Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-декабры № 220
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Ысык-Көл, Жети-Өгүз, Кемин, Чүй, Манас, Өзгөн жана Лейлек аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Ысык-Көл, Жети-Өгүз, Кемин, Чүй, Манас, Өзгөн жана Лейлек аймактык шайлоо комиссиялар жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көл, Жети-Өгүз, Кемин, Чүй, Манас, Өзгөн жана Лейлек аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды 2-тиркемеде көрсөтүлгөн шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиянын жетектөөчү органы тарабынан сунушталган саясий партиянын тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 11-декабрындагы № 220 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Ысык-Көл облусу | ||||
Ысык-Көл району | ||||
1 | Чолпон-Ата шаардык | Сарбагышев Талант Кыдыргазиевич ("Табылга" деп. фракциясы) | Өз арызы, депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | № 15, 03.12.2018-ж. |
Жети-Өгүз району | ||||
2 | Тамга айылдык | Маматов Улан Муратбекович | Өз арызы | № 9, 11.12.2018-ж. |
Чүй облусу | ||||
Кемин району | ||||
3 | Боролдой айылдык | Бейшеналиева Нургуль Орозбековна | Өз арызы, депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | № 20, 29.11.2018-ж. |
Чүй району | ||||
4 | Кегети айылдык | Абдылдаев Урмат Туратбекович | Каза болгондугуна байланыштуу | № 9, 06.11.2018-ж. |
5 | Сайлык айылдык | Ысыкжанов Болотбек Шералиевич | Өз арызы, депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | |
6 | Бурана айылдык | Комурчиев Нурлан Сагынбекович | Өз арызы, депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | |
Талас облусу | ||||
Манас району | ||||
7 | Кыргызстан айылдык | Джонотбаев Бекболот Джуманалиевич | Каза болгондугуна байланыштуу | № 6, 03.12.2018-ж. |
Ош облусу | ||||
Өзгөн району | ||||
8 | Кароол айылдык | Жээнбеков Токтобек | Каза болгондугуна байланыштуу | № 15, 05.12.2018-ж. |
9 | Көлдүк айылдык | Аалыев Кенжебек Курманкулович | Өз арызы | |
Баткен облусу | ||||
Лейлек району | ||||
10 | Жаңы-Жер айылдык | Баянов Кубанычбек Абдусаламович | Каза болгондугуна байланыштуу | № 12, 07.12.2018-ж. |
11 | Тогуз-Булак айылдык | Разыков Умарали Набиевич | Өз арызы, депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 11-декабрындагы № 220 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Ысык-Көл облусу | ||||
Ысык-Көл району | ||||
1 | Чолпон-Ата шаардык | Суербашев Тынчтыкбек Абдыталыпович ("Табылга" деп. фракциясы) | Убактылуу иштебейт | № 15, 03.12.2018-ж. |
Жети-Өгүз району | ||||
2 | Тамга айылдык | Тентимишев Изат Жеткинович | Дыйкан чарба | № 9, 11.12.2018-ж. |
Чүй облусу | ||||
Кемин району | ||||
3 | Боролдой айылдык | Токоноев Урмат Шаршеналиевич | Фермер | № 21, 29.11.2018-ж. |
Чүй району | ||||
4 | Кегети айылдык | Чечебаев Эдил Эмильевич | Фермер | № 9, 06.11.2018-ж. |
5 | Сайлык айылдык | Стамбеков Талайбек Женышбекович | Колледж, юрист | |
6 | Бурана айылдык | Ниязалиев Анарбек Жакшылыкович | ЖЧК "Ак-Кеме-Рахман", директордун орун басары | |
Талас облусу | ||||
Манас району | ||||
7 | Кыргызстан айылдык | Султанов Анвар Амирович | Дыйкан чарба башчысы | № 7, 06.12.2018-ж. |
Ош облусу | ||||
Өзгөн району | ||||
8 | Кароол айылдык | Калматов Сатывалды Арапбаевич | Убактылуу иштебейт | № 16, 05.12.2018-ж. |
9 | Көлдүк айылдык | Нурали уулу Алманбет | Убактылуу иштебейт |
|
Баткен облусу | ||||
Лейлек району | ||||
10 | Жаңы-Жер айылдык | Салимбеков Кенжебек Салимбекович | АРИС эксперт | № 12, 07.12.2018-ж. |