Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-ноябры № 216
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Аксы, Ысык-Ата, Кемин, Ак-Талаа жана Жумгал аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Аксы, Ысык-Ата, Кемин, Ак-Талаа жана Жумгал аймактык шайлоо комиссиялар жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аксы, Ысык-Ата, Кемин, Ак-Талаа жана Жумгал аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды 2-тиркемеде көрсөтүлгөн шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 30-ноябрындагы № 216 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Жалал-Абад облусу | ||||
Аксы району | ||||
1 | Кара-Жыгач айылдык | Сапарбаев Байгазы Чымырович | Өз арызы | № 13, 23.11.2018-ж. |
Чүй облусу | ||||
Ысык-Ата району | ||||
2 | Люксембург айылдык | Павловская Татьяна Николаевна | Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоо үчүн чыгып кетиши | № 6, 23.11.2018-ж. |
3 | Шайылдабеков Канат Муратбекович | Каза болгондугуна байланыштуу | № 8, 23.11.2018-ж. | |
4 | Логвиненко айылдык | Кузнецова Светлана Александровна | Өз арызы | № 10, 23.11.2018-ж. |
Кемин району | ||||
5 | Кара-Булак айылдык | Чоткараев Максат Ишембекович | Өз арызы, депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | № 18, 27.11.2018-ж. |
Нарын облусу | ||||
Ак-Талаа району | ||||
6 | Ак-Талаа айылдык | Макеева Айгул Касымовна | Өз арызы, депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | № 8, 20.11.2018-ж. |
Жумгал району | ||||
7 | Чоң-Дөбө айылдык | Абакиров Атаназ Алтымышович | Каза болгондугуна байланыштуу | № 29, 28.11.2018-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 30-ноябрындагы № 216 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Жалал-Абад облусу | ||||
Аксы району | ||||
1 | Кара-Жыгач айылдык | Дооран уулу Турдакун | Убактылуу иштебейт | № 14, 23.11.2018-ж. |
Чүй облусу | ||||
Ысык-Ата району | ||||
2 | Люксембург айылдык | Казыбаев Айбек Усонович | Убактылуу иштебейт | № 5, 23.11.2018-ж. |
3 | Зайнуллаев Көлбай Тумарбекович | "Түндүкэлектро" ААК, инспектор | № 7, 23.11.2018-ж. | |
4 | Логвиненко айылдык | Коджаев Рамиль Рашидович | "Милана" айыл чарбасынын башчысы | № 9, 23.11.2018-ж. |
Кемин району | ||||
5 | Кара-Булак айылдык | Кулушев Азамат Рыскулович | Чач тарач | № 19, 27.11.2018-ж. |
Нарын облусу | ||||
Ак-Талаа району | ||||
6 | Ак-Талаа айылдык | Дүйшөмбиев Кылычбек Илиясович | Нарын облусунун айлана-чөйрөнү коргоо департамент, егерь | № 8/1, 20.11.2018-ж. |
Жумгал району | ||||
7 | Чоң-Дөбө айылдык | Имашова Чолпон Усенбековна | Бала бакча, медайым | № 29, 28.11.2018-ж. |