Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-январы № 4
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Базар-Коргон, Аксы, Ноокат, Нарын, Түп, Москва жана Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Базар-Коргон, Аксы, Ноокат, Нарын, Түп, Москва жана Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиялар жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Базар-Коргон, Аксы, Ноокат, Нарын, Түп, Москва жана Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана 2-тиркемеде көрсөтүлгөн бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 18-январындагы № 4 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Жалал-Абад облусу | ||||
Базар-Коргон району | ||||
1 | Сейдикум айылдык | Дженалиев Базарбай Каримович | Каза болгондугуна байланыштуу | № 6, 28.12.2018-ж. |
2 | Талдуу-Булак айылдык | Тохтаров Эргаш | Каза болгондугуна байланыштуу | № 7, 28.12.2018-ж. |
Аксы району | ||||
3 | Жерге-Тал айылдык | Дөөлөталиев Каныбек Осмонович | Өз арызы | № 16, 8.01.2019-ж. |
4 | Мадишев Бектурсун Тойчубекович | Өз арызы | ||
Ош облусу | ||||
Ноокат району | ||||
5 | Көк-Жар айылдык | Абдракманова Момуна Ботобековна | Өз арызы | № 11, 31.12.2018-ж. |
Чоң-Алай району | ||||
6 | Жаңы-Алай айылдык | Арапбаева Нуржамал Абдикеримовна | Өз арызы | № 10, 28.12.2018-ж. |
Нарын облусу | ||||
Нарын району | ||||
7 | Эмгекчил айылдык | Асаналиева Гүлзат Болотбековна | Өз арызы | № 1, 9.01.2019-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Түп району | ||||
8 | Талды-Суу айылдык | Мамбеталиева Айнура Аалиевна | Өз арызы | № 1, 14.01.2019-ж. |
Чүй облусу | ||||
Москва району | ||||
9 | Предтеченка айылдык | Балбаков Нурлан Солтонгелдиевич | Каза болгондугуна байланыштуу | № 8, 24.12.2018-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 18-январындагы № 4 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Жалал-Абад облусу | ||||
Базар-Коргон району | ||||
1 | Сейдикум айылдык | Маматов Калдарбек Жунусалиевич | Айыл өкмөтүнө караштуу "Мырза-Суу" СПАсында мурап | № 6, 28.12.2018-ж. |
2 | Талдуу-Булак айылдык | Батыр уулу Азизбек | Убактылуу иштебейт | № 7, 28.12.2018-ж. |
Аксы району | ||||
3 | Жерге-Тал айылдык | Досалиев Абдыкул Темирбекович | Убактылуу иштебейт | № 16, 8.01.2019-ж. |
4 | Карасартов Жаныбек Хамидович | Убактылуу иштебейт | ||
Ош облусу | ||||
Ноокат району | ||||
5 | Көк-Жар айылдык | Калилов Муктаржан Борубаевич | "Борубай" дыйкан чарбасынын жетекчиси | № 11, 31.12.2018-ж. |
Чоң-Алай району | ||||
6 | Жаңы-Алай айылдык | Сырдыев Мухтар Сатылганович | Жеке ишкер | № 10, 28.12.2018-ж. |
Нарын облусу | ||||
Нарын району | ||||
7 | Эмгекчил айылдык | Тумөнбаев Иймангазы Жумагулович | Дыйкан чарбасынын мүчөсү | № 1, 9.01.2019-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Түп району | ||||
8 | Талды-Суу айылдык | Нурбашева Шамшыгул Инашевна | Жеке ишкер | № 1, 14.01.2019-ж. |
Чүй облусу | ||||
Москва району | ||||
9 | Предтеченка айылдык | Ахматов Чубак Билялыевич | "Манас" аэропортто улук контролер | № 8, 24.12.2018-ж. |