Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 28-июнундагы № 2532-VI токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасында жашыл экономикага өтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин коомдук кеңеши жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасында жашыл экономикага өтүү боюнча коомдук кеңеш (мындан ары - Кеңеш) "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 154-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык түзүлөт жана консультативдик-кеңеш берүүчү орган болуп саналат. Кеңеш Кыргыз Республикасында Жашыл экономика концепциясына (мындан ары - Концепция), мониторинг жүргүзүү, баа берүү жана жүзөгө ашырууну координациялоо, мониторингдин жана баа берүүнүн базасында тийиштүү сунуштарды иштеп чыгуу, жашыл жана туруктуу өнүгүүнүн принциптеринде экономиканы модернизациялоону камсыз кылуучу Концепциянын стратегиясын, тактикасын жана жүзөгө ашыруу механизмдерин аныктоо максатында түзүлөт.
2. Кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин жана Кыргыз Республикасында жашыл экономикага өтүү боюнча Коомдук кеңеш жөнүндө ушул Жобону (мындан ары - Жобо) жетекчиликке алат.
2. Кеңештин негизги милдеттери жана функциялары
3. Төмөндөгүлөр Кеңештин негизги милдеттери болуп саналат:
1) Кыргыз Республикасында жашыл экономикага өтүү боюнча социалдык-экономикалык иш-чаралардын жыйынтыктарына мониторинг жүргүзүү жана баа берүү, аларды ишке ашырууга бөгөт болгон көйгөйлөрдү табуу, ошондой эле өндүрүштү жана жаратылышты пайдаланууну экологизациялоого багытталган белгиленген кайра түзүүлөрдүн толук көлөмдө аткарылышын камсыз кылуу боюнча сунуштарды даярдоо;
2) жашыл экономикага өтүү боюнча көйгөйлөрдү чечүүдө аткаруу бийлигинин борбордук жана жергиликтүү органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эл аралык жана коомдук уюмдардын өз ара аракеттерин координациялоо;
3) жашыл экономиканы өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу климатты жана шарттарды түзүү боюнча тартылган тараптардын өз ара аракеттеринин жана сунуштарынын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды даярдоо;
4) мамлекеттик органдардын стратегиялык пландарын жана өнүктүрүү программаларын, тармактык программаларды Концепциянын артыкчылыктарына жана принциптерине ылайык келтирүү жана бул процессти көзөмөлдөөнү өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүү;
5) Концепцияны ишке ашыруунун багыттарын, этаптарын, усулдарын жана механизмдерин талкуулоого жарандык секторду, коомдук уюмдарды жана жалпыга маалымдоо каражаттарын тартуу.
4. Төмөндөгүлөр кеңештин негизги функциялары болуп саналат:
1) Концепцияны ишке ашыруу мониторинг жүргүзүү жана баа берүү;
2) мониторингдин жана баа берүүнүн базасында тийиштүү рекомендацияларды жана сунуштарды иштеп чыгуу;
3) жашыл экономикага өтүү боюнча иш процессин координациялоо;
4) Концепциянын артыкчылыктарына жана принциптерине ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу жана кароо;
5) өлкөнүн жашыл экономикага өтүшү боюнча стратегиялык жана программалык документтерди кароо жана мазмунуна баа берүү;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды жүзөгө ашыруу.
3. Кеңештин укуктары
5. Кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзам тартибинде белгиленген жана өзүнүн компетенциясынын чектеринде төмөндөгүдөй укукка ээ:
1) Концепцияны ишке ашырууга байланышкан маселелер боюнча сунуштарды жана рекомендацияларды киргизүүгө;
2) консультацияларды өткөрүүгө, мамлекеттик органдардан жана кызмат адамдарынан маалыматтарды суратууга жана алууга;
3) көйгөйлүү маселелерди талкуулоого катышуу үчүн ишкерлерди, адистерди, окумуштууларды жана көз карандысыз эксперттерди тартууга.
4. Кеңештин ишин уюттуруу
6. Кеңештин төрагасы Концепцияны иштеп чыгуу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык жумушчу тобунун жетекчиси болуп саналат.
7. Кеңештин ишин Кеңештин жумушчу органы - Катчылык камсыз кылат.
8. Кеңештин жыйынын Кеңештин төрагасы алып барат.
9. Кеңештин жыйыны, эгерде ага кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгү катышса, укуктуу деп эсептелет.
10. Кеңештин мүчөлөрү анын жыйынына өзүн алмаштыруу укугу жок катышат.
11. Кеңештин жыйыны айына бир жолудан аз эмес өткөрүлөт. Зарыл болгон учурда Кеңештин төрагасынын чечими боюнча Кеңештин кезексиз жыйыны өткөрүлүшү мүмкүн.
12. Кеңештин чечими жыйынга катышкан Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Талкууланган маселе боюнча добуштар тең болуп калган учурда төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат.
13. Кабыл алынган чечим менен макул болбогон учурда Кеңештин мүчөсү өзүнүн өзгөчө пикирин билдирүүгө укуктуу.
14. Кеңештин жыйындарынын жыйынтыгы боюнча протокол менен жол-жоболоштурган чечим кабыл алат.
15. Катчылык:
1) Кеңештин жыйынынын күн тартибинин долбоорун түзөт;
2) Кеңештин жыйынына материалдарды, ошондой эле чечимдердин долбоорлорун даярдоону уюштурат.
5. Кеңештин эксперттик топтору
16. Кеңештин чечими менен анын алдына коюлган милдеттерди ишке ашыруу максатында төмөндөгү маселелер боюнча эксперттик топтор түзүлөт:
1) финансылык жана инвестициялык саясат;
2) суу ресурстарын башкаруу;
3) айыл чарбасын өнүктүрүү;
4) энергияны үнөмдөө жана энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу;
5) электр энергетикасын, анын ичинде энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү;
6) калдыктарды башкаруу;
7) абанын булганышын төмөндөтүү;
8) экотутумду башкаруу;
9) калктын экологиялык маданиятын агартуу жана түзүү;
10) жашыл экономиканы өнүктүрүүгө байланышкан башка багыттар.
17. Эксперттик топтордун курамы Кеңештин жыйынында Кеңештин төрагасы тарабынан бекитилет.
18. Кеңештин эксперттик топторунун курамына мамлекеттик органдардын, жарандык сектордун, коомдук бирикмелердин өкүлдөрү, ишкерлер жана чарбакер субъекттер кириши мүмкүн.
19. Эксперттик топтор Кеңешке сунуштарды иштен чыгат, ал Кеңештин жыйынында каралат жана бекитилет.
6. Кеңештин ишинин токтотулушу
20. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечими Кеңештин ишин токтотууга негиз болуп саналат.