Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2019-жылдын 31-январы № 6
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Тоң, Каракол, Араван, Кара-Кулжа, Ат-Башы, Жумгал жана Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44, 52-беренелерине ылайык, Тоң, Каракол, Араван, Кара-Кулжа, Ат-Башы, Жумгал жана Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиялар жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлерди катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган талапкерлердин тизмесиндеги шайланган депутаттан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тоң, Каракол, Араван, Кара-Кулжа, Ат-Башы, Жумгал жана Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, 2-тиркемеде көрсөтүлгөн Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын талапкерлерди катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана 3-тиркемеде көрсөтүлгөн бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган талапкерлердин тизмесиндеги шайланган депутаттан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 31-январындагы № 6 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Ысык-Көл облусу | ||||
Тоң району | ||||
1 | Улахол айылдык | Узаков Тынчыбек Чекеевич | Өз арызы | № 1, 21.01.2019-ж. |
Каракол шаары | ||||
2 | Каракол шаардык | Сагымбаев Мирбек Омурбекович ("Табылга" деп. фракциясы) | Өз арызы, башка ишке өткөндүктөн | № 1, 22.01.2019-ж. |
3 | Бараков Акбарбек Садырбекович ("Табылга" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 2, 22.01.2019-ж. | |
Ош облусу | ||||
Араван району | ||||
4 | Керме-Тоо айылдык | Жунус уулу Ильяз | Өз арызы, башка ишке өткөндүктөн | № 1, 18.01.2019-ж. |
Кара-Кулжа району | ||||
5 | Кызыл-Жар айылдык | Абдилазиз уулу Бактыбек | Өз арызы, муниципалдык кызматка өткөндүгүнө байланыштуу | № 1, 18.01.2019-ж. |
6 | Жоробаев Бактыбек Айтбаевичтин | Өз арызы | № 1, 18.01.2019-ж. | |
Нарын облусу | ||||
Ат-Башы району | ||||
7 | Баш-Кайыңды айылдык | Чоробеков Кубанычбек Чоробекович | Өз арызы | № 1, 15.01.2019-ж. |
8 | Кара-Коюң айылдык | Апысов Шайылда Барыктабасович | Каза болгондугуна байланыштуу | № 22, 29.12.2018-ж. |
Жумгал району | ||||
9 | Жумгал айылдык | Исаков Майрамбек Мусаевич | Өз арызы, муниципалдык кызматка өткөндүгүнө байланыштуу | № 36, 23.01.2019-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Базар-Коргон району | ||||
10 | Арстанбап айылдык | Тиркашев Куронбой Чолпонкулович | Өз арызы | № 8, 24.01.2019-ж. |
11 | Чолпанов Икрамжан Сайфитдинович | Өз арызы | № 10, 24.01.2019-ж. | |
12 | Масиров Алмазбек Тойчиевич | Өз арызы | № 11, 24.01.2019-ж. | |
13 | Базар-Коргон айылдык | Абдулажанов Музафар Алижанович | Өз арызы | № 9, 24.01.2019-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 31-январындагы № 6 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына катталган талапкерлеринин тизмесинен чыгарылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А. | Негиз | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечими |
Жалал-Абад облусу | ||||
Базар-Коргон району | ||||
1 | Базар-Коргон айылдык | Насирдинов Яхехуже Алимжанович | Өзүнүн арызы | № 9, 24.01.2019-ж. |
2 | Алимжанов Шафкатжан | Өзүнүн арызы | № 9, 24.01.2019-ж. | |
3 | Абдраимов Азизбек Абдикаримович | Өзүнүн арызы | № 9, 24.01.2019-ж. | |
4 | Арстанбап айылдык | Муктаров Курманбек Толонбаевич | Өзүнүн арызы | № 11, 24.01.2019-ж. |
5 | Акимжанов Зухриддин Иминжанович | Өзүнүн арызы | № 11, 24.01.2019-ж. | |
6 | Машрапов Төлөгөн Аскарбекович | Өзүнүн арызы | № 11, 24.01.2019-ж. | |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 31-январындагы № 6 токтомунун 3-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Ысык-Көл облусу | ||||
Тоң району | ||||
1 | Улахол айылдык | Бекбоев Куткелди Алакушевич | Убактылуу иштебейт | № 1, 21.01.2019-ж. |
Каракол шаары | ||||
2 | Каракол шаардык | Асанбаев Бакыт Мукашович ("Табылга" деп. фракциясы) | "InterCar-Автоцентр" ЖЧКунун аткаруучу директору | № 1, 22.01.2019-ж. |
3 | Шафигулина Мархабат Шарифовна ("Табылга" деп. фракциясы) | "РыбМир" ЖЧКунун директору | № 2, 22.01.2019-ж. | |
Ош облусу | ||||
Араван району | ||||
4 | Керме-Тоо айылдык | Улугбеков Азизилло Кукиевич | № 8 Гулбаар ФАП, айдоочусу | № 1, 18.01.2019-ж. |
Кара-Кулжа району | ||||
5 | Кызыл-Жар айылдык | Калатбеков Тургунбай Асанович | Токой чарба, жумушчу | № 2, 18.01.2019-ж. |
6 | Салибаева Тамаракан Турдубаевна | Почтальон | № 2, 18.01.2019-ж. | |
Нарын облусу | ||||
Ат-Башы району | ||||
7 | Баш-Кайыңды айылдык | Мурсалы уулу Эркинбек | Жайыт комитетинин төрагасы | № 2, 19.01.2019-ж. |
8 | Кара-Коюң айылдык | Саалиев Нурбек Мусакожоевич | Дыйкан чарбанын мүчөсү | № 3, 18.01.2019-ж. |
Жумгал району | ||||
9 | Жумгал айылдык | Азискан уулу Эрланбек | Дыйкан чарбанын мүчөсү | № 36, 23.01.2019-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Базар-Коргон району | ||||
10 | Арстанбап айылдык | Султанов Алимжан Юлдашалиевич | Убактылуу иштебейт | № 8, 24.01.2019-ж. |
11 | Мамажанов Дилхаёт Дилкатович | № 34 орто мектеби, мугалим | № 10, 24.01.2019-ж. | |
12 | Мухидилла уулу Шамшиддин | Убактылуу иштебейт | № 11, 24.01.2019-ж. | |
13 | Базар-Коргон айылдык | Абдуллаев Ахмаджан Закиржанович | Убактылуу иштебейт | № 9, 24.01.2019-ж. |