Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-июну № 2532-VI
"Кыргызстан - жашыл экономика өлкөсү" концепциясын бекитүү жана жашыл экономика принциптерин Кыргыз Республикасына киргизүү боюнча чаралар жөнүндө
(КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 2-июнундагы № 295-VII токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 1-февралындагы № 2232-IV токтомуна ылайык иштелип чыгылган Кыргыз Республикасында Жашыл экономика концепциясынын долбоору жөнүндө депутат Э.Ж.Байбакпаевдин Жашыл экономика концепциясын иштеп чыгуу жана аны Кыргыз Республикасына киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык жумушчу тобунун жетекчисинин маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргызстан - жашыл экономика өлкөсү" бренди менен Кыргыз Республикасында Жашыл экономика концепциясы бекитилсин (тиркелет).
2. "Кыргызстан - жашыл экономика өлкөсү" Концепциясын практикалык ишке ашыруунун мониторингин жүргүзүү жана координациялоо максатында жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 154-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде Кыргыз Республикасында жашыл экономикага өтүү боюнча туруктуу иштеген Коомдук кеңеш (мындан ары - Коомдук кеңеш) түзүлсүн жана Коомдук кеңеш жөнүндө жобо бекитилсин (тиркелет).
3. Коомдук кеңеш төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
- Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары, коомдук кеңештин төрагасы;
- А.А.Турсунбаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин төрагасы, коомдук кеңештин мүчөсү;
- А.Б.Кенжебаев, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы, коомдук кеңештин мүчөсү;
- Б.З.Түлөбаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, коомдук кеңештин мүчөсү;
- А.Т.Эрбаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, коомдук кеңештин мүчөсү;
- Г.О.Култаева, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, коомдук кеңештин мүчөсү;
- С.А.Айжигитов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, коомдук кеңештин мүчөсү;
- М.К.Сарбагышев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, коомдук кеңештин мүчөсү;
- М.О.Темирбаева, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, коомдук кеңештин мүчөсү;
- Э.Э.Жамгырчиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, коомдук кеңештин мүчөсү.
(КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 2-июнундагы № 295-VII токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилген "Кыргызстан жашыл экономика өлкөсү" бренди алдында Жашыл экономика концепциясына ылайык жашыл экономика принциптерин Кыргыз Республикасына киргизүү боюнча иш-чаралар планын иштеп чыксын.
5. Коомдук кеңештин төрагасы Кыргыз Республикасына жашыл экономика принциптерин киргизүү боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жыл сайын отчет берип турсун.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс,жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетине жана Жашыл экономика концепциясын иштеп чыгуу жана аны Кыргыз Республикасына киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык жумушчу тобуна жүктөлсүн.
(КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 2-июнундагы № 295-VII токтомунун редакциясына ылайык)
Төрага | Д. Джумабеков
|