Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-ноябры № 210
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Бакай-Ата, Токтогул, Ак-Суу, Ысык-Көл жана Жайыл аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Бакай-Ата, Токтогул, Ак-Суу жана Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиялар жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, ошондой эле Бакай-Ата, Токтогул, Ак-Суу, Ысык-Көл жана Жайыл аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 14-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бакай-Ата, Токтогул, Ак-Суу жана Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды 2-тиркемеде көрсөтүлгөн шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиянын жетектөөчү органы тарабынан сунушталган саясий партиянын тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
3. Бакай-Ата, Токтогул, Ак-Суу, Ысык-Көл жана Жайыл аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 20-ноябрындагы № 210 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Талас облусу | ||||
Бакай-Ата району | ||||
1 | Миң-Булак айылдык | Сеитов Сабырбек Бейшеналиевич | Өз арызы, депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | № 17, 06.11.2018-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Токтогул району | ||||
2 | Токтогул шаардык | Мейманжанов Султангазы Мамбетказиевич ("Өнүгүү-Прогресс" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 20, 12.11.2018-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Ак-Суу району | ||||
3 | Отрадное айылдык | Закиярев Абай Эсеевич | Өз арызы, депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | № 14, 13.11.2018-ж. |
Ысык-Көл району | ||||
4 | Кумбел айылдык | Бекмырза уулу Алыбай | Өз арызы | № 13, 15.11.2018-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 20-ноябрындагы № 210 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Талас облусу | ||||
Бакай-Ата району | ||||
1 | Миң-Булак айылдык | Турдубаев Шайсалы Алашович | Дыйкан чарба | № 17, 06.11.2018-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Токтогул району | ||||
2 | Токтогул шаардык | Абышов Сулайманкул (деп. фракция "Өнүгүү-Прогресс") | Убактылуу иштебейт | № 21, 12.11.2018-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Ак-Суу району | ||||
3 | Отрадное айылдык | Карымшаков Сабатар Женишбекович | Дыйкан чарба | № 15, 13.11.2018-ж. |
Ысык-Көл району | ||||
4 | Кумбел айылдык | Мадинов Нурбосун Эдресович | Убактылуу иштебейт | № 13, 15.11.2018-ж. |
Чүй облусу | ||||
Жайыл району | ||||
5 | Сары-Коо айылдык | Табалды кызы Лаззат | Убактылуу иштебейт | № 12, 14.11.2018-ж. |