Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-марты № 28
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Майлуу-Суу, Нарын, Талас, Жайыл аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык Майлуу-Суу, Нарын, Талас, Жайыл аймактык шайлоо комиссиялар жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине ылайык, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу, Нарын, Талас, Жайыл аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, 2-тиркемеде көрсөтүлгөн катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана 3-тиркемеде көрсөтүлгөн бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 20-мартындагы № 28 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Жалал-Абад облусу | ||||
Майлуу-Суу шаары | ||||
1 | Майлуу-Суу шаардык кеңеши | Мурзамаметов Алмазбек Мойдунович (№ 8) ("КСДП" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 3, 28.02.2019-ж. |
Нарын облусу | ||||
Нарын району | ||||
2 | Учкун айылдык кеңеши | Имер кызы Айгүл | Өз арызы | № 5, 14.03.2019-ж. |
Талас облусу | ||||
Талас району | ||||
3 | Өмүралиев айылдык кеңеши | Ташибеков Узакбай Муканович | Өз арызы | № 1, 13.02.2019-ж. |
4 | Кара-Суу айылдык кеңеши | Береналиев Эрнис Орозбекович | Өз арызы | № 2, 15.02.2019-ж. |
Чүй облусу | ||||
Жайыл району | ||||
5 | Суусамыр айылдык кеңеши | Джумалиев Бакталбек Шабданбекович | Каза болгондугуна байланыштуу | № 2/1, 01.03.2019-ж. |
6 | Сары-Коо айылдык кеңеши | Баков Айбек Калыгулович | Өз арызы | № 1, 31.01.2019-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 20-мартындагы № 28 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына катталган талапкерлеринин тизмесинен талапкерлердин чыгарылган ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А. | Негиз | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечими |
Жалал-Абад облусу | ||||
Майлуу-Суу шаары | ||||
1 | Майлуу-Суу шаардык кеңеши | Токталиев Мирланбек Сапаралиевич (№ 14) ("Республика - Ата-Журт" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 1, 21.02.2019-ж. |
2 | Уркунбаева Рысбу Жумалыевна (№ 18) ("Республика - Ата-Журт" деп. фракциясы) | Өз арызы | ||
Талас облусу | ||||
Талас району | ||||
3 | Өмүралиев айылдык кеңеши | Бейшенов Жаныбек Жусупович | Өз арызы | № 7, 14.03.2019-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 20-мартындагы № 28 токтомунун 3-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Жалал-Абад облусу | ||||
Майлуу-Суу шаары | ||||
1 | Майлуу-Суу шаардык кеңеши | Калиев Жанышбек Бараталиевич (№ 16) ("КСДП" деп. фракциясы) | ОсОО "МСЛЗ" күзөт кызматы | № 3, 28.02.2019-ж. |
Нарын облусу | ||||
Нарын району | ||||
2 | Учкун айылдык кеңеши | Калыбеков Манап Жекшенбекович | Куланак айылынын орто мектебинде мугалим | № 5, 14.03.2019-ж. |
Талас облусу | ||||
Талас району | ||||
3 | Өмүралиев айылдык кеңеши | Бейшеналиев Таалайбек Эсенкулович | Өмүралиев айыл аймагына караштуу суу бөлүштүрүү ассоциациясынын (СБА) жетекчиси | № 7, 14.03.2019-ж. |
4 | Кара-Суу айылдык кеңеши | Уметалиев Тимурлан Кенжебекович | "Кенжебек" дыйкан чарбасынын мүчөсү | № 7, 14.03.2019-ж. |
Чүй облусу | ||||
Жайыл району | ||||
5 | Суусамыр айылдык кеңеши | Мокотаев Нурбек Кошалиевич | Убактылуу иштебейт | № 2, 01.03.2019-ж. |
6 | Сары-Коо айылдык кеңеши | Табалды кызы Лаззат | Убактылуу иштебейт | № 1, 28.02.2019-ж. |