Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-ноябры № 207
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Кара-Суу, Ноокат, Кара-Кулжа, Чоң-Алай, Өзгөн, Москва, Жайыл, Балыкчы, Токтогул жана Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Кара-Суу, Ноокат, Кара-Кулжа, Чоң-Алай, Өзгөн, Москва, Жайыл, Балыкчы, Токтогул жана Нарын аймактык шайлоо комиссиялар жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 14-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу, Ноокат, Кара-Кулжа, Чоң-Алай, Өзгөн, Москва, Жайыл, Балыкчы, Токтогул жана Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды 2-тиркемеде көрсөтүлгөн шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиянын жетектөөчү органы тарабынан сунушталган саясий партиянын тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
3. Кара-Суу, Ноокат, Кара-Кулжа, Чоң-Алай, Өзгөн, Москва, Балыкчы, Токтогул жана Нарын аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 13-ноябрындагы № 207 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Ош облусу | ||||
Кара-Суу району | ||||
1 | Ак-Таш айылдык | Дооранов Абдуула Абдырайымович | Өз арызы, депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | № 26, 01.11.2018-ж. |
Ноокат району | ||||
2 | Бел айылдык | Ураимов Медербек Абдикаарович | Өз арызы, депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | № 9, 30.10.2018-ж. |
Кара-Кулжа району | ||||
3 | Кара-Кулжа айылдык | Мойдунова Айсулуу Мамасадыковна | Өз арызы, депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | № 11, 01.11.2018-ж. |
Чоң-Алай району | ||||
4 | Жекенди айылдык | Омурзаков Абылкасым Катанович | Буйруктун негизинде, депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | № 7, 02.11.2018-ж. |
Өзгөн району | ||||
5 | Ийри-Суу айылдык | Асанбеков Мирбек Шабданбекович | Өз арызы | № 13, 05.11.2018-ж. |
Чүй облусу | ||||
Москва району | ||||
6 | Петровка айылдык | Уразбакиева Жылдыз Шериковна | Өз арызы, депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | № 5, 28.10.2018-ж. |
7 | Биринчи май айылдык | Суеркулов Мирлан Казыбекович | Өз арызы |
|
Жайыл району | ||||
8 | Сары-Коо айылдык | Баков Айбек Калыгулович | Өз арызы, депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | № 11, 31.10.2018-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Балыкчы шаары | ||||
9 | Балыкчы шаардык | Мукамбетжусупов Чынтемир Мукамбетжусупович ("Республика Ата-Журт" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 20, 01.11.2018-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Токтогул району | ||||
10 | Ничке-Сай айылдык | Тиленбаева Тотуя Мамбетжановна | Өз арызы, депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | № 19, 31.10.2018-ж. |
Нарын облусу | ||||
Нарын шаары | ||||
11 | Нарын шаардык | Исаков Талантбек Омурович ("Өнүгүү-Прогресс" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 4, 31.10.2018-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 13-ноябрындагы № 207 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Ош облусу | ||||
Кара-Суу району | ||||
1 | Ак-Таш айылдык | Кудайбердиев Асилбек Баардинович | Убактылуу иштебейт | № 26, 01.11.2018-ж. |
Ноокат району | ||||
2 | Бел айылдык | Абдивали уулу Үсөн | Дыйкан чарба | № 9, 30.10.2018-ж. |
Кара-Кулжа району | ||||
3 | Кара-Кулжа айылдык | Камчыбеков Асхат Абжапарович | Райондук суу чарба башкармалыгы, завхоз | № 12, 01.11.2018-ж. |
Чоң-Алай району | ||||
4 | Жекенди айылдык | Садыкбаев Жумаш Тургуналиевич | Дыйкан чарба | № 8, 02.11.2018-ж. |
Өзгөн району | ||||
5 | Ийри-Суу айылдык | Исманов Надырбек Маматкадырович | Жеке чарба | № 14, 05.11.2018-ж. |
Чүй облусу | ||||
Москва району | ||||
6 | Петровка айылдык | Каракотов Самит Борисович | Дыйкан чарба | № 5, 28.10.2018-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Балыкчы шаары | ||||
7 | Балыкчы шаардык | Ибраев Жениш Маратович ("Республика-Ата Журт" деп. фракциясы) | Убактылуу иштебейт | № 20, 01.11.2018-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Токтогул району | ||||
8 | Ничке-Сай айылдык | Амирдинов Роламин Абазович | Дыйкан чарба | № 19, 31.10.2018-ж. |
Нарын облусу | ||||
Нарын шаары | ||||
9 | Нарын шаардык | Өмүрканов Азамат Аскарбекович ("Өнүгүү-Прогресс" деп. фракциясы) | Нарын аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо башкармасы, жетектөөчү адис | № 4, 31.10.2018-ж. |