көйгөйлөрүн ачышты, топтордо жүргүзүлгөн иштин жүрүшүндө кыйноонун алдын алуу боюнча БУУнун Комитетчесинин өкүлдөрүн кошуп, алдын алма мониторинг жаатындагы эксперттер менен ар түрдүү өлкөлөрдүн УАМдарынын ортосунда тажрыйба алмашуу аркылуу УАМдын натыйжалуу иштешин жогорулатууга басым жасоо менен аларды жеңүүнүн мүмкүн болгон жолун талкуулашты. Кыргызстандын УАМын бул кеңешмеде директордун орун басары Д.Саякова көрсөттү.
2016-жылдын 5-9-декабрында Польшанын УАМы менен тажрыйба алмашуу максатында Варшава шаарына Улуттук борбордун үч эксперти үчүн иш сапар уюштурулган. Муну уюштурууга адам укуктары боюнча Хельсинки (Польша) жардам көрсөткөн. Кызматкерлер Варшава шаарында - Варшава шаарынын Психиатрия жана неврология институтуна, полиция участкасына, Фаленица шаарындагы жашы жете электер үчүн кабыл алуу-бөлүштүргүчкө, жашы жете элек кыздар үчүн ТКЖга жана түзөтүү мекемесине, ошондой эле Варшава-Грохув шаарындагы ТКЖларга бара алышты. Польша УАМы Омбудсмен Институтунун бөлүгү болуп саналат, ошого байланыштуу Улуттук борбордун кызматкерлери Польшанын Омбудсмени Адам Боднар, ошондой эле ЭККУ АУДИБдин өкүлдөрү менен жолугушту.
VI. ЭРКИНДИГИНЕН АЖЫРАТЫЛГАН ЖАНА ЧЕКТЕЛГЕН ЖАКТАРГА БАЙЛАНЫШТУУ КЫЙНООЛОРДУ ЖАНА КАТААЛ МАМИЛЕ КЫЛУУНУ КОЛДОНУУГА АЛЫП КЕЛҮҮЧҮ СИСТЕМАЛЫК СЕБЕПТЕР
Жогоруда көрсөтүлүп кеткендей, Кыргыз Республикасында акыркы жылдары кыйноодон куткарууга укуктарды иш жүзүндө ишке ашыруу бөлүгүндө оң жетишкендиктерге карабастан, кыйноо көйгөйү актуалдуу бойдон калууда.
Уланып келе жаткан кеңири колдонуу практикасы төмөнкүлөргө байланыштуу бир катар системалык себептерге байланыштуу:
1. мыйзамдар чөйрөсүндөгү көйгөйлөр;
2. укук колдонуу практикасынын көйгөйлөрү:
a) кыйноо фактыларын изилдөөнүн майнаптуу эместиги;
b) камакта жана бардык эркиндигинен ажыратылган жерлерде даттануунун көз карандысыз, таасирдүү жана мүмкүн болгон механизмдеринин жоктугу;
c) кыйноо жана катаал мамиле кылуу фактыларын таасирдүү документтөө, ошондой эле өз убагында сот экспертизасын дайындоо көйгөйлөрү;
d) камакка алуу жана камакка алуу жайы жөнүндө туугандарына кабарлабоо же өз убагында кабарлабай коюу;
е) шектүүлөрдүн, айыпталгандардын, соттолуучулардын кызыкчылыктарын коргоого адвокаттардын натыйжалуу эмес иштери;
f) соттордун моюнга алуу көрсөтмөсүнө таянуу тенденциясы, соттордун аларга кыйноо колдонулгандыгы жана күч колдонуу жана психологиялык басым менен моюнга алуу жүргүзүлгөндүгү жөнүндө соттолуучунун арызына соттордун тиешелүү түрдө маани бербегендиги;
d) кыйноолор жөнүндө иштер боюнча сот былыктыгы жана сот териштирүүлөрүн созуу;
h) кыйналган жактарга күнөөлүүлөрдү жазалабоо, бул мамлекеттеги мыйзамдын улуктугу принцибин жокко чыгарат жана кыйноолор жана коррупция үчүн жагымдуу кыртыш түзүп берет;
i) соттордун Кыргызстандын адам укугун бузгандыгын, анын ичинде кыйноодон эркиндик алуу укугун аныктаган, Адам укуктары боюнча БУУ Комитетинин кабыл алынган чечимдеринин күчү менен жаңы кырдаалдар боюнча иштерди кайра кароо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Жазык-процесстик кодексинин талаптарын тоготпогондугу;
j) кыйноого жана катаал мамиле кылууга дуушар болгон курмандыктарына ишти кайра кароо жана компенсация төлөп берүү менен кошо, укуктук коргоонун таасирдүү каражаттарын берүү боюнча эл аралык органдардын чечимдерин аткаруу механизминин жоктугу;
k) кесипкөйлүк эместик, кадрлардын начар даярдыгы, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин адам укуктарынын негиздери жана эркиндиги жөнүндө билиминин жоктугу.
1. Мыйзамдар чөйрөсүндөгү көйгөйлөр
Кыргыз Республикасы Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү Эл аралык пактыга кошулган, анын 7-беренеси боюнча кыйноолорду колдонууга тыюу салат, о.э. БУУнун кыйноолорго каршы Конвенциясына кошулган, ошонусу менен улуттук мыйзамдарга тиешелүү жоболорду киргизүү жана практиканы өзгөртүү аркылуу бул эл аралык келишимдеринин жоболорун толук аткарам деп милдеттенме алган.
Акыркы бир нече жылдардын ичинде Кыргыз Республикасынын укуктук системасында байкалып жаткан позитивдүү өзгөрүүлөрдөн жана тенденциялардан улам, мыйзамдарда жана укук колдонуу практикасындагы курч көйгөйлөрдү чагылдыруу зарыл, анткени Кыргызстанда кыйноо жана катаал мамиле кылуу практикасы улантылып жатат.
1) "Кыйноо" түшүнүгүнө аныктама. Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинде "кыйноонун тегерегиндеги" жакын беренелердин болушу
"Кыйноо" түшүнүгүнө аныктама Кыргыз Республикасында 2003-жылы киргизилген, анда Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси кыйноо колдонгондугу үчүн жазык жоопкерчилигин караштырган 305-1-берене менен толукталган.
305-1-статья. Кыйноо
Кайсы бир адамга андан же башка адамдан маалымат алуу же аны мойнуна алдыруу, ал же башка адам жасаган же жасады деп шек туудурган жосун үчүн аны жазалоо, ошондой эле коркутуу жана белгилүү бир аракеттерди жасоого аны же башка адамды мажбурлоо максатында атайылап уруп-сабаса же азапка салып кыйнаса, же кандай болбосун мүнөздөгү теңсиздикке мүнөздөлгөн кандай болбосун себеп боюнча, мындай аракет кызмат адамы тарабынан же болбосо анын шыкактоосу боюнча же анын көрүп-билүүсү менен же ичтен макулдугу менен жасалса, -
бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен жети жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Бирок, "кыйноо" аныктамасы Кыргыз Республикасынын Жазык мыйзамдарында Кыйноого каршы конвенцияга көп жеринен шайкеш келбей калган. Конвенцияда камтылган аныктама менен ЖК камтылган аныктаманын ортосундагы айырма төмөнкүдө турат:
- КР ЖКдагы "кыйноо" деген аныктамада кыйноо колдонулушу мүмкүн болгон себептердин чектелген тизмеси көрсөтүлгөн, кыйноонун мүмкүн болгон себеби басмырлоого киргизилген эмес;
- КР ЖКнын 305-1-беренесинде көрсөтүлгөн аракеттер кайсы-бир үчүнчү тарапты эскерүүсүз, негизинен шектүүлөргө, камалгандарга же айыпталгандарга багытталган;
- КР ЖКдагы "кыйноо" деген аныктамада адамга "күч келтирип оорутуу" деңгээлиндеги элементсиз, күч колдонуу же психикалык кыйноо сыяктуу тыюу салынган аракеттер баяндалган;
- КР ЖКнын 305-1-беренесинде каралган анча оор эмес кылмыш болуп мыйзам менен аныкталган.
КР ЖКга "Кыйноо" деген өзүнчө берене киргизгенге карабастан, КР ЖКда "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" (304-берене), "Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу" (305-берене), Көрсөтмөлөрдү берүүгө мажбурлоо (325-берене) жана башкалар сыяктуу ушундай элементтери менен бир катар беренелер калды. Ушул дал келбестиктер укук коргоо органдарынын кызматкерлерине карата жазык иштерин козгоого мүмкүндүк берген, негизинен КР ЖКнын 305-беренеси 2-6. 3-п. боюнча, айрым учурда КР ЖКнын 305-беренесинин 2-6. 3-п. жана 305-1-беренеси боюнча. Буга себеп болуп, 305-берененин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда кылмыш кылуунун конкреттүү ыкмасы каралган - кара күч колдонуу менен же аны колдонуу опузасы менен, ал эми 305-1-беренесинде - бул кылмышты кылуунун кандайдыр бир ыкмалары таптакыр жок болгон. 305-берененин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунун санкциясы 305-1-берененин сакциясына караганда катаалыраак болгон. Эгер биринчи кылмышты кылганы үчүн адамды төрт жылдан сегиз жылга чейин эркиндигинен ажыратса, анда экинчисин жасаганы үчүн -үчтөн беш жылга чейин.
Жогоруда баяндалгандай, КР ЖКнын "Кыйноо" аттуу 305-1-беренесинде каралган кылмыш мыйзам чыгаруучу тарабынан анча оор эмес кылмыш, башкача айтканда ойлонуп жасалган кылмыш катары белгиленген, бул үчүн мыйзам менен беш жылдан жогору эмес мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза каралган. Жазык-процесстик кодексинин (КР ЖК) 26-беренесине ылайык жеке-айкын айыптоо иштерине чоң коркунуч келтирбеген жана анча оор эмес кылмыштар жөнүндө иштер кирет. КР ЖКнын 28-беренесине ылайык жабырлануучу жеке жана жеке-айкын айыптоону колдонуудан баш тарткан учурда жазык иши козголбойт, ал эми козголгон иш токтотулууга тийиш.
Ушуга байланыштуу кыйноо колдонулган жак баш тарткан учурда кылмыш иши токтотулууга мүмкүн болгон.
Мындан тышкары тиешелүү эл аралык милдеттенмелерди бузуу менен Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси кыйноо колдонгон жакка байланыштуу шарттуу жазалоо, мунапыс жана ырайым кылууну колдонууга мүмкүндүк берген.
2010-жылдагы КР жаңы Конституциясын ишке ашыруу жана колдонулуп жаткан мыйзамдарды анын мазмунуна ылайык келтирүү максатында 2012-жылдын 31-июлунда КР ЖКга өзгөртүүлөр киргизилген, алар ушул убакта дагы колдонулат жана ЖКнын 305-1-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалган:
305-1-статья. Кыйноо
(1) Кайсы бир адамга андан же башка адамдан маалымат алуу же аны мойнуна алдыруу, ал же башка адам жасаган же жасады деп шек туудурган жосун үчүн аны жазалоо, ошондой эле коркутуу жана белгилүү бир аракеттерди жасоого аны же башка адамды мажбурлоо максатында атайылап уруп-сабаса же азапка салып кыйнаса, же кандай болбосун мүнөздөгү теңсиздикке мүнөздөлгөн кандай болбосун себеп боюнча, мындай аракет кызмат адамы тарабынан же болбосо анын шыкактоосу боюнча же анын көрүп-билүүсү менен же ичтен макулдугу менен жасалса, -
бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен төрт жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар:
1) адамдардын тобу тарабынан;
2) алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалса, -
Бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен жети жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Ушул статьянын 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар:
1) кош бойлуу экени айыпкерге белгилүү болгон аялга, же жашы жетпегендерге карата жасалса;
2) алсыз абалда болгон адамга карата жасалса;
3) өзгөчө мыкаачылык менен жасалса;
4) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалса;
5) оор кесепеттерге алып келсе, ошого тете саламаттыгына оор залал келтирсе же байкабастыктан жабырлануучунун өлүмүнө алып келсе, -
Бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен он жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Ошентип азыркы убакта "кыйноо" деген түшүнүк Кыйноого каршы БУУ Конвенциясына толугу менен ылайык келтирилген. "Кыйноо" кылмышы оор жана өтө оор кылмыштардын категориясына киргизилген, бул кыйноолорду дароо ачык айыптоо иштеринин разрядына тиешелүү кылган жана күнөөлүү жакты тараптардын элдешүүсүнө же күнөөлүү деп таануудан баш тартканына карабастан, жазык жоопкерчилигинен бошонуудан мүмкүн болбогон абалга алып келди. КР ЖКнын 63-беренесине ылайык кыйноо үчүн жаза шарттуу берилбейт, анткени шарттуу соттоо өзгөчө оор кылмыш үчүн соттолгондорго, КР ЖКнын 303-315-беренелеринде каралган кылмыш кылган жактарга колдонулбайт.
Бирок мында кыйноо кылган жактарга мурда колдонулуучу мөөнөттөрдүн колдонулушу уланууда жана аларга мунапыстын күчү жайылтылууда, бул Кыйноого каршы конвенциясынын талаптарына ылайык келбейт.
КР ЖКнын "Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу" деген 305-беренесине өзгөртүү киргизилген, ал КР ЖКнын 305-1-беренесинде каралган кылмыш белгилери болсо, күнөөлүүнүн иш-аракети кызматтык ыйгарым укуктан аша чабуу катары жиктелбей тургандыгын так көрсөтүп турат. Бирок башка "кыйноо тегерегиндеги" КР ЖКнын 325-беренеси мурдагы эле редакцияда калган.
Конституция жана башка мыйзамдар менен белгиленген Кыргыз Республикасында сот адилеттигин өркүндөтүү боюнча чаралардын алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 8-августундагы № 147 Жарлыгы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Сот реформасы боюнча кеңештин чечимдери менен Кыргыз Республикасынын жаңы Жазык кодексин иштеп чыгуу боюнча эксперттик жумушчу топ түзүлгөн.
Азыркы убакта Жазык кодекси иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Бирок "Жазык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Жоруктар жөнүндө кодекстин, Жазык-процесстик кодекстин, Жазык-аткаруу кодекстин жана "Мунапыстын жалпы принциптери жөнүндө" Мыйзамга ылайык аталган мыйзамдар жана кодекс 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
КР жаңы ЖКсынын өзгөчө бөлүгү кол салуу объектинин принциби богонча түзүлгөндүгүнө байланыштуу, "Кыйноо" кылмышы "Кызматтык кылмыштар" деген баптан "Ден соолукка каршы кылмыштар" деген бапка которулган.
Жаңы ЖКда "Кыйноо" беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалган:
143-берене. Кыйноолор
1. Кимдир бирөөгө, андан же башка адамдан маалыматтарды алуу же мойнуна алдыруу максатында адамды дене-бойлук жана психикалык жапа чегүүнү келтирүү; ал же башка адам жасаган же жасады деп шектелген жосун үчүн аны жазалоо; ал эми ошого тете белгилүү бир жосундарды жасоо үчүн аны же башка адамды коркутуу же мажбурлоо, же ар кандай мүнөздөгү басмырлоого негизделген себеп боюнча кызмат адамы тарабынан, же болбосо анын шыкактоосу боюнча, анын жетегинде же унчукпаган макулдугу менен жасалган жосун -
III категориядагы айып салуу менен үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:
1) күнөөлүү билип туруп кош бойлуу аялга же билип туруп жашы жете элекке карата;
2) күнөөлүү билип туруп алсыз абалдагы майыпка же башка адамга карата;
3) адамдардын тобу же сүйлөшүүлөр боюнча адамдардын тобу тарабынан;
4) өзгөчө мыкаачылык менен;
5) этиятсыздыктан ден соолукка оор зыян келтирүү, -
IV категориядагы айып салуу менен үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Жазалардын ырааттуулугуна ылайык III категориядагы эркиндигинен ажыратуу - бул бештен жети жыл алты айга чейин жазалоо, III категориядагы айып салуу - бул 140000ден 180000 сомго чейин өлчөмдөгү айып, IV категориядагы эркиндигинен ажыратуу - бул жети жыл алты айдан он жылга чейин эркиндигинен ажыратуу, IV категориядагы айып салуу - бул 180000ден 220000 сомго чейин өлчөмдөгү айып.
Ошентип эркиндигинен ажыратуу менен катар, күнөөлүү жакка ири өлчөмдөгү айыпты милдеттүү түрдө төлөө менен белгилүү бир кызмат ордун ээлөө укугунан ажыратылат.
Мындан тышкары КР жаңы ЖКсы кыйноого жоопкерчилик бөлүгүндөгү бир катар конвенциялык талаптарды бекитти. Ошентип КР ЖКнын 89-беренесине ылайык кыйноо үчүн соттолгон жакка жаза өтөө мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу колдонулбайт.
КР ЖКнын 92-беренесине ылайык айыптоо өкүмүнүн эскилиги аныкталган, ушуну менен бирге ушул берененин 6-бөлүгүнө ылайык "Кыйноо" кылмышын жасаганда, эскилиги колдонулбайт.
КР ЖКнын "Жазык куугунтуктоонун эскирүү мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу жазык жоопкерчилигинен бошотуу" деген 62-беренесине ылайык эскирүү мөөнөтү КР ЖКнын 143-беренесинде ("Кыйноолор") каралган кылмыштарды жасаган учурда колдонулбайт.
Кыргыз Республикасынын жаңы "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" (мындан ары - Мунапыс жөнүндө мыйзам) Мыйзам ошондой эле маанилүү өзгөрүүлөргө учурады. 7-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Мунапыс жөнүндө мыйзам кыйноо үчүн соттолуучуларга жана соттолгондорго байланыштуу колдонулбайт.
Кыйноого жакын беренелер эми кылмыштын курамы боюнча так чектелет:
341-берене. Жалган көрсөтмө берүүгө мажбурлоо
Сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу адам тарабынан шантаж кылуу же өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдоном деп коркутуу же башка мыйзамсыз аракеттерди жасоо жолу менен (ушул Кодекстин 143-беренесиндеги кыйноолордон башка) шектелгенди, айыпталганды, жабырланганды, күбөнү жалган көрсөтмө берүүгө, же болбосо экспертти, адисти жалган корутунду же көрсөтмө берүүгө мажбурлоо.
321-берене. Бийликтен аша чабуу
1. Өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу же мындай зомбулукту колдоном деп коркутуу менен коштолгон кызмат адамы тарабынан же анын буйругу боюнча, анын айтканы, же анын макулдугу менен ал адамдын ыйгарым укуктарынын чегинен ачыктан ачык чыккан аракеттерди жасоо (ушул Кодекстин 143-беренесинде каралган кыйноолордон башка).
Мындан тышкары жаңы Жазык кодекси кыйноонун алдын алуу максатында медициналык кызматкерге күбөлөндүрүү жана башка аракеттерди өткөрүүдө тоскоолдук кылгандыгы үчүн жазык жоопкерчилигине алып келүүчү берене менен толукталган.
Азыркы убакта КР ЖКда "Кыйноолорду болтурбоо максатында медициналык кызматкерге күбөлөндүрүү жана башка аракеттерди жүргүзүүдө тоскоолдук кылуу" деген жаңы берене прогрессивдүү жана өтө актуалдуу жаңылык болду.
188-берене. Кыйноолорду болтурбоо максатында медициналык кызматкерге күбөлөндүрүү жана башка аракеттерди жүргүзүүдө тоскоолдук кылуу
Сотко чейинки, соттук териштирүү же жазаны өтөө стадиясында кароону, күбөлөндүрүүнү же медициналык экспертиза жүргүзүүдө медициналык кызматкерге тоскоолдук кылуу, -
V категориядагы айып салууга же I категориядагы эркиндигинен ажыратуу менен жазаланат.
Кыйноо колдонулгандыгы жөнүндө арыздар жана даттануулар бардык эле учурларда укук коргоо органдары тарабынан катталбагандыгы абдан ойлондурат, ошондуктан алар боюнча жазык иштери козголбой келет. Ушу сыяктуу укук бузууларга бөгөт коюу максатында КР жаңы ЖКсына "Жасалган кылмыш же жорук жөнүндө арызды же кайрылууну каттоодон жашырып коюу" деген берене киргизилген.
357-берене. Жасалган кылмыш же жорук жөнүндө арызды же кайрылууну каттоодон жашырып коюу
1. Жасалган кылмыш же жорук жөнүндө арызды же кайрылууну кызмат адамынын каттоодон жашырып коюусу, -
эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен V категориядагы айып салууга жазаланат.
2. Жасалган, же болбосо даярдалып жаткан кылмыш жөнүндө арызды же кайрылууну кызмат адамынын каттоодон жашырып коюусу, -
эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен VI категориядагы айып салууга жазаланат.
3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган олуттуу же оор зыянга алып келген жосундар, -
эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Башка өлкөлөрдүн практикасы көрсөтүп тургандай, Жазык кодексине ушундай беренени киргизгенден кийин катталган кылмыштардын саны бир кыйла жогорулайт, бул латенттик кылмыштардын төмөндөшүнө алып келет.
Ошентип 2019-жылдын 1-январына тартып күчүнө кире турган жаңы Жазык кодекси Кыйноого каршы конвенциясынын бардык талаптарына жана Стамбул протоколунун принциптерине ылайык келтирилгендигин белгилей кетсек болот.
2) Кыйноонун алдын алуу боюнча милдеттенмелер
Улуттук мыйзамдар жетишерлик деңгээлде прогрессивдүү ченемдерди камтыйт, алар кыйноо колдонгондугу үчүн жоопкерчиликти караштырат, бирок практика Көрсөтүп тургандай, бул жетишсиз.
Мамлекет эл аралык ченемдерге ылайык кыйноодон коргоону кепилдендире турган шайкеш чараларды иштеп чыгышы жана мыйзамдарга киргизиши керек. Кыйноодон жана катаал мамиле кылуудан жактарды коргоону эң маанилүү процесстик кепилдиги болуп төмөнкүлөр саналат:
1. Кармалгандардын укуктарын сактоону камсыздоо.
2. Расмий таанылган камакта кармап туруу жайын гана пайдалануу жана майнаптуу каттоо жүргүзүү.
3. Камакта кат жазуу жана сүйлөшүү укуксуз кармоонун туура келбегендиги.
4. Сурак жүргүзүүдө мүмкүн болгон эрежелерди камсыздоо.
5. Адвокаттын кызматын камсыздоо жана адвокаттын ишин сыйлоо.
6. Дарыгерге көрүнүүнү камсыздоо.
7. Камакта камак коюунун мыйзамдуулугун каршы чыгып талашуу укугун камсыздоо.
8. Өзгөчө аярлуу топтордун укуктарын сактоону камсыздоо.
2.1 Кармалгандардын укуктары
КР ЖПКсынын 95-беренеси(11) кылмышка шектүү жакты кармоонун тартибин аныктайт. Бирок бул тартип эреже катары сакталбай келет.
Биринчиден, мыйзам шектүү менен биринчи байланышты кармоо учуру катары укук коргоо органдарынын белгилөө милдетин кармоо жол-жобосу катары так жөнгө салбайт. КР ЖПКнын 5-беренесинде КР ЖПКда камтылган айрым түшүнүктөргө түшүндүрүү берилет, "кармоо" маңызы шектүүнү соттун чечимине чейин кыска мөөнөткө (кырк сегиз саатка чейин) эркиндигинен ажыратуудан турган процесстик мажбурлоо чарасы деп түшүндүрүлөт. Бул укук коргоо органдарына өз ыйгарым укуктарын кыянат пайдаланууга жана кармалган жактарды тиешелүү түрдө каттабай коюуга алып келет.
Эң эле жайылтылган тартип бузуу болуп кармагандыгы жөнүндө протоколду түзүү убакыты саналат, ал мыйзам менен каралган, анык кармаган убактысынан үч сааттык мөөнөттөн бир кыйла жогору болот. Практикада анык кармалган убакыты эч жерде белгиленип жазылбайт, ошондуктан кармагандыгы жөнүндө протоколду түзүү мөөнөтү белгиленбеген убакытка жылдырылышы мүмкүн. Жазык процессинин катышуучуларынын укуктарын ишке ашыруу түздөн-түз алардын процесстик статусун расмий, документалдык таануу менен байланыштуу болгондуктан, анда кылмышка шектүү деп кармалган жак КР ЖПКнын кармоо протоколуна ылайык аны ушундай деп таануу учуруна чейин, "Шектүү" 39-беренесинде көрсөтүлгөн өз укуктарын ишке ашыра албайт. Кармалгандардын укуктары аларды анык кармаган учурунда эсепке алынбайт, кармалгандыгы жөнүндө протоколду түзүү учуруна тиешелүү болот.
Өзүнүн кармалгандыгы жөнүндө кармалагандын туугандарына же жакындарына өз убагында билдирүү укугу дагы камсыздалбайт. Ошентип КР ЖПКнын 99-беренеси шектүүгө кармоо түрүндө процесстик мажбурлоо чаралары колдонулгандыгы туурасында тергөөчүнү он эки сааттын ичинде анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн бирине, ал эми алар жок учурда - башка туугандарына же жакын адамдарына кабарлоого милдеттендирет. Убакыт эреже катары, кармалганга протокол түзүү убакытынан тартып эсептелет. Бирок кармалганга протокол түзүү бир кыйла кеч түзүлүшү мүмкүн болгондуктан, анда ылайыгына карата анын кармалгандыгы жөнүндө туугандарына узак убакытка чейин билдирилбейт.
Практика көрсөтүп тургандай, так ушул мезгилде (кармалганга протокол түзгөнгө чейин), ал белгисиз убакытка чейин созулушу мүмкүн, мында адам укугун одоно бузуу болот. Анын турган орду жөнүндө адвокаттар менен медициналык кызматкерлерди кошо, үчүнчү жактарга маалымат берилбесе, ал адам камакта болот.
Мыйзам ошондой эле жарандарга карата чектелген аракеттердин ар түрдүү түрүн жүзөгө ашыруу үчүн укук коргоо органдарына кеңири ыйгарым укуктарды берет, мисалы: "өздүгүн аныктоого чейин" андан кийин камакка алуу менен ИИБге жеткирүү. Адам камалбай туруп, эркиндигинен чектелиши, кайгуул милиция (же башка) машинада, милиция участогунда, тергөөчүнүн иш бөлмөсүндө болушу жана ылайыгына карата өз укуктарын жана аларды кандай ишке ашыруу керек экендиги жөнүндө маалымат алуу мүмкүнчүлүгү болбошу мүмкүн. Буга окшогон мыйзамсыз кармоолор жана мыйзамда орнотулбаган эркиндикти чектөө жайларын колдонбогон учурлар кыйноолорду, катаал мамилени колдонуудагы жана башка адамдын укугун бузуудагы эң кеңири таралган жагдайлар болуп саналат.
Ошентип кыйноодон бошонуу укугу так кармаганда же эркиндигинен башкача чектелгенде сакталбайт.
Калыптанган практиканын негизги себептери мыйзамдардын жакшы өркүндөбөгөнүнө байланыштуу, атап айтканда:
- Жазык процессинин катышуучуларынын укуктарын ишке ашыруу түздөн-түз алардын процесстик статусун расмий, документтик таануу менен байланыштуу, демек кепилдик берилген эмес.
- Мыйзамдардагы аларды кармаган учурда ыкчам кызматкерлер менен тергөөчүлөрдүн, кармагандыгы жөнүндө белгилеген, өз убагында протокол түзүүнү жана кармалгандардын укуктарын сактоону камсыздоо тууралуу бекитилген милдеттердин жоктугу.
- Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин жарандарга карата ар кандай чектөө аракеттерин жүзөгө ашыруу боюнча кеңири ыйгарым укуктары.
2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү КР жаңы ЖПКсына ылайык жакты кармоонун төмөнкү тартиби белгиленүүдө:
99-статья. Шектүүнү кармоонун тартиби
1. Шектүүнү кармоо жөнүндө токтом аны алгач текшерүү же тергөө органына жеткирүү учурунда түзүлөт. Шектүүгө аны анык кармаган учурунда ал эмнеге шектелгендиги билдирилиши, ошондой эле өзүнө каршы көрсөтмө бербөө укугу, адвокаттын болуу укугу, ошондой эле мамлекет тарабынан кепилдендирилген юридикалык жардамды пайдалануу укугу түшүндүрүлүшү керек.
2. Кармоо жөнүндө токтомдо аны түзүү датасы жана орду, токтом түзгөндүн кызмат орду, фамилиясы, аты, шектүү тууралуу маалыматтар, кармалган учурда анын абалы, негиздери жана жүйөлөрү, анык кармалган орду жана убактысы (саатын жана минутасын көрсөтүү менен), шектүүгө ушул Кодекстин 45-беренесинде каралган укуктарды түшүндүрүү жөнүндө маалыматтар, жеке тинтүү жүргүзүүнүн натыйжалары жана телефон аркылуу сүйлөшүү көрсөтүлөт.
3. Кармоо жөнүндө токтом шектүүгө жарыяланат жана ага шектүү анык кармалган так убактысын көрсөтүү менен органдын тергөөчүсү же ыйгарым укуктуу кызмат адамы, ошондой эле жактоочу кол коёт.
4. Токтомдун көчүрмөсү токтоосуз кармалганга берилет жана 12 сааттын ичинде прокурорго жөнөтүлөт.
5. Анык кармалган учурдан тартып, 45 саат өткөнгө чейин, ал эми жашы жете элек шектүүгө карата - 21 саат өткөнгө чейин шектүү ушул Кодекстин 256-беренесинде каралган тартипте анын кармалгандыгынын мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү жөнүндө маселени чечүү үчүн сотко жеткирилиши керек.
6. Алгач текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү зарыл учурда коргоо тараптын өтүнүч каты боюнча кармалгандар турган жайдагы шектелгенге медициналык кароо өткөрүү үчүн, ал эми зарыл учурда - дарыгерден жардам алууга өз убагында (12 сааттан кечиктирбестен) жолуктурууга милдеттүү.
7. Алгач текшерүү же тергөө органынын аракетине (аракеттенбегенине) жана чечимине кармалган шектүүнүн даттануусун кармоочу жайдын начальниги прокурорго же сотко токтоосуз жиберет.
8. Даттануу ушул Кодекстин 256-беренесинде каралган эрежелер боюнча бөгөт коюу чаралары же кармалгандыгынын мыйзамдуулугун текшерүү жөнүндө тергөөчүнүн өтүнүч каты менен бир убакта сотто каралат.
КР жаңы ЖПКсынын 5-беренесине ылайык "анык кармоо" деген түшүнүк төмөнкүдөй баяндалган: "Анык кармоо - бул ага кылмыш жана (же) жорук кылганына негиздүү шектенүү болгон жакка карата жүрүү эркиндигинен анык ажыратылган учуру".
Ошентип КР жаңы ЖПКсынын талаптарына ылайык шектүүгө аны анык кармаган учурунда, башкача айтканда качан укук коргоо органдары аны токтоткон жана анын эркин жүрүшүнө тоскоолдук кылган учурда анын укуктары, анын ичинде адвокаттын жардамына укугу түшүндүрүлүшү керек. КР ЖПКнын 104-беренесине ылайык анык кармалгандан кийин алгач текшерүү органынын тергөөчүсү, ыйгарым укуктуу кызмат адамы шектелгендин кармалгандыгы жөнүндө жакын туугандарынын кимдир-бирөөнө, жубайына, ошондой эле жактоочуга токтоосуз кабарлоого жана шектелгендин өзүнө акысыз кабарлоосуна мүмкүндүк берүүгө милдеттүү. Кабарлоо жөнүндө кармоо протоколунда белгиленет.
КР ЖПКнын 45-беренесине ылайык шектүү кармалганда бир жыйынтыктуу акысыз жана контролдонуучу телефон аркылуу сүйлөшүүгө укугу бар, бул кармалганга өз туугандарына чалып жана өзүнүн кармалгандыгы жөнүндө билдирүүгө мүмкүндүк берет. Мындан тышкары шектүү өз укуктарын жазуу түрүндө түшүндүрмө алууга укуктуу.
Кармоо жөнүндө токтомдо кармаган так убакытын көрсөтүү менен катар, ошондой эле милдеттүү түрдө кармалган учурда анын ден соолугунун абалы жөнүндө маалыматтар дагы көрсөтүлүшү керек. Алгач текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү коргоо тараптын өтүнүч каты боюнча кармалгандар турган жайдагы шектүүгө медициналык кароо өткөрүү үчүн, ал эми зарыл учурда - дарыгерден жардам алууга өз убагында (12 сааттан кечиктирбестен) жолуктурууну камсыздоого милдеттүү.
Ошентип азыркы убакта колдонулуп жаткан КР ЖПКдагы камтылган мыйзамдардын мүчүлүштүктөрү жаңы ЖПКны иштеп чыгууда жоюлган. Кармалганга өзүнүн кармалгандыгы жөнүндө укук коргоо органдарынын кызматкерлери өз алдынча кабарлабаса дагы, ага туугандарына билдирүүгө укук кепилдендирилет. Мыйзамдар ыкчам кызматкерлердин же тергөөчүлөрдүн анык кармалган учурун белгилеп жазууга, өз убагында протокол түзүүгө жана кармалгандардын укуктарын сактоону камсыздоого милдеттерин бекемдейт.
Мындан тышкары УКЖда, ТКЖда ыкчам кызматкерлер тарабынан моюнга алуу көрсөтмөлөрүн алуу максатында көпчүлүк учурларда кыйноолор жана катаал мамиле кылуулар болуп жаткандыгын эске алып, КР жаңы ЖПКсынын 103-беренеси кармалган шектүү менен ыкчам-издөө иштерин жүзөгө ашыруучу кызматкерлердин сүйлөшүүсү иши анын өндүрүшүндө болгон тергөөчүнүн, ыйгарым укуктуу кызмат адамынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен жана коргоочунун катышуусу менен гана ишке ашырылары жөнүндө эрежени бекемдейт. Ошентип, УКЖнын, ТКЖнын администрациясы оперативдүү-издөө ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан кармалган адамга кызматкерлерди коё берүү үчүн, тергөөчүнүн жазуу жүзүндөгү уруксатын талап кылышы керек.
2.2. Адвокатка мүмкүндүк алуу жана адвокаттын функцияларын сыйлоо
Кыргыз Республикасынын Конституциясы анык эркиндигинен ажыратылган учурдан тартып, жакка коопсуздук камсыздалат, жеке өзүн коргоо, адвокаттын квалификацияланган юридикалык жардамын пайдаланууга, ошондой эле коргоочусу болуу мүмкүнчүлүгү берилет.
Коргоо укугун жөнгө салуучу жазык-процесстик мыйзамдары анын чектерин формалдуу чектейт, шектүүнүн же айыптуунун белгилүү бир процесстик статусун алуу менен байланыштырат. Жогоруда көрсөтүлгөндөй, так ушул формалдуулук эркиндигинен анык чектелген, бирок кимдин процесстик статусу шектүү катары кармоо жөнүндө протокол же токтом түрүндө документалдуу таризделбеген жактарга жактоочу талап кылууга мүмкүндүк бербейт.
КР ЖПК ошондой эле биринчи сурак жүргүзүүдө жактоочунун милдеттүү түрдө катышуусуна кепилдик берет. Ошентип КР ЖПКнын 100-беренеси кылмыш жасады деген шектенүү менен кармалган адам, жактоочунун катышуусу менен суракка алынууга тийиш экендигин белгилейт. Бирок коргоого укукту ишке ашырууда эки негизги көйгөй бар:
- жактоочуга өз убагында жетүү мүмкүнчүлүгүнүн болбогондугу,
- шектүүгө/айыптууга өз каражаттары болбогон учурда, мамлекеттин каражаттарынын эсебинен юридикалык жардамдын сапаты.
КР ЖПКнын 45-беренесине ылайык шектүү кылмышты жана (же) жорукту жасоого шектелгендиги жөнүндө кабарлоо алган учурдан тартып жеке өзүн коргоого же ал тандаган адвокаттын жардамы менен коргоого, жактоочунун болушуна укуктуу, ал эми кармалганда - анык кармалган учурдан тартып, тандаган жактоочусу жок болгон учурда, мамлекет кепилдендирген юридикалык жардамга укуктуу. Ошентип жаңы ЖПКга ылайык шектүү аны анык кармаган учурда, кармоо жөнүндө протокол жок болсо дагы адвокатка укугу бар, бул өз кезегинде кармалгандын укуктарын сактоого алып келет жана укук коргоо органдарынын мыйзамсыз аракеттери азаят.
Жактоочуга укуктарды өз убагында эмес камсыздоо
КР ЖПКнын 44-беренесине ылайык жактоочу шектүүнүн (айыпталгандын), күбөнүн биринчи сурагынын же шектүүнүн (айыпталгандын) анык кармалган учурунан тартып катышат.
Жогоруда белгиленгендей, практикада ЖПКнын ченемдери менен каралган биринчи сурактын же анык кармалган учурдан тартып адвокатка мүмкүндүк алуу ишке ашырылбайт, анткени анык кармалган учуру тиешелүү түрдө жана өз убагында катталгандыгы жогунда. Ушул убакта, качан кармалган жак адвокаттын жардамын колдоно албай турганда, милициянын кызматкерлери биринчи формалдуу эмес сурак жүргүзүшөт. Ушундай мыйзамсыз сурактардын убагында анык кармалган жактарга карата моюнга алуу көрсөтмөлөрүн алуу жана/же күнөөсүн мойнуна алып баруу максатында кыйноолор жана катаал мамиле кылуулар колдонулат. Натыйжада кыйноого дуушар болгон жак, аларга кайра кабылуу коркунучунан улам, "өз ыктыяры менен" адвокаттын катышуусу менен ал мүмкүн жасаган кылмышты мойнуна алат жана сурактын протоколу тиешелүү түрдө түзүлөт.
Мындай практика кыйноодон эркиндикке укукту кепилдендирген эл аралык ченемдерге карама-каршы келет, анткени адвокаттын өз убагында көрсөткөн жардамы кыйноолордун жана катаал мамиле кылуулардын алдын алууда маанилүү ролду ойнойт.
КР жаңы ЖПКсынын 50-беренесинин талаптарына ылайык коргоочу шектүүнү анык кармаган учурдан же шектүүнүн, айыпталгандын кылмышты жана (же) жорукту жасаганга шектелгендиги жөнүндө кабарлаган, ал эми күбөнү - биринчи сурак учурунан тартып ишке катышат. Адвокат өздүгүн ырастаган документти жана ордерди көрсөтүүдө жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштө катышууга укуктуу.
Мамлекеттин каражаттарынын эсебинен юридикалык жардамдын сапаты
Каражаттары жок болгон учурда, шектүүлөр жана айыпталгандар мамлекеттин каражаттарынын эсебинен дайындалган жактоочуга укуктуу. Бирок азыркы убакта жактоочуну дайындоо жол-жобосу укук коргоо органдарынан айкындуулук жана көзкарандысыздык талаптарына жооп бербейт. Практикада тергөөчүлөр адвокаттарды тааныштарынын чөйрөсүнөн чакырышат, алар өздөрүнүн коргоого алгандарынын кызыкчылыктарын эмес, укук коргоо органдарынын кызыкчылыгында иштешет. Ушул адвокаттардын ишинин сапатын текшерүү механизмдеринин жоктугу мамлекеттин эсебинен тиешелүү деңгээлдеги эмес юридикалык жардам берүүсүнө жана адвокаттын этикасынын кесиптик стандарттарын бардык жактан бузууга алып келет.
Ошентип азыркы учурда мамлекеттин эсебинен көрсөтүлгөн юридикалык жардам натыйжалуу эмес болуп саналат.
КР ЖПКнын 46-беренесине ылайык жактоочунун жазык иши боюнча иште катышуусу милдеттүү, эгер:
- шектүүнүн, айыпкердин, соттолуучунун сүйлөө, угуу, көрүү органдарында олуттуу кемчилик болгондуктан, узакка созулган катуу оорудан, ошондой эле акыл-эстин кемчилдигинен, кем акылдыктан башка саламаттыгынын же психикалык мүчүлүштөрүнөн улам өзүнүн актоо укугун өз алдынча ишке ашыруу оор болгон учурда;
- шектүү, айыпкер, соттолуучу жазыктык сот өндүрүшүнүн тилин билбесе же чала билсе;
- шектүү, айыпкер, соттолуучу жашы жете элек өспүрүм болсо;
- адамга өзгөчө оор кылмыш жасады деген шектенүү же күнөө коюлуп жатса;
- шектүү, айыпкер, соттолуучу мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчысы болсо;
- шек саналгандардын, айыпталгандардын же соттолуучунун кызыкчылыктарынын ортосунда карама-каршылык болсо, алардын биринин эле жактоочусу болсо;
- жазык иши боюнча сот ишине жабырлануучунун (жеке айыптоочунун) же жарандык доогердин өкүлү катышып жатса, жазык ишин кароого жактоочунун катышуусу милдеттүү;
- жазык иши сот арачыларынын катышуусу менен сот тарабынан каралууга тийиш.
Мында КР ЖПКнын 47-статьясы 46-статьясынын 2-5, 9-пункттарында каралган учурларда шектүүнүн, айыпкердин, соттолуучунун жактоочудан баш тартуусу тергөөчү, сот үчүн милдеттүү болуп саналбай тургандыгын айтып турат. Бирок, ошол эле убакта тергөөчү, сот ушул пункттар боюнча дагы баш тартууну кабыл ала алышат, бул эки ченемдин карама-каршылыгына алып келет. Бул карама-каршылыктарды тергөөчүлөр шектүүгө, айыпкерге жактоочудан баш тартууга кеңеш берүү менен көпчүлүк учурда пайдаланышат. Бир норма адвокаттын катышуусунун милдеттүүлүгү туурасында айтат, башкасы, тескерисинче, мындай учурларда жактоочудан баш тартууга жол бериле тургандыгын бекитет. Бул карама-каршылыктарды тергөөчүлөр өтө көп колдонушат да, шектүүлөргө, айыпталуучуга жактоочудан баш тартууну сунуш кылышат.
КРнын 2009-жылдын 17-июлундагы "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Мыйзамына ылайык, мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды алууга укукка ушул Мыйзамга ылайык юридикалык жардам алуу үчүн зарыл болгон жылдык минималдык кирешесинин деңгээли КР Өкмөтү белгилегенден ашпаган жарандар ээ болушат.
Жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамга ылайык мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды алууга зарыл болгон Өкмөт тарабынан белгиленген жылдык кирешенин деңгээлин эсепке албастан юридикалык жардам алуу укугуна ошондой эле төмөнкүлөр ээ болушат:
- жашы жетпегендер;
-1 -жана 2-топтогу майыптар;
- сүйлөө, угуу, көрүү функциялары олуттуу бузулгандар, психикалык оорулардан жапа чеккендер;
- өзгөчө оор кылмыш жасаган деп шектүүлөр, айыпталгандар;
- жумуш менен камсыздоо кызматынын эсебинде турган жумушсуздар;
- мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчылары.
ЖПКнын 51-беренесине ылайык, мамлекет тарабынан кепилденген мамлекеттин эсебинен берилүүчү юридикалык жардамды алууга болгон укугуна ээ жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык адвокат менен камсыздалат. Эгер шектүү, айыпталуучу адам тандаган жактоочунун катышуусу мүмкүн болбогон учурда, таануу органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, сот кепилденген мамлекеттик юридикалык жардам боюнча жактоочулардын мамлекеттик реестри аркылуу жактоочу бериши керек.
Тергөөчү тарабынан коргоочунун дайындалыш практикасын талдап чыгып, КРнын жаңы Жазык-процесстик кодексинде (ЖПК) адвокатты Адвокаттардын мамлекеттик реестри аркылуу берүүнүн механизми караштырылган. Бул механизмге ылайык тергөөчү өзүнө ыңгайлуу адвокатты дайындоо укугунан ажыратылып, ал эми адвокат берүү үчүн адвокаттардын реестринин координаторуна кайрылууга милдеттүү болот. "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Мыйзамдын 22-беренесине ылайык, адвокатты дайындоо тиешелүү арызды алган учурдан тартып координатор тарабынан кечиктирбестен ишке ашырылат.
"Кыргыз Республикасынын адвокатурасы жана адвокаттык ишмердүүлүк жөнүндө" Мыйзамдын 23, 23-1-беренелерине ылайык, Адвокаттардын мамлекеттик реестрин КР Юстиция министрлиги кагаз жана электрондук формада жүргүзөт жана аны өз расмий сайтында жайгаштырат. Адвокатурага, Юстиция министрлиги менен бирге мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутумуна катышкан адвокаттардын кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын контролдоо милдети жүктөлгөн, бул мурда караштырылган эмес.
Андан тышкары, КР жаңы ЖПКнын 52-беренеси коргоочунун милдеттүү түрдө катышуусу жана андан баш тартуу жөнүндөгү эки ченемдеги карама-каршылыктарды жокко чыгарды. КР жаңы ЖПКнын 52-беренесинде караштырылган учурларда шектүү, кылмыш жасаган деп айыпталган адам тарабынан коргоочудан баш тартуу жөнүндө арыздын берилишине жол берилбейт.
Ошондой эле, КРнын 2016-жылдын 16-декабрындагы жаңы "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Мыйзамына ылайык, мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды алууга укуктуу жактардын тизмеси кеңейтилген.
Дарыгерге жетүү мүмкүндүгү
КР Конституциясынын 24-беренесине ылайык ар бир кармалган адамга кечиктирбестен кармоонун себептери жөнүндө билдирилүүгө, медициналык кароого жана дарыгердин жардамына укукту камтуу менен анын укуктары түшүндүрүлүүгө жана камсыздалууга тийиш.
КР ЖПКнын 40, 42-беренелерине ылайык кылмышка шектелген ар бир адамды убактылуу жайга жеткирүүдө, ошондой эле анын өзүнөн, анын коргоочусунан, туугандарынан алгач текшерүү жана тергөө органдарынын кызматчылары тарабынан күч зомбулугу колдонулгандыгы жөнүндө даттануу келип түшкөндө тиешелүү документти түзүү менен милдеттүү медициналык күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Медициналык иликтөө жүргүзүүнүн милдеттүүлүгү убактылуу кармоо жайынын администрациясына жүктөлөт.
"Кылмышка шектүү жана кылмыш жасаган деп айыптоо боюнча кармалган адамдарды камакта кармап туруу тартиби жана шарттары жөнүндө" КР Мыйзамына ылайык, кылмышка шектүү же кылмыш жасады деп айыпталган адамдын денесине залал келтирилген учурда камакта кармалып турган жердин медициналык кызматкери тарабынан кечиктирилбестен жардам берилет, ал эми медициналык күбөлөндүрүүнүн натыйжалары белгиленген тартипте чагылдырылат жана жапа чеккен адамга билдирилет. Камакта кармоочу жайдын начальнигинин же анын өндүрүшүндө кылмыш иши турган жактын же органдын чечими боюна кылмышка шектүү жана кылмыш жасаган деп айыпталган жактын же анын коргоочусунун өтүнүч каты боюнча медициналык күбөлөндүрүү медициналык мекемелердин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлөт. Мындай күбөлөндүрүүнү жүргүзүүдөн баш тартуу көзөмөлдөөчү прокурорго даттанылышы мүмкүн.
Бирок, практикада жогоруда көрсөтүлгөн ченемдер тиешелүү түрдө аткарылат. Дарыгерлердин аракеттерин алардын мамлекеттик системага көз карандылыгы менен түшүндүрүүгө болот. ИИМ мекемелеринде, КР Өкмөтүнө караштуу ЖАМКда иштеген бардык дарыгерлер ушул мекемелердин кызматкерлери болуп саналышат, бул алар тарабынан жол берилүүчү мыйзам бузууларга алып келет. Ушуга байланыштуу бардык медициналык адистерди КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин карамагына которуу жөнүндө маселени карап чыгуу керек.
Андан тышкары денесине залал келтирилген адам, же анын коргоочусу башка дагы төмөнкүдөй көйгөйлөргө туш болушат:
- териштирүү учурунда коопсуздукту камсыз кылуу көйгөйү;
- администрациянын режимдик кызматкерлеринин чечими боюнча гана медициналык кызматкерди кароого тартуу;
- дарыгерди жаракаттарды күбөлөндүрүү үчүн эмес, биринчи медициналык жардам көрсөтүү үчүн тартуу;
- Кыргыз Республикасынын пенитенциардык тутумундагы дарыгердин укуктук статусу кыйноо колдонулган учурда аракетсиздикке түз жол берет.
Ошентип, кыйноо курмандыгынын медициналык адиске жетүү мүмкүндүгү практикада чектелүү экендигин ырастоого болот.
КР жаңы ЖПКга ылайык көрсөтүлгөн көйгөйлөр төмөнкүдөй чечилди. КР ЖПКнын 45-беренеси кылмышка шектүү адам медициналык кароого жана факт жүзүндө кармоодон кийин дарыгердин жардамына укуктуу экендигин караштырат. Кылмышка шектүү адамды убактылуу кармоочу жайга ар бир алып келүүдө, ошондой эле анын өзүнөн, анын коргоочусунан, жакын туугандарынан, жубайынан алгач текшерүү жана тергөө органдарынын кызматкерлери тарабынан ага зомбулук, кыйноо колдонулгандыгы же катаал мамиле жасалгандыгы жөнүндө даттануу келип түшкөн учурда, тиешелүү документти түзүү менен милдеттүү медициналык күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Медициналык күбөлөндүрүү жүргүзүү милдети убактылуу кармоочу жайдын администрациясына жүктөлөт.
Адамды камакка алуу корутундусу чыгарылган учурда, тергөөчү, сот коргоочу тараптын өтүнүч каты боюнча камакка алынган адамга медициналык кароо жүргүзүүгө өз убагында (он эки сааттан кеч эмес) жетүү мүмкүндүгүн камсыз кылууга, ал эми зарыл болгон учурда - соттук-медициналык экспертиза жүргүзүүнү дайындоого милдеттүү. Ошентип, бул ченем тергөөчүнү 12 сааттан кеч эмес убакыт ичинде камакка алынган адамга дарыгердин кирүүсүнө жол берүүгө милдеттендирет.
Бул мыйзам ченемдеринин практикада ишке ашырылбагандыгын эске алуу менен, КР жаңы ЖПКсында коргоочунун ыйгарым укуктары кеңейтилген, алар ага КР ЖПКнын 175-беренесинин тартибинде эксперт чакыруу менен, экспертиза дайындоо жөнүндө, ошондой эле анын демилгеси менен эксперт тартылып жаткан тараптын эсебинен келишимдик негизде экспертиза өткөрүү жөнүндө өтүнүч каты менен тергөө сотуна кайрылууга мүмкүндүк берет.
КР ЖПКнын 172-беренесине ылайык, экспертиза алгач текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына, тергөөчүгө жазуу жүзүндө алардын пикири боюнча, изилдөө объектисин жана эксперт катары чакырылышы мүмкүн болгон адамды көрсөтүү менен суроолорду берүү аркылуу, өзүнүн жана берилген укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоочу процесстин катышуучуларынын демилгеси боюнча дайындалышы мүмкүн. Мында алгач текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү алардын чечүүсүнө сунушталган суроолор кылмыш ишине жана (же) кылык жөнүндө ишке, же экспертизанын предметине ачык тиешеси жок болгон учурдан башкасында, экспертиза дайындоодон баш тартууга укуксуз. Тергөөчү экспертиза дайындоодон баш тарткан учурда, өзүнүн жана берилген укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоочу тергөө сотуна өтүнүч менен кайрылууга укуктуу.
Кыйноону же катаал мамилени колдонгондугу жөнүндө арыз болгон учурда соттук-медициналык экспертиза он эки сааттын ичинде дайындалууга тийиш. Эксперттин кароосу фотосүрөткө тартууну же видеожазууну колдонуу менен жүргүзүлүүгө тийиш.
1) Адамга кыйноо коркунучу жаралган өлкөгө мажбурлап кайтарып берүүгө тыюу салуу
Колдонуудагы КР ЖПК 48 "Адамды кылмыш жазасына тартуу үчүн же өкүмдү
аткаруу үчүн өткөрүп берүү" деген бапты камтыйт, анда өткөрүп берүүдөн баш тартуу үчүн негиздер караштырылган:
1) эгерде адамга Кыргыз Республикасы тарабынан саясий баш калкалоо берилсе;
2) эгерде өткөрүп берүү жөнүндө талаптын негизи болуп кызмат кылган иш Кыргыз Республикасында кылмыш деп таанылбаса;
3) эгерде адамга карата ошол эле кылмыш үчүн мыйзамдык күчүнө кирген өкүм болсо же иш боюнча өндүрүш токтотулган болсо;
4) эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча кылмыш ишин козгоого мүмкүн эмес болсо, же мөөнөтү өтүп кеткендигинин натыйжасында же башка мыйзамдык негиз боюнча өкүмдү аткарууга мүмкүн болбосо.
Бул тизме толук болуп саналат жана кабыл алуучу тарапта адам кыйноолорду колдонуу коркунучуна дуушар болушу мүмкүн болгондо негизди камтыбайт. Мындан тышкары, мыйзамдар компетенттүү бийликти чыгарып жиберүү же экстрадиция жүргүзүлгөн өлкөдө кыйноолор колдонулган жагдайды ачууга милдеттендирүүчү ченемдерди камтыбайт жана бул маселени кароонун так жол-жобосун караштырбайт.
КР ЖПКсы чет мамлекетке адамды өткөрүп берүүнүн шарттары жана тартиби КР ЖПКнын ченемдери жана чет мамлекеттер менен түзүлгөн эл аралык келишим менен аныктала тургандыгын белгилейт. Ошентип, өткөрүп берүүдөн баш тартуу үчүн негиздердин жоктугу менен катар, ошондой эле экстрадиция жөнүндө эки тараптуу келишимге карата кыйноолорго каршы БУУнун Конвенциясынын талаптарынын артыкчылыгы жөнүндө жобо жок. Практикада бул чет өлкөлүк жарандарды чыгарып салууга же кыйноолорду колдонуу коркунучу жөнүндө келишимдин болгондугуна карабай чет мамлекеттерге өткөрүп берүүгө алып келет.
Жаңы КР ЖПКга ылайык өткөрүп берүүгө тыюу салуучу негиздердин тизмеси кайра каралган. Жаңы КР ЖПКнын 524-беренесине ылайык, эгерде адам сураган мамлекетте кыйноолорду колдонуу коркунучуна дуушар болушу мүмкүн деп божомолдоого негиз болсо, мындай учурда өткөрүп берүүгө жол берилбейт.
2) Териштирүү жүргүзүү милдеттенмеси жана кыйноо курмандыгынын даттанууга укугу
Эл аралык ченемдерге ылайык, мамлекеттер кыйноолор жана катаал мамилелер жөнүндө билдирүүнү тез арада жана калыстык менен териштирүүгө тийиш. Кыйноо учурлары кайсы болбосун ак ниет териштирүүнүн негиздөөчү принциптери болуп анын калыстыгы, көз карандысыздыгы, ыкчамдыгы жана кылдаттыгы эсептелет. Бул элементтер кайсы болбосун укуктук тутумга ыңгайлашуусу мүмкүн жана кыйноолорду ырастоолорго байланыштуу бардык териштирүүлөрдү өткөрүүдө аларды жетекчиликке алуу керек.
4.1. Кыйноолор жөнүндө даттануулар жана арыздар
Кыйноолор жөнүндө даттанууларды жана арыздарды каттоо
БУУнун Кыйноолорго каршы комитети кыйноолорду териштирүү боюнча мамлекеттин милдеттеринин келиши үчүн жазуу жүзүндөгү формалдуу даттануунун болуусу милдеттүү түрдө эмес экендигин, мында кыйноолор жөнүндө мындай даттанууларды жана арыздарды кароо кечиктирилбестен жүргүзүлүүгө тийиш экендигине басым жасоо менен көрсөтөт.
КР ЖПКнын 155-беренеси ченемди камтыйт, ага ылайык алгач териштирүү органы, тергөөчү жана прокурор кайсы болбосун жасалган же даярдалып жаткан кылмыш жөнүндө арызды же билдирүүнү кабыл алууга, каттоого жана карап чыгууга милдеттүү. Арыз берген адамга арызды же билдирүүнү кабыл алган адамды, ал катталган убакытты көрсөтүү менен, кабыл алынган кылмыш жөнүндө билдирүүнүн же арыздын катталгандыгы жөнүндө документ берилет. Кылмыш жөнүндө билдирүүнү же арызды кабыл алуудан негизсиз баш тартуу жазык-процесстик мыйзамдарда белгиленген тартипте прокурорго же сотко даттанылышы мүмкүн.
Кыйноо жөнүндө арыздардын катталбагандык практикасын жоюу максаттарында, 2019-жылдын 1-январынан күчүнө кире турган жаңы КР ЖПКда кылмыш ишин козгоо стадиясы алынып салынган. Жаңы КР ЖПКнын 148, 149-беренелерине ылайык, сотко чейинки өндүрүш маалыматтар Кылмыштардын жана кылыктардын бирдиктүү реестрине киргизилген учурдан тартып башталат. Сотко чейинки өндүрүштү ишке ашыруучу органдар кайсы болбосун жасалган же жасалууга даярдалып жаткан кылмыш жана (же) жасалган жорук жөнүндө арызды же билдирүүнү кабыл алууга, каттоого жана кароого милдеттүү. Арыз берген адамга арызды же билдирүүнү кабыл алган адамды, ал катталган убакытты жана Кылмыштардын жана кылыктардын бирдиктүү реестрине каттоо номерин көрсөтүү менен, кабыл алынган кылмыш жана (же) кылык жөнүндө билдирүүнүн же арыздын катталгандыгы жөнүндө документ берилет. Кылмыш жөнүндө арызды кабыл алуудан жана каттоодон баш тартууга жол берилбейт жана мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алып келет.
Кылмыш иши же жосун жөнүндө иш боюнча сотко чейинки өндүрүштүн башталышы жөнүндө кылмыш же кылык жөнүндө арыз же билдирүү жиберген жеке же юридикалык жакка кабарланат. Кылмыштардын жана кылыктардын бирдиктүү реестринде автоматтык түрдө маалымат киргизилген дата белгиленет жана кылмыш иши же кылык жөнүндө ишке номер берилет.
Даттанууларды жана арыздарды кароонун мөөнөтү
КР ЖПКнын 156-беренесине ылайык, кылмыш ишин козгоо жөнүндө же аны козгоодон баш тартуу жөнүндө чечим үч күндүк мөөнөттө кабыл алынууга тийиш, ал эми өзгөчө учурларда - мөөнөт он күндөн ашпайт.
Кыйноолор жөнүндө арыздарга карата кылмыш жөнүндө арызды текшерүү жана кылмыш ишин козгоо жөнүндө маселени чечүү үчүн белгиленген он күндүк мөөнөт негизсиз узак болуп саналат жана далилдерди ыкчам жана натыйжалуу бекемдөөгө, ошондой эле кылмышкерлердин өздүгүн белгилөөгө тоскоол болот, башкача айтканда кыйноолордун курмандыктарынын кызыкчылыктарына каршы келет.
Укук коргоо органдарынын иштерине даттанууларды кароонун мөөнөттөрүнө карата. Мыйзамга ылайык, мындай даттануулар далилдүү чечимдерди чыгаруу үчүн прокурор тарабынан каралууга тийиш. Прокурор даттанууну тиешелүү органга, эреже катары, өз коопсуздугун башкарууга тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүү тартибине жөнөтүшү мүмкүн. Практика көрсөткөндөй даттанууну кылмыш ишин козгоо предметине текшерүүгө орточо бир айга жакын убакыт кетет.
Мыйзамдардын бул жеткилең иштелбегендиги жаңы КР ЖПКда четтетилди, ага ылайык алгач текшерүү органынын ыйгарым укуктуу адамы, тергөөчү, прокурор жасалган кылмыш же кылык жөнүндө арызды, билдирүүнү алган учурдан же жасалган кылмыш жөнүндө күбөлөндүргөн жагдайлар түздөн түз табылган учурдан тартып 24 сааттан кечиктирбестен тиешелүү маалыматтарды Кылмыштардын жана кылыктардын бирдиктүү реестрине киргизүүгө милдеттүү.
Ошентип, арызды Кылмыштардын жана кылыктардын бирдиктүү реестрине киргизүүнүн максималдуу мөөнөтү 24 саатты түзөт.
4.2. Кыйноолорду колдонууга карата кылмыш иштерин териштирүү
Кыйноолор жөнүндө иштер боюнча кылмыштык териштирүү жүргүзүүнүн ведомствого караштуулугу жана көз карандысыздыгы
Стамбул протоколунда мындай деп айтылат: "Териштирүү жүргүзгөн адамдар болжоштурулган айыптуулардан жана алар иштеген мекемелерден көз карандысыз, компетенттүү жана калыс болууга тийиш".(12)
КР ЖПКнын 163-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, кызматтык кылмыштар жөнүндө, сот адилеттигине каршы кылмыштар жөнүндө, калктын саламаттыгына жана коомдук адеп-ахлакка каршы кылмыштар жана мамлекеттик органдардын кызмат адамдары тарабынан жасалган кылмыштар жөнүндө кылмыш иштери боюнча териштирүүлөр прокуратура органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт. Ошентип, КР ЖКнын 305-1-беренеси боюнча тергөөнү прокуратура органдарынын кызматкерлери гана жүргүзүүгө тийиш.
Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 28-декабрындагы Мыйзамы менен КР Конституциясына өзгөртүүлөр киргизилген, ага ылайык КР Конституциясынын 104-беренеси төмөнкүдөй редакцияда берилген:
Прокуратура төмөнкүлөр өзүнө жүктөлгөн бирдиктүү системаны түзөт:
1) аткаруу бийлик органдарынын, ошондой эле тизмеси конституциялык мыйзам менен аныкталган башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана аталган органдардын кызмат адамдарынын мыйзамдарды так жана бирдей аткаруусун көзөмөлдөө;
2) изин суутпай издөөнү тергөөнү жүзөгө ашыруучу органдар тарабынан мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө;
3) жазык иштери боюнча соттун чечимдерин аткарууда, ошондой эле жарандардын жеке эркиндигин чектөөгө байланышкан мажбурлоо мүнөздөгү чараларды колдонууда мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө;
4) мыйзамда белгиленген учурларда сотто жарандын же мамлекеттин кызыкчылыктарына өкүлчүлүк кылуу;
5) сотто мамлекеттик айыптоону ишке ашыруу;
6) тизмеси конституциялык мыйзам менен аныкталган мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына карата жазык иштерин козгоп, иштерди тиешелүү органдарга тергөөгө өткөрүп берүү, ошондой эле аскер кызматчыларынын статусуна ээ болгон адамдарды жазыктык куугунтуктоо.
Ошентип, Конституциянын талаптарына ылайык, прокуратура органдарынын натыйжалуулугуна иштерди андан ары териштирүүгө тиешелүү органдарга өткөрүп берүү менен, кыйноолорго байланышкан кылмыш иштерин козгоо гана кирет.
Азыркы учурда колдонулуп жаткан КР ЖПКда КР ЖПКнын 163-беренесине өзгөртүүлөр (натыйжалуулук) киргизилген жок. Ушуга байланыштуу кыйноого байланышкан иштерди андан ары териштирүүнү кайсы укук коргоо органы жүргүзөөрү белгиленген эмес. Андан тышкары прокуратура органдары тизмеси конституциялык мыйзам менен аныкталган мамлекеттик органдардын кызмат адамдары жасаган кылмыш иштерин козгоого укуктуу. Ушул убакка чейин мындай кызмат адамдарынын тизмеси аныкталган эмес.
Ошентип, кыйноолор жөнүндө иштер боюнча кылмыштык териштирүү жүргүзүүнүн көз карандысыздыгы азыркы учурда сакталууга мүмкүн эместиги жөнүндө корутунду чыгарууга болот.
Далилдер
ЖПКнын талаптарын бузуу менен алынган далилдер жол берилбей тургандар болуп эсептелип, юридикалык күчкө ээ эмес деп таанылаарын жана иш боюнча чечимдин негизине коюуга, ошондой эле кайсы болбосун фактыны же кырдаалды далилдөө үчүн пайдаланууга болбой тургандыгын КР ЖПК көрсөтөт.
Практикада жагдай мыйзамда жазылгандан башкача болот. Эреже катары, судьялар, соттолуучунун моюнга алган көрсөткүчтөрү жана/же башка далилдер кыйноонун натыйжасында алынгандыгы жөнүндөгү даттануусун алуу менен, муну анын кылмыш жоопкерчилигинен качууга умтулуусу катары кароого ынтаа коюшат. Мындай күн мурунтан жаман мамиле кылуу кыйноо колдонгондугу жөнүндө соттолуучунун же анын коргоочусунун арызына текшерүү жүргүзүүнүн мүнөзүндө жана албетте, мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында алынган далилдерди жокко чыгаруу жөнүндө коргоочу тараптын өтүнүч каты боюнча чечимде чагылдырылат. Көптөгөн кылмыш иштери боюнча адвокаттар сотто кыйноолорду колдонуу менен алынган далилдерди жокко чыгаруу жөнүндө өтүнүчүн билдиришет, мында прокурорлор бул өтүнүч каттарды колдоонун ордуна, аларды соттун ыктыярына калтырылат.
Ал тургай кыйноолорду далилдөө үчүн кошумча күбөлөрдү суракка алуу жана/же белгилүү бир экспертизаларды жүргүзүү жөнүндө өтүнгөн соттолуучунун коргоочулары активдүү роль ойногон учурларда да соттолуучунун тагдыры жеңилдебейт. Практика көрсөткөндөй, судьялар көпчүлүк учурларда мындай өтүнүч каттарды канааттандырбайт.
Кыйноолорду колдонуу менен алынган далилдерди пайдаланууга тыюу салган эл аралык ченемдер сакталбайт. КР ЖПКсы кылмыш тартибинде куугунтуктоо үчүн бир эле моюнга алуу негиз боло албай тургандыгын айтат. Бирок, кылмыш иштери боюнча көпчүлүк өкүмдөр негизинен териштирүүнүн жүрүшүндө же өз айыбын мойнуна алып келүүдө алынган ыктыярдуу моюнга алуу көрсөтмөлөрүнө негизденген.
Баарыдан мурда, далилдерге тиешелүү жалпы эрежелерди жөнгө салуучу колдонулуп жаткан КР ЖПКда күч колдонуу же кыйноо менен алынган кайсы болбосун моюнга алуу кылмыш ишинин материалдарынан толук жок кылынууга тийиш экендиги жөнүндө, так түшүндүрмө берген жоболор жок. Алардын өкүмгө таасир этпеши үчүн сот процессинин материалдарынан далилдерди жокко чыгаруу процессин жөнгө салуучу тартип жок.
- Жаңы КР ЖПК алгачкы тергөө органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, прокурор, сот арачылары, сот далилдерди объективдүү жана далилдерди алардын жыйындысында жетишээрлик кароого негизденген өздөрүнүн ички ынанымы боюнча баалап, муну менен мыйзамды жана өзүнүн ынсабын жетекчиликке алуусун караштырат. Ошондой эле КР ЖПКнын талаптарын бузуу менен алынган маалыматтар жол берилбеген маалыматтар болуп эсептеле тургандыгы, юридикалык күчкө ээ болбостугу жана иш боюнча чечимдин негизине коюлбай тургандыгы, ошондой эле кайсы болбосун жагдайларды далилдөө үчүн пайдаланылбай тургандыгы жазылган. Жол берилбеген далилдердин так тизмеси белгиленген, аларга башкалардын ичинде төмөнкүлөр кирет:
- коргоочудан баш тарткан учурдан (анын катышуусунда жазуу жүзүндө) башкасында, коргоочу жок болгондо, сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө берилген жаза колдонуучу аракет жасагандыгы жөнүндө шектүү, айыпталуучунун көрсөтмөлөрү, бирок мында анын көрсөтмөлөрү сотто бышыкталышы керек;
- кыйноолорду, зомбулукту, коркутууну. алдоону колдонуу менен сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө алынган жана башка мыйзамсыз аракеттерге жана катаал мамилелерге тең келген күбөнүн, кылмышка шектүүнүн. айыпталуучунун көрсөтмөлөрү, ошондой эле ага кыйноолорду колдонуунун натыйжасында алынган;
- табышмактарга, болжолдорго, ушактарга далилденген күбөнүн, жабыкоочунун көрсөтмөлөрү, ошондой эле өзүнүн маалымдуулук булагын көрсөтө албаган күбөнүн көрсөтмөлөрү;
- сурак мезгилинде кылмыш иши үчүн мааниге ээ болгон жагдайларды туура кабыл алып же айтып берүүгө КР ЖПКда бекитилген тартипте жарактуу эмес деп табылган адамдын көрсөтмөлөрү;
- бардык процесстик аракеттерди бул кылмыш иши боюнча ишти жүргүзүүгө укугу жок адам жүргүзгөн учурда, о.э. каршы чыгууга таандык болгон адам катышкан учурда алынган бардык маалыматтар;
- илмий билимдерге каршы келген ыкмаларды колдонуу менен алган маалыматтар;
- ЖПКнын талаптарын бузуу менен айыптоо тараптан алынган маалыматтар.
Ошентип, жаңы ЖПК кыйноолорду колдонуу менен алынган көрсөтмөлөр жол берилбес экендигин жана юридикалык күчкө ээ эмес экенин так көрсөтөт жана иш боюнча негизи боло албайт, о.э. бардык жагдайларды далилдөө үчүн колдонула албайт.
Андан тышкары, жаңы КР ЖПКда иш боюнча кайсы болбосун тарап, анда кыйноолор колдонулгандыгынын далилдери болгон учурда, алдын ала угууну өткөрүү жөнүндө өтүнүч кат берүүгө жана жол берилбеген далилдерди жокко чыгарууга укуктуу экендиги караштырылган.
Жаңы ЖПКда жол берилбеген далилдерди жокко чыгаруу боюнча эң маанилүү жетишкендик катары 276-беренеде: "Далилдер ушул Кодекстин талаптарын бузуу менен алынгандыгынын негизинде коргоо тараптан билдирилген далилди жокко чыгаруу жөнүндө өтүнүч катты кароодо, коргоо тараптан берилген далилдерди жокко чыгарууларды далилдөө жүгү прокурорго жүктөлөт" деп караштырылган ченемди таануу керек.
Кыйноо курмандыктарынын укуктары
Стамбул протоколу болжоштурулган кыйноолордун же катаал мамиле кылуулардын курмандыктарына жана алардын мыйзамдык өкүлдөрүнө териштирүүгө тиешелүү кайсы болбосун угуу же кайсы болбосун маалымат жөнүндө милдеттүү түрдө кабарлоону, ошондой эле бул маалыматка кирүү мүмкүндүгүн жана башка далилдерди берүү укугун берүүнү жазып эскертет.
Колдонуудагы КР ЖПКнын 49-беренесине ылайык, жапа чеккен катары ага кылмыш аркылуу моралдык жактан, денесине, же мүлкүнө зыян келтирилген жак таанылат. Адамды жапа чеккен деп таануу жөнүндө тергөөчү, судья токтом чыгарат. Башкача айтканда арыз боюнча текшерүү арыз ээсин жапа чеккен деп таануу үчүн негиз болуп эсептелбейт. Ушуга байланыштуу кыйноолорду колдонуу жөнүндө өз арызы боюнча жазык процессинин катышуучусу катары расмий таанылбаган кыйноолордун курмандыгы жабырлануучу үчүн жазык-процесстик мыйзамында караштырылган бардык укуктарынан ажыраган. Факт жүзүндө бул адам эч кандай укуктук статуска ээ болбойт, демек, укук коргоо органдары анын укуктарынын бузулушун тоготпойт.
Ошондой эле колдонуудагы мыйзамдар укук коргоо органдарын ага карата кыйноо колдонуу фактысы боюнча анын арызы боюнча текшерүү жүргүзүлүп жаткан адамга адвокат берүүгө милдеттендирүүчү ченемдерди кармабайт. Демек ал өзүн коргоо максаттарында сабаттуу жана туура аракеттерди жасоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылган.
Жаңы ЖПКга ылайык, жеке жана юридикалык жакта жабырлануучунун укуктары жана милдеттери ага карата кылмыш же кылык жасалгандыгы жөнүндө арыз же аны жабырлануучу катары тартуу жөнүндө арыз берилген учурдан баштап пайда болот. Алгач текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, сот кылмыш же кылык жасалгандыгы жөнүндө арыз же аны жабырлануучу катары тартуу жөнүндө арыз берилген учурдан баштап адамды жабырлануучу деп таанууга милдеттүү.
Ошентип, жаңы процесстик мыйзам адамды жабырлануучу деп таануу жөнүндө милдеттүү протоколду талап кылбайт жана адамга карата кылмыш жасалгандыгы жөнүндө арыз берилген учурдан тартып жабырлануучуда укуктар жана милдеттер, анын ичинде шектенүүнүн, айыптоонун маңызы жөнүндө маалымат алууга, далилдерди берүүгө, өтүнүч каттарды жана бөлүүлөрдү билдирүүгө, котормочунун кызматынан пайдаланууга укук, мыйзамда караштырылган учурларда мамлекет кепилдеген юридикалык жардамга укук, медициналык мекемеде күбөлөндүрүүдөн өтүү укугу, териштирүү иштерине катышуу укугу, алгач териштирүү органынын, алгач териштирүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн, тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин, прокурордун жана соттун ж.б. аракеттерине жана чечимдерине даттанууларды алып келүү укугу пайда болот.
5. Күбөлөрдүн коопсуздугу
Стамбул протоколуна ылайык, мамлекет болжоштурулган кыйноо курмандыктарын, күбөлөрдү жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн жүргүзүлүп жаткан териштирүүгө байланыштуу орун алышы мүмкүн болгон зомбулуктан, зомбулук коркунучунан же коркутуунун башка формаларынан коргоо жоопкерчилигин алууга милдеттүү.
Бул жоболорду ишке ашыруу максаттарында жаңы ЖПКда 9 "Жазык сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын коопсуздугун камсыздоо" деген бап караштырылган. КР ЖПКнын 79-беренесине ылайык, эгерде иш боюнча өндүрүшкө байланыштуу аларга карата зомбулук же жазык мыйзамы тарабынан тыюу салынган башка кылык жасоо коркунучу жөнүндө маалыматтар болсо, өндүрүшүндө иш турган орган, сот өндүрүшүнө катышып жаткан кылмышка шектүүнүн, айыпталуучунун, күбөнүн жана башка адамдардын, ошондой эле жакын туугандарынын, жубайынын коопсуздук чараларын көрүүгө милдеттүү. Өндүрүшүндө иш турган органдардын оозеки (жазуу жүзүндөгү) арызынын негизинде же өзүнүн демилгеси боюнча адамдардын коопсуздук чараларын көрөт, бул жөнүндө токтом чыгарылат. Жазык сот өндүрүшүнө катышкан адамдардын, алардын жакын туугандарынын, жубайынын алардын коопсуздугу жөнүндө чараларды кабыл алуу жөнүндө арыздары өндүрүшүндө иш турган орган тарабынан аларды алган учурдан тартып 24 сааттан кеч эмес убакытта каралууга тийиш. Кабыл алынган чечим жөнүндө ага тиешелүү токтомдун көчүрмөсүн жиберүү менен арыз ээси кечиктирилбестен кабарланат.
Жаңы КР ЖПКнын 80-беренесине ылайык, жабырлануучунун, күбөнүн, кылмышка шектүүнүн, айыпталуучунун жана башка жазык сот өндүрүшүнө катышып жаткандардын, алардын жакын туугандарынын, жубайынын коопсуздук чараларын камсыз кылуу максаттарында, өндүрүшүндө иш турган орган, зомбулук коркунучу же жазык мыйзамы тарабынан тыюу салынган башка кылыктар келип чыгуучу адамга анын жазык жоопкерчилигине тартылуу мүмкүндүгү жөнүндө расмий эскертүү берет, корголуучу адам жөнүндө маалыматтарга жетүү мүмкүнчүлүгүн чектейт, анын жеке коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө тапшырма берет, кылмышка шектүүгө, айыпталуучуга карата жазыктык сот өндүрүшүнүн катышуучуларына зомбулук колдонуу же башка кылмыш кылыктарын жасоо мүмкүндүгүн жокко чыгаруучу бөгөт коюу чараларын колдонот, жакындоого тыюу салуу түрүндө жазыктык сот өндүрүшүн камсыздоо чараларын колдонот.
6. Кыйноолордун курмандыктарына келтирилген зыяндын ордун толтурууга укук
ЖСУЭП (Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакт) жана ЖСУЭПке Факультативдик протоколдун алкагында Кыргыз Республикасы тарабынан алынган эл аралык милдеттенмелерге карабастан, БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин Кыргыз Республикасына карата чечимдеринин ичинен Комитет тарабынан 7-берененин бузулгандыгы белгиленген бир гана чечим боюнча жабырлануучуну өлүмгө алып келген кыйноолорду колдонулушу менен түшүндүрүлгөн укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө соттук чечим чыгарылган.(13) Аларда кыйноолордон эркиндикке укуктун бузулушу таанылган Комитеттин калган чечимдери боюнча кыйноолордун курмандыктарына компенсация ушул учурга чейин берилген эмес.
КР ЖПКда келтирилген зыяндын ордун толтурууга укуктардын пайда болуусунун негиздерин жана шарттарын жана республикалык бюджеттен анын ордун толтуруунун тартибин караштырган жалпы ченемдер камтылган. Ошентип, КР ЖПКнын 417-беренесине ылайык, аны мыйзамсыз кармоонун, камакка алуунун, медициналык мекемеге жайгаштыруунун ж.б. натыйжасында жаранга келтирилген зыяндын орду алгачкы тергөө органынын, тергөөчүнүн, прокурордун жана соттун күнөөсүнө карабастан, толук көлөмдө мамлекет тарабынан толтурулат. Эгерде жаран тергөө же соттук териштирүү процессинде өзүн өзү каралоо жолу менен мыйзамсыз натыйжалардын пайда болушуна өбөлгө түзгөн болсо, мындай учурда зыяндын орду толтурулбайт. Бирок, жаранга зордук кылуу, коркутуу жана башка мыйзамсыз чараларды колдонуунун натыйжасы болуп эсептелген өзүн өзү каралоо зыяндын ордун толтурууга тоскоол болбойт. Мында мыйзамсыз чараларды колдонуу фактысы тергөө органдары, прокурор же сот тарабынан белгиленүүгө тийиш. Башкача айтканда, башталышы үчүн алгачкы тергөө органынын, тергөөчүнүн күнөөсүн далилдөөчү процесстик документти алуу зарыл жана ошондон кийин гана кыйноолордун курмандыгы ага келтирилген зыяндын ордунун толтурулушуна үмүттөнө алат.
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин (КР ЖК) 999-беренесинде алгачкы тергөө, алдын ала тергөө органдарынын, прокуратуранын жана соттун мыйзамсыз аракеттеринен улам келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик каралган, ошондой эле мамлекеттен зыяндын ордун толтурууга укук келип чыккан жана субъектилердин тар чөйрөсү жана шарттары саналган. Ошентип, КР ЖКнын 999-беренесинин 1-бөлүгүндө мындай дейт: "Гражданинге мыйзамсыз соттоонун, кылмыш жоопкерчилигине мыйзамсыз тартуунун, бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу же башка жакка кетпөө жөнүндө кол койдуруп алуу чараларын мыйзамсыз колдонуу, камакка алуу түрүндөгү мыйзамсыз түрдө администрациялык жаза колдонуунун натыйжасында келтирилген зыяндын орду мамлекет тарабынан алгачкы текшерүү, алдын ала тергөө, прокуратура жана сот органдарынын кызмат адамдарынын күнөөсүнө карабастан мыйзамда белгиленген тартипте толук көлөмүндө толтурулат".
Мыйзамдардын мындай ченемдеринин бар экендигине карабастан, процесстик катуу талаптардын айынан кыйноо курмандыктары тарткан зыяндын ордун толтурууга укуктарын натыйжалуу ишке ашыруу абдан кыйын. Ошентип, жазык процессин алып баруучу органдардын мыйзамсыз аракеттеринен улам келтирилген зыяндын ордун толтурууга укук тиешелүү чечим, мисалы, аракеттердин мыйзамсыздыгын белгилеген соттун өкүмү же токтому же алгачкы тергөө, алдын ала тергөө органынын, прокурордун токтому болгон учурда гана таанылат.
2. Укук колдонуу практикасынын көйгөйлөрү
2.1. Кыйноолор жөнүндө билдирүүлөрдү териштирүүнүн натыйжасыздыгы
Кыйноолордун колдонулгандыгы жөнүндөгү арыздарды ыкчам, калыс жана ар тараптуу териштирүүнүн жоктугунан келип чыккан жазасыздык кыйноолорду колдонууга жана катаал мамилеге алып келүүчү тутумдук себептердин эң негизгилеринин бири болуп эсептелет.
2016-жылы Улуттук борбордун билдирүүлөрү боюнча прокуратура органдары тарабынан кыйноолордун колдонулушу жана катаал мамиле жөнүндө КР ЖКнын 304, 305 жана 305-1-беренелери боюнча 9 кылмыш иши козголгон, алардын ичинен 6-305-1 ("Кыйноо") беренеси боюнча.
Мурдагыдай эле кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө чечимдердин пайызы жогору бойдон калып жаткандыгын белгилөө керек. Ошентип, 2014-жылы 92,7%, 2015-жылы - 94,5% билдирүүлөр боюнча прокуратура органдары тарабынан кылмыш ишин козгоодон баш тартуу болгон. 2016-жылы бул көрсөткүч 95,7% жеткен.
13-таблица. 2016-жылы Улуттук борборго келип түшкөн билдирүүлөр боюнча козголгон кылмыш иштери жөнүндө маалымат
| Арыз ээсинин аты-жөнү | Кайрылуунун/келүүнүн жүрүшүндө кыйноолорду табуунун датасы | КРЖКнын беренеси | Билдирүүнү кароонун натыйжасы |
Бишкек ш. жана Чүй облусу | ||||
1 | Төлөгөн уулу Асан | 15.06.2016 | 305-б. 2-6. 3-п., 305-1-б. 2-бөл. 1-п. | териштирүү жүрүп жатат |
2 | Байтокова Атыркүл | 17.10.2016 | 305-б. 2-6. 3-п., 305-1-б. 2-бөл. 1-п. | териштирүү жүрүп жатат |
3 | Бочаров Олег | 10.08.2016 | 305-б. 2-б. 3-п., | териштирүү жүрүп жатат |
4 | Бейшекеев Акжолтой | 17.03.2016 | 305-1-б. 2-бөл. 1-п. |
|
Ысык-Көл облусу | ||||
5 | Бактыбеков Азимбек | 24.11.2016 | 305-1-б. 2-б. 1-п. | убактылуу токтотулган (ЖПКтин 221-бер. 1-б.1-п.) |
6 | Кубанычбеков Урмат | 12.02.2016 | 305-1-б. 2-б. 1-п. | токтотулган |
| Талас облусу |
|
|
|
7 | Биялиев Самат | 26.04.2016 | 305-1-б. 2-б. 1-п. | убактылуу токтотулган (ЖПКнын 221-бер. 1-б. 3-п.) |
| Жалал-Абад облусу |
|
|
|
8 | Абдурахимов Нодирбек | 10.02.2016 | 304-бер. 2-б. | соттун кароосунда |
Баткен облусу | ||||
9 | Сарытаев Нургазы | 12.07.2016 | 305-бер. 2-б. 5-п. | убактылуу токтотулган (ЖПКтин 221-бер. 1-б. 3-п.) |
БУУнун Кыйноолорго каршы конвенциясы мамлекеттер кыйноолорду жана катаал мамиленин башка формаларын аларга жол берилбей тургандыгына жана аларды түп тамырынан бери жоюу ниетинин реалдуулугуна күмөн калбай тургандай териштирүүгө милдеттүүлүгүн көрсөтөт.
Кыйноолор жөнүндө арыздарды натыйжалуу териштирүүнүн принциптери болуп беш критерий саналат.
1. Көз карандысыздык
Бул критерий кыйноолорду териштирүүгө жооп берүүчү, аны ишке ашыруу үчүн дайындалган же чечимдерди кабыл алууга укуктуу кызмат адамдары ошол эле укук тартиби органдарынын курамына кирбөөгө же кандайдыр бир башкача жол менен териштирүүчү окуяларга тиешеси бар адамдар менен байланышта болбоого тийиш дегенди билдирет.
2. Кылдаттык
Териштирүү даттануу берилген полиция кызматкеринин жүрүм-туруму мыйзамсыз болгондугун аныктоо үчүн далил топтоо, ошондой эле жоопкерчиликтүү адамдарды табуу жана жазалоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш.
3. Кечиктирилбестик
Териштирүү сыяктуу эле мүмкүн болуучу сот өндүрүшү өз убагында жана тиешелүү тездик менен жүргүзүлүүгө тийиш экендигин божомолдойт.
4. Ыйгарым укуктардын жетиштүүлүгү, көз карандысыздык
Тергөө органдары иш боюнча фактыларды белгилөө үчүн жана зарыл болгондо, күнөөлүүлөрдү табуу жана аларды жазалоо үчүн бардык ыйгарым укуктарга ээ болууга тийиш. Териштирүү жүргүзүп жаткан адамдардын жана даттануу берилген укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ортосунда институционалдык же иерархиялык байланыштар болбоого тийиш.
5. Жапа чеккендердин катышуусу. коомчулук тарабынан контроль
Бул критерий өз ичине катаал мамиледен болжоштурулган жапа чеккендер жана/же алардын өкүлдөрү алардын мыйзамдык кызыкчылыктарын камсыздоо үчүн бул канчалык өлчөмдө керек болсо, тергөө аракеттерине ошончолук тартылууга тийиш экендигин камтыйт.
Көпчүлүк укук коргоочулар жана колдонуучу юристтер Кыргыз Республикасында кыйноо жөнүндө билдирүүлөрдү териштирүүнүн механизми толук өлчөмдө натыйжалуу болуп эсептелбей тургандыгын көрсөтүшөт.(14) Улуттук борбордун талдоосунун натыйжалары боюнча ошондой эле кыйноо жөнүндө билдирүүлөрдү териштирүүнүн механизми териштирүүнүн натыйжалуулугунун жогоруда көрсөтүлгөн беш критерийине ылайык келбейт. Төмөндө Улуттук борбордун практикасынан мисалдар келтирилди.
Н.Анын иши.
2016-жылдын 5-февралында, Жалал-Абад шаарынын убактылуу кармоочу жайга (УКИ) баруу учурунда Улуттук борбордун кызматкерлерине соттолгон Н.А. кыйноого даттануу менен кайрылган Өзүнүн кайрылуусунда ал УКЖнын начальниги И.Шералиев УКЖнын имаратына жарандык кийимчен адамдарды эркин киргизген жана өз кабинетинде кыйноолорду колдонуу үчүн шарттарды түзгөн. Кылмыш жасап жана опузалап акча алгандыгын моюнга алуучу көрсөтмөлөрдү алуу максаттарында Н.А.ны короого алып чыгышып сабашкан жана үстүнө муздак суу куюшкан.
2016-жылдын 10-февралында, УКИге Улуттук борбордун кызматкерлери экинчи жолу барганда, УКЖнын начальниги тарабынан кыйноолор жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызды прокуратура органдарына бербөө талабы менен, Улуттук борбордун Жалал-Абад облусу боюнча өкүлүнө кысым көрсөтүлгөн.
Бул инцидент боюнча Улуттук борбордун кайрылуусуна, прокуратура органдары тарабынан 2016-жылдын 30-мартында тергөө тобу түзүлгөндүгү жана кылмыш белгилери боюнча "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу" (КР ЖКнын 304-бер. 2-б. жана 305-бер. 1-б) беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгондугу жөнүндө жооп берилген.
Арыз ээси көрсөткөн, УКЖда аны сабаган эки жарандын өздүгү аныкталган. Алар М.Акматов жана А.Маматкулов болуп чыгышкан, алар кылмыш ишинин алкагында күбөлөр катары тартылышкан. Алардын бирине административдик жоопкерчиликке тартылган. Териштирүүнүн жыйынтыктары боюнча 2016-жылдын 16-февралында УКЖнын начальниги кызмат орунун төмөндөтүү менен ээлеген кызмат ордунан бошотулган.
Тергөө аракеттерин жүргүзүү учурунда жабырлануучунун адвокаты жок болгон жана Н.А.нын өкүлдөрү кылмышка шектүү адам менен көздөштүрүүгө жана эки күбө менен көздөштүрүүгө чакырылган эмес.
Бул жагдай процессте тараптардын тең укуктуулук принцибине жана териштирүүгө жабырлануучуну (кыйноо курмандыгы) катыштырууга каршы келет.
Тергөө "Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу" (305-бер. 1-б) кылмыш белгилери боюнча жазыктык куугунтуктоону токтоткон жана кылмыш ишинин материалдарын И.Шералиевге гана карата КР ЖКнын 304-бер. 2-б. "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренесинде караштырылган кылмышты жасаган деп күнөөлөө боюнча 2016-жылдын 10-майында Жалал-Абад шаардык сотуна берген.
Судья М.Сариевдин төрагалыгы астында бул ишти соттук кароо ар кандай себептер менен көп жолу кийинкиге жылдырылган. Соттук териштирүүнүн жүрүшүндө сот жабырлануучунун өкүлдөрүнүн өтүнүч катын канааттандыруудан баш тарткан. Бул иш боюнча мамлекеттик айыптоочу М.Кожакматов биринчи инстанциянын сотунда жана Маматов М - экинчи инстанциянын сотунда айыпталуучунун кыйноолорду колдонуудагы күнөөсүн тастыктоочу көрсөтмөлөрдү берген эки күбөнүн келишин камсыз кыла алышкан эмес.
2016-жылдын 9-сентябрында жабырлануучу тараптын өкүлдөрү тарабынан судья М.Сариевди четтетүү жөнүндө өтүнүч кат берилген, бирок өтүнүч катты канааттандырылган эмес.
Судьялардын жана тергөөчүлөрдүн бул аракеттери иштин кылдат изилденбегендигин көрсөтөт.
2016-жылдын 4-октябрында судья М.Сариев И.Шералиевге карата анын аракеттеринде кылмыш курамы жок болгондугуна байланыштуу актоо өкүмүн чыгарган. Азыркы учурда кылмыш иши экинчи инстанциянын сотунун кароосунда турат, ал жакка жабырлануучунун апелляциялык даттануусу жиберилген.
Иштин материалдарында УКЖнын имаратына эки жаран киргендиги, ошондой эле сергүү үчүн короонун аймагында М.Акматов соттолгон Н.Анын жанында тургандыгы тартылып калган УКЖнын видеокамерасынын жазуулары бар экендигине карабастан, М.Акматовго анын аракеттерин административдик укук бузуу катары баалап, кылмыштык айыптоо коюлган эмес М.Акматов Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 364-беренесинде караштырылган майда ээнбаштык түрүндө укук бузгандыгы үчүн административдик жоопко тартылып, 300 (үч жүз) сом өлчөмүндө айыппул салынган.
Бул чечимге макул болбогон жабырлануучу тараптын коргоосу жаранга карата сот органдарынын кылмыштык куугунтуктоосун токтотуу жөнүндөгү тергөөчү топтун жетекчиси К.Зулушевдин токтомуна даттануу билдирген.
Натыйжада, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Соттук коллегиясы өзүнүн 2016-жылдын 21-декабрындагы аныктамасы менен адвокаттардын даттанууларын канааттандырган жана кылмыш ишинин материалдарын кошумча тергөөгө Жалал-Абад облусунун прокуратурасына жөнөткөн. Мында Жогорку соттун коллегиясы иштин материалдарында Н.А. ага карата аракеттердин натыйжасында азап чеккендигин көрсөткөн соттук-психиатриялык экспертизанын бар экендигин так көрсөткөн.(15) Ошондой эле КР ЖПКнын 19-беренеси бузулуп, иштин жагдайлары ар тараптуу, толук жана объективдүү изилденбегендиги көрсөтүлгөн.
Кыйноолорду колдонуу жөнүндө арыздар боюнча кылмышка шектүүлөргө карата эркинен ажыратууга байланыштуу бөгөт коюу чарасы колдонулбай тургандыгын белгилөө зарыл. Мында эркиндикте калган кылмышка шектүү/айыпталуучу/соттолуучу адамдар териштирүүнүн жүрүшүнө жана соттук иштин каралышына таасир берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Ошентип, Н.Ага кыйноо колдонуу жөнүндөгү соттук териштирүүнүн жүрүшүндө күбө катары сотко чакырылган дарыгер тергөөдөгүдөн башка көрсөтмөлөрдү берген.
Башка мисал катары А.Энин ишин көрсөтүүгө болот, мында кыйноодо шектүү адамдар эркиндикте калуу менен соттук териштирүүгө таасир этишкен.
А.Э.нин иши.
А.Э. 2015-жылдын 11-декабрында милиция кызматкерлери тарабынан кармалган жана ШИИБге жеткирилген, бул жерде эки күн бою кылмышты моюнга алдыруу максаттарында кыйноолорго дуушар болгон. Аны кол жана буттар менен сабап, ШИИБдин короосуна алып чыгып муздак сууну жаба куюшкан. Кыйноолорго чыдабаган А.Э. моюнга алуу көрсөтмөсүнө кол койгон.
2015-жылдын 15-декабрында ал прокуратурага кайрылып, КР ЖКнын 305 жана 305-1-беренелери боюнча ШИИБдин жазыктык изилдөө бөлүмүнүн начальниги Э.Ибраимовго, ыкчам ыйгарым укуктуу Ш.Ажыбековго жана Кызыл-Жар к. участкалык инспектору А.Болотовго карата кылмыш ишин козгогон.
Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, кыйноолор А.Энин ден-соолугунун кыска мөөнөттүү бузулушуна алып келген, ал эми соттук-психологиялык экспертиза кыйноолордун психологиялык залалдарын тапкан.
Тергөө аяктаган жана иштин материалдарды Кара-Көл шаардык сотуна өткөрүлгөн.
2016-жылдын 2-сентябрында биринчи инстанциянын сотунда соттук териштирүүнүн жүрүшүндө жабырлануучу А.Э. Соттолуучуга доом жок деп, өзүнүн көрсөтмөлөрүнөн баш тарткан.
Прокуратура кызматкери Чынарбек Аалиевдин аракеттерин өзгөчө белгилөө зарыл, ал "Кыйноо " кылмышы айкын мүнөзгө ээ жана элдешип макулдашуу менен же жабырлануучунун айыптоодон баш тартуусу менен токтотулушу мүмкүн эмес деп. айыптоону улантууну колдоо үчүн мыйзамдык чечим чыгарган.
2016-жылдын 22-ноябрындагы соттун кезектеги отурумунда жабырлануучу өз көрсөтмөлөрүн өзгөртүп, утурлама арыздан баш тарткан жана соттолуучулар тарабынан ага кысым болгондугунун натыйжасында аны бергендигин көрсөткөн. Кара-Көл шаардык соту кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чапкандыгында күнөөлөрүн таанып милициянын үч кызматкерин ар бирин алты жылга эркинен ажыраткан. КР ЖКнын 305-1-беренесинде караштырылган кылмыш жасалган деген айыптоо боюнча ("Кыйноо ") үчөө тең акталган.
Азыркы учурда бул иш Жалал-Абад облустук сотунун кароосунда турат. 2017-жылдын 1-февралында, кезектеги отурумдун жүрүшүндө Б.Анын мыйзамдуу өкүлү (А.Э. энеси) айыпталуучу милиционерлер А.Болотов, Э.Ибраимов жана Ш.Ажибековдорго карата чараларды өзгөртүп аларды камакка алуу жөнүндө оозеки өтүнүч билдирген. Өзүнүн өтүнүчүн ал айыпталуучулар иш боюнча өтүп жаткан башкы күбөлөрдүн бири О.Ж.га кысым көрсөтө баштагандыгы менен жүйө келтирген.(16)
Сот кайсы болбосун анын ичинде оозеки өтүнүчтөрдү кароого милдеттүү экендигин караштырган процесстик ченемдерди бузуп, курамында судьялар А.Арзыматов, А.Абылакимов жана А.Таштемиров болгон соттук коллегия расмий арыз болгон эмес деп көрсөтүү менен өтүнүчтү четке каккан. Күбө О.Ж. ошондон кийин соттук отурумдарга бир да жолу келген эмес. Соттук коллегия тарабынан иш кайра кошумча тергөөгө жөнөтүлгөн.
Ушул баяндаманын тиешелүү бөлүмүндө толук баяндалган кыйноону натыйжалуу документтештирүү боюнча Практикалык колдонмонун жайылтылганына карабастан, 2016-жылы Практикалык колдонмонун талаптарын, кыйноодон жабыркаган адамдарга күбөлөндүрүү жүргүзүүдө сот-медициналык эксперттерге басым көрсөтүү менен сот экспертизаларынын жыйынтыктарын тоготпоону камтыган бир катар көйгөйлөр пайда болгон.
А.Н.дин иши
2015-жылдын 15-августунда саат 18.30да Ош шаарынын ИИБсынын кызматкерлери А.Н. жашаган үйгө келишип, аны ИИБнын имаратына алып келишкен. А.Н.ди алып келген экинчи кабаттагы кызматтык кабинетте алтын милициянын кызматкерлери болушкан, алар ал "Одноклассники" (https://ok.ru) социалдык түйүнүндөгү өзүнүн баракчасынын купуя белгисин атоону талап кылышкан. Бул талаптарды айтуу менен милициянын кызматкерлери анын денесине жана бетине көп жолу муштап жиберишкен. Жыйынтыгында А.Н. оорудан улам эки жолу эсинен танып калган, өзүнүн жашоосунан жана ден соолугунан коркуп купуя белгини айткан. Андан кийин кабинетте турган кызматкерлердин бири уюлдук телефонду алып А.Н.ге тааныш эмес номерге чалып, ага телефонду берип, ал азыр "Сирия менен сүйлөшөт" деп айткан. Милициянын кызматкерлери муну уюлдук телефондун камерасына тарта башташкан. Ош шаарынын ИИБинде А.Н. 2015-жылдын 00.00. 21-августка чейин болгон, андан кийин үйүнө жөнөтүлгөн.
А.Н. өзүн абдан начар сезгендиктен 2015-жылдын 21-августунда анын туугандары "Медициналык тез жардамды" чакырышкан. Кара-Суу районунун Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун маалымкатына ылайык дарыгерлер А.Н.дин үйүнө чакыруу боюнча барышкан, ага жабык мээ жаракаты, мээнин чайкалышы - деген диагноз коюлган. А.Н.дин денесинде жаракаттардын болгондугу 2015-жылдын 21-августундагы Кара-Суу аймактык ооруканасынын жана № 938655 Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын оору таржымалында дарыгердин жазуусу менен тастыкталат.
2015-жылдын 1-сентябрында сот-медициналык эксперт С.Токтомаметов А.Н.дин коргоочусунун катышуусунда аны кароодон өткөргөн. Өзүнүн 2015-жылдын 1-сентябрындагы № 2061 корутундусунда ал А.Ндин денесин кароодо эч кандай жаракаттар жок болгонун, ал эми жабык мээ жаракаты текшерилип жаткан адамдын субъективдүү даттануусунун негизинде коюлгандыгын көрсөткөн. Бул корутундуга С.Токтомаметовдон сырткары дагы СМЭнин Ош облустук бюросунун эки кызматкери тарабынан кол коюлган, алар экспертиза жүргүзүүгө катышкан эмес. Адвокаттын айтуусу боюнча кароо сот-медициналык эксперт С.Токтомаметов тарабынан тез жана сыртынан эле жасалган.
2015-жылдын 8-сентябрында А.Н.дин атынан Сот-медициналык экспертизанын республикалык бюросунда (СМЭРБ) комиссиялык соттук экспертиза дайындоо, ошондой эле жалган эксперттик корутунду бергендиги үчүн С.Токтомаметовду жазык жоопкерчилигине тартуу суранычы менен Ош шаарынын прокуратурасына арыз берилген. Прокурор А.Суранбаев кошумча соттук-медициналык экспертиза дайындаган жана СМЭнин Ош облустук бюросуна өткөрүп берген. Процесстик ченем бузулуп, кошумча экспертизаны ошол эле биринчи экспертизаны жүргүзгөн эксперттер - С.Токтомаметов, А.Орозалиев жана К.Эркаев жүргүзүшкөн.(17) Кошумча экспертизага өз корутундуларында эксперттер мурункуга окшош эле тыянак менен корутунду беришкен, болгону А.Н. кошумча эч кандай документтерди берген эместигин гана кошумчалап коюшкан. Ошону менен бирге белгилей кетчү нерсе, текшерүүчүнүн өзүнө же анын адвокатына тергөөчү же сот-медэксперт тарабынан кошумча экспертиза белгиленгендиги жөнүндө билдирилген эмес.
КР ЖПК 156-беренесинин талаптарын бузулууда прокурор А.Суранбаев тарабынан жалган эксперттик корутунду билдирилгендиги жөнүндө арызга карата эч кандай процесстик чечим кабыл алынган эмес.
Адвокаттардын талаптары боюнча 2015-жылдын 1-декабрында эксперттердин башка курамы менен комиссиялык соттук экспертиза жүргүзүлгөн. 2015-жылдын 1-декабрындагы № 172 корутундуда: А.Н.де мээнин чайкалышы менен жабык мээнин жаракаты түрүндө бузулуу, баштын чачтуу бөлүгүндө, көкүрөктө жана курсакта теринин кызаруусу, сол кулак калканында көгөрүү табылды. Бул бузулуулар комиссиялык экспертизаны дайындоо токтомдо көрсөтүлгөн жагдайларда тукул буюмдардын аракетинен пайда болушу мүмкүн" деп көрсөтүлгөн.
2015-жылдын 31-декабрында прокурор А. Суранбаев СМЭРБсында кайталап соттук-медициналык экспертизаны белгилеген, анын негизи болуп, дайындоо үчүн Ош шаарынын ИИБсынын ыкчам кызматкерлеринин өтүнүч каты болгон.
2016-жылдын 18-октябрындагы соттун чечими менен бул прокурордун чечими мыйзамсыз жана негизсиз деп табылган.
Ошондой эле 2015-жылдын 17-сентябрындагы № 9620 соттук-психологиялык экспертизанын корутундусунда: "А.Н.ге кыйноо/зомбулук колдонулгандан кийин анда депрессиялык бузулуу өөрчүгөн деп көрсөтүлөт. Психологиялык-психиатриялык текшерүүнүн маалыматтары кыйноо/зомбулук фактылары болгону жөнүндө билдирүү менен дал келет. Бул бузулуу стресстик кырдаалга карата күтүлгөн реакция А.Н.ди сурамжылоого ылайык аны кыйноо 2015-жылдын 20-августунда саат 21.00дөн 24.00гө чейинки мезгилде колдонулган. 2016-жылдын 5-октябрында Ош шаарынын прокуратурасынын прокурору А.Суранбаев иште дагы бир далил - соттук-психологиялык экспертизанын болгондугуна карабастан кыйноо колдонулгандыгы жөнүндө арыз боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тарткан. Мурда Ош шаарынын прокуратурасы бул материал боюнча кылмыш ишин козгоодон бир нече жолу баш тартышкан, бирок бардык баш тартуулар Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын чечими менен жокко чыгарылган, ал эми Ош шаардык соту 2016-жылдын 2-сентябрындагы өзүнүн токтому менен бул баш тартуу мыйзамсыз жана негизсиз деп тааныган.
2016-жылы кызмат адамдары кыйноого шектүү ошол эле органдын кыйноо фактысын иликтөөгө тыюу салынган көз карандысыздык принциптеринин бузулган учурлары болгон.
А.О.нун иши
2016-жылдын 26-мартында адвокат А.О. Ош шаары жана Ош облусун боюнча УКМКнын башкармалыгын кызматкерлери кылмыш жасоодо моюнга алган көрсөтмөлөрдү алуу максатында ага кыйноо колдонгондугу жөнүндө арыз менен Улуттук борборго кайрылган. Ага электр шокерди колдонушкан, көкүрөк клеткасы жакка сокку урган, заара кылууда андан кан бөлүнүп чыккан.
2016-жылдын 8-апрелиндеги соттук-медициналык экспертизанын корутундусунда "Көкүрөк клеткасынын капталынын сыртында 7-8-кабырга деңгээлинин сол жагында шишик бар. Көкүрөк клетканын сол жагында көгөргөн жер бар. Бул мертинүүлөр тукул буюмдун аракетинен алынышы мүмкүн, бирок эскиргендигин белгилөө мүмкүн эместей көрүнөт". 2016-жылдын 1-июнундагы № 337В соттук психологиялык-психиатриялык экспертизанын корутундусунда зомбулук жөнүндө эксперттик тастыктоого ылайык келери көрсөтүлөт. Бирок, 2016-жылдын 6-июнунда Ош гарнизонунун аскердик прокурору Э. Караев кылмыш иши козгоодон баш тарткан.
Бул баш тартуу сотко даттанылып, анда адвокаттын даттануусу канааттандырылган. Көз карандысыздык принцибинин бузулушунда ишти иликтөө Ош шаары жана Ош облусу боюнча УКМКнын башкармалыгын тапшырылган, т.а. иштин материалдары ошол эле А.О. алардын ишине даттанган укук коргоо органына өткөрүп берилген.
Кыйноо жөнүндө билдирүүлөрдү иликтөөнүн натыйжалуулук маселелерине карата Улуттук борбордун тыянактары менен Кыргызстандын Кыйноого каршы коалициясынын (мындан ары - Коалиция) тыянактары дал келет. Төмөндө "Эркиндик үнү" КФсы (Бишкек ш.), "Кылым Шамы" КФсы (Бишкек ш.), "Биригүү союзу" КУ (Талас ш.), "Адам укуктары боюнча эдвокаси борбору" КФсы (Ош ш.) жана "Адилеттүүлүк" облустук укук коргоо уюму (Жалал-Абад ш.) тарабынан көрсөтүлгөн иштер боюнча маалыматтардын негизинде даярдалган 2016-жыл үчүн Коалициянын укуктук программасынын ишин талдоонун натыйжасы көрсөтүлгөн.
Кыйноого каршы коалициянын кейси боюнча жалпы маалымат жана статистика
2016-жылы жогоруда аталган Кыйноого каршы мүчө-уюмдарга кыйноонун колдонулушу жана кыйноонун курмандыктарына укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө арыз менен 112 адам кайрылган. Алардын ичинен 72 арыз өндүрүшкө алынган жана укуктук жардам көрсөтүүнүн ар түрдүү стадияларында турат.
Төмөндө арыз ээлери - болжолдуу кыйноонун курмандыктары туурасында маалымат келтирилди
25-диаграмма. Арыз ээлеринин жынысы
26-диаграмма. Арыз ээлеринин улуту
27-диаграмма. Арыз ээлеринин жарандыктары
28-диаграмма. Арыз ээлеринин курактары
Коалицияга келип түшкөн арыздар боюнча прокуратура органдары тарабынан 14 кылмыш иши (азыркыга чейин иш жүргүзүлүп жаткан, 2014 жана 2015-жылдарга кылмыш ишин эсепке алуу менен Коалициянын уюмуна келип түшкөн арыздардын бардык санынын ичинен 21%) козголгон. Тогуз кылмыш иши сотко берилген.
Кыйноого каршы коалициянын адвокаттарынын ишинин жыйынтыгында прокуратура органдары тарабынан КР ЖКсынын жети беренеси боюнча, анын ичинде 305-1-берене ("Кыйноо") боюнча кылмыш иши козголгон.
14-таблица. Коалицияга мүчө-уюмдардын өтүнмөлөрү боюнча козголгон кылмыш иштеринин саны
КР ЖК беренелери | Козголгон кылмыш иштеринин саны |
305-1 | 9 |
305 | 8 |
304 | 3 |
104, 313, 316, 339 | 4 |
29-диаграмма. Коалицияга мүчө-уюмдарга келип түшкөн кыйноолор жөнүндө билдирүүлөрдүн саны, облустардын тилкесинде
Коалицияга келип түшкөн кыйноолор жөнүндө арыздарды кароонун жыйынтыгы боюнча прокуратура органдары тарабынан 46 кылмыш ишин козгоодон баш тартуу, алардын ичинен бир баш тартуу жөнүндө чечим улуттук коопсуздук комитети тарабынан чыгарылган.
Кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө прокуратуранын чечиминин 21 учуруна сотко, 15 учуруна прокуратуранын жогору турган органдарына даттануу берилди.
Бул арыздарды кароонун натыйжалары боюнча төрт учурда соттор прокуратуранын кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө чечимин жокко чыгарды, прокуратуранын жогору турган органдары баш тартуу жөнүндө чечимди алты учурда жокко чыгарды. Прокуратура төрт учурда кылмыш ишин токтотту. Эки иш азыркы учурда текшерүү стадиясында турат.
2016-жылы соттор тарабынан Коалициянын адвокаттары иштеген кылмыш иштери боюнча беш чечим чыгарышкан. Сот милициянын үч кызматкерине карата бир гана учурда айыптоочу өкүм чыгарган.(18)
Улуттук борборго кайрылуулардын натыйжалары боюнча, кыйноого каршы Коалицияга даттануулардын көбү ички иштер органдарынын кызматкерлерине келип түшкөн.
Ошентип, 2016-жылы Коалицияга ички иштер органдарынын 132 кызматкери, КР Өкмөтүнө караштуу ЖАМКнын он кызматкери, КР УКМКнын үч кызматкери, БКМКнын эки кызматкери тарабынан кыйноо жана катаал мамиле колдонгондугуна даттануулар келип түшкөн.(19)
Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн натыйжасы боюнча укук коргоо органдарынын 48 кызматкерине кылмыш жасоого айыптоо коюлган. Кыйноону колдонгон жактын алты учуру белгиленген жок.
28-диаграмма. Кыйноого даттануулардын келип түшүшүнө карата кызматкерлердин саны, министрликтердин жана ведомстволордун тилкесинде
КР ИИМинин түзүмүнө кыйноону колдонууга баарынан көп даттануу Ош шаарынын ИИБинин, Бишкек шаарынын Свердлов жана Октябрь райондук ИИБинин кызматкерлерине карата келип түшкөн. Ошентип, даттануулар:
- Ош шаардык ИИБинин 18 кызматкерине,
- Бишкек шаарынын Свердлов райондук ИИБинин 17 кызматкерине,
- Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИБинин 12 кызматкерине келип түшкөн.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын маалыматтарына ылайык 2016-жылы прокуратура органдарына 435 кыйноо жана катаал мамиле колдонулгандыгы жөнүндө арыз келип түшкөн. Арыздарды кароонун жыйынтыгы боюнча тергөө органдары тарабынан 33 кылмыш иши (2015-жылга келип түшкөн арыздарды эске алуу менен, бир кылмыш иши улуттук коопсуздук органы тарабынан) козголгон. Сотко 11 иш өткөрүп берилген.
Кыйноо жана катаал мамиле жасоо жөнүндө 435 арыздын 400 (92%) арыз боюнча прокуратура тарабынан кылмыш иш козгоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган.
Коалициянын 72 ишинин бир иши уюмдар тарабынан текшерүү стадиясында турат, калган бардык иштер боюнча кыйноону жана катаал мамилени колдонуу фактылары менен прокуратура органдарына арыз берилген. Коалиция уюму тарабынан ишке ашыруу кабыл алынган иштердин 18 арыз ээси, негизинен укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен келишип алуудан улам өздөрүнүн арыздарын колдоодон баш тартышты.
29-диаграмма. Кыйноого каршы коалициянын ишин алга жылдыруу боюнча маалымат
Азыркы учурда Коалициянын 19 иши кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтомго даттануу стадиясында турат (прокуратура органдарына, сот органдарына). Он иш боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтомду жокко чыгаргандан кийин прокуратуранын жогору турган органдары текшерүү жүргүзөт.
Коалициянын 12 иши соттук териштирүүнүн ар түрдүү стадияларында турат, үч иш боюнча кыйноонун курмандыктарын реабилитациялоо программасы боюнча медициналык жардам көрсөтүлүп жаткандыктан, уюм убактылуу укуктук жардам көрсөтүүнү токтотту.
Бир иш боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтомго даттануу боюнча укуктук коргоонун ички каражаттары түгөндү жана адам укуктары боюнча БУУнун Комитетине даттануу даярдалууда.
Көрсөтүлгөн маалыматтардан улам кыйноонун жана катаал мамиленин курмандыктарын коргоо боюнча адвокаттардын көпчүлүк күчү кылмыш ишин козгоого багытталгандыгы жөнүндө тыянак чыгарууга болот. Айыптоону колдобоонун ар түрдүү себептери боюнча арыз ээсинин баш тартуусу кийинки көйгөй болуп саналат.
Арыздарды талдоодон улам мурдагыдай эле, кыйноо кармалган адамды УКЖга киргизүүгө чейин колдонулууда, ал эми күч колдонгон зомбулуктун негизги ыкмасы (сабоо) калууда.
Кыйноо колдонулгандыгы жөнүндө арызды кароо боюнча Коалициянын ишмердүүлүгүн талдоодон улам териштирүүнүн натыйжалуулук принциби сакталбагандыгы жөнүндө тыянак чыгарылды.
Ошентип, иш жүзүндө кыйноо боюнча Коалициянын бардык кейстеринде тергөө органдарынын (прокуратура органдарынын) пассивдүүлүгү белгиленген, алар кыйноого карата даттануулар боюнча айкын жана керектүү чараларды өз убагында өткөрүшкөн эмес жана таптакыр аракет кылышкан эмес. Анын ичинде териштирүүнүн кылдаттык жана тездик принциптерин ушундай бузуулар табылды:
- медициналык далилдерди топтоонун жоктугу же олуттуу кечигиши (медициналык күбөлөндүрүү, соттук экспертизаны белгилөө, медициналык персоналды сурамжылоо);
- күбөлөрдү издөөдөн жана сурамжылоодон баш тартуу (кармоону өз көзү менен көргөн кишилерди, камералаштарды ж.б.);
- далилдерди топтоо жана фактыларды белгилөө боюнча башка олуттуу аракеттерди кечиктирүү жана жүргүзбөө;
- кыйноого даттанууларды текшерүү боюнча тигил же бул аракеттерди жүргүзүү жөнүндө жогору турган инстанциялардын көргөзмөсүн аткарбоо.
Прокуратуранын кызматкерлери тарабынан басым жасоонун көпчүлүк учурларында топтолгон далилдерди баалоого карата калыс эмес мамиле жана кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө же кыйноого даттануу боюнча кылмыш ишин токтотуу жөнүндө чечимди адекваттуу далилдөөнүн жоктугу сыяктуу иликтөөнүн көз карандысыздык принцибинин ушундай бузулушуна жол берилет, анын ичинде:
- текшерүүнү жүзөгө ашырган тергөөчүлөр жана кызмат адамдары арыз ээлеринин даттанууларынын объективдүү тастыктоо таппагандыгы жөнүндө тыянак чыгарышкан, жок дегенде даттанууларды текшерүү боюнча керектүү аракеттерге кам көрүшкөн эмес;
- тергөөчүлөр арыз ээлеринен алынган жаракаттар жөнүндө маалыматтарга баалоо жана талдоо жүргүзүшкөн эмес, соттук-медициналык экспертизанын оң корутундусу болгондо деле кылмыш ишин козгоодон баш тартуу фактылары бар;(20)
- тергөөчүлөр милициянын кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүн чындык катары кабыл алуу менен жана ошону менен бирге күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн кабыл албай жана арыз ээлерин жалган катары, "арыз ээлеринин көрсөтмөлөрүн алардын жасаган кылмышы үчүн жоопкерчиликтен качууга умтулууларына жүйөлөнгөнүн" көрсөтүү менен далилдерди баалоого объективдүү эмес мамилени пайдаланышкан;(21)
- тергөөчүлөр мурда сот же жогору турган инстанциядагылар тарабынан жеткиликсиз далилденген катары жокко чыгарылган ошол чечимдердин далилдерине окшош далилдер менен чечимдерди чыгарышкан.(22)
- Иликтөөгө жабыр тартуучулардын катышуусу бардык эле учурларда камсыз кылынган эмес, атап айтканда:
- тергөөчүлөр жабыр тартуучуларды сурап билген (сураган) эмес;(23)
- тергөөчүлөр милициянын кызматкерлери менен жабыр тартуучулардын ортосунда көздөштүрүүнү жүргүзүшкөн эмес;
- тергөөчүлөр кабыл алынган чечимдер жөнүндө арыз ээлерине жана адвокаттарга билдиришкен эмес, чечимдин көчүрмөсүн беришкен эмес же тергөөгө чейинки текшерүүлөрдүн материалдарына кирүү мүмкүндүгүн беришкен эмес.(24)
Көпчүлүк учурларда тергөөгө чейинки текшерүүлөрдүн жеткиликсиз кылдаттыгынан жана объективдүүлүгүнөн улам ушундай текшерүүлөрдүн негизинде чыгарылган кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө чечимди соттор жана жогору турган тергөө органдары жокко чыгарышкан. Ошону менен бирге кыйноого бир эле даттануу боюнча айрым учурларда тергөөгө чейинки текшерүүнүн көп жолу өткөрүлүп, ошону менен бирге ар бир кошумча текшерүү жеткиликсиз болуп кала берген. Натыйжада тергөөчүлөр көп кармалуу менен кылмыш ишин козгоо жөнүндө чечим кабыл алышкан же таптакыр кабыл алышкан эмес.
Материалдарды талдоо кылмыш ишин козгоо дагы териштирүүнүн тездигине кепилдик бербей тургандыгын көрсөттү. Айрым учурларда козголгон иш токтотулган, андан кийин далилдерди топтоодо олуттуу прогресси жок эле кайрадан жаңыланган. Сот органдары кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө тергөө органдарынын чечимине таянууну артык көрүү менен кыйноого даттанууну өз алдынча баалоону дайыма эле жүргүзө бербейт.
Өлкөнүн бардык жеринде кейстерди талдоо жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу каралган иштерди иликтөөнүн натыйжасыздыгын кайсы-бир региондо же өз алдынча калктуу пунктта тергөө иштеринин начар уюштурулушу менен түшүндүрүүгө болбойт. Кыйноону натыйжасыз териштирүү учурларынын жайылгандыгы бул бузулуулардын системалуу мүнөздү алып жүрөрү жөнүндө күбөлөндүрөт.
Кыйноону териштирүүнүн натыйжасыздыгынын системалуу мүнөзү тергөө органдарынын заманбап практикасы өткөн жылы кыйноого каршы Коалиция тарабынан табылгандарга окшош бузууларды көз алдыга келтиргендиги менен дагы тастыкталат.(25)
Ошентип, 2016-жылы Коалицияга келип түшкөн 56 арызды талдоодо териштирүү 56нын 14 (25%). учурунда гана натыйжалуу болгону белгиленген.26 Калган учурларда (75%) териштирүүнүн натыйжалуулук принциби бузулган, анын ичинде:
- териштирүү кылдаттык негизде өткөрүлгөн эмес - 75%,
- териштирүү негизсиз кармалуулар менен өткөрүлгөн - 21%,
- териштирүү көз карандысыз болгон эмес - 35%,
- териштирүүгө арыз ээсинин жетүү мүмкүндүгү чектелген - 32%,
Кыйноолор жөнүндө арыздар боюнча кылмыш ишин козгоодо баш тартуунун саны боюнча биринчи орунда Бишкек шаарынын Свердлов районунун прокуратурасы турат, анда бардык 46 баш тартуулардын ичинен кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө тогуз жолу чечим чыгарылган.
12-таблица. Кыйноо жөнүндө арыздар боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө прокуратура органдары тарабынан чыгарылган токтомдордун динамикасы
Органдын/түзүмдүк бөлүмдүн аталышы | Кылмыш ишин козгоодо баш тартуунун саны | Прокуратура органдарынын кызмат адамы | Эскертүү |
Свердлов райондук прокуратурасы | 9 баш тартуу Жамангарева Э., Жолдошбек улуу К., Иманалиев М., Аюпова З. Нурлан кызы Мадина, Абдрахманова З., Жолчиева С., Муригов Р., Кеңешов М., Уланбек уулу Орозбектин арыздары боюнча | Бекбол уулу Жайлообек Заирбек Калмуратов |
|
Биринчи Май районунун прокуратурасы | 3 баш тартуу: Жамангарева Э., Жолдошбек улуу К., Иманалиев М., Турдумамбетов Т. арыздары боюнча | Н. Өмүралиев |
|
Ленин районунун прокуратурасы | 1 баш тартуу: Ашымов М., Акматов И., Кадыров Ш., Хайитбоев Н. арыздары боюнча | Тургумбаев |
|
Октябрь районунун прокуратурасы | 4 баш тартуу: Дамиров А., Жумакадыров И., Намазбеков К. арыздары боюнча | У.Осмоналиев У., Туружанова Ж., Джумакадыров А. | У.Осмоналиевдин чечими шаардык прокуратура тарабынан жокко чыгарылды |
Бишкек шаарынын прокуратурасы | 3 баш тартуу: Төлөбеков Б. арызы боюнча | А.Келдибаев | Чечим Биринчи Май райондук соту тарабынан жокко чыгарылды |
Жайыл райондук прокуратурасы |
| Б.Рыскулов | Чечим облустук прокуратура тарабынан жокко чыгарылды |
ТМда мыйзамдуулук үчүн көзөмөл боюнча атайын прокуратура | 4 баш тартуу: Абдыкадыр уулу Бекжан, Ажиева И., Абдрахманова Б., арыздары боюнча | И.Камбаров (Бишкек), Абдивап уулу Расул, З.Абдибайит (Ош) |
|
Кадамжай районунун прокуратурасы | 2 баш тартуу: Самат уулу Уландын арызы боюнча |
| Чечим жокко чыгарылды жана облустук прокуратура тарабынан кылмыш иши козголду |
Ош шаарынын прокуратурасы | 2 баш тартуу: Досмуратов Э., арызы боюнча |
| Э.Досмуратовдун арызы боюнча чечим КР Башкы прокуратурасы тарабынан жокко чыгарылды |
Лейлек райондук прокуратурасы | 4 баш тартуу: Новрузова М., арызы боюнча | А.Өмуралиев (райондук прокуратура), Б.Акматов (облустук прокуратура) | Райондук прокуратуранын чечими 2 жолу облустук прокуратура жана 1 жолу сот тарабынан жокко чыгарылган |
Базар-Коргон райондук прокуратурасы | Абдураимова И., арызы боюнча баш тартуу |
|
|
Натыйжалуу териштирүү принциптеринин бузулушу мыйзамдын жетилбегендигинен эмес, тергөө органдарынын ишин уюштуруунун өзгөчөлүктөрүнөн улам келип чыккан, ага төмөнкүлөр кирет:
a. териштирүү жүргүзүүчү жактардын жеке жана институционалдык көз карандысыздыгынын жетишсиздиги;
b. тергөөчүнү териштирүүнүн сапатына эмес, натыйжасына багыттаган баалоо системасы;
c. териштирүү жүргүзүү үчүн мүмкүндүктүн жетишсиздиги;
d. териштирүүнүн жүрүшүнө контролдун натыйжасыздыгы.
а) Кыйноого териштирүү жүргүзгөн жактын жеке жана институционалдык көз карандысыздыгынын жетишсиздиги
Укук коргоо кызматкерлери тарабынан жасалган кыйноолор жөнүндө кылмыш тууралуу арызды кароо жана териштирүү боюнча компетенцияга прокуратура органдарынын жана улуттук коопсуздук органдарынын тергөөчүлөрү ээ.
Формалдуу көз караштан алганда прокуратуранын тергөөчүлөрү башка укук коргоо органдарынын кызматкерлеринен көз карандысыз. Бирок, формалдуу көз карандысыздык иш жүзүндө тергөөчүлөрдүн көз карандысыздыгын камсыз кыла албайт. Ошентип, жалпы жазык кылмышын териштирүүдө прокуратуранын тергөөчүлөрү милициянын кызматкерлери менен өз ара аракеттешет: милициянын, финансылык полициянын жана УКМКнын ыкчам кызматкерлери тергөө топторунун ишине тартылат, тергөө аракеттерине, ыкчам-издөө иш-чараларына жана башка процесстик аракеттерге катышат. Укук коргоо органдарынын оперативдүү кызматкерлеринин прокуратуранын тергөөчүлөрүнүн өз алдынча тапшырмаларын канчалык натыйжалуу аткарылышы көп жагынан прокуратуранын түзүмдөрү тарабынан териштирүүнүн натыйжалуулугуна көз каранды.
Прокуратуранын тергөөчүлөрү менен укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ортосундагы ушундай тыгыз өз ара аракеттешүү иш жүзүндө төмөнкү натыйжаларга алып келет:
- Айрым учурларда прокуратуранын тергөөчүлөрү кыйноонун жардамы менен укук коргоо органдарынын кызматкерлери алган моюнга алууларга жана маалыматтарга түздөн-түз кызыкдар болот. Мындай маалымат жана моюнга алуулар алар тарабынан жүргүзүлгөн териштирүүнүн алкагында прокуратуранын тергөөчүлөрү пайдаланылышы мүмкүн.
- Прокуратуранын тергөөчүлөрү кыйноого даттанууга байланыштуу алардын ичинен бирөөнү жазык куугунтуктоодон тартып башка укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен мамилени бузуп алуудан чочулашат. Мисалы, кыйноого даттанууну активдүү териштирүү шектүү кызматкердин коллегаларынын башка жазык иштери боюнча прокуратуранын тергөөчүлөрүнүн тапшырмаларын тийиштүү деңгээлде аткарбай коюуга алып келиши мүмкүн. Ошентип, кыйноону териштирүү башка жазык иштери боюнча прокуратуранын тергөөчүсүнүн ишинин натыйжалуулугуна коркунуч келтирет.
- Прокуратуранын тергөөчүлөрүндө кыйноого даттануулар - бул кылмышкердин укук коргоо органдарынын кызматкерлеринен өч алууга умтулуусунун жана өзүнүн жоругу үчүн жоопкерчиликтен качуусунун амалы деген ишеним түзүлөт. Прокуратуранын кызматкерлеринин ишин талдоодо кылмыш ишин козгоодон баш тартуу же кыйноого даттануу боюнча жазык иштерин токтотуу жана өзүнчө СМЭнин корутундусун интерпретациялоо үчүн негиздердин бири катары ушундай далилдерди көп пайдаланышкан.
b) Прокуратуранын тергөөчүлөрүнүн жана кызматкерлеринин ишмердүүлүктөрүн баалоонун тутуму
Азыркы учурда прокуратуранын ишинин натыйжалуулугу сандык көрсөткүчтүн негизинде бааланат. Мындай көрсөткүчтөргө козголгон иштердин, кылмыш ишин козгоо жөнүндө баш тартылган токтомдордун саны, токтотулган кылмыш иштеринин саны, өндүрүшү токтотулган иштердин саны, териштирүү аяктаган иштердин саны ж.б. кирет(27) Баалоонун мындай тутуму тергөөчүлөрдү териштирүүнү жүргүзүүнүн ыкмасына жана чыгарылган чечимдин сапатына эмес, белгиленген мөөнөттө процесстик чечим чыгарууга багыттайт, бул натыйжалуу териштирүү принциптерин ишке ашырууга мүмкүндүк бербейт.
Мындан сырткары, тергөөгө чейинки текшерүүнүн чектелген системасы кыйноого даттануу боюнча кылмыш ишин козгоону кармоону түзөт, ал өз кезегинде далилдерди топтоо мүмкүнчүлүгүн чектейт. Ошондой эле баалоо системасы кылмыш ишин козгоо жөнүндө чечимди жана прокуратуранын ишинин жаман сапатынын көрсөткүчү катары кылмыш ишин токтотуу жөнүндө чечимди жокко чыгарууну караштырат.
Тергөөгө чейинки текшерүүнү жүргүзүү мүмкүндүгү КР ЖПКнын 156-беренесинде караштырылган. Тергөөгө чейинки текшерүү кылмыштын тигил же бул белгилерин бар кырдаалды гана териштирүү жана андан ары кылмыш ишин козгоо үчүн тандоо жана билдирилген негизделбеген же ката билдирүүлөрдү алып салуу максатына ээ. Тергөөгө чейинки текшерүү алдын алуу мүнөзүн алып жүргөндүктөн, КР ЖПКсы аны өткөрүүнүн мөөнөтүн олуттуу чектейт, ошондой эле териштирүүгө салыштырмалуу аны өткөрүүдө тергөөчүнүн ыйгарым укуктарынын аз көлөмүн караштырат.
Текшерүү убагында тергөөчү окуя болгон жерди кароо жүргүзүүсү, жарандардан жана кызмат адамдарынан түшүндүрмө алышы, документти сурашы жана изилдөөчү, соттук-медициналык экспертизаны белгилеши керек. Ошону менен бирге тергөөчү тинтүү" алып коюу, тергөө эксперименттерин, суракка алуу, көздөштүрүү ж.б. жүргүзүү мүмкүндүгүнө ээ эмес.
Кылмыш жөнүндө билдирүү боюнча текшерүү кыйноого даттанууну кошуп, үч күн менен чектелген. Бул мөөнөт он күнгө узартылышы мүмкүн. Мындан сырткары, документалдуу текшерүүнүн өндүрүшүнүн, текшерүүнүн, документтерди, буюмдарды, өлүктөрдү изилдөөнүн зарылдыгында тергөө органынын башчысы тергөөчүнүн өтүнүч каты боюнча бул мөөнөттү 30 күнгө чейин узартууга укуктуу.
Окуянын кырдаалын белгилөө үчүн тергөөгө чейинки текшерүүнүн мөөнөтү жана аны өткөрүү боюнча тергөөчүдө болгон ыйгарым укук жетишсиз. Бирок сактана турган нерсе, териштирүү кылмыштардын курамынын жоктугун же конкреттүү адамдын айыпсыздын белгилейт жана жазык ишин токтотуу жөнүндө чечим чыгарууну талап кылат, ал өз кезегинде, "мыйзамдын жана кызматтык милдеттин бузулушу" катары бааланат(28), тергөөчүлөрдү кылмыш ишин козгоодон кармайт. Мунун ордуна, текшерүүнүн аякташы боюнча тергөөчү аягына чейин бардык жагдайларды түшүндүрбөстөн туруп, кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
Коалициянын ишинин талдоодон мөөнөтү жана ыйгарым укуктары боюнча чектелген кошумча текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, тергөөчү кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтомду кайрадан чыгарышы жана маалыматтарды кайрадан жеткиликтүү топтобоосу мүмкүн. КР ЖПК жана башка ченемдик актылар бир даттануу боюнча жүргүзүлүшү керек болгон кошумча текшерүүлөрдүн санын эч кандай чектөөнү белгилебейт.
Ошентип, тергөөгө чейинки текшерүүлөрдүн бүтүндөй сериясы жүргүзүлүшү мүмкүн. Ошону менен бирге кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө чечим баш тартуу, кошумча текшерүү өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алуу жана материалдарды тергөөчүгө өткөрүп берүү жеткиликтүү узак убакытты ээлейт. Натыйжада текшерүүлөрдүн циклы бир жылга узарышы мүмкүн.
Ошентип, тергөө органдарынын ишин системалуу баалоодон келип чыккан, тергөөгө чейинки текшерүүлөрдү толук кандуу териштирүүнү алмаштыруу кыйноону колдонууга даттануулар менен арыздар боюнча кылдат жана тез териштирүүгө тоскоолдук кылат деген тыянак чыгарууга болот.
с) Териштирүү жүргүзүү үчүн мүмкүнчүлүктүн жетишпестиги
КР Башкы прокуратурасынын тергөө башкармалыгынын райондук жана шаардык прокуратураларда (облустук же республикалык маанидеги ири шаарлардан сырткары) тергөө түзүмдүк бөлүмдөрү жок. Алдын ала тергөө тергөөчү тарабынан эмес, кылдат текшерүү жүргүзүү боюнча тиешелүү билими, көндүмү жана ыйгарым укугу жок прокуратуранын башка кызматкери тарабынан жүргүзүлөт.
Иш жүзүндө алдын ала текшерүүнүн материалдарына баа берүү абдан кыйын, анткени ага жетүү мүмкүндүгү арыз ээсинде дагы, анын жактоочусунда дагы жок. Прокуратура органдары адатта, бардык "баш тартылган" материалдар КР Башкы прокуратурасына жөнөтүлөрүнө шилтеме жасашат. Алдын ала текшерүүнүн материалдарына жетүү мүмкүндүгү дагы КР ЖПКсында каралган эмес. КР ЖПКсынын 156-1-беренеси тергөөчү арыз ээсине жөнөтүшү керек болгон кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом жөнүндө гана айтылат. Бул жагдай кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө прокуратуранын чечимине өз убагында жана негизделген даттануу боюнча кыйноонун курмандыгынын адвокатынын ишине олуттуу тоскоолдук кылат.
d) Териштирүү үчүн контролдун натыйжасыздыгы
Кыйноого даттанган адамдар тергөө органынын жетекчисине, прокурорго же сотко тергөөчүнүн аракетине (аракетсиздигиңе) жана чечимине даттанууну жөнөтүүгө мүмкүндүгү бар.
2016-жылы прокуратуранын жогору турган органдары арыз ээлеринин жана адвокаттардын даттанууларын көп канааттандырганын жана сотко караганда кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө тергөөчүнүн чечимин жокко чыгарышканын практика көрсөтөт.
Ошону менен бирге прокуратуранын жогору турган органдарынын териштирүүнүн жүрүшүнө таасир этүүдө жана кабыл алынган чечимдерди кайра кароодо мүмкүндүктөрү чектелүү экендигин белгилөө керек. Сотко тергөөчүнүн чечими боюнча даттануу бир кыйла натыйжалуу болуп саналат, анткени соттун чечими тергөөчү үчүн милдеттүү күчкө ээ. Ошону менен бирге соттук контроль белгилүү чектөөгө ээ.
Ошентип, сот кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө же кылмыш ишин токтотуу жөнүндө прокуратуранын чечимин жокко чыгаруу менен, кыйноого даттануу боюнча териштирүүнү же текшерүүнү жаңылоо тууралуу чечим чыгарат, ал териштирүүнүн же текшерүүнүн бош калган жерлерин калыбына келтирүүгө кепилдик бербейт. Ишти талдоо кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтомго даттануу боюнча чыгарылган соттун чечиминде көрсөтүлгөн ошо боштуктарды прокурорлор оңдобогонун аныктады.
Арыз ээси, эгерде ага карата соттун өзү кылмыш жасоого айыптуулугу боюнча ишти карап жатса, кыйноонун колдонулгандыгы боюнча анын арызы сотто териштирүүгө даттанууга мүмкүндүгү чектелген. Мында соттор КР Жогорку Сотунун Пленумунун 2016-жылдын 25-июнундагы № 7 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун кызматтык кылмыш үчүн жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдарды колдонуусу тууралуу" токтомуна таянышат, анда "Айыпталуучу, соттолуучу, анын жактоочусу, өкүлү ал прокуратуранын кызматкерлери, тергөө органдары же алгачкы текшерүү органдары тарабынан, андан моюнга алган көрсөтмөнү алуу максатында жана башка максаттарда кыйноого дуушар болгондугу жөнүндө билдирсе, сот КР ЖПКсынын 25-беренесине ылайык жогоруда көрсөтүлгөн жактардын аракеттерине даттанууга укугун ага түшүндүрүшү керек, бирок кылмыш ишин кароо токтотулбайт" деп көрсөтүлгөн.
Жогоруда белгиленгендей, кыйноого жана катаал мамиле кылууга арыздар боюнча 25% учурларына тергөө органдары тарабынан тиешелүү натыйжалуулук стандарты менен териштирүү жүргүзүлгөн. Бирок кылдат териштирүү жүргүзүлгөн учурларда деле ал сот тарабынан милициянын кызматкерин реалдуу жазалоого алып келбейт же айыптоо жагы менен чечимдерде дагы кыйноонун жоктугун ишенимдүү тастыкташат. Айрым учурларда соттор мындай текшерүүнүн сапатын жана натыйжалуулугун баалабастан, кыйноого даттануу боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартууда арыз ээсинен тергөө органдары баш тарткан негизде кыйноонун жоктугу жөнүндө тыянак жасашкан.
2.2. Кыйноону жана катаал мамилени колдонууга даттануу берүүнүн механизмдеринин натыйжасыздыгы
Даттануу менен кайрылуу укугу эркиндигинен ажыратылган жана эркиндиги чектелген жерлерде болгон ар бир адамдын бөлүнгүс укугу болуп саналат. Бул укук Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык документтерде, анын ичинде улуттук мыйзамда бекемделген.
Улуттук борбор тарабынан 2016-жыл жүргүзүлгөн алдын алма келүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча бул укук азыркы учурга чейин толук өлчөмдө сакталбайт деген тыянак чыгарылды. Мунун себептери болуп төмөнкү факторлор саналат:
- эркиндигинен ажыратылган жана эркинен чектелген жерде кармалган адамдар ушул укукту жүзөгө ашыруу механизмдери жана даттануу берүү укугу жөнүндө маалыматтуу эмес;
- төмөнкүлөрдүн натыйжасында даттанууну жашырын берүү үчүн мүмкүнчүлүктүн жоктугу:
- даттануу үчүн атайын ящиктин жоктугу,
- мекеменин имаратында же аймакта орнотулган ящикке эркин жетүү мүмкүндүгүнүн жоктугу,
- арыз жазуу үчүн калемсаптын, кагаздын берилбегендиги,
- арызды берүүнүн механизмин жөнгө салуучу ички ведомстволук ченемдик актылардын жоктугу;
- арыз бергендиги үчүн мекеменин администрациясы тарабынан санкция колдонуу коркунучу.
Кыйноонун же катаал мамиленин курмандыктарынын даттануулары менен кайрылууларына өз укугун ишке ашыруу үчүн ушундай укуктун бар экендиги жөнүндө билүүсү жана аны ишке ашыруунун механизмдери тууралуу маалыматтуу болушу керек.
2015-жыл үчүн Улуттук борбордун Жылдык баяндамасын кароонун натыйжасы боюнча Кыргыз Республикасы Жогорку Кеңеши өзүнүн 2016-жылдын 19-майындагы № 566-VI "2015-жыл үчүн кыйноонун жана башка катаал, адамгерчиликсиз же абройду кемсинтүүчү мамилелердин жана жазанын алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун баяндамасы жөнүндө" токтомунда өзүнүн башкаруусунда эркиндигинен ажыратылган жана эркиндиги чектелген мекемелери бар бардык мамлекеттик органдарга ар бир конкреттүү мекемелердин кызмат адамдарынын жана камакта камалган адамдардын укуктарын жана милдеттерин тизмелөө менен маалыматтык дубал такталары бар камералар менен жабдуу үчүн каражаттарды издөө тапшырылган. Бирок бул сунуштоо азыркы учурга чейин аткарылган жок. Түзөтүү мекемелеринин бардык эле УКЖларында, ТКЖларында, психиатриялык стационарлардын палаталарында анда камакта турган адамдардын укуктарынын тизмеси менен маалымат баракчалары илинген эмес, анын залалынан даттануу менен кайрылуу укугу гана эмес, алар кайсы жерге кайрылышы керектиги жөнүндө мекеменин байланыш маалыматтарын дагы билишпейт. Мисалга алсак, Кызыл-Жар кыштагындагы Республикалык психиатриялык оорукананын 62% сурамжыланган бейтабы жардам сурап кайрыла ала турган мекеменин телефон номерин билбей турганын айтышты.
Алдын алма келүүлөрдүн жүрүшүндө көпчүлүк мекемелерде даттануу үчүн ящиктин жок экендиги табылды. Бир катар мекемелерде андай ящиктер орнотулган (Кызыл-Жар кыштагындагы Республикалык психиатриялык оорукана, № 14 мекеме, аскердик бөлүктөр), бирок жиберилген маалыматтын жашырындуулугун жөнгө салуучу ички ведомстволук актылар, цензурадан өткөрбөстөн алуучуга чейин маалыматты жеткирүү мүмкүндүгү, ящикти ачууга жана кабарды алууга укугу бар жактардын тобу жана ящиктен даттанууну алуунун мезгилдүүлүгү ж.б. жок.
Айрым мекемелерде ящиктер башкача абалда, эркиндигинен ажыратылган жана эркиндиги чектелген жерлерде кармалган адамдар ага жетүү мүмкүндүгү чектелген же мүмкүн эмес жерде жайгашкан. Мисалы, № 5 ТКЖда даттануу үчүн ящик мекеменин администрациясынын кире беришинде жайгашкан.
Мурдагы жылдардагыдай эле кыйноонун курмандыктарынын басымдуу көпчүлүгү мындай аракет пайдасыз эле эмес, кооптуу дагы деп эсептөө менен негизсиз эмес арыздар менен кайрылбоону туура көрүшөт.
Кыйноого жана катаал мамилеге даттануу менен адамдын кайрылуусу укук коргоо органдары тарабынан катталбай жана ал боюнча кылмыш иши козголбогон учурлар өзгөчө бушайманга салат. Жогоруда көрсөтүлгөндөй, мындай бузууларды токтотуу максатында КР ЖКнын жаңы редакциясына "Жасалган кылмыш жана жорук жөнүндө арызды же кайрылууну каттоодон жашыруу"(29) беренеси кошулду.
Ошондой эле 2019-жылы 1-январдан баштап күчүнө кире турган жаңы КР ЖПКнын 130-беренеси камакка алуу жайларынын администрациясынын тергөөчүсүнө, алгач текшерүү органынын кызматкеринин аракетине, камалган же кармалган адамдардын кыйноо жөнүндө даттануулары прокурорго же сотко, ал эми прокурордун аракетине жана чечимине даттануулар - жогору турган прокурорго он эки сааттан кеч эмес берүүгө милдеттүүлүгүн жөнгө салат. Ошентип, бул ченем камак жайларынын администрациясына кыйноо жөнүндөгү даттанууга шашылыш тартипте реакция кылуу милдетин жүктөйт.
2.3. Кыйноону жана катаал мамилени документтештирүүнүн көйгөйлөрү. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосунун бардык деңгээлдеринде медициналык эксперттердин практикасына Стамбул протоколун жайылтуу боюнча ишмердүүлүк
Көп жылдар аралыгында Кыргыз Республикасында кыйноону жана катаал мамилени документтештирүү системасы, кыйноонун курмандыктарына медициналык күбөлөндүрүү жүргүзүүнүн бирдиктүү стандарттары жок болгон, бул кыйноого күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу жана териштирүү процессинде катуу кыйынчылык келтирген.
Кыйноону жана катаал мамиле кылуунун издери толук жана так документтештирилген медициналык корутунду кийин соттук-медициналык, соттук психологиялык-психиатриялык экспертизаларды жүргүзүү үчүн колдонулат жана соттук териштирүүнүн жана иликтөөнүн жүрүшүндө далилдүү базанын негизинде жатат.
2014-жылы КР Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен саламаттык сактоонун бардык деңгээлдеринин медициналык адистери үчүн "Зомбулук, кыйноо жана башка катаал, адамгерчиликсиз же абройду кемсинтүүчү мамиле кылуунун жана жазанын түрлөрүн натыйжалуу документтештирүү" Практикалык колдонмосу бекитилген. Бул колдонмонун максаты болуп, улуттук мыйзамды кыйноого каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү эл аралык стандарттарга, анын ичинде, Кыйноону катаал, адамгерчиликсиз же абройду кемсинтүүчү мамиле кылуунун жана жазанын түрлөрүн натыйжалуу документтештирүү боюнча колдонмонун жоболоруна (Стамбул протоколуна)(30) дал келтирүү эсептелет.
Кыйноонун же катаал мамиле кылуунун болжолдонгон курмандыктарына кароо жүргүзүүдө медициналык кызматкердин негизги милдеттери болуп, төмөнкүлөр саналат:
- даярдоо иш-чараларына керектүү текшерүү жүргүзүүнүн көлөмүндө медициналык кароонун максаттары жана милдеттери жөнүндө бейтапты маалымдоо;
анын түшүнүп макулдугун берүүсүндө бейтапка медициналык кароону кечиктирбестен жүргүзүү;
- бейтаптын оорусуна (абалын баалоо) диагноз коюу;
- бейтапка алгачкы медициналык жардам көрсөтүү, зарыл болгондо керектүү дарылоону белгилөө;
- медициналык көрсөткүчтөр болгондо кошумча диагностикалык изилдөөгө же атайын медициналык жардам алууга жөнөтүү;
- зомбулук/кыйноо же катаал мамиле боюнча кайрылганда (келип түшкөндө) медициналык кароонун формасын толтуруу (мындан ары - Форма) жана башка эсептик жана отчеттук медициналык документацияны тариздөө (жүргүзүү);
- кыйноонун жана катаал мамиленин колдонулгандыгынын катталган фактысы жөнүндө прокуратуранын аймактык органдарына жана кийин медициналык уюмдун жетекчисинин же анын орун басарларынын биринин колу коюлган жана медициналык уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн жазуу жүзүндөгү билдирүүнү 24 сааттын ичинде жөнөтүү менен телефонограмма аркылуу зомбулуктун колдонулган фактысы жөнүндө аймактык ички иштер органдарына кечиктирбестен маалымдоо.
- медициналык кароонун натыйжалары жөнүндө бейтапка маалымдоо;
- бейтапка зомбулуктун/кыйноонун жана катаал мамиленин фактылары боюнча укук коргоо органдарына арыз менен кайрылуу укугу жөнүндө, ошол органдардын байланыш маалыматтары жана юридикалык дареги тууралуу маалымдоо;
- бейтапка соттук-медициналык, психиатриялык, психологиялык экспертиза жүргүзүү укугу жана аларды жүргүзүүнүн тартиби тууралуу маалымдоо.
Ошону менен бирге медициналык кароо үч учурда милдеттүү түрдө жүргүзүлөрү жазылган:
1) адам зомбулук, кыйноо жана катаал мамиле кылуу колдонулганына даттануу менен кайрылганда (келип түшкөндө);
2) адамды мыйзам тарабынан белгиленген тартипте эркиндигинен ажыратылган жана чектелген жайларга киргизүүдө, аны башка эркиндигинен ажыратылган жана чектелген жайларга которууда;
3) укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин аралашуусу менен коштолгон окуяларга катышуусу же укук коргоо органдарынын буйругу менен адам эркиндигинен ажыратылган же чектелген жайларда турган учурда дене боюна жана/же психикалык азап чегүүлөр келтирилсе.
Мыйзамдарга ылайык медициналык кызматкер, сапатсыз медициналык кароо жана корутундунун негизсиздиги, бейтапка керектүү жардамды көрсөтпөгөндүгү, анын ден соолугунун абалынан бузулуу же жалпы оору табылган учурда, кошумча диагностикалык, дарылоо жана реабилитациялык иш-чараларды жүргүзүү үчүн саламаттык сактоонун адистештирилген уюмдарында зарыл көзөмөлдү жүргүзбөгөндүгү үчүн мыйзамда белгиленген жоопкерчиликти тартат.
Практикалык колдонмо өзүнө ар бир конкреттүү учурларда толтуруу үчүн милдеттүү төрт форманы камтыйт:
- Зомбулук/кыйноо жана катаал мамиле кылуу боюнча кайрылууда (келип түшүүдө) медициналык кароонун формасы жана аны толтуруунун тартиби жөнүндө Нускама;
- Кыйноо жана катаал мамиле кылуу учурларын документтештирүүдө соттук-медициналык экспертизанын корутундусунун формасы жана аны толтуруунун тартиби жөнүндө Нускама;
- Кыйноонун, катаал мамиле кылуунун жана зомбулуктун болжолдуу курмандыктарына соттук-психиатриялык жана комплекстүү соттук-психологиялык психиатриялык корутундусунун формасы жана аны толтуруунун нускамасы;
- Зомбулуктун, кыйноонун, катаал мамиле кылуунун курмандыктарынын реалдуу саны жөнүндө так статистикалык маалыматтарды алуу үчүн бирдиктүү эсептик-отчеттук форма.
Менчик формасына жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан, саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык кызматкерлери үчүн милдеттүү практикалык колдонмо.
Практикалык колдонмо бекитилгенден кийин төмөнкү жыйынтырда алуу болжолдонууда:
- Кыргыз Республикасында кыйноо жана катаал мамиле кылуунун курмандыктарын изилдөө жана натыйжалуу документтештирүүнүн эл аралык стандарттары жайылтылат.
- Бардык медициналык кызматкерлер тарабынан кароонун, медициналык жана психиатриялык экспертиза жүргүзүүнүн, зомбулуктун бардык түрү үчүн эсептик-отчеттук медициналык документация жүргүзүү үчүн, кыйноолор жана катаал мамиле үчүн бирдиктүү стандартташтырылган форма колдонулат;
- Зомбулуктун, кыйноо жана катаал мамиле кылуунун курмандыктарына медициналык жардамдын сапаты жакшыртылат;
- Медициналык экспертизалардын сапаты эл аралык стандарттарга ылайык келтирилет;
- Натыйжалуу медициналык документтештирүү боюнча окуу материалдары жана маалыматтар медициналык персоналдын, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, башка мамлекеттик органдарын даярдоо программасына киргизилет.
Практикалык колдонмонун бөлүгүн медициналык адистердин ар күндүк ишине жайылтуу күтүлүүдө, бөлүгү аткаруу стадиясында турат.
Кыйноону документтештирүү бөлүгүндө жакшы жылыштар болгондугуна карабастан, азыркы учурга чейин Улуттук борбордун практикасы УКЖга кармалгандарды ар бир алып келүүдө милдеттүү медициналык күбөлөндүрүүнү өткөрүү жөнүндө КР ЖПКнын 40-беренесинин талаптары бардык учурларда эле сактала бербегендигин белгилейт.
Шектүүнү убактылуу бөлөк кармоочу жайга ар бир жолку жеткирүүдө, ошондой эле анын өзүнөн, анын жактоочусунан, жакындарынан ага карата алгачкы текшерүү жана тергөө органдарынын кызматкерлери тарабынан зомбулук жасалгандыгы туурасында даттануу түшкөн учурда, ал тиешелүү документти түзүү менен милдеттүү түрдө медициналык кароодон (күбөлөндүрүүдөн) өткөрүлүүгө тийиш.
Ошентип, УКЖда суралган жактардын 4,4% УКЖга киргизүүдө медициналык күбөлөндүрүү болбогонун билдиришти.
29-диаграмма. Медициналык күбөлөндүрүү жүргүзүлдү беле
Улуттук борбордун практикасынан мындай корутунду чыгарууга болот: медициналык күбөлөндүрүү жүргүзүүнүн жол-жоболору бардык учурларда эле аны жүргүзүүнүн талаптарына жооп бербейт жана айрым учурларда формалдуу жүргүзүлөт. Ошондой эле кыйноонун жана катаал мамиле кылуунун болжолдуу курмандыктарына кароо/күбөлөндүрүү жүргүзүүдө соттук эксперттердин корутундуларынын жана дарыгерлер тарабынан медициналык кароо жүргүзүүнүн сапаты суроо туудурат.
Кыргыз Республикасынын "Соттук-эксперттик ишмердүүлүк жөнүндө" Мыйзамы соттук экспертизанын негизги принциптерин - мыйзамдуулугун, жарандардын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышын, соттук эксперттин көз карандысыздыгын, объективдүүлүгүн, ар тараптуулугун жана изилдөөнүн толуктугун караштырат.(31) Экспертизаны уюштурууда, белгилөөдө жана жүргүзүүдө кетирилген каталарды тереңдетип жана ар тараптан талдоо, экспертизанын корутундуларынын далилдүүлүгүн жана сапатын жогорулатуунун маанилүү шарты болуп саналат. Азыркы учурда Кыргыз Республикасында соттук-медициналык экспертизаны уюштурууну жана жүргүзүүнү жөнгө салуучу ченемдик актылар эксперттик ишмердүүлүктүн сапатын баалоонун критерийлерин камтыбайт. Бул алардын процесстик көз карандысыздыгын эсепке алуу менен соттук-медициналык эксперт-дарыгерлердин ишмердүүлүгүнүн сапатын баалоону жана ишти контролдоону олуттуу кыйындатат.
Эксперттин корутундусу аныкталган, ар кандай так эместиги жок; ырааттуу, б.а. өз ара байланыштуу жана өз ара шартталган; далилдүү, т.а. изилдөөнүн тигил же бул тыянактарын жөн эле түшүндүрбөстөн, чыныгы деп таанылган бул тыянактардын негиздерин көрсөтүүчү болушу" керек.
Соттук-медициналык корутундулардын сапатын баалоо боюнча ишмердүүлүктүн алкагында Кыйноого каршы коалиция тарабынан берилген 31 соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна талдоо жүргүзүлгөн, 16 адамдарга экспертиза жүргүзүүгө жана эки өлүктөрдү иликтөөгө карата, алардын ичинен 15 экспертиза эксперттик комиссия тарабынан жүргүзүлгөн (анын ичинде бир экспертиза өлүктү текшерүү боюнча).
i. Экспертиза дайындоонун процесстик аспектилери
Экспертизаны дайындоонун процесстик аспектилерин баалоо үчүн төмөнкү критерийлер белгиленген: экспертиза дайындоонун датасы жана соттук-медициналык экспертизаны чечүүгө коюлган маселелерди талдоо.
(1) Экспертизаны дайындоонун мөөнөттөрү
Кыйноо колдонулганда жана даттанууларда медициналык экспертизаны кечиктирбестен белгилөө зарылдыгына жана талаптарына карабастан, экспертиза жүргүзүүнүн кечиктирилген мөөнөтү практикаланып жүрөт, ал өзүнөн медициналык далилдөө базасынын жоголгонун көрсөтөт.
Стамбул протоколу боюнча жүргүзүлгөн комиссиялык жана комплекстүү экспертизалары белгилөөнүн мөөнөттөрүн талдоо, ишти кароо кыйноо болжолдуу колдонулган датадан кийин жеткиликтүү узак мезгилдин аралыгына узартылганы табылган.
16-таблица. СМЭРБде комиссиялык жана комплекстүү экспертиза жүргүзүүнүн мөөнөттөрү(32)
Окуянын эскилиги | Экспертизалардын саны |
1 ай | 1 |
4 ай | 1 |
1 жылдан ашык | 3 |
4 жыл | 1 |
6 жыл | 6 |
9 жыл | 2 |
10 жылдан ашык | 1 |
(2) Соттук-медициналык экспертизаны чечүүгө коюлган маселелерди талдоо
Соттук эксперттин алдына коюлган маселелерди талдоо, СМЭни белгилөө жөнүндө токтомду тариздөөдө иштин жагдайы начар баяндалат жана экинчи экспертиза белгилөөнүн себептери негизделбейт. Экспертизаны чыгарууда чечүүгө жаткан маселелерди түшүндүрүүдө, конкреттүү жагдайларды эске алуусуз, алар стандарттуу көрсөтүлөт, бул соттук эксперттин коюлган суроолорго гана жооп берүүсүнүн зарылдыгына алып келет, ал эми дароо түшүндүрүлбөгөн суроолорго кошумча экспертизаны дайындоодо жооп берет.
"Бул жаракат жыгылгандан болушу мүмкүнбү?" деген суроону негизсиз коюу чоң кабатырлануу пайда кылат, б.а. мындай түшүндүрүү болгон жаракаттын пайда болуусунун реалдуу механизмдерин кароодон четтеп кетүүгө мүмкүндүк түзөт.
(3) Соттук эксперттердин көз карандысыздык маселелери
Эксперттер керектүү медициналык документациялар менен камсыз кылуу бөлүгүндө соттук-медициналык органга көз каранды. Ошентип, КР ЖПКсынын 63-беренесинде мындай дейт: "Эксперт изилдөө үчүн материалдарды чогултууга укугу жок". Эксперттин суроо талабы боюнча иштин керектүү материалдарын, медициналык документтерди, адис дарыгерлер тарабынан жабырлануучу текшерүүнүн жыйынтыктарын өз убагында бербөө, соттук эксперттин кошумча экспертизаны белгилөөгө жана анын алдына коюлган бардык маселелерге жооп берүүсү үчүн мүмкүнчүлүктүн жоктугуна алып келет. Кыйноо фактылары боюнча жазык иштерин изилдөө мөөнөттү көбөйтүү мунун натыйжасы болуп саналат.
Медициналык документтер боюнча экспертизаны белгилөөдө акыркысы толук эмес көлөмдө берилсе, ал соттук экспертти жетишпеген документтерди тергөөчүдөн суроого аргасыз кылат, ал дагы экспертизанын өндүрүшүнүн мөөнөтүн узартууга алып келет.
ii. Ведомстволук буйруктардын жана ченемдик укуктук актылардын талаптарына соттук-медициналык эксперттин корутундусунун шайкештиги
Изилдөөнүн жүрүшүндө ведомстволук буйруктардын жана ченемдик укуктук актылардын талаптарына соттук-медициналык эксперттин корутундусунун дал келүүсүнө талдоо жүргүзүлдү.
Соттук-медициналык эксперттердин көрсөтүлгөн корутундуларынан эки гана корутунду Практикалык колдонмонун стандартына жана КР Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен бекитилген эксперттин корутундусунун формасына жана СМЭРБнын директорунун ички буйругуна ылайык таризделген. Аталган корутундулар жабыркагандардын, айыпталуучулардын жана СМЭРБнын башка жактардын экспертизалары бөлүмдүн эксперттери тарабынан аткарылды. Сунушталган корутундулардын калгандары Стамбул протоколунун негизинде иштелип чыккан Практикалык колдонмонун бекитилген стандарттардын формасына жана мазмунуна ылайык келген жок.
Көрсөтүлгөн талаптарга дал келбөө корутундунун жол коюлбастыгын билдирбейт, бирок эксперттин ишке мамилесин жана кесипкөйлүк даярдыгынын деңгээлин белгилүү деңгээлде мүнөздөйт. Ал изилдөө өндүрүшүндө эксперттер тарабынан колдонулуучу методикалардын дал келүүсүнө, ведомстволук актыларда дагы чагылдырылган атайын билимди өнүктүрүүнүн деңгээлине бир кыйла кылдат контролдун зарылдыгын көрсөтөт.
iii. Изилдөө бөлүгүн талдоо
СМЭ тарабынан берилген корутундулардын изилдөө бөлүгүн талдоонун жүрүшүндө изилдөөнүн ар тараптуулук, объективдүүлүк жана толуктук сыяктуу, мыйзамдарда каралган талаптарына толук эмес дал келүүсү табылган. Ага мисал келтирсек:
- Убакыттын узак мезгилинин аралыгында териштирилүүчү иштерди баалоодо өтө маанилүү болгон катуу жана өнөкөт симптомдорунун өнүгүүсү, алардын жыштыгы, интенсивдүүлүгү, узактыгы, күчөп кетүүсү жана жакшыруусу сыпатталбайт жана жеткиликсиз көлөмдө сыпатталат;
- Стамбул протоколунун стандартына ылайык таризделген эки корутундудан сырткары, корутундуларда берилгендерде соттук эксперттер баштын көрүнүп турган терилерин жана экспертиза жүргүзүлүп жаткан беттин денесин гана сырттан кароо менен гана чектелишет. Кыйноо колдонууда абдан мүнөздүү болгон экспертиза жүргүзүлүп жаткан адамдын функционалдык бузулуулар боюнча маалыматтардын жоголушуна алып келүүчү органдар жана системалар боюнча текшерүү жүргүзүлбөйт.
- Денеде болгон залаканын морфологиялык мүнөздөмөсү кыскача баяндалат, айрым учурларда эксперттер кандайдыр-бир залаканын болгонун көрсөтүү менен гана чектелет (залаканын мүнөзүнүн керектүү баяндамасыз).
Соттук экспертизаны жүргүзүүдө бул бузуулар иштин материалдарында жана экспертиза жүргүзүлүп жаткан адамга көрсөтүлгөн мөөнөттө денесинде залаканын пайда болушунун далилдери жоголуп кетүүсүнө алып келет жана кыйноого айыптууну жоопкерчиликке тартуу жана ага шайкеш жаза белгилөө мүмкүндүгүнө факт жүзүндө тоскоолдук кылат.
Ички органдарына жана системаларына залал келтирилгендигине мүнөздүү даттануу берген экспертиза жүргүзүлүүчү адам, дайыма эле кошумча текшерүүгө жана дарылоого жөнөтүлбөгөнүн талдоонун натыйжалары көрсөттү.
iv. Корутундуларды талдоо
Соттук эксперттин корутундусундагы тыянактар, б.а. эксперттин кесипкөйлүк даярдыгынын деңгээлин жана анын логикалык ой жүгүртүү жана өзүнүн көз карашынан далилдей алуу мүмкүнчүлүгүн толук өлчөмдө чагылдырган экспертизанын ал бөлүгү чоң роль ойнойт. Практика көрсөткөндөй, укук коргоо органдары, соттор, жактоочу тарап экспертизанын дал тыянактарынан баштап үйрөнүшүүдө.
Корутундуларда берилгендердин төмөнкү талаптарга дал келүүсүнө талдоо жүргүзүлгөн:
- жооптордун толуктугу (коюлган суроолордун бардыгына жооп берүү же коюлган суроолорду чечүүнүн мүмкүн эместигинин негизи);
- ар бир түшүндүрмөлөнгөн жобонун түшүнүктүүлүгү жана негиздүүлүгү;
- объектини изилдөөдө эксперт тарабынан алынган жана корутундунун изилдөө бөлүгүндө камтылган маалыматтар менен ар бир жобону негиздөө;
- объективдүүлүк (корутундуда ички карама-каршылыктардын толушу, соттук эксперттин корутундусунун тыянактары менен башка далилдердин карама-каршылыгынын болушу);
- тыянактардын далилдүүлүгүнүн жетиштүүлүгү;
- илимийлүүлүк.
Кыйноонун болжолдонгон курмандыктарын медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүүдө мониторингдин жана соттук-медициналык корутундунун тыянактарын талдоонун натыйжасында төмөнкүлөр табылды:
- Соттук-медициналык эксперттер экспертизаны чечүүгө коюлган суроолорго жооп берет, ал адатта ар бир учурдун өзгөчөлүктөрүн эсепке алуусуз стандарттык түшүндүрмөлөөгө ээ.
- Болгон жаракаттын өз алдынча жыгылганда болуу мүмкүндүгү жөнүндө суроону коюу негизсиз коюу чоң камкордукту пайда кылат. Бир катар экспертизаларда, болгон жаракаттын түзүлүү механизми жөнүндө экспертиза жүргүзүлүп жаткан адамдын так көрсөтмөлөрү болгондо дагы, эксперт жыгылганда жана курчап турган буюмдар менен сыртынан урганда жаракат түзүлгөнүн ажырата албайт.
- Айрым учурларда корутундунун изилдөө бөлүгүндө камтылган жана эксперттик изилдөөдө алынган маалыматтардын тыянактарынын ар бир жобосун жеткиликсиз негиздөөгө орун берилет. Тыянактар колдонулган методикалар тууралуу маалымат берилбей, илимий далили жок, мындай жыйынтыкка келүү себептери көрсөтүлбөй чыгарылган.
Кыйноолордун болжолдонгон курмандыктарына карата СМЭ өткөрүү боюнча тыянактар жана сунуштоолор:
- Клиникалык соттук-медициналык экспертизаны жүргүзүүнүн методикасы көпчүлүк учурда "совет мезгилинен" мурасталып калган жана өзүнө сыртынан, дермотологиялык (тери) көзөмөлдөөнү камтыйт. Айрым гана учурларда медициналык адистер Стамбул протоколунун принциптерине ылайык кыйноону жана катаал мамилени документтештирүүнүн эл аралык методологиясын колдонушат.
- Күбөлөндүрүүнүн жол-жоболорун Практикалык колдонмого жана Стамбул протоколуна ылайык жүргүзүү керек.
- Кыйноонун курмандыктарынын интервью алууда соттук эксперттерди психологиялык көндүмдөргө окутуу керек.
- Медициналык этиканын негизги принциптери аткарылбайт. Текшерилген жактын маалымдалган макулдугун алуу практикаланбайт, сүйлөшүү суракты катуу эске түшүрөт.
- Стамбул протоколуна жана башка эл аралык принциптерге ылайык кесипкөй алдыңкы көндүмдөр жана сүйлөшүү жүргүзүү бөлүгү боюнча соттук-медициналык эксперттердин квалификациясын жогорулатуу практикасын жайылтуу керек.
- Соттук-медициналык кызматтын кызматкерлери үчүн Этикалык кодексти иштеп чыгуу жана жайылтуу керек.
- Соттук-медициналык экспертизанын өндүрүшү ведомстволук актылар, анын ичинде соттук-медициналык эксперттик изилдөөлөрдү уюштуруу жана жүргүзүү боюнча эрежелер жана нускамалар менен, жеткиликтүү толук жана так регламенттелген жана изилдөөнүн баяндамасы ушул актынын талаптарына дал келе тургандыгын текшерүү эксперттик методиканы колдонуунун тууралыгын жана корутундунун толуктугун баалоого олуттуу жардам берет.
- Стамбул протоколунун стандарттарына аларды толук ылайык келтирүү, кыйноодо жана катаал мамиле кылууда экспертиза жүргүзүүнүн стандарттарын, соттук-медициналык экспертизанын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу колдонуудагы ченемдик актыларды жакшыртуу керек.
Алгач тергөөчү, тергөөчү жана сот механикалык жаракат алуунун түрлөрү, мүмкүн болгон ырбап кетүүлөр жана травманын натыйжасы, негизги соттук-медициналык белгилер, алардын маанилери ж.б. жөнүндө билимдин минималдык запасына ээ болгондо, корутундунун изилдөө бөлүгүн иликтөө жемиштүү болушу мүмкүн. Юридикалык ЖОЖдордун программасында "Соттук медицина" сабагы болгонуна карабастан, юристтер керектүү медициналык билимге ээ эмес.
- Соттук эксперттер үчүн суроону туура коюуга кыйноо фактылары боюнча иликтөө жүргүзүүчү тергөө органдарынын кызматкерлерин окутуу керек.
- Корутундунун изилдөө бөлүгүндө кандайдыр-бир мүчүлүштөрдү табууда табылган жетишпестиктер (изилдөөнүн толук эместиги, баяндоонун түшүнүксүздүгү ж.б.у.с.) боюнча соттук эксперттерди суракка алууну жүргүзүү керек.
- Борбордук эксперттик түзүмдө жасалган экспертиза ведомствого караштуу түзүмдөрдөгү экспертизанын алдында артыкчылыкка ээ эмес жана алар менен бирдей бааланышы керек.
- Экспертизанын сапатын баалоо жана соттук-медициналык экспертизанын ишмердүүлүгүн контролдоо боюнча СМЭРБнын дагы, аймактардагы дагы соттук медициналык кызматтардын ишмердүүлүктөрүн жакшыртуу керек.
КР ЖКсынын 305-беренесин ("Кыйноо") "оордук баскычына" байланыштуу башка беренеге өзгөртүү үчүн кыйноо фактылары боюнча иштерди кароо тез-тез жүргүзүлөт.
- КР ЖКсына жана башка тиешелүү ченемдик укуктук актыларга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү менен, Саламаттык сактоо министрлиги жана Юстиция министрлиги менен кызматташууда "оордук баскычын" баалоо системасын өзгөртүү боюнча стратегиялык көрө алуу иштеп чыгуу керек.
- Кыйноо жана катаал мамиле кылуу учурларын териштирүү боюнча ведомстволор аралык регламент жайылтуу керек.
- Кыйноо колдонуунун натыйжасында өлгөн жактардын сөөктөрүн изилдөөдө соттук экспертиза өндүрүшүнүн эрежесин иштеп чыгуу керек.
- Соттук эксперттерге кыйноонун анатомиялык жана физиологиялык залалдарын натыйжалуу табууну жана документтештирүүнү окутууну улантуу керек.
2016-жылы Улуттук борбор КР Саламаттык сактоо министрлигинин, (дарыгерлердин, соттук-медициналык эксперттердин, соттук психологдордун жана психиатрлардын), КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин системаларынын медициналык адистеринин, ошондой эле КР Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун кызматкерлеринин кыйноо жана катаал мамиле кылуу фактыларын натыйжалуу документтештирүү стандарттарын окуу процессине катышты. Окутуучу тренинг Кыргыз Республикасынын бардык региондорунда өткөрүлдү. 2016-жылдын декабрына карата 800дөн ашык медициналык адистер окушту.
Азыркы КР Өкмөтүнө караштуу ММКФнын эксперттери тарабынан методика иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоосунун бардык деңгээлдеринин медициналык адистеринин зомбулук, кыйноо жана катаал мамиле кылуу фактыларын документтештирүүнүн сапатына мониторинг жүргүзүү боюнча иш башталды.
"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында 2016-жылдын 21-22-сентябрында өткөрүлгөн "Стамбул" протоколун ишке ашыруу: Кыйноону натыйжалуу териштирүү жана документтештирүү медициналык кызматкерлердин практикасына Стамбул протоколунун принциптерин жайылтуу боюнча Кыргыз Республикасынын алдыңкы тажрыйбасын жайылтуунун көрүнүктүү тастыктоосу болду.
Конференциянын ишине 25 өлкөдөн 200дөн ашык өкүл катышты. Конференциянын катышуучуларынын арасында БУУнун кыйноого каршы Комитети, Кыйноонун алдын алуу боюнча комитетче, Кыйноонун алдын алуу боюнча ассоциация, Кыйноонун курмандыктарын реабилитациялоо боюнча эл аралык борбор, "Дарыгерлер адам укуктары үчүн" эл аралык уюму, Ачык Коом фонддору, Бишкектеги ЭККУ борбору, Борбордук Азияда адам укуктары боюнча БУУнун Жогорку Комиссарынын Региондук Башкармалыгы сыяктуу авторитеттүү эл аралык уюмдардын өкүлдөрү болушту.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жардамы менен Европа Союзунун финансылык колдоосунда, "Сорос-Кыргызстан" Фонду тарабынан ишке ашырылуучу "Кыргыз Республикасында жазасыздыкка каршы күрөшүүдө кыйноонун жана башка адамгерчиликсиз же абройду кемсинтүүчү мамиле кылуунун же жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча улуттук күчтү биригүүсүн колдоо" долбоорунун алкагында өткөрүлдү.
2016-жылы 21-сентябрда эл аралык конференциянын ачылышынын алдында Улуттук борбор пресс-конференция өткөрүүгө катышты.
Эл аралык конференциянын эки күндүк ишинин натыйжасы Стамбул протоколу боюнча Аракеттердин планынын резолюциясынын долбоорун иштеп чыкты.
2016-жылы сентябрда Улуттук борбор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин (АУКК) ишмердүүлүгүнүн алкагында Кыргыз Республикасында Стамбул протоколунун принциптерин жайылтуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу тобун түзүүнү демилгеледи.
2016-жылдын 22-декабрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу АУККнын отурумунун протоколу менен Стамбул протоколунун принциптерин жайылтуу боюнча жана БУУнун Кыйноого каршы конвенциясы тууралуу Кыргыз Республикасынын милдеттерин аткаруу боюнча Үчүнчү мезгилдүү улуттук баяндаманы даярдоо - эки максатты бириктирген бул жумушчу тобунун курамын бекитти.
Ведомстволор аралык жумушчу тобунун ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча 2017-2010-жылдары Кыргыз Республикасында Стамбул протоколунун принциптерин жайылтуу Планы иштелип чыккан. Бул планга Стамбул протоколун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттердин механизмин жайылтуу үчүн кадамдык иш-чаралар киргизилген, ал Кыргыз Республикасында кыйноого жана катаал мамиле кылууга каршы күрөшүүдө бардык мамлекеттик органдардын күчүн бириктирүүгө мүмкүндүк түзөт.
КР Өкмөтүнө караштуу АУККнын демилгелерин кабыл алуу менен бул багытта Улуттук борбор адам укуктары боюнча Аракеттердин улуттук планын актуалдаштырууга, ошондой эле 2017-2020-жылдарга Стамбул протоколун жайылтуу боюнча Аракеттердин планын бекитүүгө, андан кийин Адам укуктар боюнча аракеттердин улуттук планы менен шайкеш келтирүүгө чакырат.
2017-2020-жылдарга карата сунушталган Аракеттердин планына ылайык бардык иш-чараларды өз убагында жана натыйжалуу ишке ашырган учурда медициналык күбөлөндүрүүнү жүргүзбөө практикасын жоюу, медициналык күбөлөндүрүү жүргүзүүнүн сапатын контролдоонун жоктугу үчүн санкцияны күчөтүү, анда айыптуу адамдарды жоопкерчиликке тартуу жана жазалоо, өз ара аракеттешүүнүн ведомстволор аралык механизмин күчөтүү, дегеле, өлкөдө кыйноонун жана катаал мамиле кылуунун санын азайтуу максатында кыйноо жана катаал мамиле кылуу фактыларын натыйжалуу документтештирүүнү жогорулатуу сунушталат.
VII. МААЛЫМДОО ЖАНА АГАРТУУ ЧӨЙРӨСҮНДӨ КЫЙНООНУН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА УЛУТТУК БОРБОРДУН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ
2016-жылы Улуттук борбор тарабынан 2016-2018-жылдарга Коммуникациялык стратегия иштелип чыккан, анын негизги максаты болуп, кыйноонун жана катаал мамиле кылуунун алдын алуу маселелери боюнча бийлик органдарын жана коомчулукту маалымдоо саналат. 2016-жылга карата бардык пландаштырылган иш-чаралар мөөнөтүндө аткарылды.
Отчеттуу мезгилдин ичинде өткөрүлгөн иш-чаралар:
- бир конференция,
- тогуз тегерек үстөл,
- радиодо сегиз чыгып сүйлөө жана телекөрсөтүүдө Улуттук борбордун кызматкерлеринин он бир чыгып сүйлөөлөрү,
- 2016-жылы 26-июнда кыйноонун курмандыктарын коргоонун Эл аралык күнүнө карата Улуттук борбордун ачык эшик күнү,
- Мамлекеттик органдардын кызматкерлери, жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары, ЖОЖдордун студенттери жана жарандык сектордун өкүлдөрү үчүн 15 тренинг жана семинар.
2016-жылы 21-22-сентябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эгидасы алдында Мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында Стамбул протоколун алга жылдыруу максатында "Стамбул протоколун жүзөгө ашыруу: Натыйжалуу иликтөө жана кыйноолорду документтештирүү үчүн аймактык тажрыйбаны эл аралык нормаларга трансформациялоо" аталыштагы эл аралык конференция болуп өттү. Улуттук борбор бул иш чаранын уюштуруучуларынын бири болуп саналат. Конференциянын башталышынын алдында ар кандай жалпыга маалымдоо каражаттарынан келген журналисттер үчүн басма сөз жыйыны өткөрүлдү.
Ички иштер органдарынын, прокуратуранын, бажы органдарынын кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин медициналык кызматкерлери үчүн 2016-жылдын ичинде агартуучу тренингдер өткөрүлүп турду.
2016-жылы Улуттук борбордун өткөрүлгөн иш-чаралары боюнча толук маалымат № 2 тиркемеде көрсөтүлгөн.
ТЫЯНАКТАР ЖАНА СУНУШТООЛОР
Улуттук борбордун ишмердүүлүгүнүн натыйжалары боюнча негизги тыянак, кыйноону колдонуу жаатында көйгөйлөрдүн олуттуу бөлүгү бүгүнкү күндө актуалдуу бойдон калып жатканы менен корутундуланат. Кыйноолорго жана катаал мамилелерге каршы күрөшүү боюнча аракеттердин иш-чара пландарында жана стратегияларында пландаштырылган иш жүзүндө толук чагылууну тапкан жок.
2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында мамлекеттин алдында турган так артыкчылыктардын алкагында төмөнкүлөр белгиленген:
- абройду кемсинтүүчү тобокелдиктен, кыйноону колдонуу коркунучунан адамдарды бошотуу;
- ар бир адамга жеткиликтүү квалификациялуу юридикалык жардамды камсыз кылуу.
Бирок, азыркы учурга чейин бул милдеттер ишке ашырылган жок.
Өнүгүүнүн ар түрдүү стратегияларынын, улуттук пландын аракетинин ж.б.у.с. алкагында мурдагы жылы пландаштырылган иш-чараларды милдеттүү түрдө аткаруу максатында Улуттук борбор төмөнкүдөй сунуштоолорду сунуштайт:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине
1. Кыйноону жана катаал мамилени колдонууга абсолюттук тыюу салууну белгилеген эл аралык келишимдер боюнча милдеттерди Кыргыз Республикасынын аткаруусу үчүн туруктуу парламенттик контролду камсыз кылуу.
2. Кыйноого каршы БУУнун конвенциясынын 22-беренесинин талаптарына ылайык кыйноонун же катаал мамиленин курмандыктары болгон Кыргыз Республикасынын юрисдикциясынын алдында турган жактардын даттанууларын кабыл алуу укугун Кыйноого каршы БУУнун комитетинин компетенциясын таануу мүмкүндүгүн кароо.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
1. Кыйноого жана катаал, адамгерчиликсиз же абройду кемсинтүүчү мамиле кылуунун же жазанын түрлөрүнө каршы күрөшүүгө багытталган мыйзамдык, административдик, юридикалык жана башка чаралардын топтомун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жарандык секторлордун күчүн бириктирүү;
2. Жарандык коомдук уюмдар жана эл аралык уюмдар менен өз ара тыгыз аракеттешүүдө, мөөнөтү өтүп кеткен иш-чараларды аткаруу боюнча мамлекеттик органдардын ишмердүүлүктөрүн координациялоону жакшыртуу боюнча иш-чаралар, ошондой эле эркиндигинен ажыратылган жана эркиндиги чектелген жайларынын шарттарын жакшыртууга багытталган иш-чаралар менен аны толуктоо аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-октябрындагы № 469-р буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасында мамиле кылуунун жана жазанын кыйноого жана башка катаал, адамгерчиликсиз же абройду кемсинтүүчү түрлөрүнө каршы аракет боюнча Иш-чаралардын планынын күчүнүн мөөнөтүн узартуу.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин ведомстволор аралык жумушчу тобунун ишмердүүлүгүнүн алкагында иштелип чыккан 2017-2020-жылдары Кыргыз Республикасында Стамбул протоколунун принциптерин жайылтуу боюнча Аракеттердин планын бекитүү;
4. Кыйноо маселелери боюнча БУУнун Атайын баяндамачысынын сунуштоолорун аткаруу жана кыйноону системалуу алдын алуу боюнча натыйжалуу ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКнын башкаруусуна Кыргыз Республикасынын УКМКсынын ТКЖсын, УКМКнын УКЖсын, ИИМдин УКЖсын өткөрүп берүү жөнүндө маселени кароо;
5. ИИМ, ЖАМК, УКМК ж.б. ведомстволук медициналык кызматтарынын зомбулукту, кыйноону жана башка катаал, адамгерчиликсиз жана абройду кемсинтүүчү мамиле кылуунун жана жазанын түрлөрүнө натыйжалуу документтештирүү боюнча Практикалык колдонмону колдонуу үчүн түздөн-түз контролду камсыз кылуу;
6. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо мекемелеринин башкаруусуна жабык мекемелердин медициналык персоналдарын этап менен өткөрүү боюнча планын иштеп чыгуу;
7. Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, административдик ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомун, Кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борборду кошуп, толуктоо керек:
- Бул токтомдун Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик жана борбордук органдарынын штаттык санынын чегин аныктаган № 2-тиркемесине;
- Мамлекеттик органдардын жетектөөчү түзүмдөрдүн штаттык бирдиктеринин минималдык нормасын бекитүүчү № 3-тиркемесине;
- Борбордук аппараттардын, мамлекеттик органдардын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн мамлекеттик кызматтарынын ченемдик түзүмүн бекитүүчү № 4-тиркемеге;
- Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин орун басарларынын санынын чегин бекиткен № 5-тиркемеге.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Адам укуктары боюнча координациялык кеңешине
1. Кыргыз Республикасы тарабынан адам укуктары жаатындагы БУУнун жол-жоболорун жана эл аралык уюмдардын сунуштоолорун, анын ичинде БУУнун келишимдик органдарынын жана Адам укуктары боюнча БУУнун кеңешинин атайын жол-жоболорунун Универсалдык мезгилдүү серебинин сунуштоолорун, корутунду пикирлерин жана чечимдерин, ошондой эле бул сунуштоонун статусуна баалоо жүргүзүүнүн мезгилдүүлүгүн көрсөтүү жана аларды ишке ашыруу иш-чараларынын планын жайылтуу менен кыйноодон жана башка катаал, адамгерчиликсиз же абройду кемсинтүүчү мамиле кылуунун жана жазанын түрлөрүнөн эркиндикке укукту коргоонун кепилдиктерин күчөтүүгө багытталган кыйноо жөнүндө маселелер боюнча БУУнун Атайын баяндамачысынын жана кыйноонун алдын алуу боюнча Комитетчесинин сунуштоолорун ишке ашыруу механизмдерин иштеп чыгуу.
2. 2017-2020-жылдардагы мезгилге андагы иш-чараларды кароо менен, Кыргыз Республикасында кыйноого каршы аракет боюнча Иш-чаралардын планын актуалдаштыруу.
3. Адам укуктары боюнча аракеттердин Улуттук планы менен аны шайкештөө менен, ведомстволор аралык жумушчу тобун 2016-жылдын 22-декабрында бекитилген ишмердүүлүктүн алкагында иштелип чыккан 2017-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында Стамбул протоколунун принциптерин жайылтуу боюнча Аракеттердин планын бекитүү.
4. Адам укуктары боюнча БУУнун Комитетинин кыйноодон эркиндикке укукту бузууга чакырган жеке билдирүүлөр тууралуу чечимдеринин Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылышы боюнча натыйжалуу механизм иштеп чыгуу.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна
1. Кыйноону жана башка катаал, адамгерчиликсиз же абройду кемсинтүүчү мамиле кылуунун жана жазанын түрлөрүн колдонуу жөнүндө иштерди кароонун мөөнөттөрүнө тиешелүү процесстик ченемдерди, аларды негизсиз кечиктирүүнү алып салуу максатында сактоо үчүн контролду күчөтүү.
2. Жогорку соттун Пленумуна кийин бул маселе боюнча киргизүү жана бул категориядагы иштерди кароонун процесстик мөөнөттөрүн соттордун одоно бузуу фактыларын көрсөтүү менен 2015-жылдан берки мезгил үчүн кыйноо жөнүндө жазык иштери тууралуу соттук практиканы жалпылоону өткөрүү.
5. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына
1. Кыйноолор жана катаал мамилелер жөнүндө, кыйноого жана катаал мамиле кылууга каршы күрөшүү багытында КР УКМК, КР Саламаттык сактоо, Кыйноонун алдын алуу боюнча Улуттук борбор, Акыйкатчынын (Омбудсмен) аппараты менен ведомстволор аралык өз ара аракеттешүү боюнча нускаманы кошуп, арыздарды алуунун жана кароонун натыйжалуу механизмин иштеп чыгуу.
2. Эркиндигинен ажыратылган жана чектелген жайлардан жиберилген даттанууларды, анын ичинде жашырындуулук принцибин толук сактоо шарттарында даттанууларды жөнөтүү үчүн атайын ящиктерди пайдалануу аркылуу алуунун натыйжалуу механизмин иштеп чыгуу.
3. Айыпталуучу камоо же маңызы боюнча ишти кароо түрүндө тыюу салуучу чараларды тандоо жөнүндө маселени чечүү боюнча соттук териштирүүнүн жүрүшүндө айыпталуучу ага кыйноо колдонулгандыгы жөнүндө билдирген учурларда кылмыш жөнүндө билдирүүлөрдү жана арыздарды кабыл алуу жана кароо милдеттенмелери тууралуу жазык-процесстик мыйзамдардын талаптарын прокурордун аткаруусун камсыз кылуу.
4. Кыйноо фактылары боюнча териштирүүнү жүргүзүүчү тергөө органдарынын кызматкерлерине соттук эксперттер үчүн маселени туура коюуну окутуу.
5. Анын өзүнөн, анын жактоочусунан, бир туугандарынан ага күч зомбулугу колдонулгандыгы жөнүндө даттануу келип түшкөндө, УКЖга айыптууну же шектүүнү ар бир жеткирүүгө ылайык медициналык күбөлөндүрүү милдеттенмелери жөнүндө КР ЖПКсынын 40-беренесинин талаптарын сактоо үчүн контролду күчөтүү.
6. Зомбулукту, кыйноону жана катаал мамилени натыйжалуу документтештирүү боюнча Практикалык колдонмого ылайык толугу менен медициналык кароонун талаптарын саламаттык сактоо системасынын бардык деңгээлдеринин медициналык адистеринин милдеттүү түрдө сактоосу үчүн контролду күчөтүү.
7. Кыйноо жана катаал мамиле кылуу боюнча кайрылган жактардын коопсуздуктарын камсыз кылуу үчүн зарыл чараларды кечиктирбестен кабыл алуу механизмин иштеп чыгуу.
6. Кыргыз Республикасынын ИИМине
1. КР ИИМинин системасынын мекемелеринде кармоонун шарттарын жакшыртуу боюнча каражаттарды издөө. Бул мекемелердеги медициналык-санитардык контролду күчөтүү.
2. КР ИИМ системасынын мекемелеринде кармалган адамдардан даттанууларды алуунун жана кароонун ийкемдүү механизмин иштеп чыгуу. Чаралардын ар бир даттануулары боюнча кабыл алынган жана ички иштер органдарынын кызматкерлеринин аракетине келип түшкөн даттануулар боюнча статистиканы расмий сайтка жарыялоо.
3. КР ИИМ системасынын мекемелеринде кармалган адамдарга маалыматка укуктарын сактоону камсыз кылуу, анын ичинде, кармалгандардын, шектүүлөрдүн, айыпталгандардын укуктары жөнүндө маалыматты камтыган маалымат такталарын, ошондой эле алар арыз, сунуш же даттануу менен кайрыла ала турган адамдардын жана мекеменин байланыш маалыматтарын КР ИИМинин мекемелеринин бардык камераларына жайгаштыруу.
4. Адвокаттын же өкүлдүн жардамында коргоого камактагылардын укуктарынын сакталышы боюнча контролду күчөтүү.
5. Кармалгандарды УКЖга киргизүүдө жана ар бир чектен чыгарууда жана кайрадан УКЖга аларды алып келүүдө милдеттүү медициналык кароодон өткөрүү жөнүндө процесстик талаптарды аткаруу үчүн контролду күчөтүү.
6. КР ИИБ УКЖсынын штатына медициналык кызматкерди киргизүү. Кармалгандардын өз убагында жана сапаттуу медициналык тейлөөгө жетүү мүмкүндүгүн, зарыл болгон учурда белгиленген адистештирилген дарыгерге кечиктирбестен жетүү мүмкүндүгүн камсыз кылуу.
7. КР Саламаттык сактоо министрлигинин 09.12.2014-ж. № 469 буйругу менен бекитилген Зомбулук, кыйноо жана башка катаал, адамгерчиликсиз же абройду кемсинтүүчү мамиле кылуунун жана жазанын түрлөрүнүн фактыларын натыйжалуу документтештирүү боюнча Практикалык колдонмону КР ИИМинин мекемелеринин медициналык кызматтарынын ишине жайылтуу боюнча Иш-чаралардын планын иштеп чыгуу.
8. Эркиндигинен ажыратылган, чектелген жайларда ишмердүүлүктү жөнгө салуучу мыйзамдардын ченемдик актыларына ылайык талдоо жүргүзүү жана зарыл болгон учурда аларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуш берүү.
9. Алардын ар бирине жазып алуу функциясы менен видеокөзөмөлдүн камераларын милдеттүү орнотуу менен, күңүрттөлгөн терезе менен ички иштер органдарынын системаларынын мекемелеринде суракка алууну өткөрүү үчүн бөлмөлөрдү түзүү жөнүндө маселени кароо.
10. КР ИИМ системасынын мекемелеринин бардык камераларына жана коридорлоруна видеокөзөмөлдөө камераларын орнотуу. Видеоматериалдарды башкарууну, сактоону жана жок кылууну жөнгө салуучу КР ИИМ системасынын мекемелеринде видеокөзөмөлдөө жөнүндө Жобону иштеп чыгуу жана бекитүү.
11. Шектүүнүн кармалгандыгы тууралуу жана кармалган жери жөнүндө туугандарына/жакындарына өз убагында кабарлоо үчүн контролду күчөтүү.
12. Камераларда өз алдынча жайгаштыруу боюнча мыйзам ченемдерин милдеттүү түрдө сактоо.
13. КР ИИБ УКЖнын кызматкерлерине кызматтык айлыкка 25% өлчөмүндө зыяндуулук үчүн кошумча төлөө мүмкүндүгүн караштыруу. КР ИИБ УКЖнын кызматкерлерин атайын кийим менен камсыз кылуу.
14. КР ИИМ кадрларынын кесипкөй даярдыгын жана квалификациясын жогорулатуу программасына ылайык үзгүлтүксүз окутуучу иш-чараларды уюштуруу. Кызматкерлерди кыйноого жана катаал мамиле кылууга чыдабоосуна көндүрүү.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКсына
1. ЖАМКнын тергөө жайларында кармоонун шарттарын жакшыртуу үчүн каражаттарды издөө.
2. УКЖдан камактагы адамдарды ЖАМКнын ТКЖсына өз убагында көчүрүү үчүн контролду күчөтүү.
3. КР Өкмөтүнө караштуу ЖАМК системасынын мекемелеринде кармалган адамдардан түшкөн даттанууларды алуунун жана кароонун иштиктүү механизмдерин иштеп чыгуу. КР Өкмөтүнө караштуу ЖАМКнын кызматкерлеринин аракеттерине келип түшкөн даттануулар жана ар бир даттануулар боюнча кабыл алынган чаралар боюнча статистиканы расмий сайтка жарыялоо.
4. ЖАМКнын мекемелеринин администрациясына, ошондой эле адвокатка, Улуттук борборго, КР Акыйкатчынын аппаратына (Омбудсмен), жергиликтүү өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдарга даттанууларды жөнөтүү жол-жоболору боюнча ички ведомстволук актыларды иштеп чыгуу.
4.1. Даттанууну жашыруун жөнөтүү механизмин иштеп чыгуу жана практикага киргизүү.
4.2. Камакка алуу жайлары үчүн жеткиликтүү даттанууларды жөнөтүү үчүн ящиктерди жайгаштыруу.
5. КР Саламаттык сактоо министрлигинин 09.12.2014-ж. № 469 буйругу менен бекитилген Зомбулук, кыйноо жана башка катаал, адамгерчиликсиз же абройду кемсинтүүчү мамиле кылуунун жана жазанын түрлөрүнүн фактыларын натыйжалуу документтештирүү боюнча практикалык колдонмону ЖАМКнын мекемелеринин медициналык кызматтарынын ишине жайылтуу боюнча Иш-чаралардын планын иштеп чыгуу.
8. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматына
1. КР УКМКсынын кызматкерлеринин кыйноодон жана катаал мамиле кылуудан адамдарды коргоонун эл аралык стандартын сактоосу үчүн контролду күчөтүү.
2. КР УКМКсынын мекемелеринде кармалган адамдардын коргоого укуктарын сактоо үчүн контролду күчөтүү. Ошондой эле кызматкерлердин КР КК ГШ начальнигинин
2017-жылы 13-январдагы № 5 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөр мекемелерине жана аскер бөлүктөрүнө КР Акыйкатчынын аппаратынын (Омбудсмен) жана кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борборунун кызматкерлеринин баруу тартиби жөнүндө Нускамасын аткарышын камсыз кылуу.
9. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине
1. Кыйноо жана катаал мамиле кылуу учурларын натыйжалуу документтештирүү мониторинги жана зомбулукка, кыйноого жана катаал мамиле кылууга даттануулар менен кайрылуулар келип түшкөндө Медициналык кароонун формасын толтуруунун сапатын контролдоонун механизмин иштеп чыгуу, окутуучу иш-чараларды өткөрүү,
2. Саламаттык сактоонун бардык деңгээлиндеги медициналык адистердин практикасына Практикалык колдонмону жайылтуу аркылуу Кыргыз Республикасында Стамбул протоколунун принциптерин жайылтуу боюнча 2014-жылы башталган ишти улантуу.
3. 2017-жылга Өнүктүрүүнүн комплекстүү планын жайылтуу боюнча ишти улантуу.
4. Стамбул протоколуна жана башка эл аралык принциптерге ылайык алдыңкы профессионалдык көндүмдөрдүн бөлүгү боюнча соттук-медициналык эксперттердин квалификациясын жогорулатуу практикасын жайылтуу.
5. Практикалык колдонмого жана Стамбул протоколуна толук ылайык келген кыйноонун курмандыктарына кароо/күбөлөндүрүү жүргүзүүдө медициналык этиканы сактоо үчүн контролду күчөтүү. Соттук эксперттерди, дарыгерлерди кыйноонун курмандыктары менен маектешүү жүргүзүүдө психологиялык көндүмгө окутуу жүргүзүү керек.
6. Соттук-медициналык экспертизанын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу колдонуудагы ченемдик укуктук актыларды, аларды Стамбул протоколунун стандартына толук ылайык келтирүү менен кыйноодо жана катаал мамиле кылууда экспертиза жүргүзүүнүн стандартын жакшыртуу.
7. Соттук-медициналык эксперттердин ишмердүүлүктөрүн көзөмөлдөө жана экспертизалоонун сапатын баалоо боюнча СМЭРБде соттук-медициналык кызматтын жана региондук бөлүмдөрдүн ишмердүүлүгүн жакшыртуу.
8. Жаза кодексине жана башка тиешелүү ченемдик укуктук актыларга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү менен Юстиция министрлиги менен кызматташууда "оордук баскычын" баалоо системасына өзгөртүүлөрдү киргизүү механизмин иштеп чыгуу.
9. Кыйноону колдонуунун натыйжасында өлгөн адамдардын өлүктөрүн изилдөөдө соттук экспертиза өндүрүшүнүн эрежелерин иштеп чыгуу.
10. Мындан ары соттук психиатрияны жана түрмөдөгү психиатриялык жардам көрсөтүүнүн системасын өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболорун, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, эл аралык келишимдердин соттук психиатрия жана түрмөдөгү психиатриялык жардам системасы чөйрөсүндө жалпы таанылган принциптерин жана эл аралык укуктун ченемдерин коомчулуктун арасында билүүнү жана түшүнүүнү пропагандалоо.
11. Соттук психиатрия жана түрмөдөгү психиатриялык жардам көрсөтүү системасы чөйрөсүндө мыйзамдын аткаруучулары болуп саналган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын соттук психиатрия жана түрмөдөгү психиатриялык жардам көрсөтүү системасы жөнүндө маалыматка, анын ичинде ченемдик укуктук актылардын, документтердин жана материалдардын тексттерин расмий сайттарга жайгаштыруу жолу менен жетүү мүмкүндүгүн камсыз кылуу.
12. Психиатриялык жардам көрсөтүүнүн сапатын контролдоонун механизмин жана стандартын иштеп чыгуу.
13. Мажбурлап дарылоого багытталган адамдарды психиатриялык мекемелердин башка бейтаптарынан бөлөк жайгаштыруу үчүн шарттарды түзүү.
14. Ивановка айылындагы Республикалык балдардын психиатриялык борборун КР Саламаттык сактоо министрлигинин карамагынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына өткөрүп берүү, анткени бул мекеме республикалык деңгээлдеги өз статусуна жооп бербейт жана ата-энесинин камкордугу жок калган, тарбиялоонун өзгөчө шарттарына муктаж болгон балдарды багуу үчүн интернаттык мекеме катары колдонулат.
15. Кыйноодон жана катаал мамиле кылуудан эркиндикке психиатриялык ооруканалардын бейтаптарынын укуктарын сактоо үчүн контролду күчөтүү.
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ММКФ
1. Саламаттык сактоонун бардык деңгээлдериндеги медициналык адистери тарабынан кыйноону жана катаал мамиле кылууну документтештирүүнүн сапатын контролдоо механизмин иштеп чыгуу.
2. Кыйноо жана катаал мамиле кылууга каршы күрөшүүдө алардын ролунун маанисин түшүнүү жана алардын ишин мындан ары жакшыртуу максатында саламаттык сактоонун бардык деңгээлдеринин медициналык адистеринин кыйноону жана катаал мамиле кылууну документтештирүүсүнүн сапатынын мониторингинин натыйжаларына талдоо жүргүзүү.
11. Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабына
1. Конституция менен эл аралык актылардын ортосундагы карама каршылыктарды четтетүү жана мөөнөттүү аскердик кызматтагы аскер кызматкерлеринин Зомбулук, кыйноо жана башка катаал, адамгерчиликсиз же абройду кемсинтүүчү мамиледен эркиндикке болгон укуктарын коргоо жана камсыз кылуу тармагындагы кездешип жаткан кемтиктерди төмөнкү жолдор менен толуктоо зарыл:
- Улуттук аскердик мыйзамдарга кыйноого каршы конвенциянын жоболорун имплементациялоо жана инвентаризациялоо жүргүзүү үчүн Улуттук борбордун кызматкерлерин, КР Акыйкатчынын аппаратын (Омбудсмен) жана көз карандысыз эксперттерди тартуу менен жумушчу топ түзүү;
- Уставдарга далил катары кыйноонун аркасында алынган арыздарды иликтөөнүн жүрүшүндө колдонууга тыюу салууну киргизүү;
- Уставдарга укукка каршы келген "катарга алуу ритуалдарын" (ырым-жырымдарын) жүргүзүүгө так тыюу салуу.
2. КР Саламаттык сактоо министрлигинин 09.12.2014-ж. № 469 буйругу менен бекитилген Зомбулук, кыйноо жана башка катаал, адамгерчиликсиз же абройду кемсинтүүчү мамиле кылуунун жана жазанын түрлөрүнүн фактыларын натыйжалуу документтештирүү боюнча Практикалык колдонмону бирикмелердин бөлүктөрдүн жана мекемелердин медициналык кызматтарынын ишине жайылтуу боюнча Иш-чаралардын планын иштеп чыгуу.
12. Өзүнүн башкаруусунда эркиндигинен ажыратылган жана чектелген мекемелери бар мамлекеттик органдарга
1. Кыйноонун жана катаал мамиле кылуунун алдын алуу боюнча билим берүү жана агартуу иш-чараларын өткөрүү боюнча Улуттук борборго көмөк көрсөтүү.
2. Улуттук борбордун ишине тоскоолдукту жана кийлигишүүнү алып салуу.
3. Видеокөзөмөл системасынын иштешин жөнгө салуучу ички ченемдик актыларды бекитүү.
4. Эркиндигинен ажыратылган жана чектелген жерлерде кармалган адамдарга адвокаттын тоскоолдуксуз жана өз убагында жетүү мүмкүндүгүн берүү.
Тиркемелердин тизмеси:
1. 2015-жыл үчүн Улуттук борбордун сунуштоолорун аткаруунун статусу.
2. 2016-жылы өткөрүлгөн Улуттук борбордун агартуучу жана билим берүүчү иш-чаралары.
3. 2011-жылы Кыргыз Республикасына анын иш-сапары боюнча кыйноонун маселелери тууралуу Атайын баяндамачынын сунуштоолорун аткаруунун статусу.
4. Улуттук борбордун 2016-жылга карата финансылык отчету.
№ 1 тиркеме
2015-жыл үчүн Кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борбордун сунуштарынын аткарылуу статусу
№ | Улуттук борбордун сунуштары | Аткарылуу статусу |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү | ||
1 | Бардык тиешелүү мамлекеттик органдардын милдеттүү катышуусу менен, кыйноолордон эркиндикке болгон укукту кармоого байланышкан маселелерди жыл сайын отурумда кароо. - бардык тиешелүү мамлекеттик органдардын милдеттүү катышуусу менен, кыйноолордон эркиндикке болгон укукту кармоого байланышкан маселелерди жыл сайын отурумда кароо | Аткаруу процессинде |
2 | Зомбулук, кыйноо жана башка катаал, адамгерчиликсиз же абройду кемсинтүүчү мамиле кылуунун жана жазанын түрлөрү жана кыйноо менен күрөшүүгө багытталган мыйзамдык, административдик, укуктук жана башка чаралар комплексин талкуулоо жана ишке ашырууга жардам берүү боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жарандардын аракеттерин бириктирүү | Аткаруу процессинде |
3 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-октябрындагы № 469-р буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасында мамиле кылуунун жана жазанын кыйноого жана башка катаал, адамгерчиликсиз же абройду кемсинтүүчү түрлөрүнө каршы аракет боюнча Иш-чаралардын планынын алкагында: а) Кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отурумунда жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин отурумунда кароо менен иш чараларды аткаруунун ортодогу натыйжаларына баа берүү жана талдоо жүргүзүү | Аткарылды |
4 | б) 2014-2015-жылдарга пландаштырылган иш чаралардын аткарылбай калган себептерин аныктоо жана тиешелүү мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын тиешелүү жоопкерчилик маселесин кароо | Жарым жартылай аткарылды |
5 | в) мөөнөтү өтүп кеткен, о.э. мөөнөтүнөн кечиккен иш-чараларды аткаруу боюнча жарандык коомдук уюмдар жана эл аралык уюмдар менен мамлекеттик органдардын өз ара тыгыз аракеттешүү боюнча ишмердүүлүгүн координациялоону камсыз кылуу | Аткаруу процессинде |
6 | г) эркиндиги чектелген жана эркиндигинен ажыратылган жайлардагы кармоо шартын жакшыртууга багытталган иш чаралар менен толуктоо | Аткаруу процессинде |
7 | Болжолдонгон зомбулук, кыйноо жана башка катаал, адамгерчиликсиз же абройду кемсинтүүчү мамиле кылуунун жана жазанын түрлөрү туурасында учурлар табылган, катталган жана маалымдалган учурда мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын өз ара аракеттешүүсүнүн бирдиктүү тартибин орноткон ведомство аралык нускаманы иштеп чыгуу | Аткаруу процессинде |
8 | Зомбулукту, кыйноону жана башка катаал, адамгерчиликсиз жана абройду кемсинтүүчү мамиле кылуунун жана жазанын түрлөрүнө натыйжалуу документтештирүү боюнча Практикалык колдонмону (мындан ары - Зомбулукту натыйжалуу документтештирүү боюнча Практикалык колдонмо) ИИМ, ЖАМК, УКМК ж.б. ведомстволук медициналык кызматтарынын колдонуусуна түздөн түз контроль кылуу | Аткаруу процессинде |
9 | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо мекемелеринин башкаруусуна жабык мекемелердин медициналык персоналдарын этап менен өткөрүү боюнча планын иштеп чыгуу | Аткаруу процессинде |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Адам укугу боюнча координациялык кеңеш | ||
| Кыйноодон жана башка катаал, адамгерчиликсиз же абройду кемсинтүүчү мамиле кылуунун жана жазанын түрлөрүнөн эркиндикке укукту коргоонун кепилдиктерин күчөтүүгө багытталган адам укугу боюнча БУУнун механизмдеринин сунуштарын Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылышынын азыркы статусуна баа берүү | Аткаруу процессинде |
| Адам укуктары боюнча БУУнун кеңешинин атайын жол-жоболорунун жана Универсалдык мезгилдүү серебинин (УМС) сунуштоолорун, корутунду пикирлерин жана чечимдерин ишке ашыруу планын иштеп чыгуу жана кабыл алуу | Аткаруу процессинде |
| Кыргыз Республикасына карата Адам укуктары боюнча БУУнун Комитетинин кабыл алган он алты чечимин кошуп, адамдын укуктарын жана эркиндиктерин бузууну аныктаган Адам укуктары боюнча эл аралык органдардын чечимдеринин Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылышы боюнча натыйжалуу механизм иштеп чыгуу | Аткаруу процессинде |
Кыргыз Республикасынын генералдык прокуратурасы | ||
1 | Кыйноолор үчүн жазык жоопкерчилигин караган Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 305-1-беренесине ылайык, тиешелүү жосундарды туура бөлүштүрүүнү эске алуу менен, укук коргоочу практиканы жакшыртууну улантуу | Аткарылды |
2 | Кызыкчылыктардын жаңжалынын бардык түрүн жокко чыгарган натыйжалуу изилдөө принциптеринин негизинде кыйноолор тууралуу арыздарды өз убагында, кылдат жана көз карандысыз иликтөө жүргүзүү үчүн жетиштүү ыйгарым укук берилген механизмди иштеп чыгуу жана жайылтуу | Аткарылды |
3 | Ишти баалоонун критерийлерин жана отчеттуулуктун ички саясатын кайра карап чыгуу жана тиешелүү тергөө аракеттерин өз убагында жүргүзүүнүн зарылдыгын аныктоо учурунда кыйноолор туурасында бардык маалыматтар боюнча жазык иштерин прокуратуранын тергөөчүлөрүнүн козгоосун камсыз кылуу, башкача айтканда айыптоочу корутунду түзүү менен ишти жаап салуу перспективасына такалбай, өз убагында, жетиштүү компетенциялуу жана кылдаттык менен иштөө критерийлерин кармоо | Аткаруу процессинде |
4 | Ишти маңызы боюнча кароо учурунда же камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чараларын тандап алуу туурасында маселелерди чечүүдө соттук иликтөөнүн жүрүшүндө айыпкерге карата кыйноо колдонулганы туурасында арыздарды жана маалыматтарды кабыл алуу жана кароо милдеттүүлүгү жөнүндө жазык-процесстик мыйзамдын талаптарын прокурорлордун аткарышын камсыз кылуу | Аткаруу процессинде |
5 | Купуялык принциптерин толук кармоо менен, эркиндигинен ажыратылган жерлерде кыйноолорду колдонуу туурасында арыздарды калуу жана кароонун натыйжалуу механизмин иштеп чыгуу | Аткаруу процессинде |
6 | Тергөө жана алгач тергөө органдарынын кызматкерлери тарабынан анын өзүнөн, анын жактоочусунан, бир туугандарынан ага күч зомбулугу колдонулгандыгы жөнүндө даттануу келип түшкөндө, УКЖга айыптууну же шектүүнү ар бир жеткирүүгө ылайык медициналык күбөлөндүрүү милдеттенмелери жөнүндө КР ЖПКсынын 40-беренесинин талаптарын сактоо үчүн контролдун колдонулган ыкмаларынын натыйжалуулук көз карашынан кайра карап чыгуу | Жарым жартылай аткарылды |
| Стамбулдук протоколдун принциптерине ылайык экспертизалардын натыйжаларын баалоо жана эксперттердин маселени коюуга байланышкан соттук экспертизалардын кыйноолору тууралуу арыздар жана маалыматтарды текшерүү (иликтөө) жүргүзүүнү дайындоо тартиби жөнүндө методикалык көрсөтмөлөрдү иштеп чыгуу | Аткаруу процессинде |
| Улуттук борбор менен бирге эркинен ажыратылган жана эркиндиги чектелген жерлерде мыйзамды аткарууга контролду жана көзөмөлдү күчөтүү максатында түнкү мезгилде кокустан жана мезгилдүү текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн туруктуу практикасын киргизүү | Аткарылды |
| Кыйноо жана катаал мамиле кылуу боюнча кайрылган жактардын коопсуздуктарын камсыз кылуу үчүн зарыл чараларды кечиктирбестен кабыл алуу механизмин иштеп чыгуу | Жарым жартылай аткарылды |
| Укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан кыйноолорду жана катаал мамиленин башка түрлөрүн колдонуу фактылары боюнча көзөмөлдү күчөтүү, бул ишти жооптуу адамдарды жоопкерчиликке тартууга чейин жеткирүү | Аткаруу процессинде |
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги | ||
1 | 2013-2017-жылдардын мезгилинде ички иштер органдарын реформалоо боюнча чараларды ишке ашыруу боюнча Аракеттер планынын алкагында төмөнкү маселелерди карап чыгуу: а) ички иштер органдарынын ачыктыгынын деңгээлин, тышкы мамлекеттик жана коомдук контроль үчүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу | Аткарылган жок |
2 | б) коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча өнөктөштүк өз ара аракеттешүү тармагындагы жарандык коом институттарынын жана ички иштер органдарынын ортосундагы жаңы механизмдерди жана укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүн баалоо жана жарандык контролдоону иштеп чыгуу жана активдештирүү | Аткарылды |
3 | в) ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн алар ачкан иштер боюнча эмес, коомдук ишеним жана коопсуздук пайызына багыт алуу менен факты жүзүндө өзгөртүү | Жарым жартылай аткарылды |
4 | г) жеке адамдарды жана коомду кылмыш иштеринен коргоону камсыз кылууга аракеттерди буруу | Аткарылды |
5 | д) кадрдык иштеги негативдик факторлорду жеңип чыгуу, алардын моралдык-этикалык сапаттарын эске алуу менен компетенттүү адистерди тандоо | Аткаруу процессинде |
6 | е) ички иштер органдарынын кызматкерлеринин, анын ичинен ыкчам-издөө кызматынын жана камакта кармоонун шарттарын камсыздай турган кызматтардын кызматкерлеринин укуктук тарбиясын жана билимин кайра карап чыгуу жана дайыма жакшыртып туруу, мындай кадрларды тандоо учурунда алардын моралдык жана профессионалдык сапаттарына артыкчылык берүү | Аткаруу процессинде |
7 | б) ички иштер органынын кадрларын баштапкы даярдоонун, кайра даярдоонун жана квалификациясын жогорулатуунун эл аралык стандарттарына туура келген окуу программаларын жайылтуу | Аткаруу процессинде |
8 | Видеосүрөттөрдү жазып ала турган, көзөмөлдөөчү прокурордун онлайн-жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу менен УКЖлардагы видеобайкоо системасынын тартибин жөнгө салуучу ченемдерди иштеп чыгуу. Видеожазуу материалдарына отчеттуулук документтердин мүнөзүн берүү | Жарым жартылай аткарылды |
9 | Камакта жана УКЖларда кармалган жактарды медициналык тейлөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргелешкен аракеттердин координациясын камсыз кылуу | Жарым жартылай аткарылды |
| УКЖнын штатына аял кызматкерлерди кошуу туурасындагы маселени кароо | Аткаруу процессинде |
Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министрлиги | ||
| Зомбулукту, кыйноону жана башка катаал, адамгерчиликсиз жана абройду кемсинтүүчү мамиле кылуунун жана жазанын түрлөрүнө натыйжалуу документтештирүү боюнча Практикалык колдонмону (мындан ары - Зомбулукту натыйжалуу документтештирүү боюнча Практикалык колдонмо) ИИМ, ЖАМК, УКМК ж.б. ведомстволук медициналык кызматтарында факты жүзүндө жайылтуу боюнча чараларды кабыл алууну улантуу | Аткаруу процессинде |
| Медициналык кызматкерлердин юридикалык маселелер боюнча, атайын окутуучу иш чараларды өткөрүү аркылуу сурамжылоо маселелери боюнча билим деңгээлин жогорулатуу | Аткарылды |
| Зомбулукту натыйжалуу документтештирүү боюнча Практикалык колдонмого ылайык жайылтылган, документациялардын менчик формасына жана ведомствонун алдында болуу формасына карабай, саламаттыкты сактоо мекемелеринин медициналык кызматкерлери тарабынан тариздөө сапатына мониторинг системасын иштеп чыгуу | Аткаруу процессинде |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМК | ||
| Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен бекитилген Зомбулук, кыйноо жана башка катаал, адамгерчиликсиз же абройду кемсинтүүчү мамиле кылуунун жана жазанын түрлөрүнүн фактыларын натыйжалуу документтештирүү боюнча практикалык колдонмого ылайык, ТКЖга кармалгандарды кайра алып келгенде жана тергөө аракеттерин жүргүзүү үчүн ар бир чыгуудан кийин милдеттүү медициналык күбөлөндүрүүнү өткөрүүнү камсыздоо | Аткаруу процессинде |
| Алардын курагын жана буга чейин соттолгондугун эске алуу менен, камактагылардын ар кандай категорияларын өзүнчө кармоону камсыз кылуу | Аткарылды |
Ички иштер министрлигинин, Юстиция министрлигинин, Социалдык өнүгүү министрлигинин, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана Билим берүү министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызмат адамдарында | ||
| Зомбулукту натыйжалуу документтештирүү боюнча практикалык колдонмону колдонуу боюнча иштерди жүргүзүүдө Улуттук борборго жана медициналык кызматкерлерге көмөк көргөзүү | Аткаруу процессинде |
| Тергөө иш чараларын кабинеттерде жана ыкчам-тергөө аракеттерин жүргүзүүнүн укуктуулугуна баа берүүгө мүмкүн болбогон башка жерлерде жүргүзбөө, дайыма мыйзамдын процесстик нормаларын кармоо | Аткарылган жок |
| Улуттук борбордун ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тоскоолдукка жол бербөө | Аткарылган жок |
№ 2 тиркеме
Улуттук борбордун 2016-жылы жүргүзүлгөн агартуучу жана билим берүүчү иш чаралары
1. Тегерек столдор | |||
№ | Иш чараны өткөрүү күнү: | Иш чаралар | Сүрөттөлүшү |
1 | 5-Март 2016-ж. | "КРда кыйноолорго каршы аракеттер: кырдаалды талдоо жана биргелешкен аракеттер" темасындагы Тегерек стол | Согуш жана тынчтыкта чагылдыруу боюнча институттун чакыруусу менен, КР Башкы прокуратурасы, "Кылым шамы" КФ менен бирге жана башка кызыкдар адамдар менен кыйноолор боюнча айрым иштер талкууланды |
2 | 19-Апрель 2016-ж. | "2015-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын аскер кызматкерлеринин укуктарын сактоо мониторингинин жыйынтыктары боюнча корутундуларды жана сунуштардын бет ачары" темасындагы Тегерек стол | КР Башкы прокуратурасы, КР Акыйкатчы институту (Омбудсмен), "Кылым шамы" КФ менен бирге 2015-жылдагы КР аскер бөлүктөрүнө биргелешкен мониторингди угузушту |
3 | 2-Июнь 2016-ж. | "Зомбулук, кыйноо жана башка катаал, адамгерчиликсиз же абройду кемсинтүүчү мамиле кылуунун жана жазанын түрлөрүнүн фактыларын медициналык документтештирүүнүн эл аралык жана улуттук стандарттарын жайылтуу" темасына Тегерек стол | Баткен областы боюнча Улуттук борбордун Аймактык өкүлчүлүгү катышты |
4 | 9-Июнь 2016-ж. | "Кыргыз Республикасында зомбулук, кыйноо жана башка катаал, адамгерчиликсиз же абройду кемсинтүүчү мамиле кылуунун жана жазанын түрлөрүнүн фактыларын медициналык документтештирүүнүн эл аралык жана улуттук стандарттарын жайылтуу" темасына Тегерек стол | Стамбул протоколун жайылтуу боюнча Тегерек стол |
5 | 24-Июнь 2016-ж. | Кыйноолордун курмандыктарын Эл аралык коргоо күнүнө арналган Тегерек стол | Нарын областы боюнча Улуттук борбордун Аймактык өкүлчүлүгү катышты |
6 | 23-Июнь 2016-ж. | Кыйноолорду алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун жылдык баяндамаларынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомун ишке ашыруунун жумушчу планын иштеп чыгуу боюнча Тегерек стол | Тегерек столдун максаты болуп саналат: катышуучуларды Улуттук борбордун сунуштары менен тааныштыруу, 2015-жыл үчүн Улуттук борборунун жылдык баяндамаларынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомун биргелешип ишке ашыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана кыйноолорго каршы аракеттенүү маселеси боюнча иштеген уюмдардын ортосунда ведомство аралык өз ара аракеттешүүнү жакшыртуу |
7 | 12-Июль 2016-ж. | КРда зомбулук, кыйноо жана башка катаал, адамгерчиликсиз же абройду кемсинтүүчү мамиле кылуунун жана жазанын түрлөрүнүн фактыларын медициналык документтештирүүнүн эл аралык жана улуттук стандарттарын жайылтуу | Жалал-Абад областы боюнча Улуттук борбордун Аймактык өкүлчүлүгү катышты |
8 | 30-Ноябрь 2016-ж. | "КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылы 19-майдагы № 566-VI токтомуна ылайык, кыйноолордун алдын алуу боюнча КР Улуттук борборунун жылдык баяндамаларынын жыйынтыгы боюнча сунуштарды ишке ашыруу" темасына Тегерек стол | Бул иш чарада мамлекеттик органдар тарабынан КР ЖК Токтомуна ылайык Улуттук борбордун сунуштарын ишке ашыруунун жүрүшү туурасында баяндама жасалды |
9 | 19-Декабрь 2016-ж. | "Зомбулукту, кыйноолорду жана катаал мамилени саламаттыкты сактоо кызматкерлери тарабынан медициналык документтештирүү мониторингинин системасы, ММК фондунун экспертизасы жана ведомство аралык өз ара аракеттешүүнү түзүү" конференциясы | Зомбулукту, кыйноолорду жана катаал мамилени саламаттыкты сактоо кызматкерлери тарабынан медициналык документтештирүү мониторинги жана ведомство аралык өз ара аракеттешүү маселелери каралды |
Бардыгы: 9 | |||
2. Конференциялар | |||
№ | Иш чараны өткөрүү күнү: | Иш чаралар | Сүрөттөлүшү |
1 | 21-22-сентябрь 2016-жыл | Стамбул протоколун алга жылдыруу үчүн "Стамбул протоколун ишке ашыруу: Кыйноолорду документтештирүү жана натыйжалуу иликтөө үчүн эл аралык нормалардагы регионалдык тажрыйбаны трансформациялоо" эл аралык конференциясы | Конференция КР Өкмөтүнүн калкасында "Ала-Арча" резиденциясында өткөрүлдү |
Бардыгы: 1 | |||
3. семинарлар, тренингдер | |||
№ | Иш чараны өткөрүү күнү: | Иш чаралар | Сүрөттөлүшү |
1 | 12-15-май 2016-ж. | "Кыргызстандагы Стамбул протоколунун стандарттарын колдонуунун мониторинг шаймандарын иштеп чыгуу/толуктоо боюнча" семинар | Стамбул протоколунун стандарттарына ылайык Зомбулукту, кыйноолорду жана катаал мамилени натыйжалуу медициналык документтештирүү боюнча практикалык колдонмону жайылтуу мониторингинин шаймандарын иштеп чыгуу |
2 | 18-19-май 2016-ж. | "Кыйноолордун алдын алуу боюнча КР Кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борборунун алдын алма барууларынын методологиясы" семинары | Координациялык кеңештин катышуусу менен өткөрүлгөн бул иш чарада Улуттук борборунун алдын алма барууларынын методологиясын иштеп чыгуу талкууланды |
3 | 30-31-май 2016-ж. | "Мониторингдик барууларды жүргүзүү. Проблемалар, аны чечүү жолдору" семинары | Иш чараларда машыктыруучу катары Ярослав Копчук, Адам укугу боюнча Хельсинск Фонду чыкты, тажрыйба алмашуу жүргүзүлдү |
4 | 16-Июнь 2016-ж. | "Ыктыярсыз психиатриялык дарылоонун контекстинде адам укугу боюнча маселелер" тренинги | Психиатриялык мекемелердеги алам укугу маселелери каралды |
5 | 20.-21-июнь 2016-ж. | "Кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борбордун алдын алма баруулардын методологиясын талкуулоо жана атайын барууларды жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү" семинары | Улуттук борбор тарабынан атайын барууларды жүргүзүү маселелери боюнча семинар жана методологияны талкуулоо |
6 | 2-август 2016-ж. | "Жашы жетпегендерге кыйноолорду жана катаал мамилени колдонуунун алдын алуу" семинары | Талас облусунун жогорку класстарынын окуучулары үчүн "Билимкана" билим берүү борборунда, жаштар үчүн жайкы лагерде, АКШ Дүйнөлүк Корпусунун колдоосу алдында уюштурулган |
7 | 5-август 2016-ж. | Талас областтык прокуратурасы тарабынан уюштурулган семинар | Талас өкүлчүлүгү тарабынан натыйжалуу иликтөө үчүн жана кыйноо белгилерин каттоо боюнча шайман катары Кыйноолорду жана зомбулукту документтештирүү боюнча медициналык кызматкерлер үчүн колдонмону пайдалануу сунушун киргизди |
8 | 6-7-сентябрь 2016-жыл | Ош шаарындагы жана Ош облусундагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин дарыгерлери үчүн "Кыйноолорду жана катаал мамилени натыйжалуу документтештирүү" тренинги | Саламаттыкты сактоонун бардык деңгээлдеринде медициналык адистердин практикасына Стамбул протоколун жайылтуу боюнча тренинг |
9 | 26-28-сентябрь 2016-жыл | Ош шаарындагы жана Ош облусундагы Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин дарыгерлери үчүн "Кыйноолорду жана катаал мамилени натыйжалуу документтештирүү" тренинги | Саламаттыкты сактоонун бардык деңгээлдеринде медициналык адистердин практикасына Стамбул протоколун жайылтуу боюнча тренинг |
10 | 4-6-октябрь 2016-ж. | КМКДКЖМИ окутуучулары үчүн "Кыйноолорду жана катаал мамилени натыйжалуу документтештирүү" тренинги | КМКДКЖМИ окутуучулары үчүн Стамбул протоколун жайылтуу боюнча тренингдерди өткөрүү боюнча тренинг |
11 | 18-20-октябрь | Бишкек шаарынын жана Чүй облусундагы Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин дарыгерлери үчүн "Кыйноолорду жана катаал мамилени натыйжалуу документтештирүү" тренинги | Саламаттыкты сактоонун бардык деңгээлдеринде медициналык адистердин практикасына Стамбул протоколун жайылтуу боюнча тренинг |
12 | 25-27-октябрь 2016-ж. | Бишкек шаарында Улуттук госпиталдын дарыгерлери үчүн "Кыйноолорду жана катаал мамилени натыйжалуу документтештирүү" тренинги | Саламаттыкты сактоонун бардык деңгээлдеринде медициналык адистердин практикасына Стамбул протоколун жайылтуу боюнча тренинг |
13 | 31-октябрь - 2-ноябрь 2016-ж. | ММКФ, соттук медициналык эксперттер, соттук психологдор жана психиатрлар үчүн "Зомбулукту, кыйноолорду жана катаал мамилени саламаттыкты сактоо кызматкерлери тарабынан медициналык документтештирүү мониторингинин системасы, ММК фондунун экспертизасы жана ведомство аралык өз ара аракеттешүүнү түзүү" тренинги | Сотмедэксперттердин, соттук психологдордун жана психиатрлардын практикасына Стамбул протоколун жайылтуу, ошондой эле ММКФ кызматкерлерин Стамбул протоколуна ылайык документтештирүүнүн сапаттык мониторингине окутуу боюнча тренинг |
14 | 15-17-ноябрь 2016-ж. | Бишкек шаарынын жана Чүй облусундагы Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин дарыгерлери үчүн "Кыйноолорду жана катаал мамилени натыйжалуу документтештирүү" тренинги | Саламаттыкты сактоонун бардык деңгээлдеринде медициналык адистердин практикасына Стамбул протоколун жайылтуу боюнча тренинг |
15 | 7-Декабрь 2016-ж. | Кыргыз Республикасынын Бажы кызматынын кызматкерлери үчүн тренинг | Улуттук борбордун мандаты, кыйноолор менен күрөшүү ишинде Бажы органдарынын ролу туурасында маселелер талкууланды |
Бардыгы: 15 | |||
4. Радиого чыгып сүйлөгөндөр | |||
№ | Күнү | Аталышы | Сүрөттөлүшү |
1.1 | 21-Апрель 2016-ж. | "Санжыра" радиосуна чыгып сүйлөгөндөр | Аскер кызматкерлеринин укуктары, аскер бөлүктөрүндөгү кыйноолордун алдын алуу боюнча КР "Кылым шамы" КФ Башкы штабы менен бирге түз эфирде чыгып сүйлөө |
2.2 | 28-Сентябрь 2016-ж. | "Биринчи радио" түз эфирде чыгып эки жолу сүйлөө | Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Улуттук борборунун директору угуучулардын суроолоруна жооп берди |
3.3 | 2016-ж. | "Биринчи радио", "Марал" радиосу, "Азаттык" радиосу жана "БИ БИ СИ" радиосунда түз эфирге чыгып, радиоуктурууларга катышты | ККУБ алдын алма баруулары бөлүмүнүн кызматкерлеринин чыгып сүйлөгөн сөздөрү |
4.4 | 2016-ж. | "Азаттык" радиосуна Улуттук борбордун Талас бөлүмүнүн ишмердүүлүгү туурасында интервью | Талас областы боюнча аймактык өкүлчүлүктүн сөздөрү |
Бардыгы: 8 | |||
5. Телевидениеге чыгып сүйлөгөндөр | |||
№ | Күнү | Аталышы | Сүрөттөлүшү |
1 | 2016-ж. | "НТС" каналыңда үч жолу, "КТРМ каналында бир жолу | ККУБ директорунун чыгып сүйлөгөн сөзү |
2 | 16-Декабрь 2016-ж. | "КТР" каналында "Актуалдуу маек" берүүсү | Директордун орун басарынын сөзү |
3 | 2016-ж. | КТРК, НТС, Пирамида, 5 канал, Мир, ЭлТР -каналдарына 6 жолу интервью берилди | ККУБ алдын алма баруулары бөлүмүнүн кызматкерлеринин чыгып сүйлөгөн сөздөрү |
4 | 2016-ж. | "Баткен ТВ" телеканалына интервью | Сүлүктү шаарындагы ИИБ милициясы тарабынан кол көтөргөндүгү туурасында А.Нуржанованын арызын талкуулоо |
| Бардыгы: 11 |
|
|
6. Ар кандай расмий күндөргө арналган жумушчу жолугушуулар жана иш чараларды өткөрүү | |||
№ | Иш чараны өткөрүү күнү: | Иш чаралар | Сүрөттөлүшү |
1 | 4-февраль 2017-жыл | "Зомбулук, кыйноо жана башка катаал, адамгерчиликсиз же абройду кемсинтүүчү мамиле кылуунун жана жазанын түрлөрүн алдын алууда улуттук аракеттердин консолидациясын колдоо" долбоорунда Кыргызстандын кыйноолорго каршы ӨЭУ Коалициясынын жумушчу жолугушуусу | Кыйноолорго каршы аракеттенүү боюнча аракеттерди бириктирүү маселелери талкууланды |
2 | 15-февраль 2016-ж. | Борбордук Азиянын Улуттук укук коргоочу институттарынын Кеңселеринин жумушчу жолугушуусу | Кыргызстандын, Казакстан жана Тажикстандын Адам укугу боюнча ыйгарымдуу кеңселеринин, жарандык коомдордун, ЖМК кызматкерлеринин 50дөн ашык өкүлдөрү катышы. Жабык мекемелердеги балдарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча Борбордук Азия өлкөлөрүнүн аракеттерин бириктирүү бул иш чаранын максаты болуп калды |
3 | 3-июнь 2017-жыл | АУБКБ (Адам укугу боюнча башкы комиссар башкармалыгы) менен жумушчу жолугушуу болду, анда "ККУБ өнүктүрүүдөгү АУБКБ салымы" маселеси талкууланды | Бул жумушчу жолугушууда Улуттук борбордун ишмердүүлүгүнө БУУ АУБКБ жардам көрсөтүү маселелери талкууланды |
4 | 24-июнь 2017-жыл | КР ККУБ кеңсесиндеги ачык эшиктер күнү | Мамлекеттик органдардын, өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, Улуттук борбордун өнөктөштөрү чакырылды |
5 | 26-30-июнь 2016-жыл | 2016-2018-жылга ККУБ өнүгүүсүнүн Стратегиялык планын иштеп чыгуу | Улуттук борбор тарабынан 2016-2018-жылга Стратегиялык планы иштелип чыкты |
6 | 25-27-июль 2016-жыл | 2016-2018-жылга ККУБ өнүгүүсүнүн Стратегиялык планын иштеп чыгуу | Улуттук борбор тарабынан 2016-2018-жылга өнүгүүнүн Стратегиялык планды иштеп чыгуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат |
7. | 16-ноябрь 2017-жыл | Кыйноолорду алдын алуу жана катаал мамиле маселесин, жалпы эле Улуттук борбордун ишмердүүлүгүн талкуулоо боюнча КР МЧАК № 2025 аскердик бөлүгүндө жана № 2022 аскердик бөлүгүндө офицердик курам менен жумушчу жолугушуу | Кыйноолорду алдын алуу жана катаал мамиле маселесин, жалпы эле Улуттук борбордун ишмердүүлүгүн талкуулоо |
Бардыгы: 7 | |||
_____________________________
(1) Улуттук борбордун айрым кызматкерлеринин эки жогорку билими бар.
(2) КР Мыйзамынын 2012-жылдын 12-июлундагы № 105 түзөтүүсү.
(3) КР КК БШ башчысы Н.Чомоевдин 09.02.17 күнү жазылган № 10/160 каты.
(4) Кыргыз Республикасы ЖСУЭПти 1994-жылы ратификациялаган.
(5) Улуттук борбордун жана Кыргызстанда кыйноолорго каршы коалициянын материалдары боюнча.
(6) ЖСУЭАП, 10-берене.
(7) Улуттук борбордун сунуштоолорунун аткарылышын толук талдоо № 1 тиркемеде келтирилген.
(8) Ушул баяндаманын "Улуттук борбордун ишине тоскоолдук кылуу" 1.2. бөлүмүн кара.
(9) Улуттук борбор жөнүндө Мыйзам. 6-берене 2-п.
(12) http://npm.kg/в-женеве-отметили-10-летие-факультативного-протокола.
(11) КР ЖПКнын 95-статьясы. Кылмыш жасоодо шектүү болгон адамды кармоонун тартиби
(1) Кылмыш жасоодо шектүү болгон адамды кармоо жөнүндө протокол кармалган адам жеткирилгенден тартып үч сааттан ашпаган мөөнөттө түзүлөт. Кармоо протоколунда кармоонун негиздери жана жүйөлөрү, орду жана убактысы (саатын жана минутасын көрсөтүү менен), жеке тинтүү жүргүзүүнүн натыйжалары көрсөтүлөт. Протокол шектүүгө жактоочунун көзүнчө жарыяланат, мында ага ушул Кодекстин 40-статьясында каралган укуктары түшүндүрүлөт. Кармоо протоколуна аны түзгөн адам, кармалган адам жана аны жактоочу кол коёт.
(2) Кармалган адам ушул Кодекстин 191-статьясында каралган эрежелерге ылайык суракка алынууга тийиш.
(12) Стамбул протоколу. 79-п.
(13) Т.Мойдуновдун иши боюнча соттук чечим.
(14) Төмөндө Кыргызстанда кыйноолорго каршы коалициянын талдоосу келтирилди.
(15) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун № 4-0363/16 С сандуу соттук-психиатриялык экспертизанын корутундусунда(*) карата жасалган аракеттер анын азап чегүүсүнө алып келген(*)
(16) О.Ж. жабырлануучу оор абалда болгондугунун күбөсү болгон жана А.Эни бейтапканага алып барган.
(17) КР ЖПКсынын 2-бөлүгүнүн 212-беренесине ылайык экспертизанын акыйкаттыгына күмөн саноолор болгон учурда, кошумча экспертиза башка экспертке тапшырылат.
(18) Өкүм мыйзамдык күчүнө кирген жок.
(19) 2016-жылдын 30-ноябрында премьер-министр С.Жээнбеков № 637 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо мамлекеттик кызматты жоюу жөнүндө" токтомго кол койду".
(20) АД, Ю.П., Т. уулу А., Н. кызы М., О.В., У. уулу О. иштери.
(21) Анын ичинде, М.Кнын иштери боюнча Ж.Бекбол уулуна Бишкек шаарынын Свердлов районун прокуратурасы кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө чечиминде бул жөнүндө эскертилет.
(22) Анын ичинде, Э.Ж., Ж. уулу К. жана М.И. иштери боюнча кылмыш ишин козгоодон алты жолу баш тартуу болгон. Свердлов жана Биринчи Май райондорунун прокуратураларынын баш тартуулары Бишкек шаарынын прокуратурасына даттанылган. Шаардык прокуратура төмөн турган прокуратуралардын чечимдерин беш жолу жокко чыгарып, ишти кайрадан кароого жөнөткөн.
(23) Д.Э., М.Н. жана Б.А. иштери боюнча
(24) М.Н.дин иши боюнча Баткен облусунун прокуратурасынын тергөөчүсү Б.Акматов кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө адвокатка маалымдаган эмес, аны материалдар - баш тартуу жөнүндө токтом жана текшерүү материалдары менен тааныштырган эмес.
(25) Адам укуктары боюнча кызматташуу жөнүндө Меморандумдун алкагында даярдалган 2012-жыл үчүн "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын убактылуу кармоо жайларында кыйноонун алдын алуу", 2013-жыл үчүн Жабык мекемелерде кыйноодон эркиндикке укуктарын сактоо: мониторингдин натыйжалары" отчетторун кара.
http://www.osce.org/ru/bishkek/100474?download=true;
http://www.osce.org/ru/bishkek//93783?download=true.
(26) Биз, Н.А., А. уулу Э., А.Г., А. уулу. Э., С. уулу У. жана К. уулу Ч. иштери боюнча прокуратура текшерүүнү ыкчам жүргүздү, кылмыш ишин козгоду жана сотко иштин материалдарын өткөрүп берди деп эсептейбиз.
(27) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын 2006-жылдын 27-мартындагы № 4 "Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарында ыкчам эсеп жана статистикалык отчеттуулук боюнча иштерди жакшыртуу жөнүндө" буйругу.
(28) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын 2008-жылдын 21-июлундагы № 24 "Жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин чектеген тергөө жана процесстик аракеттерди өткөрүүдө мыйзамдуулукту сактоо үчүн прокурордук көзөмөлдү уюштуруу жөнүндө" буйругу.
(29) Мыйзамга ушундай өзгөртүүлөр жөнүндө толук маалымат "Мыйзамдуулук чөйрөсүндөгү көйгөйлөр" бөлүмүндө жайгаштырылган.
(30) 1999-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан кабыл алынган.
(31) 2013-жылдын 24-июнундагы № 100 Кыргыз Республикасынын "Соттук-эксперттик ишмердүүлүк жөнүндө" Мыйзамы. 4-берене.
(32) Маалыматтар 2016-жылдын 1-ноябрындагы абал боюнча коюлган.