Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-декабры № 229
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Чүй, Каракол, Кара-Суу, Ноокат жана Лейлек аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Чүй, Каракол, Кара-Суу, Ноокат жана Лейлек аймактык шайлоо комиссиялар жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй, Каракол, Кара-Суу, Ноокат жана Лейлек аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, 2-тиркемеде көрсөтүлгөн "Кыргызстан социал-демократиялык партиясы" саясий партиясынын катталган талапкерлеринин тизмесинен чыгаруу жана 3-тиркемеде көрсөтүлгөн бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 31-декабрындагы № 229 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Ысык-Көл облусу | ||||
Каракол району | ||||
1 | Каракол шаардык | Осконбаев Сеит Садырович ("Республика Ата-Журт" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 4, 25.12.2018-ж. |
Ош облусу | ||||
Кара-Суу району | ||||
2 | Кашкар-Кыштак айылдык | Ахмаджанов Кахраман Рахманович | Соттолгондугуна байланыштуу | № 29, 25.12.2018-ж. |
Ноокат району | ||||
3 | Гулистан айылдык | Алимбеков Акбарали | Каза болгондугуна байланыштуу | № 10, 19.12.2018-ж. |
4 | Гулистан айылдык | Оринов Дилшодбек Равшанбекович | Өз арызы | № 10, 19.12.2018-ж. |
5 | Төөлөс айылдык | Нишанов Медетбек Рахматиллаевич | Башка ишке өткөндүктөн | № 10, 19.12.2018-ж. |
6 | Ноокат шаардык | Абдувахидов Махмуджон Шакирович ("СДПК" деп. фракциясы) | Муниципалдык кызматка өткөндүгүнө байланыштуу | № 10/1, 19.12.2018-ж. |
7 | Ноокат шаардык | Жалалов Кадыр ("СДПК" деп. фракциясы) | Каза болгондугуна байланыштуу | № 10/1, 19.12.2018-ж. |
Баткен облусу | ||||
Лейлек району | ||||
8 | Лейлек айылдык | Жолдошов Имаралы Айдарович | Өз арызы, муниципалдык кызматка өткөндүгүнө байланыштуу | № 14, 26.12.2018-ж. |
9 | Лейлек айылдык | Осмонов Тологон | Өз арызы | № 13, 24.12.2018-ж. |
10 | Лейлек айылдык | Акбаров Касым Умарбекович | Өз арызы | № 13, 24.12.2018-ж. |
11 | Жаңы-Жер айылдык | Калмурзаев Темирбай Жолболдуевич | Өз арызы | № 13, 24.12.2018-ж. |
Чүй облусу | ||||
Чүй району | ||||
12 | Кош-Коргон айылдык | Аппасов Данил Алымбекович | Өз арызы | № 13, 21.12.2018-ж. |
13 | Кош-Коргон айылдык | Абдразаков Кубанычбек Асанович | Өз арызы | № 13, 21.12.2018-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 31-декабрындагы № 229 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына саясий партиялардын катталган талапкерлеринин тизмесинен чыгарылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А. | Негиз | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечими |
Ош облусу | ||||
Ноокат району | ||||
1 | Ноокат шаардык | Толипов Абдилбоки Астанкулович (№ 13), ("СДПК" деп. фракциясы) | Өзүнүн арызы | № 10/1, 19.12.2018-ж. |
2 | Ноокат шаардык | Мирбабаева Шаирахон Миркасимовна (№ 15), ("СДПК" деп. фракциясы) | Өзүнүн арызы | № 10/1, 19.12.2018-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 31-декабрындагы № 229 токтомунун 3-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Ысык-Көл облусу | ||||
Каракол району | ||||
1 | Каракол шаардык | Иманалиева Дилнара Малдышевна ("Республика Ата-Журт" деп. фракциясы) | Жеке ишкер | № 4, 25.12.2018-ж. |
Ош облусу | ||||
Кара-Суу району | ||||
2 | Кашкар-Кыштак айылдык | Умарова Рузихан Махсуталиевна | "Хает-Бахш" ИСКАКБсы, кассир | № 29, 25.12.2018-ж. |
Ноокат району | ||||
3 | Гулистан айылдык | Мамитов Мухаммадазиз Мухамадусупович | Хужамов атындагы орто мектеби, информатика мугалими | № 10, 19.12.2018-ж. |
4 | Гулистан айылдык | Жалолов Шахобидин Абдырахмонович | Дыйкан чарба бухгалтери | № 10, 19.12.2018-ж. |
5 | Төөлөс айылдык | Калмурзаев Абдунасир Калыевич | У.Салиева атындагы орто мектеби, дене тарбия мугалими | № 10, 19.12.2018-ж. |
6 | Ноокат шаардык | Дадажанов Махмуджан Хамидович ("СДПК" деп. фракциясы) | "Хамиджан" дыйкан чарбасынын мүчөсү | № 10/1, 19.12.2018-ж. |
7 | Ноокат шаардык | Мусаев Арапбай ("СДПК" деп. фракциясы) | "Ахлиддин" дыйкан чарбасынын мүчөсү | № 10/1, 19.12.2018-ж. |
Баткен облусу | ||||
Лейлек району | ||||
8 | Лейлек айылдык | Темирбаев Абдыкахар Момунович | Пенсионер | № 14, 26.12.2018-ж. |
9 | Лейлек айылдык | Жамилов Абдирашит Акунович | МКК "Мөл Булак" кред. адиси | № 13, 24.12.2018-ж. |
10 | Лейлек айылдык | Анарбаев Тайир Маннапович | Жеке менчик, ишкер | № 13, 24.12.2018-ж. |
11 | Жаңы-Жер айылдык | Ибрагимов Кудайберди Абдисаламович | Чарбалык иштер боюнча мектеп директорунун орун басары | № 13, 24.12.2018-ж. |
Чүй облусу | ||||
Чүй району | ||||
12 | Кош-Коргон айылдык | Бекетаев Замирбек Джамангулович | ТПТ г.Токмок, т/с мастери | № 13, 21.12.2018-ж. |
13 | Кош-Коргон айылдык | Чалбаев Кенжебек Нурилаевич | Чарбачы | № 13, 21.12.2018-ж. |