Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2019-жылдын 5-марты № 20
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Аламүдүн, Ысык-Ата, Кочкор, Жалал-Абад жана Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Аламүдүн, Ысык-Ата, Кочкор, Жалал-Абад жана Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аламүдүн, Ысык-Ата, Кочкор, Жалал-Абад жана Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана 2-тиркемеде көрсөтүлгөн бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 5-мартындагы № 20 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Чүй облусу | ||||
Аламүдүн району | ||||
1 | Лебединовка айылдык | Термечиков Кыдыбай Дуйшекеевич | Каза болгондугуна байланыштуу | № 9, 25.02.2019-ж. |
Ысык-Ата району | ||||
2 | Кант шаардык | Шекеков Эмил Кемелбекович (№ 10) ("СДПК" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 1, 26.02.2019-ж. |
Нарын облусу | ||||
Кочкор району | ||||
3 | Кара-Суу айылдык | Курткаев Таалайбек Исмаилович | Каза болгондугуна байланыштуу | № 1, 26.02.2019-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Жалал-Абад шаары | ||||
4 | Жалал-Абад шаардык | Жээнбеков Давлатбек Абдимиталович (№ 3) ("Мекеним Кыргызстан" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 43/22, 27.02.2019-ж. |
Майлуу-Суу шаары | ||||
5 | Майлуу-Суу шаардык | Мадиев Чубак Мамасадыкович (№ 5) ("Өнүгүү-Прогресс" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 2, 27.02.2019-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 5-мартындагы № 20 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Чүй облусу | ||||
Аламүдүн району | ||||
1 | Лебединовка айылдык | Жилина Салия Сафаргалиевна | ЖЧК "ЛВК Транс Азия", ген. директор | № 10, 25.02.2019-ж. |
Ысык-Ата району | ||||
2 | Кант шаардык | Мамыркулов Эрнис Нурланович (№ 13) ("СДПК" деп. фракциясы) | Ысык-Ата райондук шаар курулуш жана архитектура башкармалыгы, башчы | № 1, 26.02.2019-ж. |
Нарын облусу | ||||
Кочкор району | ||||
3 | Кара-Суу айылдык | Эсенгулов Мирбек Шайымбетович | Дыйкан чарба мүчөсү | № 2, 26.02.2019-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Жалал-Абад шаары | ||||
4 | Жалал-Абад шаардык | Тыныбек уулу Зарылбек (№ 5) ("Мекеним Кыргызстан" деп. фракциясы) | Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси филиалы, директордун орун басары | № 43/22, 27.02.2019-ж. |
Майлуу-Суу шаары | ||||
5 | Майлуу-Суу шаардык | Мырзаматова Турсунбүбү Кудаяровна (№ 6) ("Өнүгүү-Прогресс" деп. фракциясы) | № 2 орто мектеп, мугалим | № 2, 27.02.2019-ж. |