Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-ноябры № 212
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Бакай-Ата, Ала-Бука, Кадамжай, Кочкор, Ысык-Көл жана Чүй аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Бакай-Ата, Ала-Бука, Кадамжай, Кочкор жана Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиялар жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, ошондой эле Бакай-Ата, Ала-Бука, Кадамжай, Кочкор, Ысык-Көл жана Чүй аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 14-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бакай-Ата, Ала-Бука, Кадамжай, Кочкор жана Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды 2-тиркемеде көрсөтүлгөн шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
3. Бакай-Ата, Ала-Бука, Кадамжай, Кочкор, Ысык-Көл жана Чүй аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М.Конурбаевге жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары |
| А.Бекматов |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 212 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Талас облусу | ||||
Бакай-Ата району | ||||
1 | Ак-Дөбө айылдык | Оморканов Эрнис Макелович | Өз арызы, депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | № 18, 19.11.2018-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Ала-Бука району | ||||
2 | Өрүктү айылдык | Усенбаева Нурила Жуманазаровна | Өз арызы, депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | № 9, 20.11.2018-ж. |
Баткен облусу | ||||
Кадамжай району | ||||
3 | Халмион айылдык | Кудайкулов Туголбай Дооронович | Өз арызы, депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | № 15, 13.11.2018-ж. |
4 | Котормо айылдык | Акимов Бактыбек Эшмаматович | Өз арызы, депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | |
5 | "А.Масалиев" айылдык | Жусупбекова Гульнара Ташмаматовна | Өз арызы |
|
Нарын облусу | ||||
Кочкор району | ||||
6 | Кум-Дөбө айылдык | Токушов Эркинбек Мунулукович | Өз арызы, депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | № 11, 15.11.2018-ж. |
7 | Кош-Дөбө айылдык | Бакиров Нурлан Акимгазиевич | Өз арызы, депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | |
Ысык-Көл облусу | ||||
Ысык-Көл району | ||||
8 | Садыр-Аке айылдык | Кадыркулов Жолочу Мукашевич | Депутатка карата соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргендигине байланыштуу | № 9, 16.11.2018-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 212 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Талас облусу | ||||
Бакай-Ата району | ||||
1 | Ак-Дөбө айылдык | Нурманбетов Кубан Сагынбаевич | Дыйкан чарба | № 18, 19.11.2018-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Ала-Бука району | ||||
2 | Өрүктү айылдык | Сманов Сыргак Кахарович | "Фулд Голд Майнинг" ЖЧК, Батыш участкасынын жетекчисинин орун басары | № 10, 20.11.2018-ж. |
Баткен облусу | ||||
Кадамжай району | ||||
3 | Халмион айылдык | Балтабаев Мурзимар Койчуевич | Убактылуу иштебейт | № 16, 19.11.2018-ж. |
4 | Котормо айылдык | Паизов Эркин Алижанович | Убактылуу иштебейт | |
5 | "А.Масалиев" айылдык | Маматкулов Акрам Жамшидович | "Үчкоргон ПМК" ААК, механик | |
Нарын облусу | ||||
Кочкор району | ||||
6 | Кум-Дөбө айылдык | Абдырасулов Улукбек Черикчиевич | Дыйкан чарба | № 12, 16.11.2018-ж. |
7 | Кош-Дөбө айылдык | Сыдыков Алтынбек Абылгазиевич | Дыйкан чарба | |
Ысык-Көл облусу | ||||
Ысык-Көл району | ||||
8 | Садыр-Аке айылдык | Карабеков Нарынбек Ишенгазиевич | Фермердик чарба | № 14, 22.11.2018-ж. |
Чүй облусу | ||||
Чүй району | ||||
9 | Ак-Бешим айылдык | Мамедов Шахым Ахмедович | Фермердик чарба | № 11, 21.11.2018 г. |