Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-февралы № 13
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Аламүдүн, Ак-Талаа, Нарын, Тогуз-Торо, Сузак жана Түп аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Аламүдүн, Ак-Талаа, Нарын, Тогуз-Торо, Сузак жана Түп аймактык шайлоо комиссиялар жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аламүдүн, Ак-Талаа, Нарын, Тогуз-Торо, Сузак жана Түп аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана 2-тиркемеде көрсөтүлгөн бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 15-февралындагы № 13 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Чүй облусу | ||||
Аламүдүн району | ||||
1 | Ак-Дөбө айылдык | Борчубаев Сеит Замирбекович | Өз арызы | № 6, 01.02.2019-ж. |
Нарын облусу | ||||
Ак-Талаа району | ||||
2 | Кызыл-Белес айылдык | Ибраимов Актилек Азимканович | Өз арызы, депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | № 10, 08.02.2019-ж. |
3 | Үгүт айылдык | Орозбаев Бакай Доктуралиевич | Өз арызы | |
Нарын району | ||||
4 | Орток айылдык | Мүсүров Кеңешбек Машырович | Өз арызы, депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | № 3, 06.02.2019-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Тогуз-Торо району | ||||
5 | Көк-Ирим айылдык | Мурзакимов Мыктыбек Акматбекович | Өз арызы | № 1, 17.01.2019-ж. |
Сузак району | ||||
6 | Барпы айылдык | Эгамбердиев Махмуджан Нуманжанович | Өз арызы | № 21, 08.02.2019-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Түп району | ||||
7 | Түп айылдык | Сартов Касым Дюшембиевич | Каза болгондугуна байланыштуу | № 2, 06.02.2019-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 15-февралындагы № 13 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Чүй облусу | ||||
Аламүдүн району | ||||
1 | Ак-Дөбө айылдык | Осмоналиева Съездгуль Турусбековна | "НК Кыргыз Темир жолу", узатуучу | № 7, 01.02.2019-ж. |
Нарын облусу | ||||
Ак-Талаа району | ||||
2 | Кызыл-Белес айылдык | Нурдөлөтов Алтынбек Самарбекович | Дыйкан чарбанын мүчөсү | № 10, 08.02.2019-ж. |
Нарын району | ||||
3 | Орток айылдык | Көкөтаев Сүйүтбек | Дыйкан чарбанын мүчөсү | № 3, 06.02.2019-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Тогуз-Торо району | ||||
4 | Көк-Ирим айылдык | Сатаров Жанабил Бектемирович | "Кан-Ачуу" мамлекеттик жаратылыш паркы, улук илимий кызматкер | № 2, 17.01.2019-ж. |
Сузак району | ||||
5 | Барпы айылдык | Эргашев Абдиваит Орозбаевич | Убактылуу иштебейт | № 22, 08.02.2019-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Түп району | ||||
6 | Түп айылдык | Абышев Кубандык Мукабетович | Жеке ишкер | № 2, 06.02.2019-ж. |