Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2019-жылдын 8-февралы № 10
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Бишкек, Жети-Өгүз, Нарын, Жумгал, Кара-Буура, Кадамжай жана Ноокен аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Бишкек, Жети-Өгүз, Нарын, Жумгал, Кара-Буура, Кадамжай жана Ноокен аймактык шайлоо комиссиялар жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган талапкерлердин тизмесиндеги шайланган депутаттан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек, Жети-Өгүз, Нарын, Жумгал, Кара-Буура, Кадамжай жана Ноокен аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, 2-тиркемеде көрсөтүлгөн бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган талапкерлердин тизмесиндеги шайланган депутаттан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 8-февралындагы № 10 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Ысык-Көл облусу | ||||
Жети-Өгүз району | ||||
1 | Барскоон айылдык | Раматов Мурат Садинович | Өз арызы, муниципалдык кызматка өткөндүгүнө байланыштуу | № 1, 30.01.2019-ж. |
2 | Тамга айылдык | Дуйшембиев Адилет Керээзбекович | Өз арызы, муниципалдык кызматка өткөндүгүнө байланыштуу | № 1, 30.01.2019-ж. |
Нарын облусу | ||||
Нарын району | ||||
3 | Ак-Кудук айылдык | Примбаева Элнура Шарабидиновна | Өз арызы, башка ишке өткөндүктөн | № 2, 31.01.2019-ж. |
4 | Талант уулу Бек | Өз арызы, муниципалдык кызматка өткөндүгүнө байланыштуу | № 2, 31.01.2019-ж. | |
Жумгал району | ||||
5 | Чаек айылдык | Алымкулов Рустам Темиркулович | Өз арызы, муниципалдык кызматка өткөндүгүнө байланыштуу | № 37, 29.01.2019-ж. |
Талас облусу | ||||
Кара-Буура району | ||||
6 | Чолпонбай айылдык | Айталиев Туран Максутович | Өз арызы | № 1, 22.01.2019-ж. |
Баткен облусу | ||||
Кадамжай району | ||||
7 | Орозбеков айылдык | Гапаров Аскарбек Исаевич | Өз арызы, мамлекеттик кызматка өткөндүгүнө байланыштуу | № 1, 05.02.2019-ж. |
8 | Токтоматов Мелис Абдилатович | Өз арызы | № 1, 05.02.2019-ж. | |
Жалал-Абад облусу | ||||
Ноокен району | ||||
9 | Бүргөндү айылдык | Асанбаев Тилекберди Чынтемирович | Өз арызы | № 1, 05.02.2019-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 8-февралындагы № 10 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Бишкек шаары | ||||
1 | Бишкек шаардык | Эргешов Казыбек Кочкорович | Убактылуу иштебейт | № 15, 31.12.2018-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Жети-Өгүз району | ||||
2 | Барскоон айылдык | Имангожоев Эрлан Асангазиевич | ОсОО "Жети-Өгүз гарант" Кумтор Голд, мастер | № 1, 30.01.2019-ж. |
3 | Тамга айылдык | Жусуев Кайыпбек Рысбекович | Тамга орто мектеби, машыктыруучу | № 1, 30.01.2019-ж. |
Нарын облусу | ||||
Нарын району | ||||
4 | Ак-Кудук айылдык | Абакиров Кылычбек Абдраевич | Дыйкан чарбанын мүчөсү | № 2, 31.01.2019-ж. |
5 | Исаков Кубанычбек Бердибекович | Нарын райондук суу чарба башкармалыгы, электромоторист | № 2, 31.01.2019-ж. | |
Жумгал району | ||||
6 | Чаек айылдык | Алышбаева Калыйбүбү Эсеналиевна | Кекилик у. Ж. атындагы орто мектеби, мугалим | № 37, 29.01.2019-ж. |
Талас облусу | ||||
Кара-Буура району | ||||
7 | Чолпонбай айылдык | Байыш уулу Азамат | Дыйкан чарбанын мүчөсү | № 2, 01.02.2019-ж. |
Баткен облусу | ||||
Кадамжай району | ||||
8 | Орозбеков айылдык | Кожоева Гулнур Жолдошбоевна | Убактылуу иштебейт | № 2, 05.02.2019-ж. |
9 | Имарбеков Амирбек Ысламович | Дыйкан чарбанын мүчөсү | № 2, 05.02.2019-ж. | |
Жалал-Абад облусу | ||||
Ноокен району | ||||
10 | Бүргөндү айылдык | Джоробаев Таирбек Эсенович | КР Мамлекеттик чек ара кызматынын № 2027 аскер бөлүгүндө жарандык кызматкер | № 1, 05.02.2019-ж. |