Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 28-июнундагы № 2532-VI токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасындагы жашыл экономика КОНЦЕПЦИЯСЫ "Кыргызстан - жашыл экономика өлкөсү"
Киришүү
Дүйнөдө планетанын жаратылыш ресурстарын ысырап пайдаланууга жана калктын суроо талабын керектөөдөн ашыкча стимулдаштырууга негизделген мамлекеттердин өнүгүшүнүн эски экономикалык модели азыр натыйжасыз иштеп жатканын моюнга алуу зарыл. Мурда экономикалык өнүгүү иш жүзүндөгү жана адамдык капиталды тез топтоого алып келе алган, бирок ушунун бардыгын жаратылыш капиталы ашкере азайышынын жана бузулушунун эсебинен жетишилген. Жердин чектелүү мейкиндигинде адамдын таасиринин чөйрөсүн чексиз кеңейтүү мындан ары мүмкүн эместигин, жердин ресурстарынын чектелүүлүгүнүн шартында адамдардын чексиз өсүп бара жаткан муктаждыктарын канааттандырууну талап кылуу мүмкүн эмес. Жер бетиндегилердин бардыгы өз ара байланыштуу болуп санала тургандыгын түшүнүүгө тийишпиз.
XX кылымда адамдар: "Биз жаратылыштан боорукерликти күтө албайбыз, аларды андан алуу биздин милдетибиз" деп ырасташкан. Андыктан адамзат бул жагынан аша чапкан жана эбегейсиз зор материалдык байлыктарды алган, бирок жердин жаратылышын жок кылгандыгы үчүн зор зыян тартты. Балким адамзаттын айрым бир бөлүгү материалдык жактан бай, бирок анын ордуна биз бардыгыбыз абанын булганышы (өзгөчө мегаполисттерде), токой аянттарынын кыскарышы, дүйнөлүк океандын булганышы, ичүүчү суунун запастарынын азайышы, кыртыштардын эрозиясы жана начарлашы, таштандылардын көбөйүшү, глобалдык ысып кетүү жана мөңгүлөрдүн эриши, жаныбарлар жана өсүмдүктөр биологиялык ар түрдүүлүгүнүн кыйла кыскарышы жагындагы көйгөйлөрдү алдык.
Дүйнөдө жашыл экономиканы өнүктүрүү демилгеси
Соңку он жылда дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү учурдагы экономикалык жыргалчылыктын урматы үчүн жаратылыш ресурстары жана экосистемалар курмандыкка чалынган жаратылыш капиталынын ашкере азайышынын эсебинен физикалык, финансылык жана адамдык капиталды тез топтоону кубаттаган экономикалык өнүгүүнүн эски моделинен баш тарта баштады.
Айрым мамлекеттердин мындай демилгесинин себеби өнүгүүнүн жана өсүштүн эскирген модели азыркы муундардын бакубаттуулугуна терс таасир этип жана келечек муундар үчүн эбегейсиз зор тобокелдиктерди жана көйгөйлөрдү түзүп жаткандыгында турат.
Жердин тарыхый Жогорку форумунан (РИО-92) 20 жылдан кийин БУУнун 2012-жылы Бразилияда өткөн Туруктуу өнүгүү боюнча конференциясында (РИО+20) жашыл экономика концепциясы "туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуунун маанилүү өбөлгөлөрүнүн" бири катары таанылды (РИО+20 жыйынтык документи "Биз каалаган келечек"). РИО+20да анын үч курамынын (экономика-экология-социум) ортосундагы баланска жетишүү декларацияланган туруктуу өнүгүүнүн мурда кабыл алынган концепциясын өнүктүрүү үчүн мындай деп таанылды: азыркы ("күрөң", башкача айтканда - булганган) экономиканы жана анын кыймылдаткыч күчтөрүн кординалдуу өзгөртмөйүнчө туруктуу өнүгүү мүмкүн эмес. РИО+20да жашыл экономиканын так туюнтмасы кабыл алынган жок, бирок жашыл экономика "кедейликти жоюуга, ошондой эле социалдык интеграцияга көмөктөшүү менен ургалдуу экономикалык өсүшкө, адамдын бакубаттуулугун жакшыртууга жана бардыгы үчүн иш менен камсыз кылуу жана татыктуу иш үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө тийиш жана мында планетанын экотутумдарынын ойдогудай иштешин камсыз кылуу зарыл" деп баса белгиленди.
БУУнун туруктуу өнүктүрүү боюнча РИО+20 конференциясынын "Биз каалаган келечек" жыйынтык документинде мындай деп билдирилген: туруктуу өнүктүрүүнүн жана кедейликти жоюунун контекстинде курчап турган чөйрө үчүн кесепеттерин азайтуу менен жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга кудуретибиз ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатат жана калдыктардын санын азайтат. Бул документте БУУнун конференциясы "жалпы иш катары туруктуу өнүгүүгө өтүү үчүн жашыл экономиканы пайдаланууга умтулган өлкөлөрдүн аны өнүктүрүү стратегиясын жүзөгө ашырууну" карайт жана "ар бир өлкө өзүнүн улуттук пландарына, стратегияларына жана туруктуу өнүгүү артыкчылыктарына ылайык тиешелүү ыкманы пайдалана алат" деп тааныйт деп белгилеген. 2011-жылы БУУнун Айлана-чөйрө боюнча программасы (ЮНЕП) өзүнүн жашыл экономиканы утурлап: туруктуу өнүгүүгө жана кедейликти жоюуга карай жолдор" деген баяндамасында жашыл экономиканы "адамдардын бакубаттуулугун жогорулатуучу жана социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылуучу жана мында айлана-чөйрө үчүн тобокелдиктерди жана анын начарлашын олуттуу азайтуучу экономика катары" мүнөздөгөн. ЮНЕПтин баяндамасына ылайык, жашыл экономика концепциясы экономикалык өнүгүүнүн жана экологиялык туруктуулуктун ортосундагы карама-каршылык жөнүндө мифти өзгөртүүгө чакырылган. Бүгүнкү күндө бир эле учурда бакубаттуулуктун жана иш менен камсыз болуунун өсүшү менен экономиканы жашылдандыруунун улам көбүрөөк мисалдары бар. ЮНЕПтин баяндамасында жашыл экономика - бул жыргалчылык, аны бай өлкөлөр гана өзүнө камсыз кыла алат" деп айтылган башка миф. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү көп сандаган мисалдар да муну четке кагат.
Мында ЮНЕП жашыл экономиканы көмүр кычкыл кошулмалары аз чыгарылган, ресурстар натыйжалуу пайдаланылган жана бүткүл коомдун кызыкчылыктарына жооп берген экономика катары мүнөздөйт. Мында жашыл экономикада мамлекеттик жана жеке инвестициялар да жашыл болууга, башкача айтканда көмүр кычкылдын булганыч заттардын абага чыгарылышын төмөндөткөн, энергияны жана ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуучу жана биологиялык ар түрдүүлүктү жана экотутумдук кызмат көрсөтүүлөрдү кыскартууга тоскоолдук кылуучу болууга тийиш. Ушундай жашыл инвестициялардын эсебинен жашыл экономикада жарандардын кирешелеринин жана иш менен камсыз болушунун өсүшү камсыз кылынат. Жашыл экономиканы өнүктүрүү менен мамлекет максаттуу мамлекеттик чыгымдар, экономикалык саясат жана жөнгө салуу жагындагы реформалар аркылуу жашыл инвестициялардын көбөйүшүнө көмөктөшүүгө тийиш.
Кабардар болуунун жогорулашы жана экологиялык билим жашыл экономиканын эң маанилүү багыты болуп саналат. "РИО+20" Саммитине даярдык көрүү процессинде эң татаал маселелердин бири жашыл экономиканын максаттарын жана күтүлүүчү жыйынтыктарын талкуулоо болду. Жашыл экономика кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн жана энергияны, тамак-ашты, турак-жайды өндүрүүнүн арзаныраак технологияларына жеткиликтүүлүктү, айлана-чөйрөнү андан ары начарлатпай туруп өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн турмуштук маанилүү башкы керектөөлөрүн камсыздоону пайдалануу менен кедейчиликти жана жакырчылыкты кыскартууга каршы күрөшүү үчүн натыйжалуу инструмент болуп санала турган түшүнүккө жетишүү конценсусу болгон.
Мурдагы туруктуу өнүгүү стратегиялары жана программалары жагындагы каталарды кайталабоо үчүн бүгүнкү күндө жашыл экономиканын негизги терминдерин жана аныктамаларын, критерийлерди жана индикаторлорду, анын ичинде жашыл технология же тармак аныктамаларын макулдашуу маанилүү болоор эле. Мындай аныктамалар менен критерийлер мамлекеттик финансылоо, илимий изилдөөлөр, жашыл сатып алуулар, эл аралык финансылык жана техникалык колдоону издөө, жашыл технологияларды тартуу үчүн, прогрессти баалоо жана жашыл экономикага өтүүнүн башка милдеттери үчүн артыкчылыктарды тандоо үчүн маанилүү.
Кыргызстандын социалдык-экономикалык абалы
2018-жылдын башталышына карата Кыргызстандын калкы Кыргыз Республикасынын Улуттук статкомунун маалыматтары боюнча 6,26 млн. адамга өскөн. Көз карандысыздыкка жеткен мезгилден тартып акыркы жылдардын ичинде калктын өсүүсү 41,4%ды түзгөн. Кыргыз Республикасынын калкынын өмүрүнүн орточо күтүлүүчү узактыгы Бүткүл дүйнөлүк банктын маалыматтары боюнча 1990-жылдан тартып 2016-жылдары болгону 3 жылдын ичинде 68 жаштан 71 жашка чейин өскөн (өсүү 4,4%).
Кыргыз Республикасынын Улуттук статкомунун маалыматтары боюнча 2016-жылы кедейчиликтин деңгээли керектөө чыгашалары боюнча эсептегенде, бүтүндөй өлкө боюнча 25,4%ды түзгөн же республиканын ар бир төртүнчү жараны кедейчиликтин чегинде жашаган. 2016-жылы кедейчиликтин чегинде 1,6 млн.га жакын адам жашаган, алардын 74,0%зы айылдык калктуу конуштардын жашоочулары болушкан (Бүткүл дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча 2016-жылы кедейчиликтин деңгээли 32,1%ды түзгөн).
2017-жылдын жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын ИДПсынын көлөмү 493,32 млрд. сомдун деңгээлинде болгон. Финансы министрлигинин маалыматтары боюнча тышкы мамлекеттик карыз 2017-жылдын аягында 4,5 млрд. АКШ долларын же ИДПга карата 56,9%ды түзгөн. 2016-жылы тышкы соодада товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортко караганда импортунун жогорулашы 2,52 млрд. АКШ долларын түзгөн (Улуттук статкомдун маалыматтары). Республиканын төлөө балансы чет өлкөлөрдө иштеген Кыргызстандыктардан түшкөн акча которууларынын кыйла деңгээли менен балансташкан. Расмий эмес баалоолор боюнча Кыргызстандын мигранттарынын трансферттеринин ИДПдагы үлүшү 25-30%ды түзө тургандыгын белгилей кетүү зарыл.
2016-жылы Бүткүл дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча (ББ) улуттук дүң кирешеси (УДК) калктын жан башына карата Кыргыз Республикасынын сатып алуу жөндөмүнүн паритети боюнча (СЖП) 3410 АКШ долларын түзүп, КМШ өлкөлөрүнүн арасындагы эң төмөнкү көрсөткүч болгон. Ошол эле мезгилде 2016-жылы СЖП боюнча калктын жан башына карата УДК 3552 АКШ долларын түзгөн.
Айлана-чөйрөнүн жана элдин ден соолугунун азыркы абалы
Кыргыз Республикасы глобалдык жамааттын бир бөлүгү болуп саналуу менен ошондой эле адамдын ишмердигинин терс таасирин өзү сезип жатат. Биз да глобалдык ысып кетүүнүн таасирин башыбыздан өткөрүп жатабыз. Алсак, аймактын 4%га жакынын ээлеген мөңгүлөрүбүз соңку жыйырма жылдын ичинде 30%га кыскарды.
Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон кийинки жылдары ири өнөр жай ишканалары, тоо-кен байытуу комбинаттары жана зыяндуу заттардын жана таштандылардын башка булактары токтоп калышынан улам республикада онкологиялык жагдай бир нече жакшырды. Буга карабастан өлкөдө зыяндуу заттардын инвестицияларынын жаңы булактары пайда болушунун натыйжасында айлана-чөйрөгө абанын булганышынын, суу ресурстарынын абалы начарлашынын жана калдыктарды ойдогудай эмес башкаруунун адамдардын ден соолугуна жана өлкөнүн калкынын 60%дан ашыгы жашап жаткан шаарларыбыздын жалпы экологиялык жагдайына таасиринин көйгөйү кайрадан тереңдеди. Акыркы жылдары жылуулук станцияларынан жана от казандарынан зыяндуу заттардын абага чыгарылышы өсүү тенденциясына ээ. Бул статистикасы менен тастыкталат, анткени 2011-2015-жылдардын аралыгында зыяндуу заттардын стационардык булактарынан абага чыгарылуусу 50%га, б.а. 2011-жылы 42,5 миң тоннадан 2015-жылы 61,0 миң тоннага чейин көбөйгөн.
Автомобилдердин өтө көбөйүшү, республикадагы автомобилдердин паркынын кыйла бөлүгүнүн эскиргендиги (10-15 жылдан ашык) жана сапатсыз мунайзат продуктыларын пайдалануу атмосферага булганыч заттардын 80%дан ашыгы - бензиндин жана дизель отунун күйүшүнүн продуктылары болуп саналган оор металлдардын, углероддун жана азоттун оксиддеринин, көмүр суутектеринин пайда болушуна алып келүүдө. 2014-жылы көчмө булактардан атмосфералык абага зыяндуу заттардын чыгарылуусу 400,3 миң тоннаны түзгөн, бул 2011-жылга караганда 1,6 эсеге көп. 2014-жылы зыяндуу заттардын абага чыгарылуусунун көп саны углерод жана азоттун оксиддери, ошондой эле автоунааларда бензин колдонуудан чыгарылган углеводдор туура келет. Республика боюнча бензинди пайдалануу 2014-жылы 729,2 миң тоннаны түзгөн, бул 2011-жылдагыдан 1,5 эсеге көп (494,4 миң тонна). Республикада бензинди негизги керектөө (94%) жана дизель отунун керектөө (89%) Бишкек шаарына туура келет (2014-жыл). Бишкек жана Ош шаарларында көчмө булактар жана жылуулук станциялар менен абаны булгоонун эң жогорку деңгээли белгиленген.
Республикада айыл чарба багытындагы жерлердин зор бөлүгү жана жайыттар аларды интенсивдүү жана туура эмес пайдалануунун, ошондой эле химиялык жана минералдык жер семирткичтерди ашкере колдонуунун айынан бузулууга жана антропогендик эрозияга дуушарланууда. Кыргызстандын айыл чарбасында адамдын ден соолугуна зыян келтирген жана айлана-чөйрөнү булгаган пестициддерди пайдалануу чукулунан көбөйдү. Атап айтканда, 2011-2015-жылдардын аралыгында гербициддерди колдонуу 85%га, фунгициддерди - 13%га, инсектициддерди - 63%га өстү.
Кыргызстанда жайыттардын көп аянты (жалпы аянттын 1/4ү) мал башынын көбөйүүсүнөн улам ("Кыргызгипроземдин" маалыматтары боюнча) ченемден тышкары жүктөмдүн натыйжасында орточо жана өтө көп деградацияланган. Ата-мекендик изилдөө институттарынын маалыматтары боюнча жайкы жана кышкы жайыттардын түшүмдүүлүгү акыркы 50 жылдын ичинде 3 эсеге кыскарган. Жайыттарды ченемсиз интенсивдүү эксплуатациялоо алардын продуктуулугунун төмөндөшүнө себеп болду, анткени эксперттердин баалоолорунун жыйынтыктарында жыл сайын 11 млн. тоннадан көп табигый тоют жоготууга учурайт. Кыргызстанда статистиканын маалыматтары боюнча токойлуу аянттардын көбөйгөндүгүнө карабастан Улуттук статкомдун маалыматтарынан улам мамлекеттик токой фондунун жалпы аянты 20%га - 2003-жылы 3279,3 миң гектардан 2016-жылы 2619,7 миң гектарга чейин кыскарган.
Айыл чарбасында сугаттын усулдарын үстүртөн колдонуунун натыйжасында сугат үчүн суу өтө натыйжасыз пайдаланууда. Айрым алдын ала баалоолор боюнча, Кыргызстанда айыл чарбасында жердин үстүндөгү сууларды пайдалануунун өндүрүмдүүлүгү дүйнөдө өтө төмөн, бир чарчы метрге болжол менен $ 0,15. Мында 2016-жылы айыл чарба сугатына керектелүүчү суунун бүткүл көлөмүнүн 98%зы же суунун 4,4 миллион чарчы метрге жакыны колдонулган. Сугат тутумдарынын абалынын начардыгынан улам сууну топтоо булактарынан ташууда анын 25%га жакыны жоготулат. Суу потенциалыбыз зор болгонуна карабастан республикабызда ичүүчү сууга карата жеткиликтүүлүк жагымсыз катары бааланат, анткени 1000000го жакын кыргызстандык ичүүчү таза сууга жетпейт. Кыргызстанда азыркы учурда 1125 айылда борбордук суу түйүнү тутумуна жеткиликтүүлүк жок - андыктан тургундар сууну ачык булактардан алууга аргасыз.
Орду толуп туруучу гидро ресурстардын эсебинен Кыргызстанда ири ГЭСтер электр энергиясынын 90%дан ашыгын иштеп чыгууда, ошол эле учурда микро жана чакан ГЭСтердин потенциалын өнүктүрүү дээрлик колдонулбайт, алар иш жүзүндө ири ГЭСтерди куруу учурунда жергиликтүү экотутумга терс таасирден айырмаланып айлана-чөйрөгө зыян келтирбейт. Ошондой эле чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүү өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоого, атап айтканда суу аз климаттык циклдерде, алыскы региондорду өнүктүрүүдө жана электр энергиясын топтоонун жападан жалгыз ири булагы болгон Токтогул ГЭСине көз карандылыкты төмөндөтүүдө көмөктөшөт,
Соңку жылдары (2012-2016-ж.) өнөр жай өндүрүшүнүн өнөр жайдын тоо-кен секторунун керектөөсүнүн токсиндүү калдыктарынын саны 21%га көбөйгөнү белгиленүүдө. Республиканын калктуу конуштарында турмуш-тиричилик жана өнөр жайлык таштанды калдыктары үчүн капилет таштанды жайларынын жана полигондорунун саны өсүүдө. Турмуш-тиричилик калдыктарын чогултуу иш жүзүндө бардык жерлерде сорттоочу иш-чараларды колдонбостон жүргүзүлүүдө, бул аны кайталап пайдаланууга мүмкүндүк бербейт. Мында өндүрүштүн жана керектөөнүн калдыктары ойдогудай кайра иштетилген учурда калдыктарды экинчи жолу кайра иштетүү боюнча өндүрүштөр үчүн чийки заттын булагы болуп санала тургандыгынын фактысы иш жүзүндө эске алынбайт.
Ошондой эле азыркы учурда жаратылыш ресурстарын жана жер байлыктарын иштетүү, казып алуу жана кайра иштетүү "экологизациясы", эски тоо-кен-байытуу комбинаттарынын айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин төмөндөтүү, рудаларды жана концентраттарды экспорттоодо жаратылышты коргоо жана улуттук байлыкты кайра бөлүштүрүү маселелери эске алынган адилеттүү салык салуу маселелери, тоо-кен казып алууларды, анын ичинде эски жана жаңыдан түзүлгөн улуу заттар көмүлгөн жерлердин көйгөйлөрү жаатындагы маселелер курч турат.
Туристтик рекреациялык зона болуп саналган Ысык-Көл областынын аймагында турмуш-тиричилик таштандылардан жана канализациялык агындылардан жагымсыз экологиялык кырдаал түзүлгөн. Ысык-Көлдүн акваториясын турмуш-тиричилик калдыктары жана агындылары менен булгоо, рекрециялык объектилерде (пансионаттарда, эс алуу үйлөрүндө, жеке сектордо) тазалоочу курулмалардын жоктугу сыяктуу көп сандаган фактылар бар. Республиканын кайталангыс жаратылыш комплекстерин туруктуу өнүктүрүү боюнча чараларды иштеп чыгуунун зарылчылыгы күн тартибинде турат, анткени Арсланбаб токойлуу жаңгак коругун үнөмсүз пайдалануу жана аны жоготуп алуу коркунучу бар.
Айрым экологдорубуздун изилдөөлөрүнүн маалыматтары боюнча, болгону 25 жыл мурда Кыргызстанда 120дан ашык табигый экотутум болгон. Азыркы учурда жаратылыш экотутумдарынын саны кыскарды жана алардын жарымынан азы, толук баалуу жана кол тийбеген беш-жети экотутум гана калды. Экологдор биздин калган экотутумдарыбыз климатты толугу менен түзө албайт жана ошондуктан жаратылыш баш-аламан өзгөрүүдө деп белгилөөдө. Экологдорубуздун айтымы боюнча, мурда адамдын ишмердиги тоо этектериндеги экотутумдарды гана бузган, азыр болсо бөксө тоолуу жана бийик тоолуу тутумдарды - бийиктеги шалбааларды же жайлоолорду активдүү бузуу жүрүп жатат.
Экологиялык ишибиздин натыйжаларынын бардык ушул терс таасири калкыбыздын саламаттыгына таасирин тийгизбей койгон жок, калк өлкөдө айлана-чөйрөнүн абалы начарлашынын таанылган индикатору болуп саналат.
Кыргызстанда 2010-2015-жылдары онкологиялык шишиктери бар кайрадан катталган оорулуулардын саны 31%га көбөйдү, ал эми онкологиялык шишиктери бар оорулуулардын жалпы саны 23%га өстү. Мында республикадагы өлүмдүн бардык себептеринин жалпы санында залалдуу шишиктерден кыргызстандыктардын өлүмгө учурашынын үлүшү 12%га чейин өстү. Абанын жана бүтүндөй алганда айлана-чөйрөнүн абалынын начарлашынын натыйжасында Кыргызстандын ар бир онунчу жаранынын дем алуу органдары ооруйт.
Ал гана эмес, Кыргызстандын келечек муундары - балдар айлана-чөйрөнүн булганышынын терс таасиринен жабыркайт. 2011-2015-жылдары жаңы төрөлгөн наристелерде тубаса аномалиялардын саны 64%га көбөйгөн, ал эми тубаса аномалиялардан наристелердин чарчап калышы 20%га өскөн. Ошондой эле залалдуу шишиктери бар 14 жашка чейинки жаңы оорулуу балдарды каттоо эки эсе өскөндүгү, ал эми рак менен ооруган балдардын саны 20%га көбөйгөндүгү белгиленген.
Республикадагы экологиялык абалдын начарлашы аялдарга да терс таасир этүүдө, аларда 2010-2015-жылдардын ичинде тукумсуздук учурлардын саны 14%га көбөйгөн жана аялдарда залалдуу шишиктердин жаңы учурларын каттоо 18%га өскөн.
Бул статистикалык фактордун бардыгы Кыргызстанда экологиялык абалдын кыйла начарлашын мүнөздөгөн так индикатор болуп саналат.
Кыргызстандын айлана-чөйрөсүнүн көйгөйлөрү өлкөнүн келечектеги туруктуу өнүгүшүнө коркунуч туудурат, алардын башкылары болуп төмөнкүлөр саналат: натыйжалуу альтернативаларды түзбөстөн жаратылыш ресурстарын түгөтүү, негизги табигый экотутумдарды жоготуу жана адамдык капиталдын стагнациясы. Улуу даниялык физик Нильс Бордун: "Адамзат атомдук апааттан өлбөстөн, өзүнүн калдыктарынан тумчугуп өлөт" деген кейиткен көз ачыктыгы келип чыгышына жол бербөө керек..
Бардык ушул терс экологиялык көрүнүштөргө карабастан, Кыргызстанда, биздин коңшу өлкөлөргө салыштырганда, жашыл экономиканы өнүктүрүү үчүн жакшы старттык мүмкүнчүлүктөр бар. Кыргызстанда, айлана-чөйрөгө кыйла даражада зыян келтирүүчү ири химиялык, мунайзат-химиялык жана металлургиялык өндүрүштөр жок. Ошондой эле бизде негизги электр энергиясын топтоочу кубаттуулуктар гидроэнергетикалык ресурстарга негизделгендиги, ал эми зыяндуу көмүр суутектин негизиндеги электр генерациясын пайдалануу бир ЖЭБ менен чектелгендиги оң фактор болуп саналат. Кыргызстанда минералдык жана химиялык жер семирткич өндүрүшү жок, ушундан улам биздин айыл чарбабыз аларды көп санда колдонбойт. Бүтүндөй алганда, Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, республикадагы экологиялык кырдаал Борбордук Азиянын башка өлкөлөрүнө салыштырганда алда канча жагымдуу. Бул бизге өлкөдө жашыл экономика принциптерин ийгиликтүү киргизүүгө жана "Кыргызстан - жашыл экономиканын аралчасы" өлкөлүк брендди түзүүгө үмүттөнүүгө мүмкүндүк берет.
Кыргызстандагы жашыл экономиканын өнүгүү жолдору
Жашыл экономикага өтүү үчүн төмөнкү тармактар боюнча "жашыл" секторлорду түзүү сунушталат:
1. Жашыл шаарга - жашыл транспорт
Транспорт - бүгүнкү жашообуздун аспекттеринин бири, биз ансыз эч нерсе кыла албайбыз. Бирок ичинен күйүүчү кыймылдаткычтарга негизделген бүгүнкү күндөгү транспорт энергияны башка керектөөчүлөрдүн бири болуп саналат жана эбегейсиз көп сандагы орду толбой турган казып алынуучу отунду (мунайзат продуктыларын - бензинди, керосинди жана дизель отунун) жагат. Ушунун натыйжасында учурдагы транспорт тутумдары кеңири спектрдеги көйгөйлөрдүн себеби болуп саналат, алар көмүр кычкылдын эки окисинин жана парник газдарынын абага чыгарылышын, аба түтүктөн чыккан газдар жана көзгө илешпеген катуу бөлүкчөлөр менен булганышын, кыртыштагы суулар автожолдордон, автомобиль жуучу жайлардан жана автотранспорт токтоочу жайлардан токсиндүү саргындылар менен булганышын, ызы-чууну, шаардык жашыл мейкиндигинде олуттуу кыскаруусу, шаардык жашоо мейкиндигин жоготууну жана шаар четиндеги айылдардын көбөйүшүн камтыйт. Ушулардын бардыгы глобалдык ысып кетүү, айлана-чөйрөнүн абалынын начарлашы жша адамдын ден соолугунун начарлашы сыяктуу тез натыйжаларга алып келди.
Багыттар:
Автомобиль транспортуна, көбүн эсе жеке транспорт каражаттарына суроо-талапты тез жана коопсуз орун которуу жагынан калктын жалпы мобилдүүлүгү үчүн зыян келтирбестен төмөндөтүү үчүн чараларды бара-бара жана ойлонуу менен киргизүү;
Жарандардын жеке автомобилдерди пайдалануудан коомдук транспортко өтүшүн стимулдаштыруу боюнча иш, бул мунайзат продуктылары күйгөн учурда зыяндуу заттардын чыгышын кыйла азайтууга жана көчөлөр менен жолдордо тыгындарды азайтууга мүмкүндүк берет;
Коомдук транспортту оптималдаштыруу - сыйымдуулугу аз болгон коомдук транспорттон сыйымдуулугу көп транспортко өтүү;
Салык жана бажы преференцияларынын эсебинен экологиялык жактан алда канча коопсуз жаңы автомобилдердин, газ отуну менен иштеген транспорттун, гибриддердин жана электромобилдердин пайдалуулугун кубаттоо аркылуу автомобиль паркынын сапатын жакшыртуу боюнча саясатты жүргүзүү;
Зыяндуу аба заттарын азайтуу үчүн катализатору жок экологиялык эмес эски автоунааларды (7 жылдан жогору) эксплуатациялоонун жараксыздыгы үчүн шарттарды түзүү;
Автоунааларды техникалык кароодон милдеттүү өткөрүүнү, анын ичинде экологиялык коопсуздук боюнча талаптарга транспорттун шайкеш келүүсүн аныктоону жүргүзүү;
Кыргызстанда электр транспортун - электробустарды жана электромобилдерди өндүрүүнү уюштуруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
Этил бензининен жана күкүрттү көп камтыган отундан этап-этабы менен баш тартууну жана ЕАЭБдин тиешелүү техникалык регламенттери күчүнө киришин эске алуу менен транспорттун жогорку сапаттагы бензинге, газ отунуна жана электрге өтүшүн киргизүү;
Күйүүчү майлоочу материалдарды ички өндүрүүчүлөр үчүн эл аралык стандарттарды киргизүү, ЕАЭБдин техникалык регламенттерине ылайык өндүрүлүп жаткан күйүүчү-майлоочу материалдарды сертификаттоо боюнча мамлекеттик жана жеке лабораториялардын ишине контролду күчөтүү;
Коомдук транспорттун жана жөө адамдар, велосипедистер үчүн жол жүрүүнүн жана мотору жок башка транспорт каражаттарын пайдалануу менен жол жүрүүнүн коопсуз ыкмаларынын тутумун өнүктүрүү;
Тургундар үчүн шаар боюнча орун которуу жана транспорт каражаттарын пайдалануу зарылчылыгын кыскартуу максатында шаарларды алда канча сарамжалдуу пландаштыруу, атап айтканда Бишкек шаарында борбордук мамлекеттик административдик имараттарды шаардын борборунан чет жакага бир жерге чыгаруу, дүкөндөрдүн кадам сайын жеткиликтүүлүк тармагын түзүү, турак жай райондорунда жумуш орундарын түзүү;
Шаар курууну жана архитектураны өркүндөтүүдө, шаардык чарбаны пландаштырууда, жол кыймылын уюштурууда жаңы ыкмаларды киргизүү, атап айтканда шаарларды тыгыз куруу зарыл;
Ландшафттык-рекреациялык шаардык зоналарды абатташтырууну өнүктүрүү, шаарда бир тургунга 50 чарчы метр жашыл көчөттөрдүн аянты боюнча Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун максаттуу нормативин белгилөө жана ага жетишүү;
жашыл экономиканы өнүктүрүүнү эске алуу менен Улуттук транспорт программасын иштеп чыгуу;
Автотранспорт каражаттарын жууп-тазалоо боюнча кызмат көрсөтүп жаткан компанияларды жана жеке ишкерлерди сууну тазалоо тутуму аркылуу өткөрүү менен кайталап пайдаланууга милдеттендирүү;
Көмүрдү пайдалануу менен иштеген станциялардын жана от казандарынын абаны зыяндуу заттар менен булгоосу, автоунаалардын түтүндүү газдары жана майда катуу бөлүкчөлөр менен жарандардын ден соолугуна тийгизген таасирин жана деңгээлин үзгүлтүксүз изилдөөнү жүргүзүү.
2. Жашыл энергетика жана энергияны үнөмдөө
Кыргызстандын энергетикасы иш жүзүндө жашыл энергетика болуп саналат, анткени электр энергиясынын 90%дан ашыгы гидроэнергетикалык ресурстардын эсебинен иштелип чыгат. Ушуга карабастан жашыл энергетиканы өнүктурүү жашыл экономиканы өнүктүрүүгө жана өлкөнүн импорттук мунайзат продуктыларына жана жаратылыш газына өтө көз карандылыгынан улам энергетикалык коопсуздукту камсыз кылууга стратегиялык багытты эске алуу менен артыкчылыктуу мааниге ээ болууга тийиш. Кыргызстанда энергияны үнөмдөө жана энергиянын натыйжалуулугу жагынан зор көйгөйлөр бар. Энергияны пайдалануунун натыйжалуулугун мүнөздөгөн Дүйнөлүк банктын маалыматтары боюнча, Кыргызстандын экономикасынын энергия сыйымдуулугу дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн 1,8 эсе жогору жана Евро бирликке караганда 2,3 эсе жогору. Ошентип, 1 кг шарттуу отунду пайдалануу өлкөнүн экономикасына болгону ИДПга 5,1 долларды берет, ошол эле учурда дүйнө боюнча бул көрсөткүч орточо 2,2 эсе жогору.
Багыттар:
Энергосектордогу техникалык жана институционалдык өзгөрүүлөрдүн эсебинен энергиянын жоготууларын төмөндөтүүгө жетишүү зарыл;
Мамлекеттик саясатта энергиянын көмүр суутеги төмөн, орду толуп туруучу булактарын киргизүүгө жана энергиянын натыйжалуулугун жогорулатууга абсолюттук артыкчылык болууга тийиш;
Айлана чөйрөгө зыян алып келүүчү, жылуулук жана электр энергиясына тарифтерди субсидиялоо формасы бар энергетика жагынан чараларды мамлекеттик финансылоону кыскартуу;
Отун катарында таш көмүрдү пайдаланган жылуулук электр станцияларын жана от казандарын долбоорлоодон жана куруудан толук баш тартууну киргизүү жөнүндө маселени кароо зарыл;
ГЭСтер курулуп жаткан региондордун экологиясына станциялардын жана коштогон суу сактагычтардын курулушунун терс таасирин минималдаштырууну эске алуу менен ГЭСтерди куруунун пландаштырылган ири долбоорлорун ишке ашыруу;
Региондорду өнүктүрүү үчүн чакан гидроэнергетиканын гидроэнергетикалык потенциалын максималдуу ишке киргизүү, өзгөчө ири ГЭСтердин суу аз циклдерге зор көз карандылыгын эске алуу менен ишке киргизүү;
Эбегейсиз зор күн жана шамал потенциалына ээ болуу менен күн жана шамал энергетикасын өнүктүрүүгө жол ачуу;
Илимий жана жеке адистерди тартуу менен Кыргыз Республикасынын ар бир району үчүн энергиянын кайталанма булактарынын (ЭКБ) ресурстарын аныктоо (чакан ГЭСтер, күн тутумдары, шамал жана биогаз орнотмолору);
ЭКБнын (чакан ГЭСтер, күн тутумдары, шамал жана биогаз орнотмолору) жеке орнотмолорунда энергияны бөлүштүрүп өндүрүүнү өнүктүрүү жана тармактардагы жоготууларды жана тармактык жүктү төмөндөтүү үчүн энергияны алмашуу үчүн стимулдарды камтыган мыйзам чыгаруу демилгелерин иштеп чыгуу;
ЭКБнын (чакан ГЭСтер, күн тутумдары, шамал жана биогаз орнотмолору) үлүшүн электр энергиясын жалпы иштеп чыгуунун 10%на чейин көбөйтүү боюнча Туруктуу өнүктүрүү максаттары боюнча өлкөнүн милдеттенмелерин эске алуу менен 2040-жылга чейин энергия секторун өнүктүрүүнүн өңүтүн, стратегиясын жана планын иштеп чыгуу;
Электр энергетикасы жана жылуулук энергетикасы жагынан суроо-талапты канааттандырууда ийкемдүүлүктү камсыз кылуучу жана энергияны өндүрүүчүлөрдүн чыгымдарын жабуучу балансташкан тарифтик саясатты киргизүү, анын ичинде кыш мезгилинде электр энергиясына дифференцияланган тарифти киргизүү маселесин кароо;
Жаңы энергия жагынан үнөмдүү газ казандарын пайдалануу менен жеке сектордо жылытууну жаратылыш газын пайдаланууга этап-этабы менен жана кыйшаюсуз которууну улантуу;
Шаарларда жылытуу тутумдарынын чөйрөсүндө атаандаштыкты өнүктүрүү жана жылуулук энергиясын бир берүүчүгө монополиялык көз карандылыктан баш тартуу;
Энергияны жекече үнөмдөөчү жана энергия жагынан натыйжалуу электр жана газ жылытуусун өнүктүрүү, анын ичинде жылытуу жана ысык суу менен жабдуу үчүн күн коллекторун пайдаланууну өнүктүрүү;
Турмуш-тиричилик жана коммуналдык органикалык калдыктардан жана саркынды суулардан биогазды алуу технологияларын киргизүүнү стимулдаштыруу;
жашыл энергетиканы өнүктүрүүнүн Борбордук Азиялык борборун түзүү;
Электр жана жылуулук энергиясын иштеп чыгуучу, берүүчү жана бөлүштүрүүчү ишканалардын энергияны үнөмдөөсүн жана энергия жагынан натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды киргизүү;
Электр жана жылуулук энергиясын түпкү керектөөчүлөрдүн (ишканалар, ведомстволор, жеке керектөөчүлөр) энергияны үнөмдөөсүн жана энергия жагынан натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды киргизүү;
Жаңы жашыл турак жай жана коомдук имараттарды куруу үчүн курулуш тармагында жана жылуулук энергетикасында жаңы курулуш стандарттарын колдонуу жана энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча иш-чараларды ишке ашыруу, ошондой эле эски имараттарды энергияны үнөмдөөчү санациялоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
Электр жана жылуулук энергиясын, газды жана сууну чыгымдоону жөнгө салуучу жана керектөөнү эсепке алуучу приборлорду бардык жерлерде киргизүү;
Көчөлөрдү жана үйлөрдү жарыктандырууну энергияны үнөмдөөчү лампаларга которуу, энергияны үнөмдөө максатында турак-жайды комплекстүү жылуулоо маселелери боюнча калк арасында маалыматтык ишти жүргүзүү;
Эски турак жайды жылуулоо боюнча программаны камтыган мамлекеттик энергияны үнөмдөөчү саясатты жүргүзүүнүн негизги өбөлгөсү катары энергияны үнөмдөөнүн улуттук программасын иштеп чыгуу.
3. Жашыл айыл чарбасы
Кыргызстанда айыл жериндеги калк өлкөнүн бүткүл калкынын 66%зын түзөт (2017-ж.). бирок мында айыл чарбасы ИДПга кошумчаланган нарктын 15%зын гана берет. Адистердин баа берүүлөрү боюнча, 1985-жылдан тартып республикада начарлаган жерлердин аянты олуттуу көбөйдү, ал эми жерлердин соңку комплекстүү мониторинги дээрлик 30 жыл мурда 1990-жылы жүргүзүлгөн. Эрозия процесстери, шор басуу жана сазга айлануу, суунун астында калуу, чөлгө айлануу Кыргызстандагы жерлердин биологиялык өндүрүмдүүлүгүн кыйла төмөндөттү. Ушулардын бардыгы фермердик чарбалардын көпчүлүгүндө фирмалардын өлчөмдөрү чакандыгынан улам ойдогудай которуштуруп айдоонун жоктугу менен тереңдөөдө, бул органикалык эмес жер семирткичтерди, химикаттарды пайдалануунун жогорку деңгээлине жана келечекте агрардык пайдалануудагы жерлердин начарлашынын, андан ары жерлерди агрардык колдонуунун дегредациясынын тездешине алып келүүдө. Сугат жана башка айыл чарба муктаждыктарына биздин агрардык секторубуз экономика керектеген бардык жер үстүндөгү суулардын 90%зын пайдаланып жатат. Кыргызстандын айыл чарбасында сууну пайдалануунун натыйжалуулугунун деңгээли дүйнөдө эң төмөн, бул сууну керектөөчүлөргө чейин жеткирүүдөгү эбегейсиз зор жоготуулар жана фермерлер сугат сууну өтө натыйжасыз пайдаланышы жөнүндө айтып турат. Ушулардын бардыгы айыл чарбасында өндүрүмдүүлүктүн төмөндүгүн жана жогору эмес түшүмдүүлүктү түшүндүрөт. Мал чарбачылыгында көп учурда малдын санынын өндүрүмдүүлүгүн көбөйтүү үчүн өстүрүүнүн синтетикалык биостимуляторлору жана антибиотиктер колдонула баштады, бирок ошонун өзү менен адамдын организми үчүн коркунучтуу продукция өндүрүлүп жатат.
Багыттар:
Жерлердин начарлашын четтетүү жана жерлерди кайрадан калыбына келтирүү боюнча иш аракеттердин Улуттук планын жаңылоо, жерлердин начарлашынын жана начарлаган жерлерди калыбына келтирүүнүн ар кандай типтерин четтетүү үчүн шарттарды түзүү;
Жерлерди кайрадан калыбына келтирүү боюнча иш-чараларга багытталган финансылык жана техникалык жардамды тартуу боюнча чөлгө айланууга каршы күрөшүү боюнча конвенциянын катчылыгы, Глобалдык экологиялык фонд, Жашыл климаттык фонд, донор өлкөлөрү менен алда канча натыйжалуу иштөө;
Айыл чарба эмгегинин өндүрүмдүүлүгүн арттыруу жана жерлерди пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргызстанда жер рыногун түзүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
Айлана-чөйрөгө зыян алып келүүчү, сугат сууну берүүгө тарифтерди субсидиялоо формасындагы ирригация жагынан мамлекеттик финансылоо чараларын кыскартуу;
Кыргызстанда токой жерлеринин аянтын калыбына келтирүү боюнча ишти улантуу, токойлордун өзүнөн өзү көбөйүүсүн жогорулатуу жана токойлордо өзүнөн-өзү көбөйүү процесстерин жакшыртуу максатында жаш көчөттөрдүн чектелген деңгээлин өстүрүү боюнча иштерди жүргүзүү;
Өсүп келаткан жана отургузулган ар бир бакты паспорттоштуруунун жана номер берүүнүн мамлекеттик тутумун киргизүү, токой кадастрын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
Деңиз деңгээлинен 1 миң метрден 3 миң метрге чейинки тилкеде тоолуу тикенектүү токойду калыбына келтирүү, ал эми 2 миң метрге чейинки тилкеде жалбырактуу, анын ичинде жапайы мөмөсү бар токойлорду отургузуу; сайлардагы токойлорду калыбына келтирүү жана айрым жерлерде дарыялардын жээктеринде жыгач алуу үчүн тез өсүүчү бактардын плантацияларын жайгаштыруу;
Токой чарба тармагында, атап айтканда Кыргыз Республикасынын Токой кодексин жашыл экономиканын алкактарынын заманбап талаптарына ылайык келтирүү жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча иштерди жүргүзүү;
Органикалык эмес жер семирткичтерди жана пестицидтерди колдонууну кыскартуу боюнча ишти жүргүзүү жана органикалык эмес жер семирткичтерди жана пестицидтерди алып кирүүгө жана сатууга мамлекеттик контроль жана мамлекеттик лицензиялоо тутумун киргизүү;
Айыл чарба өндүрүүчүлөрү экологиялык жактан таза заманбап органикалык жер семирткичтерди жана өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын колдонушу үчүн шарттарды түзүү;
Жер үстүндөгү сууларды үнөмдөө максатында сууну чарбалар аралык жана ички чарбалык ташуу учурунда жоготууларды кыскартуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү (ирригациялык тутумдарды, каналдарды, лотокторду жана башкаларды калыбына келтирүү);
Сугаттын сууну үнөмдөөчү жаңы усулдарын киргизүү, атап айтканда, тамчылатып, дискреттик жана чачыратып сугаруу. Эбегейсиз көп сандагы суу ресурстарын талап кылган жана жерлердин начарлашына алып келген жер үстүндөгү сугаттын (арыктар боюнча, тилкелер боюнча, жапырт суу каптатуу) демейки усулдарынан бара-бара баш тартуу;
Айлана-чөйрөдө жайыт экотутумдарынын экологиялык бүтүндүгүн сактоо үчүн жайыттарды пайдаланууда жана жакшыртууда жаңы усулдарды жана ыкмаларды киргизүү;
Жайыттар тармагында, атап айтканда "Кыргыз Республикасынын Жайыттар жөнүндө" Мыйзамын жашыл экономиканын алкактарындагы заманбап талаптарга шайкеш келтирүү жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча иштерди жүргүзүү;
Экологиялык жактан таза продукцияны өстүрүү үчүн теплица чарбаларынын аянттарын көбөйтүүгө түрткү берүүчү айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн "теплица" шарттарын түзүү;
Жаңы айыл чарба өсүмдүктөрүн өздөштүрүүнү киргизүү, агрардык өсүмдүктөр боюнча адистешүү, дарылык өсүмдүктөрдү өстүрүү жана үрөн чарбачылыгын (жагымдуу климаттык зона) жакшыртуу;
Малдын санынын өндүрүмдүүлүгүн көбөйтүү үчүн мал чарбачылыгында өсүштүн синтетикалык биостимуляторлорун пайдаланууга мыйзамдуу түрдө тыюу салууну киргизүү жана синтетикалык антибиотиктерди колдонууну иретке келтирүү, табигый биостимуляторлордун жана антибиотиктердин негизинде даярдалган мал чарба препараттарын пайдаланууга стимулдаштыруу;
Эң жаңы биотехнологияларды, өзгөчө тамак-аш азыктарын өндүрүү үчүн колдонуучу жаныбар жана өсүмдүк организмдеринин генетикалык модификациясы менен байланышкан биотехнологияларды өндүрүүгө жана пайдаланууга мамлекеттик контролду күчөтүү;
Республиканын айыл чарбасында пестициддерди, синтетикалык анаболиктерди (өстүрүү стимуляторлорун) жана антибиотиктерди (антимикробдук препараттарды) колдонуунун жарандардын ден соолугуна тийгизген зыян ан жана деңгээлин үзгүлтүксүз изилдөөлөрдү жүргүзүү;
Ички муктаждыктарды канааттандыруу үчүн экологиялык жактан таза органикалык жер семирткичтерди жана өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын өндүрүү боюнча жергиликтүү өнөр жай кубаттуулуктарын уюштуруу, ошондой эле мал чарбачылыгы үчүн табигый биостимуляторлорду жана антибиотиктерди өндүрүү;
Биомассаларды, органикалык жана тамак-аш калдыктарын пайдалануу менен биожер-семирткичтерди өнүктүрүүнү стимулдаштыруу;
Айыл чарба продукциясынын конкреттүү түрүн өндүрүүдө дыйканчылык зоналарын, ошондой эле региондун жаратылыш-климаттык шарттарын эске алуу менен өлкөнүн региондорун натыйжалуу адистештирүүнү киргизүү;
Республикада экологиялык жактан таза айыл чарба продукциясын өндүрүүнү камсыз кылуучу адистешкен айыл чарба зоналарын түзүү, андан соң ийгиликтүү тажрыйбаны бүткүл республиканын айыл чарба зоналарына жайылтуу;
Экологиялык жактан таза тамак-аш жана башка продукцияны сертификаттоонун улуттук тутумун киргизүү, экологиялык жактан таза продукцияны маркалоонун улуттук белгисин ("органик", "эко") киргизүү;
Айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнүн эсебинен кошумчаланган нарк чынжырчасын көбөйтүү максатында кайра иштетүүчү өндүрүштүн өнүгүшүн стимулдаштыруу.
4. Жашыл өнөр жайы
Кыргызстанда иштетүүчү өнөр жайды индустриялаштыруу жана өнүктүрүү кирешелүүлүктү жогорулатуунун, жумуш орундарын түзүүнүн жана жарандардын бакубаттуулугун жакшыртуунун башкы кыймылдаткыч фактору болуп саналат. Ошол эле учурда өнөр жайдын, өзгөчө тоо-кен жана нефтини кайра иштетүүчү өнөр жайдын жалпысынан республиканын экологиялык абалына жана, атап айтканда, жергиликтүү жана региондук экотутумдарга терс таасири тынчсызданууну пайда кылат. Жер-жерлерде өнөр жай өндүрүшүн өнүктүрүп жаткан инвесторлорго карата жергиликтүү калктын экологиялык мүнөздөгү улам көп сандагы дооматтары белгиленүүдө. Кыргызстанда жашыл өнөр жайды өнүктүрүү өсүп келе жаткан экологиялык тобокелдиктерден калкты жана экологиялык тутумдарды коргоого жана жаратылыш ресурстарын үнөмдөөгө көмөктөшөт. Республикада жашыл өнөр жайды өнүктүрүү ыкмалары ресурстарды пайдалануунун көлөмдөрүн жана айлана-чөйрөнүн булганышынын деңгээлин коштоону жогорулатпастан өнөр жайды долбоорлоо, өркүндөтүү стадиясында экологиялык тобокелдиктерге баа берүүгө жана өндүрүмдүүлүктү жогорулатууга топтолууга тийиш.
Багыттар:
Өлкөнүн өнөр жайлык өнүгүшүнүн стратегиясынын бир бөлүгү катары жашыл өнөр жайды өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу;
Ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга, өндүрүштө жаратылыш ресурстарын пайдаланууну оптималдаштырууга багытталган өнөр жайдын тиешелүү тармактарын экологиялаштыруу боюнча иш чараларды жүргүзүү, айлана-чөйрөнүн булганышын четтетүү, адамдын ден соолугу үчүн тобокелдиктерди азайтуу, өндүрүштө химиялык заттарды пайдаланууну сарамжалдуу жөнгө салуу;
Өнөр жай өндүрүшүнүн жана ресурстарды алда канча натыйжалуу пайдалануунун экологиялык жактан балансташкан ыкмаларын киргизүү;
Энергия жана суу ресурстарын максималдуу натыйжалуу пайдалануу, калдыктарды масштабдуу кайра иштетүү жана керектөөнүн жана өндүрүштүн өркүндөтүлгөн тутумдарын колдонуу;
Энергиянын кайталанма булактары, калдыктарды утилдештирүү жана кайра иштетүү боюнча заводдор, экологиялык өнөр жай технологияларын, тамак-аштын экологиялык продуктыларын өндүрүү сыяктуу өнөр жайдын жаңы жашыл тармактарын түзүү үчүн ишкерлерди стимулдаштыруу;
Өнөр жай өндүрүштөрүндө жашыл технологияларды колдонууну өнүктүрүүнү ж:ана кеңейтүүнү жүйөлөштүргөн ченемдик укуктук базаны түзүү;
Өнөр жайда жашыл кызмат көрсөтүүлөрдү, атап айтканда, өндүрүш материалдарын утилдештирүү, сууну тазалоо, абанын булганышынын деңгээлин контролдоо жана калдыктарды кайра иштетүү үчүн жабдуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле маалыматтардын мониторинги, аларды өлчөө жана талдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууга, айлана-чөйрө, энергетика жана энергиянын натыйжалуулугу маселелери боюнча консультация берүүгө бизнес чөйрөнү шыктандыруу;
Өнөр жайдын экологиялык натыйжалуулугун жогорулатуу максатында өнөр жай өндүрүшүндө алда канча мыкты жеткиликтүү технологиялар (АЖТ) тутумун киргизүү үчүн шарттарды түзүү, эскирген жана натыйжасыз технологияларды пайдалануудан баш тартууга багытталган чарбалардын комплексин жүргүзүү;
Компанияларды өзүнүн иши жана продуктылары жагынан кеңейтилген милдеттенмелерди кабыл алууга шыктандыруу максатында өнөр жай секторунда "экологиялык талаптарды эске алуу менен долбоорлоо" (Design for the Environment (DfE)) кыймылын демилгелөө, бул кайталап пайдалануу үчүн жарактуу жана экинчи жолу кайра иштетилүүчү алда канча ишенимдүү продуктыларды түзүү боюнча долбоорлоо иштерин баштоого алып келиши мүмкүн;
Жаратылыш ресурстарыбызды кайра иштетүүчү тоо-кен жана башка компаниялардын арасында "жергиликтүү жамаат менен өз ара мамилелер жана өнүктүрүү (CRD) эл аралык практикасын жана жергиликтүү жамаат менен инвесторлордун ортосунда өз ара мамилелерди жакшыртуу максатында "корпоративдүү социалдык жоопкерчилик" (CSR) практикасын нормативдик жактан киргизүү;
Экологиялык товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө артыкчылык берүү менен айлана-чөйрөгө олуттуу терс таасир этпеген товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга багытталган мамлекеттик сатып алуулар саясатын жүргүзүү;
Экологиялык таза технологияларды түзүү менен байланышкан изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды мамлекеттик максаттуу колдонуу киргизүү;
Туруктуу өнүгүү принциптерине ылайык келген инфраструктурага (анын ичинде коомдук транспортко, энергиянын кайталанма булактарына, энергия жактан натыйжалуу имараттарды курууга) мамлекеттик инвестициялардын өсүшүн жана жаратылыш капиталын калыбына келтирүү, сактоо жана бул мүмкүн болгон жерде, көлөмүн көбөйтүү үчүн жаратылыш капиталын камсыз кылуу.
5. Калдыктарды жашыл кайра иштетүү
СССР доорундагы индустриалаштыруудан мурас катары Кыргызстанда 90дон ашык уулуу заттарды сактоочу жайлар жана шилендилер, анын ичинде радиоактивдүү жана башка жогорку токсиндүү калдыктарды камтыган шилендилер калды. Буга байланыштуу Кыргызстандын экологиялык көйгөйлөрүн чечүү боюнча маанилүү милдеттердин бири болуп тарыхый жактан топтолгон радиоактивдүү жана токсиндүү калдыктарды сапаттуу утилдештирүү жана рекультивациялоо саналат. Ал гана эмес, тоо-кен жана башка өнөр жайлардын учурдагы өнүгүшүнүн натыйжасында тоо-кен жана өнөр жай калдыктарынын жаңы көлөмдөрү иштелип чыгууда, алардын бир бөлүгү токсиндүү болуп саналат. Ошондой эле жыл өткөн сайын калк турмуш-тиричилик калдыктарын иштеп чыгышынын көлөмү кыйла көбөйүүдө. Ар бир жашоочу жылына орточо 300 килограммга жакын таштанды чыгарган шаарларда көйгөй өзгөчө курч турат жана анын натыйжасында капилет таштанды жайлары көбөйүүдө жана белгиленген таштанды полигондору начар башкарылууда. Эл аралык статистиканын маалыматтары боюнча кеңири керектөө товарларынын 80%зы алар даярдалгандан кийин 6 айдын ичинде өз өмүрүн таштандыларда аякташат. Бул мамлекеттен эл аралык практикага ылайык өнөр жай жана турмуш-тиричилик калдыктарын башкаруунун заманбап усулдарын жигердүү киргизүүнү талап кылат. Туюк цикл экономикасын өнүктүрүү - бул таштандыларды утилдештирүү гана эмес, экинчи жолу пайдалануунун заманбап философиясы жана мурда керексиз деп эсептелгендерден киреше табуу жана "өндүрүү-пайдалануу-чыгарып салуу" сыяктуу эски экономикалык моделдин алкагында пайда көрүү болуп саналат.
Багыттар:
Коммуналдык-турмуш-тиричилик таштандыларын кайталап пайдалануу деңгээлин жогорулатуу, таңгактоону кайталап пайдалануунун деңгээлин жогорулатуу жана полигондордо ар кандай иштетилген жана биологиялык жактан чирип бара жаткан таштандыларды көмүүгө тыюу салуу максатында экономикада туюк типке өтүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана киргизүү;
Уран калдыктарынын объекттерин рекультивациялоо чөйрөсүндө Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ), россиялык "Росатом" мамлекеттик корпорациясы, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕБРР) жана башка таламдаш тараптар менен кызматташтыкты активдештирүү;
Тоо-кен жана өнөр жай калдыктарынын бардык уулуу заттарды сактоочу жайларынын жана шилендилердин экологиялык коопсуздук стандарттарына шайкештиги жагынан аларды түгөлдөө (уулуу заттар сакталган жайлардын кадастрын түзүү) жана өнөр жайлык баалуулугу бар пайдалуу заттардын курамынын деңгээлин аныктоо боюнча ишти жүргүзүү;
Мамлекеттин балансында турган же болбосо менчик ээси болбогон бардык кооптуу калдыктарды атайын ыйгарым укуктуу органга оперативдүү башкарууга берүү;
Кооптуу калдыктарды кийин экологиялык жактан коопсуз ыкма менен утилдештирүү үчүн эл аралык финансылоону жана технологияларды издөө максатында аларды убактылуу сактоо үчүн полигонду түзүү;
Кайра иштетүү, экономикалык пайдалануу жана зарыл инвестициялык салымдардын көлөмү үчүн алардын экономикалык максатка ылайыктуулугун белгилөөдө потенциалдуу пайдалуу уулуу заттарды сактоочу жайларды техникалык-экономикалык изилдөөнү жүргүзүү;
Өнөр жай калдыктарын кайра иштетүү боюнча инфраструктураны жана ишканаларды уюштуруу үчүн шарттарды түзүү жана алардын туруктуу иштеши үчүн стимулдарды киргизүү;
Өнөр жай өндүрүшүнүн объекттеринде айлана-чөйрө үчүн коопсуз технологияларды жана процесстерди милдеттүү пайдаланууну камсыз кылуу жана коркунучтуу калдыктарды утилдештирүү жана жок кылуу боюнча заманбап технологияларды колдонуу;
Химиялык заттарды классификациялоонун жана маркалоонун эл аралык тутумун киргизүү, Кыргыз Республикасында химиялык заттардын коркунучтуулугун классификациялоонун жана маркалоонун эл аралык тутумун киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын жана 2015-2017-жылдары аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын аткарууну талдоону жүргүзүү, зарылчылык болгон учурда ЕАЭБдин талаптарына шайкеш келтирүү максатында Программаны пролонгациялоо;
Турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарынын (ТКК) бардык шаардык полигондорунун абалын изилдөөнү жүргүзүү жана аларды рекультивациялоо боюнча практикалык иш-чараларды аныктоо;
Калдыктарды кайра иштетүүнүн экономикалык механизмдерин иштеп чыгуу жана киргизүү (калдыктарды кайра иштетүүчүлөр үчүн утилдештирүү жыйымдары, салык стимулдары жана преференциялар, ж.б.);
Таштандыны милдеттүү түрдө өз-өзүнчө чогултууну киргизүү боюнча маселелерди камтыган ТККны чогултууну, утилдештирүүнү жана кайра иштетүүнү Жашылдандыруу боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыгуу, ТККны кайра иштетүү боюнча ишканаларды өнүктүрүүнү стимулдаштыруу, турмуш-тиричиликтин калдыктарын ойдогудай эмес чогултуу жана утилдештирүү үчүн өндүрүүчүлөрдүн жана керектөөчүлөрдүн административдик жана башка жоопкерчилигин киргизүү, турмуш-тиричилик калдыктарын башкаруу рыногунда мыкты атаандаштыкты өнүктүрүү, жаңы технологияларды пайдалануу менен ТККны кайра иштетүүнүн жана сактоонун стандарттарын белгилөө, ТККны чогултууга, ташууга, кайра иштетүүгө, утилдештирүүгө жана сактоого контролдук кылуу үчүн ченемдик укуктук базаны түзүү;
Шаарларда таштандыларды сорттоочу, таштандыларды кайра иштетүүчү жана таштандыларды өрттөөчү кубаттуулуктарды киргизүү, турмуш тиричиликтин катуу калдыктарын өрттөөгө толук тыюу салууну киргизүү (буга атайын уруксаттар кирбейт) жана эреже бузуучулар үчүн тиешелүү административдик жана башка жазаларды киргизүү;
Ысык-Көлдүн акваториясын жана жаратылышты коргоо зоналарын булгоо боюнча чараларды катаалдантуу жөнүндө Административдик кодекске түзөтүүлөрдү киргизүү, Ысык-Көлдө иштебеген тазалоочу курулмаларды калыбына келтирүү жана көлдү булганган куюлмалардан жана таштандылардан толук тосуу максатында жаңы тазалоочу кубаттуулуктагы курулуштар менен камсыздоо;
Кыргыз Республикасында кайра иштетилбей турган жана биологиялык жактан тез бузулбай турган таңгак пластигин пайдаланууну азайтуу жана биротоло тыюу салуу программасын иштеп чыгуу.
6. Мамлекеттик саясат, жашыл мамсатып алуулар жана экотутумдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөр
Жашыл экономика принциптериндеги экономикалык саясат экономика секторлорунда жашыл багыттарды активдүү субсидиялоону болжолдойт жана тескерисинче айлана-чөйрөнү булгаган секторлорго мамлекеттик чыгымдарды, кредиттерди жана инвестицияларды кыскартууну талап кылат. Кыргызстанда биз өзүбүзгө берилген жаратылыш байлыктарын акысыз ресурстар катары баалоого көнгөнбүз. Натыйжада биз өз токойлорубузду жетиштүү сактай албай жатабыз, аларды кыюу нымды жана кардын кармап турушун жоготууга, селдердин жана жер көчкүлөрдүн, суу ташкындоолордун жана көчкүлөрдүн пайда болушуна, кайталангыс жапайы жаныбарлар жана өсүмдүктөр үчүн жашоо чөйрөсүнүн жок кылынышына алып келүүдө. Токойлорду кыюу жана тоо экотутумдарындагы туура эмес чарбалык иш суунун сапатынын начарлашына алып келүүдө. Токойлор канчалык аз болсо, аба ошончолук аз тазаланат, анткени бак-дарактар жашоо үчүн зыяндуу болгон көмүр кычкылдын кыйла бөлүгүн сиңирип алат. Эгерде сууну жана жерди баалабасак, алардын сапаты начарлай берет жана тиешелүү түрдө айлана-чөйрөнүн жана биздин жашоо мейкиндигибиздин абалы начарлайт. Жаратылыш ресурстарын сактоо үчүн буларды түшүнүү керек: экотутумдардын ресурстары акысыз эмес, анткени экологиялык балансты бузуу жаратылыш кырсыктарына алып келет, алар өз кезегинде экотутумдарды калыбына келтирүүгө, биологиялык ар түрдүүлүктүн ордун толтурууга жана адамдын ден соолугуна чыгымдардын көбөйүшүнө алып келет. Ошондуктан "булгоочу төлөйт" (жазапулдар, санкциялар, салыктар) принцибинин негизиндеги механизмдер менен катар жаратылыш комплекстерин сактоонун жаңы усулун - экотутумдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү ишке киргизүү зарыл.
Багыттар:
Өлкөнүн өзгөчөлүктөрүн жана артыкчылыктарын эске алган тиешелүү улуттук саясатты жана артыкчылыктарды кабыл алуу;
Секторалдык стратегиялардын, саясаттын, программалардын, пландардын долбоорлорун стратегиялык экологиялык баалоо механизмдерин киргизүү;
Туруксуз өндүрүштү жана керектөөнү субсидиялоонун ордуна жашыл экономиканын артыкчылыктуу багыттары үчүн субсидияларды бөлүү;
Өндүрүштүн жана керектөөнүн, экологиялык кызмат көрсөтүүлөрдүн жана товарлардын туруктуулугуна дем берген жашыл мамлекеттик сатып алууларды колдоо;
Жашыл технологияларга жана инновацияларга дем берген салык жана тариф реформаларын жүргүзүү, эмгекке салыктын ордуна булгоого жана ресурстардын кемишине салык киргизүү;
Айлана-чөйрөнүн гигиенасы боюнча Аракеттердин улуттук планын жаңылоо;
Кыргызстандын жаратылыш ресурстарынын мониторингин жана эсебин камсыз кылуу;
Таасирдин индикаторлорун (сакталган түрлөрдүн жана түрчөлөрдүн саны, калыбына келтирилген жерлер, тазаланган суулар жана башкалар) эске алуу менен айлана-чөйрөнү калыбына келтирүүгө жана сактоого максаттуу ресурстарды багыттоо;
Туруктуу өнүктүрүү принциптерине ылайык келген жана эркин жана жөнгө салынуучу баалардын ийкем айкашына негизделген жаратылыш ресурстары үчүн баа түзүү тутумун иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
Мамлекеттик каражаттарды жашыл экономика принциптерине шайкеш келген инфраструктураны өнүктүрүүгө жана жаратылыш капиталын калыбына келтирүүгө жана көбөйтүүгө артыкчылыктуу түрдө жумшоо;
Туруктуу мамлекеттик сатып алууларды жана туруктуу сооданы киргизүү аркылуу туруктуу керектөөнү жана өндүрүүнү стимулдаштыруу. Жашыл сатып алуулар - булар айлана-чөйрөгө таасирди минимумга алып келүүчү продуктылар же кызмат көрсөтүүлөр;
Чарбалык иштин натыйжасында экология үчүн зыянды минималдаштыруу менен байланышкан чыгымдардын ордун жабуу үчүн экономикалык өбөлгөлөрдү пайдалануу;
Экологиялык бузуулар үчүн жазапулдар менен санкциялардын жана салык салуунун тутумун стимулдаштыруучу функцияны кайра кароо;
Айлана-чөйрөгө, ошондой эле экологиялык камсыздандыруу тутумуна терс таасири үчүн акынын ставкаларына коэффициенттер тутумун киргизүү;
Акцентти жумушчу күчүнө салыктан булгагандыгы үчүн салыкка которууну болжолдогон "экологиялык" салык салуу тутумун реформалоо;
Өнүктүрүү пландарын негиздүү түзүү жана жүзөгө ашыруу, ошондой эле экологиялык жактан маанилүү чечимдерди кабыл алуу максатында экологиялык маалыматтарды башкарууну жакшыртуу;
Айлана-чөйрөнүн абалынын (атмосфералык абанын, суу, жер ресурстарынын сапаты) мониторингинин мамлекеттик тутумун өнүктүрүү;
Жаратылыш ресурстарын эсепке алууну жана чарбалык иштин алардын абалына таасиринин даражасын баалоону камсыз кылуучу экономикалык көрсөткүчтөрдүн тутумун иштеп чыгуу;
Методологияны адаптациялоо жана өзөктүү жаратылыш ресурстарын экологиялык-экономикалык эсепке алуу тутумун улуттук эсептердин тутумуна киргизүү;
Экономикалык көз караштан алганда бардык потенциалдуу экотутумдук кызмат көрсөтүүлөрдү жана биологиялык ар түрдүүлүктү нарктык баалоону жүргүзүү;
Төмөнкүдөй кызмат көрсөтүүлөрдү - жабдуучу (тамак-аш, суу, токой, чийки зат), жөнгө салуучу (климатка таасир, суу каптоолорго, жаратылыш кырсыктарына контролдук, суу ресурстарынын сапаты жана башкалар), маданий (рекреациялык ресурстар, жаратылыштын табигый жана руханий баалуулуктары) жана колдоочу кызмат көрсөтүүлөрдү (кыртыштын түзүлүшү, фотосинтез, азоттун айлампасы жана башкалар) жана экотутумдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөр тутуму үчүн жергиликтүү схемаларды камтыган экотутумдук кызмат көрсөтүү рыногун өнүктүрүү үчүн ыкмаларды изилдөө жана колдонуу;
Кыргызстандын экономикалык өнүгүшүн пландаштырууга экотутумдук ыкмаларды жана жаратылыш капиталынын эсебин интеграциялоо;
Азыркы жана келечек муктаждыктарды камсыз кылуу максатында экотутумдардын абалын сактоо жана күчөтүү үчүн башкаруунун мамлекеттик жана жергиликтүү деңгээлдеринде экотутумдук башкаруунун түшүнүктөрүн, принциптерин жана эл аралык тажрыйбасын иштеп чыгуу жана киргизүү;
Кыргызстанда жашыл экономиканы киргизүү боюнча максаттарга жетишүү үчүн эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана тиешелүү эл аралык уюмдардын гранттык каражаттарын жана башка жардамын тартуу;
Айлана-чөйрөгө глобалдык кызмат көрсөтүүгө багытталган пилоттук долбоорлорго гранттык жардамды тартуу үчүн "Кыргызстан - жашыл экономиканын өлкөсү" брендин пайдалануу.
7. Биологиялык ар түрдүүлүктү кайтаруу
Табигый экологиялык тутумдарды экологдор "Өмүрдүн фабрикалары" деп аташат, алар климатты жөнгө салуу, жаан-чачындарды түзүү, жаратылыш кырсыктарын кыскартуу, сууну жана абаны тазалоо аркылуу айлана-чөйрөнү түзөт жана анын абалын жөнгө салат. Экологиялык кыймылдардын маалыматтары боюнча, Кыргызстандын аймагы Жер аянтынын 0,03 пайызын түзгөн учурда республикада кургак жер аянтынын 0,13 пайызында дүйнөлүк флоранын түрлөрүнүн болжол менен 2 пайызга жакыны өсөт жана дүйнөлүк фаунанын түрлөрүнүн 3 пайыздан ашыгы жашайт. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын табигый экотутумдары адамдын ишмердигинен келип чыккан аракеттердин айынан биоартүрдүүлүктү жоготуу коркунучу астында турат. Токойлорду контролсуз жана ойлонбостон кыюу токой аянттарынын жана тиешелүү түрдө экотутумдардын аянттарынын кыскарышына алып келүүдө, алар соңку жарым кылымда эки эсе кыскарды. Ошондой эле дарылык жана башка жапайы өскөн өсүмдүктөрдү ысырапкорчулук менен чогултуу, браконьердик аңчылык жана балык уулоо, ошондой эле улам кеңейип жаткан айдоо жерлерге, жолдорго, калктуу конуштарга, тоо-кен өнөр жай ишканаларына, суу сактагычтарга, курорттук-рекреациялык объекттерге жана башкаларга жерлерди бөлүү экотутумдарды бузуп жатат. Соңку 20-30-жылдын ичинде экотутумдардын начарлашына, өсүмдүктөр менен жаныбарлардын көптөгөн түрлөрүнүн жашаган жерлеринин, өлчөмүнүн жана популяциясынын санынын кыскарышына карай ачык тенденция бар. Биоартүрдүүлүккө жана экотутумдук кызмат көрсөтүүлөргө таасир эткен экологиялык факторлордун ичинен Борбордук Азияда климаттын уланып жаткан аридизациясы жана жогорку тилке баса белгиленүүдө. Ушул эки фактор тең биологиялык жамааттарды эптеп жашоо шарттарына алып келүүдө.
Багыттар:
Кыргыз Республикасында экотутумдарды классификациялоонун бирдиктүү тутумун кабыл алуу, алардын абалына кийинки мониторинг үчүн тиешелүү экотутумдар үчүн эталондорду аныктоо;
Айлана-чөйрөнү коргоо жактарында жана аралаш тармактарда тиешелүү мыйзам актыларына "экологиялык тутум" терминин жана аны менен байланышкан түшүнүктөрдү киргизүү;
Өнүктүрүүнүн сектордук пландарына, башкаруунун аймактык пландарына экотутумдук планды киргизүү; индустриялык жана муниципалдык пландаштырууда, жайыт жана башка айыл чарба жерлерин пайдаланууда экотутумдардын жана биоартүрдүүлүктүн баалуулуктарын эске алуу; жайыттарды башкаруу пландарында жана линиялык инфраструктураны курууда миграциянын сезондук зоналарын, тынч зоналарды жана экологиялык коридорлорду эске алуу;
Глобалдык маанидеги биоартүрдүүлүктү сактоо үчүн өзгөчө баалуу экотутумдарды калыбына келтирүү программасын иштеп чыгуу;
Биоартүрдүүлүккө сөзсүз зыян келтирген чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан биоартүрдүүлүктү компенсациялоо (biodiversity offsets) тутумун киргизүү; биоартүрдүүлүккө зыян үчүн компенсациялоо боюнча схемаларга катышуу үчүн жергиликтүү демилгелерди колдоо;
Фармакологиялык, тамак-аш, косметологиялык тармакты өнүктүрүү үчүн өсүмдүк генетикалык чийки затынын баалуулугун баалоо; өзгөчө баалуу иштеп чыгууларды патенттөөнү колдоо;
Малдын санын жана андан соң экотутумдарга жүктү азайтуу максатында токойлорго жана башка баалуу экотутумдарга жакын жашаган айылдык тургундардын бакубат жашоосунун алыскы мал чарбачылыкка альтернативдүү булактарын алга илгерлетүүгө көмөктөшүү; токой аймактарында мал жаюу үчүн сыйымдуулуктун чегин аныктоо;
МТФнын жерлеринен тышкары жакта токой ресурстарын жамааттык башкарууда, токойду калыбына келтирүүдө жана токойду көбөйтүүдө жергиликтүү тургундар үчүн стимулдарды түзүү; жылгаларды жана суулардын сайларын бактардын жана бадалдардын плантациялары менен бекемдөө;
Функцияларды жана штабдарды борбордук органдардан өткөрүп берүү менен айлана-чөйрөнү коргоо маселелерин жергиликтүү башкаруу органдарына берүү; айлана-чөйрөнү коргоо маселелерин өнүктүрүүнүн жергиликтүү пландарына интеграциялоо; айлана-чөйрөнү жамааттык коргоо боюнча жергиликтүү демилгелерди колдоо жана кубаттоо; жергиликтүү деңгээлде чөйрөнүн абалына жамааттык мониторингди киргизүү;
Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын (ӨКЖА) аянтын өлкөнүн жалпы аймагынын 10%на чейин кеңейтүү; ӨКЖА менен байланышкан жергиликтүү туристтик продуктыларды (эко, этно, агро туризм, экстремалдык туризм, альпинизм ж.б., ӨКЖАнын лейблы менен сертификацияланган дыйканчылык ж.б.) алга илгерилетүүгө жергиликтүү жамааттарды тартуу;
Жаратылыш аймактарынын туристтик сыйымдуулугун эске алуу менен туризмдин туруктуу формаларын (эко, агро, этно туризм) өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
Биоартүрдүүлүккө жакын чарбалык иштердин түрлөрү үчүн стимулдар жана субсидиялар; биоартүрдүүлүктү сактоого өзгөчө көңүл буруу менен ГЧПны колдоо;
Жаратылыш чөйрөсүнө пландаштырылган жана пландаштырылбаган зыян үчүн жазалоо тутумун кайра кароо; кыртыштагы жана өсүмдүк кыртышын бузгандыгы, флоранын жана фаунанын баалуу түрлөрүн, өзгөчө эл аралык жана Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген түрлөрүн жок кылгандыгы үчүн жазапулдардын суммасын көбөйтүү;
Жаныбарлардын жоголуп бара жаткан түрлөрү үчүн тоют базасын түзгөн жана эл аралык жана Кыргыз Республикасынын Кызыл Китебине киргизилген айрым жаныбарларды атып алууга толук мараторий киргизүү;
Өлкөгө алып келинүүчү инвазивдик түрлөр (өзгөчө балык, өсүмдүктөрдүн бак, бадал жана чөп түрлөрү) жагынан контролду күчөтүү жана так илимий негиздөө;
Инфраструктура объекттерин курууда биоартүрдүүлүккө өзгөчө көңүл буруу менен чечимдерди кабыл алуу тутумун жана айлана-чөйрөгө таасирди мамлекеттик баалоону (ОВОС) күчөтүү жана түзүмдөштүрүү;
Курулушка жана реконструкцияга байланыштуу чарбалык жана башка чечимдерди даярдоодо жана ишке ашырууда коомдук угуулар жол-жобосу аркылуу коомчулуктун катышуусуна өзгөчө көңүл буруу;
Биоартүрдүүлүктү изилдөө боюнча атайын илимий изилдөөлөргө, экспедицияларга жана башкаларга каражаттарды бөлүү аркылуу илимий потенциалды колдоо; жаратылыш ресурстарын туруктуу пайдалануу үчүн биоартүрдүүлүктүн абалын баалоо боюнча туруктуу мониторингди жүргүзүү зарыл;
Экотутумдарды калыбына келтирүү жана кайтаруу боюнча ишти жүзөгө ашырууда жарандык коомду тартуу жана улуттук изилдөө институттарынын, бизнес жамааттардын, эл аралык уюмдардын жана башка өнөктөрдүн потенциалын пайдалануу;
Туристтик инфраструктуранын базалык компоненттерин модернизациялоо жана аларды эл аралык жана экологиялык стандарттарга шайкеш келтирүү;
Ар бир областтын спецификасын жана колдо болгон туристтик потенциалын эске алуу менен өлкөнүн региондорунда туристтик зоналарды жана жерлерди (айылдар жана калктуу конуштар), потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрдү аныктоо аркылуу, жергиликтүү маданиятты өнүктүрүү жана жергиликтүү экологиялык продукцияны өндүрүү аркылуу ар бир областтын туристтик потенциалын өнүктүрүү;
Жашыл экономика принциптерине ылайык келтирүү, ошондой эле экологиялык тутумдун абалына мониторингдин мүмкүнчүлүктөрүн, экологиялык тутумдун туристтик талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүү жана туристтик багыттарды аныктоо максатында "Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын толуктап иштеп чыгуу. Арсланбаб сейрек кездешүүчү жаңгак токойлорун коргоо жана калыбына келтирүү боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгуу, ал аймактарда айыл чарба иштерине жана үй жаныбарларын жаюуга толук тыюу салуу.
8. Жашыл ой жүгүртүү, жашыл тарбиялоо, жашыл билим берүү
Кыргызстанда жашыл экономиканы ийгиликтүү өнүктүрүү үчүн анын принциптерин жарандар түшүнүшү жана кабыл алышы өтө маанилүү болуп саналат. Биз адамдарыбызда XXI кылымдын өзөктүү жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө тийишпиз - бул жашыл ой жүгүртүү. Ал жаратылыштын опурталдуулугун жана аялуу экендигин адамдар аңдап түшүнүшүнө, ошондой эле жердеги жаратылыш ресурстарынын чектелүүлүгүнө негизделет. Жашыл ой жүгүртүүнү калыптандыруу адам жашаган чөйрөнү жакшыртуу үчүн коомдун жана бизнестин жоопкерчилигин жогорулатуу үчүн маанилүү. Ошондой эле жаратылыштын мыйзамдары менен ынак жашоо зарылчылыгына өсүп келе жаткан муунубузду тарбиялоо жана үйрөтүү керек жана муну түшүнүү кенже курактан тартып адамдын аң-сезимине сиңүүгө, андан соң өнүгүүгө жана бекемделүүгө тийиш. Элде ата-бабаларыбыздын "Бугу-Энеге" - бизди жараткан жаратылышка ыйык мамиле салтын калыбына келтирүү жана өз жерине ойлонбостон керектөөчүлүк мамиле кылуудан арылуу өтө маанилүү.
Багыттар:
Энергиянын натыйжалуулугунун, энергияны ашкере чыгымдоонун, турмуш тиричилик калдыктарынын, абанын жана суунун сапатынын, ызы-чуунун көбөйүшүнүн, транспорттук жүктүн, турак-жайлардын сапатынын маселелери жана башка экологиялык көйгөйлөр боюнча ЖМКда жашыл PRды өнүктүрүү;
Жашыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүүдө 3R принцибин колдонуу - Reduce (Керектөөнү азайт), Reuse (Кайталап пайдалан), Recycle (Кайра иштет);
Жаратылыш менен түздөн-түз байланышуу (экосабактар, экокласстар, экомектептер, экологиялык лагерлер) аркылуу айлана-чөйрөнү изилдөө менен бардык мектепке чейинки, мектеп жана башка билим берүү мекемелеринде экологиялык билимдердин негиздеринин курстарын киргизүү;
Туруктуу өнүктүрүү максатында экологиялык тарбиялоо жана билим берүү жагынан мамлекеттик саясаттын стратегиясын иштеп чыгуу;
Экология, жаратылышты коргоо маселелери жана жашыл экономика боюнча адистерди масштабдуу даярдоо жагынан программаны иштеп чыгуу жана киргизүү;
Жашыл ишкердикти өнүктүрүү боюнча окутуучу программаларды жана жашыл ишкерлерди тарбиялоо боюнча тренингдерди колдоо;
Улуттук эпостордо, дастандарда, уламыштарда жана кыргыз жазуучуларынын ар түрдүү чыгармаларында чагылдырылган, адамдардын жаратылышка, өсүмдүк жана жаныбарлар дүйнөсүнө аяр мамилени тарбиялаган жаратылышты пайдалануудагы элдик салттуу билимдерди калыбына келтирүү жана каныктыруу;
Экологиялык билим берүү билим берүү тутумунун түзүмүндө негиздердин бири болуп калууга жана алдыңкы оорунду ээлөөгө тийиш;
Өзгөчө корголуучу аймактардын базасында калк менен иштөөгө багытталган экологиялык маалыматтык-агартуу борборлорун уюштуруу;
Биоартүрдүүлүктү сактоо маселелери боюнча илимий-популярдык адабиятты басып чыгаруу, биоресурстар жана биоартүрдүүлүк боюнча ар жылдык баяндамаларды жарыялоо, Кыргыз Республикасынын биоартүрдүүлүгүнүн спецификасын эске алуу менен мектеп жана ЖОЖ окуу куралдарын чыгаруу.
9. Жашыл инвестициялар жана жашыл экономиканы алга илгерилетүү үчүн туруктуу финансылоо
Кыргызстан 2030-жылга чейинки мезгилде туруктуу өнүктүрүү жагынан Күн тартибинин катышуучусу болуп саналат жана ушуга байланыштуу республиканын экономикасын туруктуу өнүктүрүүгө жашыл инвестицияларды тартууну түшүнүү маанилүү. Жашыл экономикада калктын иш менен камсыз кылынышынын жана кирешелеринин өсүшү мамлекеттик гана эмес, ошондой эле ресурстар менен энергияны натыйжалуу пайдаланууну жогорулатууга багытталган жеке инвестициялар менен камсыз кылынат. Мындай инвестицияларды жашыл инвестицияларды тартуунун жаңы стимулдаштыруучу механизмдерин жана финансылык жөнгө салуу жагынан максаттуу реформаларды киргизүүнүн жардамы менен стимулдаштыруу жана колдоо зарыл. Жашыл экономиканын принциптерине шайкеш келген жогорку технологиялардын болушу менен өлкөгө инвестицияларды тартуу үчүн күч аракеттерди жумшоо маанилүү.
Багыттар:
Мурда ири өндүрүштүк ишканалар жайгашкан өнөр жай объекттеринде өндүрүштү кайрадан калыбына келтирүү үчүн жашыл инвестицияларды жана алдыңкы менеджментти тартуу;
Зарыл өндүрүштүк инфраструктураны (темир жолдор, автомобиль жолдору, суу жана электр менен камсыз кылуу) реконструкциялоо жана курууну камсыз кылуу;
Энергиянын кайталанма булактарын пайдалануу технологиясындагы жашыл инвестициялар;
Жогорку - технологиялуу жана ресурс жактан натыйжалуу жабдууларды орнотууга, энергияны үнөмдөөчү курулушка жашыл инвестициялар;
Экологиялык жактан таза технологияларга жана сугаруунун ирригациялык тутумуна жашыл инвестициялар;
Жеңилдетилген жашыл каржылоонун негизги глобалдуу булактарына (Глобалдуу Экологиялык фонд, Жашыл климаттык фонд ж.б.) жеткиликтүүлүктү камсыздоо;
Калктын жашыл банктык, камсыздандыруу жана финансылык кызмат көрсөтүүлөрүнө жеткиликтүүлүгүнө дем берүү жана кеңейтүү боюнча улуттук финансы мекемелеринин мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоо максатында глобалдык экономикалык финансы ресурстарын пайдалануу процесстерине банк секторлорун, МФУну жана инвестициялык фонддорду тартуу;
Кыргыз Республикасынын экономикасын жашыл жана социалдык-ата-мекендик каржылоо максатында финансы жана жеке/реалдуу сектордо туруктуу каржылоо принциптерин жана механизмдерин киргизүү;
Туруктуу каржылоо, туруктуу каржылоо принциптерин жана инструменттерин иштеп чыгуу жөнүндө экономикалык процесстердин бардык катышуучуларынын кабардар болуусун жайылтуу жана жакшыртуу.
10. Жашыл экономика үчүн индикаторлор
Жашыл экономикага өтүү процессинин прогрессин жана мониторингин баалоо үчүн индикаторлор иштелип чыгууга тийиш. ЮНЕП, ОЭСР жана башка эл аралык уюмдар өздөрүнүн көрсөткүчтөрүн жана индикаторлорун эчак эле сунушташкан. Индикаторлор жана критерийлер прогрессти баалоо үчүн гана эмес ошондой эле улуттук саясаттын артыкчылыктарын түзүү, жашыл технологияларды тандоону кошуп алганда күчтөрдү жана башка милдеттерди мобилизациялоо үчүн да зарыл. Мисалы, ЮНЕП жашыл экономиканын көрсөткүчтөрүнүн үстүндө иштөө үчүн төмөнкүдөй 3 негизги багытты аныктаган:
Экономиканы кайра түзүүнүн көрсөткүчтөрүн (мисалы, инвестициядагы өзгөрүү: ЭКБга инвестициялар, коомдук транспорт, ж.б.);
Ресурстарды (материалдарды, энергияны, сууну, жерди ИДПнын жалпы же жан башына эсептеп чыгарылган продукциялардын бирдигине карата) натыйжалуу пайдалануунун көрсөткүчтөрү;
Прогресстин жана байгерлик турмуштун (билим берүү, ден соолук, социалдык коргоо тутуму ж.б.) көрсөткүчтөрү;
ОЭСР социалдык-экономикалык параметрлерди, жаратылыш ресурстарын пайдалануунун продуктивдүүлүгүн, экологиялык иштерди жана башка аракеттерди баалоону кошуп алганда жашыл өсүү индикаторлорунун тутумун иштеп чыккан.
Ошондой эле аларды талдоо жана Кыргызстандын шарттарына көндүрүү зарыл.
Корутунду
Улуу жазуучу Чынгыз Айтматов өз замандаштарын мындай сөздөр менен эскерткен: "Жаратылыш биз үчүн укуксуз жана үн-сөзсүз кул, бирок эртеби же кечпи ал кул башын көтөрөт", андыктан ал өз өлүмү аркылуу баш көтөргөндүктөн биз, жаратылыш булгоочулары, өлүккө айланган жер үстү менен көк асмандын ортосунда тентийбиз, бирок анда кеч болуп калат...". Азыркы Кыргызстандык жаш муундун ыйык парзы - акылман аксакалдын кайрылуусуна кулак төшөп жана Жаратылыш - энебизге анын үстүндө жашаган замандаштарга жана жаш муундарына айткан эскерүүсүнүн аткарылышына көңүл буруубуз зарыл.
Кайталангыс жаратылышты жана биоартүрдүүлүктү сактоого, адамдардын ден соолугунун чың, байгерлик жашоосун болтурууга жана Кыргызстанда жашыл экономика принциптерин иш жүзүнө киргизүү аркылуу аларды бактылуу кылууга Кыргызстандын жаш муунунда мүмкүнчүлүк бар. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасындагы жашыл экономиканын ушул концепциясынын жоболору жана багыттары иштелип чыгылуучу стратегиялык документтердин, анын ичинде 2040-жылга чейинки мезгилге карата Кыргыз Республикасын Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын маанилүү бир бөлүгү болуп калууга жана өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиялык жашыл документтерине алып келүүгө тийиш.
Чогулган көйгөйлөрдү бир саатта чечип коюуга болбойт. Жакынкы жылдары Кыргызстанды глобалдык, регионалдык жана локалдык жаратылыш чакырыктары күтүп турат. Андыктан элдин, Жогорку Кеңештин жана Өкмөттүн алдында жашыл өсүүгө жетүү үчүн улуттук экономиканы комплекстүү экологиялык модернизациялоо боюнча алдыда алгылыктуу милдеттер турат. Жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча Кыргызстанда жасалган аракеттерди эл аралык уюмдардын жана фонддордун атынан эл аралык коомдоштук жандуу колдоп жатат.
Жашыл экономиканы өнүктүрүүнүн башкы максаты - бул республикада туруктуу социалдык-экономикалык өсүүгө жетишүү. Ошондой болгондо гана азыркы муун кийинки урпактар үчүн таза Кыргызстанды, таза жаратылышты, таза тоолорду жана өрөөндөрдү, таза сууларды жана көлдөрдү калтыра алат. Бул дүйнөнүн туруктуу өсүүсүнө жана жаратылышынын сакталышына Кыргызстандын кошкон салымы болот.