Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-декабры № 224
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Ат-Башы, Нарын, Нарын шаардык, Аламүдүн, Москва, Жети-Өгүз, Талас шаардык, Аксы, Сузак жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Ат-Башы, Нарын, Нарын шаардык, Аламүдүн, Москва, Жети-Өгүз, Талас шаардык, Аксы, Сузак жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы, Нарын, Нарын шаардык, Аламүдүн, Москва, Жети-Өгүз, Талас шаардык, Аксы, Сузак жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, 2-тиркемеде көрсөтүлгөн "Кыргызстан коммунисттеринин партиясы" саясий партиясынын катталган талапкерлеринин тизмесинен чыгаруу жана 3-тиркемеде көрсөтүлгөн бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 24-декабрындагы № 224 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Нарын облусу | ||||
Ат-Башы району | ||||
1 | Ак-Жар айылдык | Ашырбеков Нурбек Сайырович | Өз арызы | № 20, 29.11.2018-ж. |
Нарын району | ||||
2 | Казан-Куйган айылдык | Ибраимбеков Марсбек Дүйшенбекович | Каза болгондугуна байланыштуу | № 14, 12.12.2018-ж. |
Нарын шаары | ||||
3 | Нарын шаардык | Асанова Динара Иманакуновна ("Кыргызстан" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 5, 18.12.2018-ж. |
Чүй облусу | ||||
Аламүдүн району | ||||
4 | Төмөнкү Ала-Арча айылдык | Сияев Адылбек Монолдорович | Каза болгондугуна байланыштуу | № 12, 07.12.2018-ж. |
Москва району | ||||
5 | Беш-Терек айылдык | Раев Марлис Турусбекович | Айыл өкмөт башчылыгына шайлангандыгына байланыштуу | № 7, 18.12.2018-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Жети-Өгүз району | ||||
6 | Жаргылчак айылдык | Эламанов Туратбек Эркебаевич | Өз арызы | № 10, 11.12.2018-ж. |
Талас облусу | ||||
Талас шаары | ||||
7 | Талас шаардык | Байзаков Нурусланбек ("Айкөл" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 5, 17.12.2018-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Аксы району | ||||
8 | Ак-Суу айылдык | Мамытов Канжарбек Шамшарбекович | Өз арызы | № 15, 17.12.2018-ж. |
Сузак району | ||||
9 | Көк-Жаңгак шаардык | Темирбаев Максат Нурланбекович ("Кыргызстан коммунисттеринин партиясы" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 18, 20.12.2018-ж. |
Ош облусу | ||||
Өзгөн району | ||||
10 | Зергер айылдык | Анарбаев Мухтарали Айтбаевич | Каза болгондугуна байланыштуу | № 18, 18.12.2018-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 24-декабрындагы № 224 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына саясий партиялардын катталган талапкерлеринин тизмесинен чыгарылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А. | Негиз | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечими |
Жалал-Абад облусу | ||||
Сузак району | ||||
1 | Көк-Жаңгак шаардык | Мурзаканова Миргүл Исмаиловна(№ 10), ("Кыргызстан коммунисттеринин партиясы" деп. фракциясы) | Өзүнүн арызы | № 19, 20.12.2018-ж. |
2 | Көк-Жаңгак шаардык | Асилбеков Нурлан Макенович (№ 11), ("Кыргызстан коммунисттеринин партиясы" деп. фракциясы) | Өзүнүн арызы | № 19, 20.12.2018-ж. |
3 | Көк-Жаңгак шаардык | Орозов Сапарбек Калмаматович (№ 12), ("Кыргызстан коммунисттеринин партиясы" деп. фракциясы) | Өзүнүн арызы | № 19, 20.12.2018-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 24-декабрындагы № 224 токтомунун 3-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Нарын облусу | ||||
Ат-Башы району | ||||
1 | Ак-Жар айылдык | Кыргызбаев Адылбек Өмүракунович | № 45 ӨККБ айдоочу | № 21, 10.12.2018-ж. |
Нарын району | ||||
2 | Казан-Куйган айылдык | Чебулдиева Нарынкүл Алтымышовна | Айылдык маданият үйү уюштуруучу | № 14, 12.12.2018-ж. |
Нарын шаары | ||||
3 | Нарын шаардык | Бердикожоева Анара Кадыровна ("Кыргызстан" деп. фракциясы) | "Саламаттык сактоо боюнча Ага Хан кызматы" коомдук фонду -менеджер | № 5, 18.12.2018-ж. |
Чүй облусу | ||||
Аламүдүн району | ||||
4 | Төмөнкү Ала-Арча айылдык | Акаев Суеркул Султанович | Айылдык китепкана башчысы | № 12, 07.12.2018-ж. |
Москва району | ||||
5 | Беш-Терек айылдык | Сулайманов Сайдали | "Дастан" дыйкан чарбасынын башчысы. | № 7, 18.12.2018-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Жети-Өгүз району | ||||
6 | Жаргылчак айылдык | Асанбаев Алгабас Токторбекович | Жайыт комитетинин төрагасы | № 10, 11.12.2018-ж. |
Талас облусу | ||||
Талас шаары | ||||
7 | Талас шаардык | Ибрагимов Нурлан Саатбекович ("Айкөл" деп. фракциясы) | Убактылуу иштебейт | № 5, 17.12.2018-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Аксы району | ||||
8 | Ак-Суу айылдык | Добулбеков Малабай Садыралиевич | Убактылуу иштебейт | № 15, 17.12.2018-ж. |
Сузак району | ||||
9 | Көк-Жаңгак шаардык | Кожобекова Гүлшаир Кадырбековна ("Кыргызстан коммунисттеринин партиясы" деп. фракциясы) | Көк-Жаңгак шаардык билим берүү бөлүмү, башкы эсепчи | № 19, 20.12.2018-ж. |
Ош облусу | ||||
Өзгөн району | ||||
10 | Зергер айылдык | Ибраимов Темирбек Ибраимович | ОАО РСК Банк -юрист | № 19, 18.12.2018-ж. |