Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-марты № 35
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Манас, Талас, Жети-Өгүз жана Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Манас, Талас, Жети-Өгүз жана Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиялар жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине ылайык, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас, Талас, Жети-Өгүз жана Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана 2-тиркемеде көрсөтүлгөн бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 29-мартындагы № 35 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Талас облусу | ||||
Манас району | ||||
1 | Покровка айылдык | Мураталиева Жылдызкан Абдумиталиповна | Өз арызы, депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | № 1 06.03.2019-ж. |
Талас району | ||||
2 | Осмонкулов айылдык | Султанбек уулу Бекболсун | Өз арызы, депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | № 8 15.03.2019-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Жети-Өгүз району | ||||
3 | Жаргылчак айылдык | Кошумбаев Авазбек Тойгожоевич | Өз арызы | № 2 19.03.2019-ж. |
Нарын облусу | ||||
Ак-Талаа району | ||||
4 | Жерге-Тал айылдык | Керимбаев Уланбек Болотбекович | Өз арызы | № 12 11.03.2019-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 29-мартындагы № 35 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Талас облусу | ||||
Манас району | ||||
1 | Покровка айылдык | Муратов Мадрид Ырысалиевич | насостук станциясынын 1 категориясынын инженери | № 2 20.03.2019-ж. |
Талас району | ||||
2 | Осмонкулов айылдык | Чалов Эмильбек Мелисович | "Уч-Кошой" суу чарбанын төрагасы | № 9 18.03.2019-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Жети-Өгүз району | ||||
3 | Жыргалчак айылдык | Кулубаев Таалайбек Асекович | дыйкан чарбасынын мүчөсү | № 2 19.01.2019-ж. |
Нарын облусу | ||||
Ак-Талаа району | ||||
4 | Жерге-Тал айылдык | Абдраимов Солдатбек Туконеевич | дыйкан чарбасынын мүчөсү | № 12/1 11.03.2019-ж. |